№12

Мен жашаган айыл Баткен облусунун Баткен районунун Кайыңды айылы. Кайыңды район аймагындагы тоолуу айылдардын бири болгондуктан, жайкысын бош убактыбыз дээрлик жайлоодо өтөт. Жыл сайын чоң атам менен чоң энеме кол кабыш кылуу үчүн Чаар-Таш жайлоосуна чыгабыз. Жайлоонун Бел деген ашуусуна жеткенде бир кереметке жеткендей ар бир бараткан адам эс ала түшөт. Анткени бул жерден биздин Кайыңды айылы алаканга салгандай көрүнөт.
Касиеттүү Дары-Булак шаркыратмасы агып түшкөн жерден биздин жайлоолордун этеги бүтүп, айыл башталат. Ар кандай жарааттарга, түрдүү ооруга даба болгон суу айылды тең экиге бөлүп агат. Дарыянын оң тарабы — күңгөй, сол тарабы — тескей. Андан ары жүрүп отуруп айылдын чок ортосуна келебиз. Маданият үйү, биз окуган мектеп, балдар бакчасы, баары ушул жерде жайгашкан. Эң негизгиси, айылдын тескей тарабында шуудураган үнү менен жайы-кышы асман тиреп турган ак кайыңдар биздин айылдын сыймыктуу да, ыйык туткан баалуу да жери. Айрым уламыштарда айтылгандай, кайсы бир замандарда биздин айыл ак кайыңдардын мекени болгон экен. Токойдогу жаныбарлардын саны да көп болгон имиш. Күндөрдүн биринде аң уулап жүргөн мергенчилер бул кооз жайдагы жаныбарларга көзү түшүп, кол салат. Акырында аман калган жаныбарлар жер которуп кетет. Ошентип бой тиреп өскөн кайыңдарды кыюуга өткөн адамдар токойду кырып түгөтмөй болушат. Бирок бүгүнкү күндө биз ыйык тутуп келаткан кайыңдардын тобу кыйылып кетер кезде, катуу шамал, жаан башталып, кыйылган дарактар адамдарды басып калат. Ошол кезден баштап эч бир жандын колу тийбеген ак кайыңдар ошол чөлкөмдөг ү элдин ыйык жерине айланат. Зыярат кылган соң, бала көрбөгөндөр балалуу болуп, ооругандар сакая баштаган экен дейт чоң атам.
Мындай көрүнүштөр азыр да бар. Кайсы бир жылы жаан жаабай, кургакчылык болуп, мал-жанга зыяны тие баштаганда айыл эли чогулуп, ошол кайыңдар өскөн токойдун четинде түлөө өткөргөнбүз. Анан ошол эле күнү жаан жаап, чоңдордон тартып жаш балдарга чейин сүйүнгөнбүз. Мына ошол окуядан кийин мен дагы кайыңдарды жакшы көрөм. Өзгөчө алардын бийиктигине суктанам. Чоң атам айткандай, биз, адамдар да ушулардай бийик болсок экен дейм. Анткени бизди курчаган тоолор да, арчалар да бийик эмеспи.
Мени сыймыктанткан дагы бир нерсе, таланттуу акын Алыкулдун туулган айылынын аты да Кайыңды. Ал эми мектебибиз белгилүү акын Жусуп Турусбековдун ысымын алып жүрөт. Мына ушундай эки залкарга байланышкан айылда туулганыма кубанам. Алар сыяктуу айылымдын, элимдин, мекенимдин сыймыктуу, татыктуу уулдарынан болсом дейм. Анан бизди курчаган айылымдагы тоолордой, ак кайыңдардай бийик болуп, далай бийиктиктерди багынтууну тилек кылам. Мен сени менен сыймыктанам туулган айылым, Кайыңды! Бар болгула Кайыңдынын кайыңдары!
Көчкөнбай уулу Эркинбек Баткен облусунун Баткен районунун Кайыңды айылында, Жусуп Турусбеков атындагы орто мектебинин 4-классынын бүтүрүүчүсү.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *