Ата-эне баласын окууга бермек болуп, жакшы мектеп издеп башташат. Акыры бул озуйпа үйдүн эң аксакалдуу карыясынын мойнуна илинет.
Чоң ата бир мектепти көрүп, ошол мектептин короосуна кирет да, танапис маалын күтөт. Мектептен чыккан окуучулар менен сүйлөшкүсү келет.
Балдар танаписке чыкканда эски чапанчан кары кишини көрүп, аны тегеректеп ойноп калышат. Ал тургай мурундарын чүйрүп:
– Могу чалды карасаң, күлкүлүү экен, – деп кээси бирине бири жарыяласа, кээси:
– Бу чал эмне издеп келди? – деп өздөрүнчө шыбыраша баштайт.
Башка бейбаш балдар да ары-бери секеңдеп ойноп, кары кишиге көңүл да буруп коюшпайт. А чоң ата болсо ал балдар менен сүйлөшкүсү келет. Карыя окуучулардын мугалимдери жана окуулары туурасында сүйлөшсөм деген эле да.
Чоң ата бир аз отурат да, бурулуп басып кетип калат.
Анан ал короосу чакан мектептин жанына токтойт да, короосуна башбагат. Чарчап турган карыя мектептин кашаасына жөлөнүп туруп калат.
– Саламатсызбы, чоң ата! Сизге ичкенге суу керек эмеспи? – мектеп окуучулары туш-тушунан жамырап чуркап келишет.
Кээси:
– Корообузга кирсеңиз, отургучтар бар. Бир аз отуруп эс алып албайсызбы? – деп жароокерлене чебелектеп калышат.
– Сизге кайсыл агай, кайсыл эжейибизди чакырып берели, чоң ата? – дейт кээси.
Ал ангыча ары жактан келаткан мугалимди көргөн чоң ата ошол тарапка басат да, мугалим менен учурашып:
– О кудай жалгагырдыкы, мына акыры неберемди окута турган эң жакшы мектепти таптым! – дейт жетине албай турган карыя.
– Жо-ок сиз жаңыласыз, аксакал. Биздин мектеп жакшы болбой калсын. Себеби мектебибиз өтө тар, өтө чакан мектеп, – дейт мугалим.
Чоң ата ошол замат үйүнө жетип келери менен келини сурайт:
– Ата, жакшы мектеп табылдыбы?
– Таптым балам. Абыдан жакшы мектеп таптым, – дейт жетине албаган карыя.
– Ошондой эле болсун, ата! А жакшы мектеп экенин кантип билдиңиз? – дейт келини.
– Кайсы мектептин окуучулары жакшы болсо, демек, ал жердин мугалимдери жакшы экени ошол, балам, – деген экен акылман карыя.
«РухЭш»

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.