Өмүрбек Абдырахмановдун «аллергия» оорусу

– Өмүрбек Абдырахманов деген саясатчы эмнеге ойду-тоону сүйлөй берет? – Себеби ал жерден алыс жашайт да. – Кантип алыс жашайт? – Бою эки метр болсо, анан жерге жакын, бою пас адамдардын мээсине жеткен ой, Абдырахмановдукуна жетмек беле! * * * Денесинин кычышпаган жери калбаган Өмүрбек Абдырахманов мончого барып келсе деле кычышкан жерлери жанын койбойт. Не кыларын билбей кожный диспансерлерге кайрылат. Врачтардын баардык аракетинен эч бир майнап чыкпайт. Ак халатчандарга кайра-кайра келе бергенде, акыры тажрыйбалуу бир врач табылып сураган экен: – […]

Топчугүл ШАЙДУЛЛАЕВА: Пирим

ЭССЕ Пирим-молдо. Бул кишинин азан чакырып коюлган ысмы ким экенин айылда аз гана адамдар билчү. Бирок атынан эч ким атачу эмес. “Пирим” кимиси болсо да ушинтип гана кайрылышчу. Азыр ойлосом, ал киши чын эле айылдыктардын пири болгон экен. Союз учурунда динге катуу тыюу салынган маалда ушул Пирим ыслам баалуулуктарын акырындан, билдирбей , көчөгө чыгып даваат айтпай, чоң, кооз мечит салбай, шөлбүрөп-салбыраган кийимдерди кийбей, сакал мурутун өстүрбөй эле айылдыктар арасына ушунчалык жайылтып, кадырын кетирбей жүргөн. Эл чогулган жерде эч кимге сөз […]

Лао МА: Кыялдын аткарылышын кайгы менен тосуп алуу

Кытай адабиятынан Которгон Назгүл ОСМОНОВА АҢГЕМЕ Талаанын баарын рапс гүлдөрү алтын түскө боёгон сымал. Күн жадырап тийген сонун күндөрдүн биринде Ло Тяньхун ата-энесине деңиз жээгиндеги жаңы үйгө көчүүгө жардам берип жүрдү. Жыйырма жыл мурда, Ло Тяньхун ата-энесине терезеси деңиз менен тоолорго карай ачылган кооз үй сатып берүүнү убада кылган. Ал чын дилинен алардын бактылуу карылыгын камсыз кылгысы келген. Кыялында көп жолу ата-энесинин көзү кубанычтан жашылданып, экөөсүнүн жээктеги жаңы үйүнө кандайча басып баратышканын элестеткен. Ал эмдигиче атасынын сөзүн эстеп жүрөт: “Сен […]

Акутагава РЮНОСКЭ: Үч кенч

Жапон адабиятынын классиги Рюноскэ Акутагава (1892-1927) жарык дүйнөгө келгенине он ай болгон мезгилде апасы жиндиканага кабылып, ошол жактан асынып өлгөндөн улам аны таякеси Митиаки Акутагава багып өстүргөн. Митиаки өз канынан бала көрбөй өткөндүктөн Рюноскэ таякесинин фамилиясына катталып калган. 1913-жылы Токио университетинин англис тили факултетине өтүп, достору менен бирге «Синситё» адабий журналын чыгарууга катышып жүрүп, өзүнүн эң алгачкы «Чал» (1914) аттуу аңгемеси жарыяланган. Ошондон тарта анын чыгармалары биринин артынан бири ийгилик жаратып, өз чыгармачылыгын дүйнө адабияты менен тез эле жуурулуштуруп кеткен. […]

Жомок: Улак, козу жана карышкыр

Улак менен козу экөө таштан-ташка секирип, куушуп ойно жүрүп ата-энелеринен алыстап кетип, адашып калышты. Күн бата койчу кой-эчкилерди короого айдап кетет. Тиги экөө ой-кырды аралап жүгүрүп, түн кирет. Айдын жарыгында караандардын бардыгы коркунучтуу көрүнүп, экөө бир бадалдын түбүнө жатып калышат. – Тиги дүңкүйгөн  кара нерселер апам айткан карышкыр болсо керек,– дейт улак козунун кулагына шыбырап. – Ошондой болуу керек, мага да апам түнгө калба, карышкыр жеп коёт, – деген дейт козу. – Карышкыр жегени келсе кантебиз? – дейт улак денеси […]

Кубанычбек АРКАБАЕВ: Паспурт

АҢГЕМЕ Аппак аткан таң терезелерди каптаган бубак-муздан араң сызыла өтүп, бөлмө ичин жарыктандырды. Жумшак диванда эки баласы менен калың жууркан жамынып аял уктоодо. Жууркан ортосу кичине дөмпөйө түшүп жерде жайылып жатат. Бир калыпта чыкылдаган саат жебеси туптуура жетини көрсөтө бергенде анын ойготкучу  жан алы калбай чырылдады эле, баягы жууркан ортосундагы дөмпөк жоголо түшүп, этегинен эки бут, баш жагынан эки кол сорок эте чыгып, бир колу саатты кайсалай издеп таап, аны тып өчүрүп жууркан алдына сойлоп кирип, баягы дөмпөк кайра пайда […]

Кызуу кандуулукка алдырбай, өзүңдү башкарууга үйрөнсөң гана башкаларды жетектөөгө үйрөнөсүң

Бальтасар ГРАСИАН (1601-1658), испан жазуучусу Чөптөрдүн же таштардын түрүн ажыратканга караганда адам аласын ажырата билүү эң маанилүү. Бул деген турмушка зарыл өтө кылдат өнөр. * * * Темирдин сапаты үнүнөн, адам сапаты кебинен билинет. * * * Кызыл тил – алтын башка арачы. * * * Жебе денеге, жаман сөз жүрөккө сайылат. * * * Айрымдар көлөмдүү китепти баалайт, арийне ал китептер акыл эмес, кол булчуңдарына керектир. * * * Чырсыз күн – тынч уйкудан артык. * * * Калп […]

Топчугүл ШАЙДУЛЛАЕВА: «Гапкана»

ЭССЕ Биз бала кезде кыштын узун түндөрү айылыбыздын эркектери чогулуп алып «гап» жешчү. «Гап» — «кеп» деген эле сөздүн Баткен диалектисинде айтылганы, демек, кеп жешчү. Гапка эркектер гана катышат. Гап жегендер кезектешип «гап салышат». Салганда кандай, ошол гапкана деп тандалып алынган үйгө бардык керектүүсүн көтөрүп келип палоо басат. Ал палоо жөнөкөй эмес, «хан-төрө» палоо болуш керек, башкача айтканда таза куйрукту эритип, койдун этин кошуп девзире гүрүчкө басылат. 20-30 эркек кезектешип күн сайын кечинде ушундай палоо жешет. Эртең менен казанда калып […]

Каныбек ОСМОНАЛИЕВ: Паракор диний «көсөмдөрдүн» доору гүлдөп турган кезең!

Маектешибиз мамлекеттик жана коомдук ишмер Каныбек Осмоналиев 2007-жылы Илим жана билим министри, 2008-09-ж.ж. КР Президентинин алдындагы дин иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин деректири, 2009-2010-ж.ж. КР дин иштери боюнча мамлекеттик комиссияны жетектеп келгени маалым. «РухЭш» сайты бүгүнкү күндөгү диний көйгөйлөр жана эл агартуу багытындагы маселелер менен бирге учурдагы саясат туурасында К.Осмоналиев мырзанын олуттуу пикирин бөлүшмөкчү… (1-маек ушул шилтемеде) 2-маек – Түпкүлүгүндө ислам динине эч бир каршылыгым жок, ал кыргыз кыртышына сиңиши керек. Арийне, бизде диний багыттагы агартуу ишин аркалагандардын өздөрү жетиштүү деңгээлде […]

Чегарага жакын аймактарда теракт уюштурууну көздөгөн топ кармалды!

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин билдиришинче, Кыргызстандын башка өлкөлөр менен чектеш аймактарында террордук актыларды уюштурууну максат кылган эл аралык террордук уюмдун төрт мүчөсү кармалды. Кыргызстандын 21, 28, 31, 34 жаштардагы жарандары атайын кызматтын тергөө абагына камалды. Маалыматка караганда, кармалгандар колго жасалган жардыргыч зат жана ок атуучу куралдарды колдонуу менен чек арага жанаша аймактарда бир катар террордук аракеттерди ишке ашырууну даярдап жатышкан. Факты боюнча УКМКнын башкы тергөө башкармалыгы Кылмыш-жаза кодексинин 27-226 (террордук акты даярдоо), 226-1 (террордук ишти каржылоо), 229 (мыйзамсыз куралчан […]

Муратбай НЫЗАНОВ: Реклама

Каракалпак тилинен которгон Урматбек НУРСЕЙИТ уулу АҢГЕМЕ Жоро-жолдоштун болгону жакшы экен. Кыйналганыңда кеңешин айтат, кубансаң бирге кубанат, капа болсоң кайгыңды тең бөлүшөт. Досуң көп болсо жүгүң жерде калбайт. Бактымды сынап көрүү үчүн башымды жеке ишкерликке байлагандан бери ар кимдин маслахатына муктаж болуп калдым. Эмне кылсам да ишим жүрүшпөйт. Же акча табылбайт, акча табылса сарптай турчу иш табылбайт. Эми жок оорууга туш болгон адамдай көңүл бурган киши болсо ак жеримден жарылып кетем. — Ишиң эмнеге жүрүшпөй жатканын билесиңби? – деди бир күнү […]

Кыргыз маселеси: тил тагдыры! Бар болуу керекпи же жок болуу керекпи?!

Белгилүү публицист жана жазуучу Абдыкерим МУРАТОВ агабыз менен курган бул жолку маегибизде эне тилибиздин тагдыры туурасында баарыбыз моюнга алаар, баарыбыз жан ачытар чындык айтылды… Мурда жарыяланган 1-маегибиз береги шилтемеде Кыргыз маселеси: Бар болуу керекпи же жок болуу керекпи?! (2-маек) — Албетте, улут маселеси дегенде эң алды тил эске келет. Азыркы эне тилдин абалы, анын колдонулушу, өткөнү, келечеги тууралуу ойлоруңуз кандай? Башка улуттар тил маселесине кандай карашат, аларга салыштырганда учурдагы эне тилибиздин эл алдына алып чыгуучу көйгөйлөрү Сиздин оюңузча кайсылар? — «Тил деп жүрүп […]

Бейшенбек БЕКЕШОВ: Ишеним

Чындыкка карай жол өтө татаал болот. Айрыкча бир нерсеге көзүң жетип ишенүү үчүн далилдериң аз болсо, бирок токтоосуз чечим кабыл алуу талап кылынса, мына ошол жерде чыныгы адамдык баам-парасат иштейт. Менин өзүмдүн да Хашим табыпка болгон ишенимим оңой келбеди. Дүйнөнүн жүздөгөн илим изилдөө мекемелери миллираддаган долларлык лабораториялары менен жеңе албай жаткан рак илдетин тоодон эми эле тоголонуп түшкөнсүгөн бир мыкырайган кыргыз жок кылып жатыптыр дегенге чынында эле ким ишенет? Ошентсе да Кудайдын буйругу жок кумурсканын буту сынбайт. Керектүү учурда керектүү […]

Ынды кара малай жана ит

Сопулардын притча-жомокторунан Абдулла Ибн Жапар аттуу бакчанын ээси болуптур. Бир күнү ал өз бакчасын аралап жүрүп, жүзүмдүн түбүнө келгенде ынды кара малайды көзү чалат. Соксоюп отурган иттин маңдайында колунда бир сындырым наны бар малай да чөк түшүп отурган экен. Малай маңдайындагы дөбөткө бир үзүм нан ыргытканын байкайт Абдулла. Дагы ыргытат, дагы. Абдулла сурайт: – Сага күнүгө канча нан беришет? – Болгону эле ушул нанды, – дейт малай. – Ошо жалгыз наныңды анан итке бересиңби? – Абдулла таңгалып сурайт. – Бу […]