«Мурас элге таандык. Эбегейсиз байлык. Укумдан-тукумга өтө турган узак өмүрлүү, зарыл керектүү, кылым сырын камтыган кымбат баалуу табылга… Биз башыбыздан өткөргөн күндөрүбүз кайгылуу да, кубанычтуу да… Айкындыктын күнү чайыттай ачылып, сөз эркин канатын жазды. Эми айтууга жол ачык. «Үкөй» обонун жараткан, «Секетпай», «Күйгөн» деген ынактык ырлардан топтолгон эки китептин автору ат-башылык элет акыны Жакыпбек уулу Боогачынын:

… Алыска кетип баратам,
Нарынга сөөгүм коюлбай… –
деп боздоп кеткен күндөрдөн бери 59 жыл өттү. Ошондон бери бул кишинин ким экендиги – баскан жолу, пайда-зыяны, таланты жөнүндө басма сөздө (эл оозунда айтылганы менен) эске алынбай келди…

Мына ушул киши жөнүндө, анын мурастары жөнүндө анча-мынча кеп салып, тапкан-ташыганымды ачыкка чыгарсам дейм. Анткени мен да карып баратам. Кийинки муундар Боогачынын обонун угуп, ырын ырдаганы болбосо, анын ким экендигин ачык билбейт. Анан сөз чындыгын биз айтпасак ким айтат?» – деп кабыргасы кайыша жазган Кыргыз Эл акыны Абдырасул Токтомушев «Кыргызстан маданияты» гезитине (9–16-июнь, 1988-ж.)

Андан бери 35 жыл карыды. Атактуу акыныбыз А.Токтомушев да арабыздан кетти. Арийне канаттуу казалчы, ашыктык ырларынын айтылуу кара жаак, жез таңдайы Боогачы, ачыгын айтуу керек, биздин алтын казынадан чыныгы ордун али табалек.

Алды кызык, арты армандуу өмүр таржымалы али такталалек. Боогачы жөнүндөгү улама сөздүн учугун өтө таасирдүү, элестүү улаган Абдырасул акындын бул очерки да акыры чыгармаларынын бири. Кыязы, акындын ал мурасы дагы адабиятчылардын изилдөө парасатынан тыш калып атыр. «Жаңы Ала-Тоо» журналы ушул сыяктуу кенемтени аздыр-көптүр толтуруу максатында унутулуп бараткан очеркти окурмандардын оюна дагы бир ирет салууну ылайык тапты.

«Жаңы Ала-Тоо» 2013 №2 (46)

* * *

Боогачы жөнүндө сөз боло калса, ат-башылыктар ырдап башташат:

Ат-башылык Боогачы,
Айкын сөздүн устасы.
Кулак курчун кандырган
Куюлушкан нускасы.
Жеке эле Ат-Башыда эмес, бүткүл кыргыз жеринде «Үкөйүм» деген обон чыкса – Боогачыны билишет. Боогачы десе – Үкөйдү эске түшүрүшөт. Анын баяны узак. Экөөнү ажырагыс кылып махабат оту данакерлеген… Боогачы Жакыпбек баласы ырда айтылгандай Ат-Башы районундагы Ак-Муз айылында (илгеркиче Шаркыратма болушунда) 1866-жылы, кышкы чилдеде боз үйдө туулуптур. Эл билген Карача деген аксакал атын койгон экен. Боогачы жашында жетим калып, кедей болуп өскөндүгүн, бир топ жыл бирөөнүн эшигинде жалданып жүрүп бой жетип, ырчы, обончу болуп эл оозуна алынып, зоболосу көтөрүлүп чыга келгени айтылат.

Эл сөзүнө кунт коюп угуп олтурсаң, Боогачы таланттуу киши экендиги айкын болуп чыга келет. Чынында өзү жашаган мезгилдин элеттеги ойчул адамы болгон. Шайыр, сөзгө чебер, чындыкты бетке айткан, көбүнчө жамактатып сүйлөгөн, ырга, аңгемеге ышкыбоз, сулуулукка кумар, айрым күүлөрдү так сайраткан комузчу, элди тегерегине имерип алган жылдыздуу киши болгон.

Боогачы үйлүү, жайлуу болуп, ыры-обону менен элге жагып, сулуу жар күтүп, жакшы ат минип, тың кийинип, журт аралап, көңүлү көтөрүңкү жүргөн күндөр эле. Ырдаганда эч нерседен тартынбаган, өз доорунда Боогачы келатат дегенде, башка айылга өтүп кетпесин деп жолун тосуп, үй тигип, анын ырдаганын угуш үчүн ынтызар болгондор көп болгон. Ошол революциянын алдыңкы жылдары, ачыгыраак айтканда, 1916-жылы болуш шайланат деп айыл ичи кымгуут түшүп, күтүнүп калат. Шайлоону өткөрүүгө ичкериден келген төрө, аны көшөкөрлөнүп ээрчиген жергиликтүү – мурда шайланып келаткан бий, болуш жана анын жан-жөкөрлөрү өз ара иш жүргүзүшүп, буюрса «паланча…» шайланат деп, алдын-ала камсыз болуп жатканда, Боогачынын оюна келбеген, түшүнө да кирбеген бир чоң окуя болот. Эч нерседен капары жок Боогачы ар жакта бир боз үйдө, үй толтура кишилердин арасында, адатынча элдин кумарын жазып толкуп-чалкып ырдап жатса, анын жана элдин дуулдаган үнүн угуп, бери жакта жасалгалуу чоң боз үйдө сый тамактын үстүндө олтурган шайлоо өткөрүүгө келген өкүл башчысы: «Бул ким ырдап жаткан, мында келсин!» – деп Боогачыны чакыртып ырдатат. Дасторконго олтургузуп алып ырдатат. Тилмеч аркылуу сүйлөшөт.

Боогачы «Үкөйдү» ырдап кирет. Ыр уланат, сөз уланат… Үйдүн ичи күлкүгө толуп, сыртта тургандар да сүрөөгө алышып, дуу көтөрүлөт. «Мен бий, мен болуш болом…» – деп олтургандар да күлкүгө батып: «Бали, бали!» – деп ыракаттанып олтурушат. Алиги шайлоону өткөрүүгө келген балкайган чоң төрө, үстүнө килем жабылган сандыкка көчүгүн коюп олтуруп, Боогачынын ырдаганына аябай ынтаа коюп, көпчүлүк аны жактап жатканын өз көзү менен көрүп: «Бул кызык киши экен, элге кадырлуу, чечкиндүү, чечен экен…» – деп, жактырып калат. Кылт эткен ойго келет: «Ушул кишини болуш шайлап кетсем эмне болот?.. Бул сөзү менен, ыры менен эле элди өзүнө тартып атат. Чечен, колунан иш келет…» Ошол оюн чоң төрө бекемдейт. Ордунан тура калып, попуросун бурулдатып, оюн ачыкка чыгарат. Тилмеч тилге кирет: «Боогачы, сен болуш болосуң, сени шайлаймын, сөз бүттү!..» Туш-туштан үндөр чыгат: «Болуш боло бер, макул де!» «Чаң-асманын чыгарды го, бул төрө…» – дегендер да болду.

Чоң төрөнүн айтканы ишке ашты. Ойдо жок жерден Боогачы болуш болуп калса болобу!.. Адам тагдыры кызык. Эл агартуу кызматкери Жапар Чолпонбаев эскерет: «Ошол 1916-жылы көпчүлүк эл бай-манаптарга каршы чыгышып, калыс адам деп Боогачыны каалап шайлап алышкан. Боогачы ошол жылга, башкача айтканда, 1916-жылга чейин жалгыз аттан башка малы жок, жетишсиз жүргөнү элге белгилүү».

Тиги бий менен болуш күтпөгөн жерден көксүнү сууп, «чоң төрөгө» кандайча кылып кайрылардын айла-амалын таппай, Боогачыга кекенип: «Оңбогон жарамазанчы эмне кылып арбап койду?.. Арызданабыз, изденебиз, өлбөгөн жерде калышабыз…» – дешип, уйгу-туйгу ойго түшүп кала берди. Келиндер Боогачыны: «Болуш аке» – деп тергей баштагандан көп убакыт өтпөй эле, замана кымгуут болуп куурулуп, эл бүлүнүп, Кытай жерине кыйласы ооп кетти. Падышанын өкүмүнүн-чечиминин кадыр-баркы, күчү кетип калды. Бай-манаптар, бий-болуштар да алактап калышты. Боогачынын кызматы ак падышага өтпөй калды. Дүйнө абалын көрүп турган Боогачы да эки арада калганын билип, замандын ыңгайына карап өз билгенин иштеп жүрдү. Ырдаганын токтоткон жок, мурдакыдай эле кабак-кашым дебестен, мен «болуш» болдум деп кейкейбестен эл ичинде, барган жерде обонду созо берет, эл да угуудан тажабайт.

Ак-муздук Саадабай уулу Моңкош карыя айтат: «Жер ооп кеткендер жакшылыктан жаңы кабар угуп, бир жылдан кийин эл-жерге жөө-жалаңдап кайра келе башташты. Ач, жылаңач, малдан кол жуушкан, үй-жайлары жок. Ошондо Боогачы элди чогултуп, кеп-келечин айтып, үркпөй калгандардан, көбүнчө байлардан жардам уюштуруп, өзү тирикарак кишилерди ээрчитип жүрүп, бир канча бодо мал, жүздөгөн кой, эчки, аштык, чөп, отун жыйнап «качкындарга» таратып бергенин көзүбүз менен көргөнбүз. Ошентип, арып-ачкандарды Бокең ачарчылыктан сактап калган. Элге кадырлуу экенин ушундан эле билүүгө болот эмеспи!»

Ичимен сүйүнүп олтурдум. Ак-Музга келгеним эң эле жакшы болуптур, Боогачынын баскан-турганына чейин жакшы билишкен тил билги, жердеши Моңкош, Каскан карыяларга жолукканым ырас болду. Боогачы Нарында Ногойбай деген соодагер-сүткордун эшигинде жалданып жүргөндө ара-тородо молдодон окуй коюп, арапча арип таанып, салам кат жазганды үйрөнүп, китепти шар окууга жараган экен. Аны окуткан молдосу шар окуйт, бирок тамганы кураштырып жазып көргөн эмес экен. Буга таң кала турган жери жок, а кезде көпчүлүк молдолор ошондой окушкан. Боогачы кээ бир молдолорду да көрө коюп жүрүптүр, алар китепти да окушат, кагазга саймалап тамга түшүрүп кат да жазышат.

Ушундай мугалим керектигин көңүлгө түйүп коюптур. Күндөрдүн биринде Ак-Муз айылында кызык кабар тарады:

– Биздин Катаган молдонун шору кайнаптыр…

– Эмне болуп, ботом?

– Боогачы тиги Ысык-Көл жакка барып, Караколдон молдо алып келиптир, катты шыпылдатып, шурудай тизип жазат дейт. Биздин Катаган молдодой эмес, билими чоң молдо дейт…

Көп узабай эле биринен бири угуп, Боогачы сөз айтат экен, барып угалы дешип, Боогачынын алына көп кишилер чогулушат. Дале уй мүйүз тартып олтурган элге болуш аты кала элек Боогачы кайрылат:

– Туугандар, мында жаш, карыңар баарыңар олтурасыңар. Заман өзгөрүп, бүгүнкү көргөнүбүздөн эртеңки көргөнүбүз жаңы боло баштады. Көлдүктөр буурусунду таштаптыр, орус соко менен жер айдашат экен, чөбүн атка чегилген машина менен чабышат. Андан башкасы да бар. Көлдөгү чоңдордун (колу жетиштүүлөрдүн) балдары Караколдон орусча окушуп үйөзгө тилмеч, болушка катчы болгондорун көрдүм. Биздин Катаган молдо менен Ясынахун кашкарлыктан окуган балдар: «Чаар китеп», «Сопуаллаяр» окушса да кат билишпейт. Кат билбегенден кийин молдо болгону кайсы? Эки старчын элде Абдыракман менен Дөөлөтбактан башка бир да киши кат билбейт, дубай-салам жаздырыш үчүн бир суудан экинчи сууга барып зарыгасыңар. Жалганбы? Көлдөн молдо алып келдим, Караколдон окуптур. Жаш болсо да билими жетик, эгер силерге эп келсе, балдарды кат билбеген пайдасыз Катаган менен Ясынахундан окутпай, менин кичине молдомон окуталы! – деп оң жагында олтурган кичине молдону – Дүйшөнаалы Калдарбай уулун көрсөтөт.

Эл дуулдап жиберет:

– Ошондой болсун! Эң эле жакшы болот? Көктөн тилегенди жерден берген тура!

Боогачы Дүйшөнаалыга сүйкүмдүү карап:

– Уктуңбу, молдокеси! Эмки кеп сенде калды, балдарды жакшы окутуп, кат таанытып, элди ыраазы кыларсың! – дейт.

Кичине молдо жыйырмага жаңы чыккан, арык чырай, сулууча жигит эле, жылдызы жарык, колунан жамандык келер эмес… Күлүңдөйт, жакшынакай кийиниптир, ногойчо тигилген кайырма жака бешмант, башында кытай калпак, бутунда көркөмдүү орус өтүк өзүнө жарашып калган. Ошончо элдин ичинде бул өңдүү кийинген бир да киши жок, баары тең кичине молдону карашат… Бул элетте мындай кийингенди көрүшпөсө кантсин…

Боогачы көтөрүңкү сүйлөдү:

– Ата-бабаларыбыз дүйнөдөн көзү туюк өтүштү, биз дагы ошентип өтүп баратабыз. Баккан-көргөнүбүз мал, билим-илим, өнөр жөнүндө акылга келбейбиз. Эми биз балдарыбызды окуталы, билимдүү болууга үндөйлү, макулсуңарбы, эл-журт?

Жабалактаган үндөр:

– Айтканыңа макулбуз!

– Бул жөнүндө кандай десең даярбыз!

Илим-билимге суусап олтурган эл, туз сураган койдой чуулдашты. Боогачы эл айтканыма көндү деп кабыл алды.

– Ошентип, балдарыбыз киши болсун десеңер, анча-мынча каражатты аябагыла! Бул кичине молдонун акысына бала башына бирден кой берели, эсептесем кырк, элүү бала боло турган. Биерде бир нерсени ачык айтып, макулдашып алалы. Бей-бечаралардын балдары акысыз окушсун! Байлар, силер ынтымак кылып, өз айылыңардагы кедей-кембагалдын балдарына назар салгыла, алар окубай калышпасын, элдин ынтымак салтын колдогула, башкаларга кеп болбойлу! А бул кичинекей молдокемди болсо ат мингизип, тон кийгизип, сый-сыпат менен өзүм узатам.

Эртеден бери сөзгө уюп, ойго батып олтурган, сөз билги, кадырлуу, аркы-беркини акыл элегинен өткөргөн Мамырбай карыя эл ичинен суурулуп турду да, толкунданып өз оюн ортого ачык койду:

– Боогачынын айтканы калетсиз, балдарыбыз кат таанып, көзү ачылып, бизге окшогон туулдум-өлдүм деп мал артынан жүрө бербей адам катарына кошулганга не жетсин. Бир койду ит-куш деле жеп кетип жатпайбы. Орой көз чарай олтурасыңар, кана, эмне дейсиңер?!

– Аксакалдар айтсаңар жок демек белек!

– Сокурдун тилегени эки көз!

– Балдарыбыз кат билип, ак-караны тааныса ага не жетсин.

– Боогачы, жакшы ишти баштадың, биз баарыбыз макулбуз!

– Бул айылда мурда эч качан мындай чогулуш болгон эмес.

* * *

Ошол кезде элетте эң алгач там салгандардын бири Боогачы эле. Анын асты-үстү тактайланган, чакан эки бөлмө топурак кирпичтен тургузулган, жапыс тамы үстү тактай менен чатырланган. Бул тамды «мейманкана» атап коюшкан. Биердегилер боз үйдө турушкандыктан эч кимиси темир мештен пайдаланчу эмес, ал тургай темир меш өзү да жок эле. Там алгандан кийин Боогачы Нарын шаарынан базар күнү бешик меш таптырып сатып алып, төөгө жүктөтүп келген. Жаңы тамга ошону койгондон кийин, Боогачынын ысык үйүн көрсөк дегендер да болгон…

Мына ушул үйдү Боогачы мектеп кылып пайдаланууга берди. Ак-Муздун кышкы суугунда сагызган тоңуп өлгөн дешет. Боз үйдө кандай окуу болмок! Ушул жаңы мектепти: «Усулу жадид» (жаңы ык, жаңы метод) мектеби деп аташты. Тиги кичине молдоке – Дүйшөнаалы Боогачынын үйүндө туруп окута баштады. Катаган молдо менен Ясынахун молдо кепке да алынбай калды, «ошондой болмок» дешти кай бирлери. Кичине молдо чынында эле тигилерден башкача: тамгаларды таанытып, бирин бирине улап, сөз курап кызык окута баштады. Эртеси күнү эле мына бул ырды балдарга жаттатып, өзү кошулуп ырдады. Аны: «Шыгыр» – деп койду.

Куяш чыкты, нур балкыды,
Терезеден үй аркалы.
Оян (ойгон) атам, убакыт жетти,
Оян дегин калкыңы!

Балдар мугалим үйрөткөн обон менен айылды жаңыртып ушул «шыгырды» кайта-кайта айта беришчү болду. Кичине молдо бат эле айылга кадырлуу болуп кетти. Эсеп менен Жарапия (география) сабагын да биринчи жолу ошол молдодон алышты. Мурдагы эки молдо окутканда мындай сабакты билишкен эмес, шыгырды да билишчү эмес.

Кыш өттү. Ошентип, балдар кичине молдодон окушту. Ушул айылда Майлыбаш, Апсамат деген жетим балдар бар эле. Боогачы аларга көз салып жүрдү, кагаз, карандаштан өксүткөн жок, окуу китеп дегенди көрүп коюуга зар. Бул эки жетим зээндүү жакшы балдар, баарынан мыкты окушат. Боогачы аларды эркелетип, акыл-насаатын айтып турат. Бул жөө ырды да өздөрү ойлоп табышат. Боогачы кээде кана ырдап койчу дейт. Апсамат ырдайт:

Мен Апсамат жетиммин,
Жетимдик менин кемтигим…
Байдын коюн кайтарып,
Балалык күндү кетирдим.
Таманымды таш тилди,
Ташка чыгып эчкиси.
Тамакка карын төрсөйбөй,
Койчуңун келет кеткиси…

Боогачы карт-карт күлүп, жакшы оку, адам болосуң, – деп далыга таптады.

– Кана, сен ырдачы, Майлыбаш!

Майлыбаш токтолуп турбайт, «Үкөйүм» деп боздоп кирет, үнү ичке болгону менен дал Боогачынын обонундай чыгат. Бокең баланы эркелетип, ыраазылык маанай менен жайдары күлөт. Ырдап жатканда: «Жарайсың!» – деп өзү сүрөп турат, булардын шайыр, ачык болушун каалайт. Чынын айтканда Боогачы жаш чагынан эле ыр чыгарып, балдардан бөлүнүп турган. Энеси Таштанбүбү көз жумганда Боогачы тогуз жашар эле. Эки-үч жума өткөндөн кийин атасы Өзгөн тарапка узакка жолоочулап кетип, келгенде сураптыр:

– Каралдым, мен жокто сени эч ким кордогон жокпу?

Боогачы ыр менен жооп кайтарат:

Алтындан топчу бүчүмдө,
Апамдан калдым кичимде.
Айкана таздан таяк жеп,
Азабы менин ичимде.
Күмүштөн топчу бүчүмдө,
Күкүктөй калдым кичимде.
Күлканадан таяк жеп,
Күйүтү турат ичимде.

Айкана, Күлкана Боогачынын өгөй энелери, ушулардын колунда калган. Атасы ырды уккандан кийин эчтеме дебей, биртике бүркөлүп туруп: «Акыйкат!» – дептир. Бул – баласына жана ырга ыраазы болгондогусудур?.. Эл ичинде Боогачынын атасы Жакыпбекти мыкты киши эле дешет. Жакыпбек бийликте болбосо да, элге кадырлуу, кара сөзгө жүйрүк, чечен, намыскөй, чачылганды кураган киши экен. Бир кездерде чачырап тараган туугандарын тилге көндүрүп, аракет жасап, Ысык-Көл тараптан, Сары Өзөн Чүйдөн, кең Таластан, Жалал-Абад, Өзгөндөн көчүрүп келип, миңге жете түтүндүн башын курап, өзүнчө «Шаркыратма» болушу делинип бөлүнүп аталганын айтышат.

Боогачы атасын тартып, тың чыккан дешет. Боогачынын бир тууган Туяна деген эжеси сулуу, мүнөзү жибектей, адамгерчилиги мыкты, адам оюн айттырбай билген кыраакы акын болуптур. Кийин атасы Жакыпбек дүйнөдөн кайтканда жер алыс болуп, кабар жетпей калып, ашында келет. Ошондогу Туянанын кошогу:

Кочкор, Жумгал кош арык,
Кошу менен аттандык.
Мени алыска берип атакем
Ашында келип каттадык.
Аягы Талас, башы Чүй,
Атакем айылдаш кылып жыйнаган.
Жакыпбек өлдү деп угуп,
Жаш, карысы ыйлаган.
Атакем, Моңолду издеп тынбаган,
Атакем, карч уруп жанын кыйнаган.

Атакем, оң-солго жетип кабары,
Уккандын баары сыйлаган…

Боогачы ушундай үй-бүлөдөн туулган.

* * *

Боогачы өз үйүндө окуган балдар менен эрте-кеч сүйлөшүп, кандай окуп жаткандары менен таанышып: «Келгиле, ырдайбыз!» – деп өзү баштап, балдардын ортосуна олтуруп алып ырдайт. Ал: «Койчунун чоор ыры» – деп кадим эле койчуну өзүнүкүндөй кылып кызык ырдаар эле:

Арай-арай ай башы,
Айылдын түгөл мал, башы.
Азыгыма тийбеди,
Ак соолуктун жамбашы…

Балдар боору калбай күлүшөт. Боогачы алардан: «Түшүндүңөрбү» – деп сурайт, алар туш-туштан түшүнбөсө деле, түшүндүк деп чурулдашат. Боогачы ого бетер каткыра күлөт, ырдаганды жакшы көрөт. Кыйладан бери ойлоп жүргөн оюн Боогачы эми элдин талкуусуна коймок болду. Эл жайлоого көчүп кетелекте, жаз алды камданды. Айылдагылардын баарына күн мурун кабарлап, анан чоң жыйналыш болду. Бул жыйында мектеп тууралуу маселе каралды. Көптөн бери Боогачынын жүрөгүндө кыттай кадалып жүргөн нерсе ушул болучу. Аттарын жабыла тушап коё беришип, төш таяна жабыла олтурган элге кайрылды:

– Кана, акылдашалы! Биз элбизби, ооба. Колубуздан бирдеме келеби, келет. Эмесе, кеңешип бир иш кылалы. Айылга мектеп ачалы, балдарыбыз окушсун, кат таанып ак-караны ажыратышсын, кандай дейсиңер!

Үндөр жабалактады:

– Туура, туура! Ошентели!

– Атаганат, сөз эмес бекен!

– Каражатты ким берет?

– Эл берет!

– Каражатты биз өзүбүз бербегенде ким бермек эле.

Ошентип, эл өздөрү бул ишти жактап демилге көтөрүштү. Ошол 1920–1921-окуу жылына 7–8 бөлмөдөн турган мектеп салууга бел байлашты.

– Быйыл эркектер жайлоого чыкпагыла, кирпич куябыз, курулуштун үстүндө бололу, – деп Боогачы көпчүлүктүн көңүлүн бурду. Макул болушту. Иш кызуу башталды. Кирпич деген нерсе жыбырап жер жайнап кетти. Айыл мугалимдери Касым Шамыркан уулу, Ыбырайым Султанбай уулу эсеп-кысап иштерин жүргүзүшүп, жакшы ой-пикирлерин айтышып, шыктандырып, үлгүлүү иш жүргүзүштү. Боогачы кимдин кандай иштеп жатканын байкап жүрүп, өздөрүнүн көздөрүнчө эл алдында сынга алып ырга кошот:

Жарыктыгым, Сопой бай,
Жарма аралаш ичип чай,
Жата бербей кирпич куй,
Жаның болбойт кызыл май…
Ботакан, Чеке байларым,
Бошогон окшойт шайларың?..
Борпоң өсүп иш кылбай,
Болуптур толуп майларың…
Айтамын уста Карыны,
Айтамын жигит Аалыны!
Ар кимге жагып бат эле,
Ак эмгек менен таанылды.

Бул ырлар ошол жердегилердин моокумун кандырып, көңүлүн көтөрдү. Байларга, жалкоолорго чабылган камчы болду. «Боогачы биерден да утуп чыкты» дешти мугалимдер. Көпчүлүктүн күчү а-ай! «Өзүмдүкү дегенде өгүз кара күчүм бар» дегендей, анча-мынча чаласын айтпаганда мектеп күзүндө бүттү, бул чоң жеңиш деп эсептелди. Окуу башталды, балдар туш-туштан келишет. Бирок муну менен эле бүтүп калган жок. Отун-суу деген балакети да бар… Бул жөнүндө да Боогачы күйгүлтүккө түшүп, элди кайрадан чогултуп акылдашты:

– Бул жердин кышы катуу боло турганын билесиңер, эмне кылабыз? Көпчүлүк балдар кокту-колоттон жана бел ашып, суу кечип келишет. Отун жок, чөп жок, чырагдан, керосин деген май жок экен. Кандай кылабыз? Мен мектептин колтугундагы кошунасымын. Кошуналык милдетимди аткарайын, балдар кыйналбай окушсун. Төрт төөгө жүк отун, бир үймөк чөп, эки чырак берейин. Силер дагы тартынбагыла, жакшы иштин аягына жакшы чыгалы! Кандай дейсиңер?!

– Мен!

– Мен!

Ким эмне берерин Касым шыпылдатып жазып каттап атты. Ошентип, «балам бар, балам жок» дебестен эне-аталар өздөрү эле мектептин кем-карчын толтуруп коюшту. Туш-туштан көң, карагай, унааларга жүктөлгөн чөптөр келе берип мектептин жанына үйүлө берди. Боогачы элге таянды, алар уят кылган жок. Кыштакка шаң кирип калды, имарат топурактан тургузулса да заңгырап жакшы көрүнөт, алдына, айланасына кишилер келип караан көбөйчү болду. Ушул жылдары бул өрөөндүн кемпир-чалы, кыз-кыркындары «ырчы» болуп чыга келишти… Баарынын делебесин козгогон «Үкөй…» Жакшы табылга болду…

Боогачы көл тарапка барып өз көзү менен көрүп жана элге айтып келгендерин эсинен чыгарбаптыр, жаз алды менен быйыл буюрса буудай айдайбыз, арпа нан жеген ат-башылыктарга ак буудайдын нанын тартуулайм деп экиленип калыптыр… Жок, чын эле, экиленбей эле өкмөт берген көк соколор менен дың бузуп, чийди актатып, буурусундан бөлөк жер чийген куралды көрбөгөн Ак-Муз жерине жалтылдаган соколордун арааны жүрдү. Азоо жылкыларды да сокого кошуп алка-шалка терге түшүрүп, күч унааларды чогултуп жемдеп-чөптөп, айылдагы солкулдаган жигиттерге соко карматып, өзү бакылдап иштин үстүндө жүрүп, жерди ала-шалаа кылып, бир нече күн бака-шака түшүп кош айдалды. Бул айылда мурда эч качан мындай болгон эмес, ар ким өз бетинче каалаган учурда ар кай жерде сереңдеп буурусун менен чиймелеп жүрөр эле. Ошол эле кишилер ушулар, эми топтошуп соконун артынан жүрүшөт. Буудай үрөнүн төөлөргө, өгүздөргө жүктөтүп, Боогачы Нарындан алдырып келди. «Жарыктык буудай!..» – деп кай бирлери баласына бадырактык буудай сурап жатты.

Күз да жетти. Мурда «Биздин Ат-Башыга буудай чыкпайт…» дешчү эле. Эми бул Боогачы септирген буудай калаган чийдей болуп, машагы кере карыш, даны да барсайып, орок өткүс коюу чыкты. Ал турмак оёң жердики шамалга жапырылып калды. Айылдагылардын пейили оңоло түштү. Ак-муздуктарда көтөрүңкү сүйлөө байкала баштады.

– Ушу жерлерди айдоого киришкенде, – дейт Моңкош карыя, – мени Боогачы соко атына мингизди, кош жатканча соко атына минип жүрдүм. Таар шымым бар эле, көрпөчөсү жок жыгач ээр, үзөңгү боо тепеңдеп жүргөнүмдө шымымдын итапаасын чыгарып, жыртылып калса болобу… Кымырылып жүрөм. Боогачы көрүп койду, аябай күлдү. Үйүнө ээрчитип барып тамакка тойгузуп, бир шым берди, сүйүнүп кеттим. Үйгө алып келип кичирттирип кийдим. Талкан салдырып алгыла, күзүндө ундук буудай берем деп, бир кап арпа берди. Соко атына мингеним жакшы болгон экен деп калдым.

* * *

Боогачы өз мезгилинде элеттен чыккан таланттуу лирик акын, сонун обончу болгон. Башка ырчылар сыяктанып аш-тойлордо бирдеме үмүтөтүп же бай-манаптарга, колуңда бийлиги барларга көшөкөрлөнүп ырдаган эмес. Өзүнүн жүрөгүнөн жалындап чыккан ынактык, сырдаштык ырлары менен журтчулукка таанылган. Анын лирикалык эки ырлар жыйнагы өзүнчө: «Секетпай» деген ат менен 1925-жылы Москвадан арапча басылып чыкты. А «Күйгөн» китеби болсо, 1927-жылы Фрунзе шаарында жарык көрдү, арапча. Ошондогу китептерден: Касымдын «Ырлар жыйнагы», Молдо Кылычтын «Буудайыгы», Аалы Токомбаевдин «Ленин жөнүндө кошок», Тоголок Молдонун «Кедейлерге насыят», Боогачы Жакыпбек уулунун «Секетпай», «Күйгөн» деген китептери менин эсимде. Ушулардын көпчүлүгүнүн ырларын мен жаттап ырдап жүрчүмүн, атүгүл жарамазан айтып жүрүп, үйрөнүп алган жарамазаным түгөнүп калса ошол жаттап алган ырларыман коё берчүмүн. Эл сабатсыз, эч кине койбой күлүп-жыргап уга берет… Боогачынын «Үкөйүм» обонун мыкты аткарчумун, үнүм жакшы болучу. Анда эмнени билиптирмин?.. Кийин өзүм ыр жазып, адабият менен тааныша баштагандан кийин Боогачынын талантына кызыгуу күчөй баштады.

Боогачынын өсүп-өнгөн жерлерин көргүм келип, иликтеп-изилдеп Ат-Башы, Нарынга бир нече жолу саякат жасадым. Замандаш өскөн жакшы кишилерге жолуктум. Алардан Боогачы жөнүндө узун сабак жакшы сөздөрдү уктум.

Уландысы>>>>>>>>>>>>>

Абдырасул ТОКТОМУШЕВ (1912–1995) Кемин районундагы Төрт-Күл айылында туулган. Ташкенттеги суу чарба техникумунда окуган. 1952-жылы Фрунзедеги педагогика окуу жайын сырттан бүтүргөн. Ар кай жылдары «Кызыл Кыргызстан», «Ленинчил жаш» гезиттеринде, «АлаТоо», «Чалкан» журналында иштеген.

1930-жылы «Балбандар» аттуу алгачкы ыр жыйнагы чыгып, «Какшаалдан кат» поэмасы менен бүт союзга тараган. «Алтын Тоо» аттуу ыр менен жазылган романы 1974-жылы республиканын мамлекеттик Токтогул сыйлыгына татыган. Көптөгөн ордендер менен сыйланып, Кыргыз Эл акыны наамын (1972) алган. 1938-жылдан СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү болгон .

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.