Тарбия жөнүндө притча: Жакшы мектеп издөө

Ата-эне баласын окууга бермек болуп, жакшы мектеп издеп башташат. Акыры бул озуйпа үйдүн эң аксакалдуу карыясынын мойнуна илинет. Чоң ата бир мектепти көрүп, ошол мектептин короосуна кирет да, танапис маалын күтөт. Мектептен чыккан окуучулар менен сүйлөшкүсү келет. Балдар танаписке чыкканда эски чапанчан кары кишини көрүп, аны тегеректеп ойноп калышат. Ал тургай мурундарын чүйрүп: – Могу чалды карасаң, күлкүлүү экен, – деп кээси бирине бири жарыяласа, кээси: – Бу чал эмне издеп келди? – деп өздөрүнчө шыбыраша баштайт. Башка бейбаш балдар […]

Шайлоонун шаңдуу аңгемелери

Кара Шерден ак сөз 2005-жылы парламенттик шайлоодо Талас облусу боюнча атаандаштыкка чыккан Алтай Бөрүбаев менен Болот Шердин ортосундагы таймаш күндөн күнгө курчуйт. Бийликтин колдоосуна таянган А.Бөрүбаевдин жактоочуларынын оппозицияга омуроосу күчөйт. Оппозиция өкүлү Болот Шер калың элдин алдына чыгып: – Урматтуу шайлоочулар! – дейт, – мага каныңарды кайнаткан душманыңарга берчү сурооңор болсо да жооп бергенден качпайм. Мен камчы жеп, эти ачынган күлүктөй жүгүрүп кызмат кылууга даярмын элге. Эл жүгүн көтөрөм деген адам – элдин ачуу сөзүн угуп, жооп берүүгө тийиш. Мен […]

Топчугүл ШАЙДУЛЛАЕВА: Лөлүлөр

ЭТЮД Колуна кичинекей наристесин көтөрүп, артына куржундарын асынган, жүдөө, шөлбүрөгөн узун кийимдерди кийген төрт-беш аял бу тоолуу айылга бир жылда бир же эки жолу келип кетет. Бул лөлүлөр кайдан келгенин эч кимиси билчү эмес. Бирок колхозчу аялдар булардын келишин жылдап күтчү. Лөлүлөргө алмаштырам дешип аялдар жүн, тыбыт, тери сыяктууларын чогултуп калышат. Анткени лөлүлөрдүн куржунунда чыны, чайнектер, жылтур-жултур жоолуктар, аялдардын көз жоосун алган дагы башка таңсык буюмдар болор эле. Аялдар лөлүлөрдүн куржуну ачылганда андагы кооз буюмдарды карап көздөрү жайнап кетчү. Анткени […]

Ракманберди МАМАНОВ: Үч катын

Сөз башы Үч аялдын элеси көпкө көз алдыман кетпей туруп алды. Ал түгүл түшүмө да кирип, бассам-турсам көлөкөдөй ээрчишет, оболу ырсалаңдашат, чуру-чуу түшүшөт, жыландай соймоктошот. Бир карасаң эле өңдөрү томсоруп, анан шолоктошот. Түс, орой деген нерсе жок, адам алеттери ач арбактардай кейипте уйкудан чочутат. Жогорудагылар жүрөктү өйүйт, тынчымды кетирет, жанымда жүргөндөргө, жараткан тартуулаган ааламга аңырая элейип карайм. Эч кимден, эч нерседен жооп жок. Бүткөн боюм дүрүлдөп, көөдөнүм бопбош. Өлүү жан, тирүү пенделерби алар, айтор, кандайы болсо да бул үч аялга […]

Рысбай ИСАКОВ: Коноктун түрлөрү

Милдет конок. Качан келер кабарын билдирип келет, канча күнгө каларын билдирип келет. Адатта, булар мансаптагы адамдар болуп, ылдыйкы даражадагыларга конок болот. Кошоматчылар кой соёт, колунда жилик койкоёт. Түйшүк көбүнесе караламан калктын мойнуна түшөт. «Пил көтөрбөгөндү дил көтөрөт» эмеспи, үй ээси айла жоктон эптеп түтөт. Илдет конок. Кээде милдет конокко жабышып келет, кээде өзүнчө, бирок башка коноктор менен жарышып келет. Андайды кыргыз «Беймаал конок душмандан жаман» деп коёт. Келмеги оңой болот, кетмеги «ой-оой!» болот. Конгон үйдү жадатып бүтөт, үй ээси ага […]

Жолдош ТУРДУБАЕВ «улут боло алабызбы?» дейт

«Тарыхты, турмушту карагыла: эл да, бийлик да тарыхтан эчбир сабак албай келатат!» Фридрих ГЕГЕЛЬ – Биз эгемен өлкөгө ээ болдук деген күндөн бери мамлекетти мамлекеттик ишмерлер башкарган бактыга туш келбей койдук. Өлкөнү башкаруу мүмкүнчүлүгү жалаң саясатчылардын колуна тийип келатат. Тунгуч ажобуз Аскар Акаев илимпоз болгону менен бара-бара саясатчыга айланып кетти эле, кийинки президент К.Бакиев андан ашып өткөнүн көрдүк. Алмазбек Атамбаев болсо башынан эле саясатчы-бизнесмен экени белгилүү. Дегеле сиз илимпоз катары айтсаңыз, мамлекеттик ишмер (государственник) деген термин менен саясатчынын айырмасы асман-жердей […]

Азкен АЛТАЙ: Эки жүз тенге

АҢГЕМЕ  Э,…десеңчи, ушу 2000 тенге деген коппу же азбы? Ушунун кунун ким билет болду экен? Ооба, туура айтасыздар, бар болгондо анча деле эмес, а жок болсо кол жеткиздей үмүтүң менен тең. Менин бала күнүмдөн бирге келе жаткан досум бар. Экөөбүздүн «достугубуз» кызык! Эмнеге дебейсиздерби?… Кээде такыр үзүлүп калат да, кээде кайра кездешип калабыз. Кээде жай гана баш ийкешип өтөбүз да, кээде какылдашып сүйлөшүп калабыз. Анткени андай жагдайлардын бардыгы анын көңүлүнө, ошол убакыттагы калыпташкан моралдык-психологиялык климат менен объективдүү же субъективдүү шарттарга […]