Кырк чороң барбы, кыргыз?

Ооба, ал карапайым мектеп мугалими болсо да түштүктөгү пахта менен тамеки эгүү түйшүгүнөн башы көтөрүлбөгөн мектеп окуучуларынын билим алуу укугун коргоп чыкканы эле тоталитардык режимге баш ийген элдин акыл аңына дүрбөлөң салган. Коомдук аң-сезимди жаңы баскычта өзгөртүү мезгили келгенин эрте туюп, эркиндикке умтулууга ал кезде айылдык мектептин мугалими тургай жогорку окуу жайдын мугалимдеринин да эрки жеткен эмес. Жалпы эле интеллигенция өкүлдөрү совет бийлиги орноткон капастан бошоно элек кезеңде Өмүрбек Текебаев аттуу элеттик мугалим жигит мектеп окуучуларынын укугун коргоп мамлекеттик бийликке, мамлекеттик саясатка каяша айтып, нааразычылык билдирип чыгууга эрки жеткенин караңыз.
Ошентип ал партбилетке сыйынган борбордук бийликте отургандардын далайынын жакасын уучтаткан тарыхты унутпайлы. Саясатка кадам таштаар эрки курч адам гана ошентип жалпы коом жапырылып баш ийген тартипти бузуп, ириген-чириген эски режимди талкалоого батына алмак. Жаш болсо да партия көсөмдөрүнөн алдыга барчу жолту эртелеп көрө билип, карапайым элди жаңы заманга үгүттөгөн катардагы мектеп мугалими ошентип бара-бара чоң саясый күрөшкө аттанып, дамбаны жарып чыкты.
Табиятынан күрөшчүл эрки сакталган кыргыз саясатында бүгүн Текебаевден башка кимди атай алабыз? Бир кезде демократия баалуулугун басса-турса какшанган КДКда Өмүке менен бир жүргөн ак сакалдардын алды бүгүн эмне болду? Жыпар Жекшеев бүгүнкү бийликтин авторитардык багытын коргогон топтун эң алдына чыгып алды.
Көчө демократтарынын баары саясый дүжүргө айланып тынып, авторитардык режимге моюн толгобос монстр бир гана Текебаев экенин үч бийликтин тушунда тең көрдүк. Катардагы саясатчыларды тургай, канчалаган генералдарды А.Акаев, К.Бакиев, А.Атамбаевдин тизгинди бир колго жыйган бийлиги сындырып тынды, мамлекеттик машинеге өзүн тебелетпес бир гана лидер бар экенин бүгүнкү турмуш да далилдеп отурат. Саясый сыноолор далайынын бетпардасын ачты, өз позициясын коргоодо Өмүке өзгөргөн жок. Туура, 2010-жылдан кийинки көшөгө артындагы айрым кадамдары Текебаевдин саясый беделин кыйла түшүрдү, бирок ал өз маалында кайрадан чабуулга өттү. Себеби бийликти бир ууч топ колго алганын сезип, добулбасты биринчи болуп өзү какты кайра. Буга да эрк керек эле. Өз кемчиликтерин коомчулукка кыйытып да, түз жол менен да баяндап берди. Саясатта жүзүн таза сактачу адам гана ошенте алмак.
Арийне, ар бир кадамын жети өлчөп, бир кесүүдө Текебаев эле эмес, дүйнөлүк масштабдагы дөө-шаа саясатчылар мүдүрүлгөн, оңкошаткан. Текебаев канча мүдүрүлсө да, оңкосунан сайылбады. Туура жолду издеп, мамлекеттик саясаттын багыты тетири бурулган жерден кашкайган чындыкты какшаган учурдагы жападан жалгыз улуттук лидер экенин көрсөттү. Бир кездеги айылдык мектептин мугалими бүгүн саясаттын кароол чокусундагы алыска сереп салган саясый көсөм болуп чыкканын мүмкүн моюнга алгыбыз келбес, арийне, француз жазуучусу Люк де Воверанг айткан бир чындыктан тая албайбыз: «Философия майданын майкандагандарга караганда чыныгы саясатчылар адамдарды жакшы-жаманга ажыратканды билет. Ток этерин айтканда, философтор философ эмес, эң мыкты саясатчылар философ».
Текебаев бүгүнкү күндө саясаттагы, коомдогу ак-караны ажыраткан философияны түшүнгөн деңгээлдеги саясый лидер. Чейрек кылымдагы басып өткөн жолу эң эле катаал саясатчы да ушул киши болду! Баарын өз жонтериси менен сезди. Не деген кыйынчылыктарга кабылды – мунун өзү ага чоң саясый мектеп, чоң капитал. Бул саясый капиталды башка эч бир саясатчы топтой албады. Кыйынчылыкты басып өткөн адам гана туура жолду тандоого даяр болот. Саясый процесстер алмашууда эл аралык нормалар менен көп жагдайларга тиши өтпөгөн биздин саясый элитаны жетелеп жүргөн да Текебаев экенин эки жолку мамлекеттик төңкөрүш көрсөткөн жокпу? Эки жолку мамлекеттик төңкөрүштө тең Кыргызстанды талаа командирлери башкарып калар курч кырдаалга кептелген учурда мыйзамдык актылардын негизинде өлкөдө тез арада бейпилдикти орнотууга билегин түргөн башка кимиси болду? Бир кездеги Тажикстан, учурдагы Сирия, Украина кейпин кийип калбаганыбыздын бир себеби да: саясый топтогулардын арасында геосаясый оюндардын опурталын алдын алган Текебаев сындуу лидерлерге беш манжабыз жетпейт.
Анын чейрек кылымдан берки саясый ишмердиги туурасында мурда жазган «Текебаев кыргыз саясатынын монстры» аттуу макаламда ал тууралуу Салижан Жигитовдун бир кезде айткан кашкайган чындыгына кыскача токтолгон элек: “Кыргызстанда Өмүрбек Текебаев президенттикке түбөлүк талапкер” деген учкул кептин артында чырылдаган чындык жатканын кыргыз алигиче аңдай элек. Себеби Текебаевге окшогон саясый фигура жеп-ичип, талап-тоногонго үйрөнгөн коомдун көзүнө коркунуч жараткан чоң күч. Себеби анын командасы бийликке келген күнү саясый элитанын күргүштөгөн тобу түрмөгө камалышы ыктымал. Ошонүчүн анын душманы көп. Анын душмандары – коррупционерлердин таламын талашып түрдүүчө нааразычылык акциясын уюштургандар, жол бөгөп док урунган масса. Шайлоодо добушун сатып көнгөн караламан калк! Анан да биздин шартта кайсы коррупционердин болбосун урук-тууганы көп, тамыр жайган катыш-бериш мамиледеги колдоочулары толтура. Мына ошолор бизде “саясый элитанын” арка бели».
Бүгүн ошол саясый топтун арка белин сындырар күч же Текебаевдин тегерегинде, же мурда-кийин саясый чөйрөгө аралашпаган жаңы ысым, жаңы жүз саясатчылардын гана колунда туру.
Олжобай ШАКИР

P.S. «Кырк чороң барбы, кыргыз?» рубрикабыздын мурдагы каарманы жөнүндө макала Президенттик таймашка чыгар талапкер жөнүндө сөз

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.