Эң алгач сөз болгон дешет. Сөз нугунан ашып-ташканда ырга айланган. Ыр-эргүүнүн, кыялдын, сезим толкунунун перзенти. А биз ырдын пири, дүйнөлүк падышасы — «Манас» жараткан элбиз. Дегеле, кыргыз сүйлөсө да ырдай элпек, уйкаш, уютуп, эргип сүйлөйт. Орустар муну «Стихи в прозе» дейт. Улуу «Манасты» да кара сөз түрүндө айткан манасчылар болгон кезинде. Жөө чечен, жөө жомокчу дейт андайды. Жөө ырлар деле ошондой. Жөн жеринен жаралбайт…
* * *
Таң сүрөлек, уйкум качат. Айнектен дир-дир этип, асманда жылдыз жанат. Түн ортосу. Түнөрөт адам жоктой мен жаткан тогуз кабат. Мейкинсиз ээн чөлдө, медерсиз калгандаймын. Кылаңгыр эске түшөт качанкы кайран апам. Оо, эненин кудурети! Кусадан кубат алып, көз жаштан тазаланам. Калкылдайт бүткөн боюм дайрадай толуп жашка. Кайрымсыз бу дүйнөдө, караан кылар жан жок белем, бир эне сенден башка…
* * *
Дир-дир этип, жылдыз жанат. «Сен кимсиң?» — дейм жүрөк канап… Азмын да, алсызмын дейм. Жеримди тарттырдым, кенимди каздырдым, элимди чачтырдым, этегимди ачтырдым… Атадан алтоомун да, жалгызмын дейм…
* * *
Эне-Сайдан Сыр дайрага, Саян тоодон Теңир-Тоого көчүп конуп, ат ойноткон арааның анык беле? Арбагың кут ата-баба, арсар ойго алдырбайт тарых нааме. Бирок да бир жол болуп, бир кол болуп, бир зор болуп көрбөгөндөй, көңүлкайт көйгө салып, көбүктөнгөн жер мухитте көпөлөктөй эбелектейт бүгүнкү кыргыз кеме.
* * *
Ооздон май агыза мактанабыз мынча неге? Же өткөндөр жалаң жарык, жаманыбыз аз беле… Маселен, эзелки эмес, бүгүн биз мактал-мактал китеп жазып, айкелин алчыланткан кечээги Ормон, Балбай, эзелки өчү бардай, найзасын жең ичине катып келип кан кустурса, эрени өлүбатып өлөң айткан, «Мен десең Көлдү үч айлан!» Баатырлыкпы? Зөөкүрлүкпү? Же Алымбек, Алымкулдун так талашта, датканын башы ыргыган, чарасына кол жуубаткан. Ошентип Коконунан ажыраган эмеспи Арка, Анжиян. Нени айтасың? Ант урган бийлик үчүн, аталаш бир туугандар кош бойлуу аял союп, кочуштап канга тоюп, өз айлына карышкырча кандыбулоон кыргын салган…
Арбысын шордуу кыргыз анан кайдан?…
* * *
Бүгүн да ошол тагдыр, ошол турмуш. Бийлик жана байлык үчүн бири-бирин атат кыргыз. Түшкө кирбес амал ойлоп, баш көтөртпөй матайт кыргыз.
* * *
«Бир ууртуңдан май, бир ууртуңдан кан агат» — деп кайран Абай какшагандай, көлдө той, тоодо той, ойдо той… Кылактайт, ов, ак калпак, ак элечек, эчтеме болбогондой, карызга чөмүлсө да, корголу көрүнсө да, ырдайт кыргыз, жыргайт кыргыз. Ошондо күйгөндөн айткан экен акебиз Салижан: «Атаңгөрү, өткөн кыргыз мендей эмес, бардыгы баатыр бейм эр жүрөк кабылан. Аянбай атын коюп, аш бергиле абыдан, абыдан…»
* * *
Акчалуу акмагын да тоого теңеп, акылдуу азаматын жоого теңеп, бүбү-бакшы, тентимиштер калыс болуп, акыйкаты алыс болуп, арабасы араң-араң, өлбөй-житпей кылдыраган кандай заман, кандай заман? Же «аягы көрүнбөгөн, будуң-чаң башаламан», ушулбу, Калыгул, Арстанбек айткан заман?
* * *
«Жоголуп бараткан улут». Тээ батыштан бирөө келип, ушундай аталышта кино тартат деп айтканда, жүрөгүм «шуу» дей түштү. Кан аралаш жаш жуттум эй, атамды «өлдү» деп угузгандай.
Оо, Жараткан! Чоң теринин бучкагындай, Жер эненин көз жашындай ак мөңгүлүү Ала-Тооңдон, түндүк-түштүк кейиш детпей, отузуул Тейит детпей, келе бийлик, бөлүш детпей, сокуруна таяк болор, чологуна аяк болор, калкы үчүн жанын берер, жарты нанын кошо бөлөр, журтка тегиз жарыгы бар, жүрөгүндө жалыны бар, тунгуюктан алып чыгар, чырпык эмес анык чынар. Кыргызды чыйпылдатпай туйгун кылар… Бир даанышман эл башчыны жүз жыл түгүл миң жыл бою, аяганын жалган, чынбы же каргышка калганбызбы?…
* * *
Коркутат доор түрү, кыйкырат акыйкаттын ачуу үнү: «Манасыңдын» чаңын күбү. Алыкулдун ырын танда. Чынгызындын чынын танда. Өткөндөргө жумшай бербе тирүүлөрдүн ырыскысын. Себеби, сезбейт жана муктаж эмес маркумдар көрдө жаткан анткор сыйга. Кыйын болсоң, ардактап ал, көзү барда. «Көрбөйт деп ууру кылба, укпайт деп ушак айтпа». «Туура бийде тууган жок». Кыргызыңды сактап келген ушул кут, ушул нук. Тенириңди ук! Чын ыйлап, чын күлүп, чын айтканды адат кылсаң, салт кылсаң, намысыңды камчылап, көөдөнүңдү асыл ойго, ынтымакка, кут билимге карк кылсаң… Кайтар беле касиетиң, жеткайттагы ооматың…
Антелбасаң, алдың шор, артың жалган. Тарыхтын бүктөмүндө канча эл, канча тайпа, сага окшош канча шордуу агалбай соолуп калган…
Антелбасаң…

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.