Рысбай ИСАКОВ: Түркүгү сүйүү болсун бул жашоонун!

КҮН КАРЕК … Жакшы көрөм Күндүн жаркып атканын, Жашты төгөм көрүп анын батканын. Жайнап турган карегиңде Күн барбы, Жайдар мүнөз карындашым, Ак-Таңым? Жайдар мүнөз карындашым, Ак-Таңым, Жамгыр жашка карегиңди жаппагын. Жаш толтурба Күн түнөгөн көзүңө, Жакшы көрбөйм Күндүн ыйлап жатканын. Жакшы көрбөйм Күндүн ыйлап жатканын, Жамгыр жаабай, жүзүн булут басканын. Кагылайын карындашым, андыктан, Карегиңди карегиңдей сактагын… ОЙРОН СҮЙҮҮ Билсең эгер, бирдей болуп түш-өңүм, Бир өзүңсүң сагынаарым, күтөөрүм. Сезимиме гүл өстүргөн асылкеч, Сен деп дегдеп үзүлбөгөн күдөрүм. Гүлзар болуп жүрөк-сезим айдыңы, […]

Шоопур жөнүндө анекдоттор

Журналист СДПК партиясынын депутатына суроо берет: – 7 жыл ичинде Атамбаев президент болгону кандай жакшылыктар болду? – Көп ийгиликтер болду. Маселен, мурда шоопурлар ГАИге баш ийчү эле, азыр ГАИ, таможня, министр-синистр, депутат-жепутаты баш болуп Шоопурга баш ийип калышты. * * * Журналист В.Путинден сурайт: – Сиз кийинки мөөнөткө шайлоого барасызбы? – Аны командам менен макулдашып, анан жооп айтам. Назарбаевге кайрылса, ал: – Муну референдумга салып, эл менен кеңешейин, эл чечет. Журналист Атамбаевге кайрылышат: – Сиз кийинки мөөнөттө президентикке барасызбы? Ал бир […]

Кеңеш ЖУСУПОВ: Жалгыз арча

АҢГЕМЕ I  Ата-бабам тоо арасына жолун калтырды Таптадык аны. Үйүн калтырды. Кирдик ага. Багын калтырды. Көлөкөлөдүк. Тагдырын тоо ташка чегип калтырыптыр. Күн менен ай астындагы жер үстүндө мээнеттенген, турмуштун өлөрман момундарынын жазгандарын азыр окуй алабызбы? Анда ошолордун ташка чеккен өмүрлөрү жөнүндө. Өрөөндөгү сууну жээктеген Дуңкана: «Жолдун үстү-асты чегирткелерге кыргын салган кара чыйырчыктардын ызы чуусуна толуптур, – деп күңкүлдөдү. – Эх, дүйнө сен ызы-чуу, күйүттүү ыйдан бүткөнсүңбү?..» Дуңкана күнгө даттанды: «О күн, сен да куру… Сордуң-го түгөл. Адамга болушпай, кактадың го… Билесиңби, менин […]

Курманбек ТОКТОНАЛИЕВ: Жаңы илимий ачылыш

Бул илимий ачылышты синология да, түркология да моюндабашы бештен белгилүү. Синология илими бүгүнкү күнгө чейин байыркы кытай тилинин семантикалык өзгөчөлүгүн аныктай албай келет, ал эми алтаистика илими алтай тил бүлөсүнөн ары өтө албайт. Протоалтай тилдери деген түшүнүк бар, бирок ага кайсы тилдер кирери алтаистика илиминде күмөн, алигиче тактала элек. Философ, жазуучу, тилчи Чоюн ӨМҮРАЛИЕВ дүйнөлүк алтаистика илимине да, синология илимине да жаңы илимий ачылыш жасады. Дегеле дүйнөлүк илимдин тарыхында жаңы илимий ачылыштардын дароо кабылданышы кыйын. Өтө эле кыйын. Анткени мурда […]

Абдырасул ТОКТОМУШЕВ: Боогачы

«Мурас элге таандык. Эбегейсиз байлык. Укумдан-тукумга өтө турган узак өмүрлүү, зарыл керектүү, кылым сырын камтыган кымбат баалуу табылга… Биз башыбыздан өткөргөн күндөрүбүз кайгылуу да, кубанычтуу да… Айкындыктын күнү чайыттай ачылып, сөз эркин канатын жазды. Эми айтууга жол ачык. «Үкөй» обонун жараткан, «Секетпай», «Күйгөн» деген ынактык ырлардан топтолгон эки китептин автору ат-башылык элет акыны Жакыпбек уулу Боогачынын: … Алыска кетип баратам, Нарынга сөөгүм коюлбай… – деп боздоп кеткен күндөрдөн бери 59 жыл өттү. Ошондон бери бул кишинин ким экендиги – баскан […]