БИЛГЕНДЕН БИЛЕЛЕГИҢ КӨП

Француз философу, жазуучу, математик жана физик Блез Паскаль 1623-жылы 19-июнда Франциянын Клермон-Феррон шаарында туулган. Атасы Этьен Паскаль белгилүү математик болгон. Блез үчкө чыкканда энесинен ажыраган. Ошол мезгилде Блез өзү да ооруп араң айыккан, аны көз тийгенден деп эсептешкен жана кийин да оорулуу болуп чоңойгон. 1631-жылы Блез атасы жана эки эжеси менен Парижге көчүшкөн. Атасы ошол мезгилдеги салт боюнча өз кызматын сатып, балдарын тарбиялоого өткөн. Уулуна латын тилин, математиканы үйрөткөн. Бир жолу түшкү тамак маалында кимдир бирөө фаянс тарелканы бычак менен урса жагымдуу үн чыккан. Тарелкага кашыкты койсо үн токтоп калган. Блез ага өтө таң калып, аны түшүндүрүп берүүнү сураса, чоңдордун эч кимиси түшүндүрө алган эмес. Ошондон кийин ал өзү түрдүү тажрыйбаларды жасап, алар жөнүндө билгендерин жазып чыккан. Аны “Үн жөнүндөгү трактат” деп атаган. Бул мезгилде Блез 12де гана болгон.
Блездин математикага шыктуулугу бала кезинен эле байкалган. Он экисинде ошол мезгилде тыюу салынган илим болгон сырдуу геометриянын бар экенин атасынан уккан. Бир жолу атасы “Эмне кылып атасың?” – деп сураса, «үч бурчтуктун бурчтарынын суммасы, столдун эки бурчунун суммасына барабар экенин көрсөткүм келип атат» дейт да, аны ишенимдүү далилдеп берет. Ошондон кийин Блез Евклиддин “Негиздерин” окуп чыгат. Андан кийин атасынын уруксаты менен ошол мезгилдин белгилүү окумуштуусу, монах М.Мерсенндин ийримине катышат. Белгилүү математик Ж.Дезарг менен таанышат. 1639-жылы “Конустук кесилиш теориясынын тажрыйбасы” аттуу биринчи математикалык трактатын жазган. Бул трактатында конустук кесилишке (эллипс, гипербола, парабола) ичтен сызылган ар кандай алты бурчтукта карама каршы жактарын туташтыруучу үч түгөй сызыктын кесилишкен чекиттери бир түз сызыкта жатаары далилденген. Ал түз сызык Паскаль түз сызыгы, ал эми бүтүндөй теорема Паскаль теоремасы (ал проекциялык геометриянын негизги теоремаларынын бири) деп аталат. Аны Декарт окуп чыгып, авторунун 16да экенине ишенген эмес.
1640-жылы Блез беш орундуу сан менен 4 амалды аткаруучу арифметикалык машинаны ойлоп таап, андан элүүнү жасаган. 1646-жылы атасы ооруп калган. Ага катуу кайгырган Блез шал ооруга чалдыккан. Ал балдак менен араң басса да, иштөөсүн уланта берген. Бул мезгилде Паскаль жездесинин жардамы менен ар кандай тажрыйбаларды жүргүзгөн. 1653-жылы “сырткы күчтүн аракетинен пайда болгон суюктуктун бетиндеги басым суюктуктун бардык багыты боюнча бирдей берилет” деген азыр баарыга белгилүү гидростатиканын негизги законун ачкан. Бул кийин Паскаль закону деп аталган. Гидравликалык ныктооч (пресс) ж.б. гидростатикалык машиналардын иштеши Паскаль законуна негизделген.
1654-жылы “Арифметикалык үч бурчтук жөнүндөгү трактатын” жарыялаган. Бул эмгегинде математикалык индукция методун биринчи жолу аныктаган, аны математикалык далилдөөлөргө колдонгон. Ар кандай бүтүн сандын башка бир бүтүн санга бөлүнүшүнүн жалпы алгоритмин жана биномдук коэффициенттерди эсептөө жолун тапкан, ыктымалдыктын элементардык теориясынын негизги маселелерин аныктаган. Кийинчерээк ден соолугу акырындык менен оңоло баштаган.
Паскаль – адамзат тарыхындагы эң көрүнүктүү адамдардын бири. Ал өтө ар тараптуу адам болгон. Табият таануунун тарыхына ал залкар физик жана математик, математикалык анализди, проекциялык геометрияны, ыктымалдыктар теориясын, эсептөө техникасын, гидростатиканы негиздөөчүлөрдүн бири катары кирген. Ал арабаны ойлоп тапкан, аны И.С.Тургенев эң жөнөкөй машина деп атаган. Паскалга омнибус идеясы – белгилүү маршрут боюнча жүрүүчү шаардык транспорттун эң алгачкы түрү таандык.
1654-жылы ноябрда ал арабада кетип баратып, кокустуктан аварияга учурайт. Бул окуядан кийин ал аман калганын кудайдын буйругу деп эсептеп, илимий иштерин токтотуп, сегиз жыл бою монастрда сыйынып, диний жана философиялык ой жүгүртүүлөргө өткөн. Ошентсе да 1658-жылы Паскалдын тиши ооруп, түнү менен уктабай чыгат. Ошол мезгилде Мерсенндин циклоида жөнүндөгү али чечилбеген маселеси эсине түшөт. Эртең мененкиге чейин циклоида жөнүндө көптөгөн далилдөөлөрдүн жыйынтыгын алат (тиши да айыгат). Физикада басымдын бирдиги (Па) анын атынан аталган. 1959-жылдан баштап ал илимий иштерин биротоло токтотот.
1655-жылдары ал француз адабиятынын көрүнүктүү чыгармасынын бири болуп калган “Элеттиктин каттары” аттуу чыгармасын жазган (бардыгы 18 кат). Чыгарманы бүтүндөй Франция окуган. Анын идеясына иезуиттер чыдай алган эмес. 1660-жылы Мамлекеттик совет ал китепти өрттөөгө токтом чыгарган. Ушул мезгилдеги ой жүгүртүүлөрүн француз математиги Жак Адамар “бардык логика боюнча Паскаль революция жасоого кичинекей эле кадам калган. Эгер Паскаль аны жасаса ал болорунан үч кылым эрте болмок” деген. Философиянын тарыхында Паскаль механисттик рационализмден өткөн алгачкы ойчул катары каралат. Ал рационализм менен скептицизмдин ортосундагы философиялык көз карашта болгон. Диний философиясы француз классикалык прозасын калыптандырууга бир топ таасир тийгизген жазуучу катары да белгилүү болгон. ”Анын калеминен жаралган ар бир сап асыл ой катары окулат” деп жазган экен Жозеф Бертран.
1805-жылы Стендаль “Паскалды окуганда мен өзүмдү окугандай болом” деп жазган. Паскалдын талантына Л.Н.Толстой, И.С.Тургенев, Н.А.Некрасов ж.б. да тен беришкен. 1660-жылы ал “Ойлор” (“Мысли”) деген эмгегин жаза баштаган. Бирок аны бүтпөй калган. Ошентсе да бул китеп абдан популярдуулукка ээ болгон. Л.Л.Толстой аны “жүрөгүнүн каны менен жазган” деп эсептеген. Паскаль бул эмгегинде жашоонун маңызын, адамзаттын жаралыш сырын чечмелөөгө аракеттенген. Ал бирде “Мени бул дүйнөгө ким жибергенин билбейм, дүйнө деген эмне, деги өзүм ким экенимди да билбейм… Мен кайдан келгенимди билбегенимдей эле, кайда барарымды да билбейм”, — деп таң калса, бирде “адам, менимче, ой жүгүртүү үчүн жаралса керек, анын артыкчылыгы мына ушунда”, — деп тереңдеткен. 1660-жылы Ферма аны Тулузу шаарына чакырган. Ага Паскаль жооп кат жиберген.
Анын айрым саптарын чогуу окуп көрөлү: “Мен азыр геометриядан кыйла алыс нерсе менен иш жүргүзүүдөмүн, геометрияны өтө кыйынчылык менен эстеймин… Мен математиканы акылдын көнүгүүсү деп эсептейм, ошол эле учурда анын эч бир пайдасыз экенин билем… ал болгону өнөр гана…мен азыр абдан алсыз болгондуктан, таяксыз баса албайм, атчан да жүрө албайм”. “Катты мен узунураак жазып койдум, анткени аны кыска жазышка менде убакыт жок эле”, — деген сөздү да Паскаль айткан экен. 1660-жылы декабрда Гюйгенс Паскалга эки жолу келет. Бирок ал Паскалдын дайындуу сүйлөшүүгө да жарай албаган өтө картаң чал болуп калганына ишенген (Паскаль ошол мезгилде 37 гана жашта болгон). Паскаль 1662-жылы 19-августта Парижде каза болуп, Сент-Этьен-дю-Мон чиркөөсүнө коюлган.
Ысмайыл КАДЫРОВ

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *