Унутчаак күйөө бала

Орус жомогу Күйөө бала кайненесиникине келип калат. Кисель берет кайненеси. Жеп көрөт аны, жагып калат. – Мунун аты эмне? – деп сурайт. – Кисель. Тилин таңдайга тарткан таттыны жактырган неме: «Үйгө барганда келинчегиме сөзсүз кисель кайнаттырбасам элеби» дейт. Үйүнө жөнөйт. Унутуп калбаш үчүн «Кисель, кисель, кисель!» деп барат жолдо катар. Бир жерде арык касылып жатканын көрөт да «оп-па!» деп секирип өтө берерде, тайып жыгылат. Ордунан күбүнүп тура калсале, кайненесиникинен эмне жегени эсинен тарс чыгып кетиптир. Эч эстей албайт. Же бир […]

Абдырасул ТОКТОМУШЕВ: Боогачы (экинчи баян)

<<<<<<<<<<<<<<<Башы ушунда * * * Боогачы жакшы атты, сулуу жарды, куюлушкан ырды жакшы көргөн ышкыбоз адам болуптур. «Кара көздөр жоодурап турса, шагын сындыргым келбейт…» дечү экен. Сөздүн чын-чынына келгенде көпкө чейин балалуу болбой жүрүп, туяксыз өтүп кетемби деп арман кылып, анан аялынын макулдугун алып, аял үстүнө аял алган себеби да ошондон экен… Боогачы жер-сууну көркүнө чыгара ырдап, ынактык ыр саптары менен кынаптап, көркөм сөздүн кылдат күчү жана сонун обону менен коштоп, укканды өзүнө оп тартып алган таланттуу акын да, обончу […]

Аман САСПАЕВ: Фергана баяны жөнүндө

Жазуучунун жан дептеринен Кытайдын өтө көрүнүктүү тарыхчысы Сыма Чиендин мындан 21 кылым илгери жазган «Шыжи» («Тарыхый жазмалар») аттуу 130 томдон турган тарыхый китептер сериясынын 123-томунун «Фергана жөнүндө баян» деген 63-бабы, кытай тилинен кыргыз тилине, кыязы, туңгуч ирет которулуп отурат. Бул тарых толугу менен Батыш элдеринин тилдерине, ошондой эле орус тилине да которулган болушу мүмкүн. Анткени ХVIII–ХIХ кылымдардагы Батыш элдеринин жаңы колонияларга арааны аябай ачылып, таманы тийген жерлердеги элдерди жакшылап билип, максаттарына ылайык саясат колдонуунун зарылдыгы, ал элдерге алды менен миссионерлерди, […]

Ракманберди МАМАНОВ: Үч катын (уландысы)

Башы ушул шилтемеде Осмон Карачач менен бийлеп жатты. Музыкага биротоло берилип калган кишидей каалгыйт, чайпалат эси оогондой. Таиржан Шакиржанович Назикти бекем кучактап алып колдорун сороктотуп, катуу-катуу сүйлөп, бийлеген кишиге окшоп жатат. Абдимитал чекеде. Баары-жокко саресеп салып, бүтүгүй көздөрүн жүлжүйтөт. Тезекбаевичтин эриндери мойнума акырын тийгенде чочуп кеттим. Билинер-билинбес каршылык көрсөтүмүш болуп, ийинимди ала качкансып тартып. Бул биздин ыкмабыз, азгырыгыбыз эле. Кандай эркек болсо да туруштук бере албай тургандай делбелентүүбүз ушинтип башталмак. Ошол илээнин чекесин Тезекбаевичке ойлонуп-нетпей колдонуп койдум. Ал ого бетер […]

Дүйшөн КЕРИМОВ: Арзуунун күндөлүгүн барактап

ЭССЕ «Оо, махабат сен болбосоң дүйнөдө, Бирин-бири алмак эле ким эске!» Табылды МУКАНОВ Ал күндөлүгүн барактап олтурду. Артынан түшпөсө да, анда-санда чиймелеп жүрчү. Жазып койгону жакшы болуптур да, окуган сайын саптар арасынан алыста жүргөн, убактылуу жүргөн, ушул убактылуу дегенге каниет кылат, өзүн-өзү сооротот, жакын адамы, асыл адамы жарк деп чыга калчудай окуйт. Жаңы жыл жакындап келатканын ойлоду. Тамагы буулуп, жашы кылгырды. Өмүр өтүп атканына эмес, өзү ээн чөлдө калгандай ээнсиреп жүргөнүнө жүрөгү сыздады. Караан этээр дептерин кайра баштан барактап кирди…. […]

Массалык адабият менен сойкуларга жасаган мамилебиз бирдей, бирок…

ДОН-АМИНАДО (Аминад Петрович Шполянский) (1888-1957), орус акыны Башкы маселеге келгенде бирикпегендер кийин болор-болбос иш үчүн ажырашат. * * * Эркек жөн эле алдайт, аял алдаса – көзүнө жаш айланып турат. * * * Сокур ичегиден бир заматта кутуласың, туугандардан бир заматта кутулуш кайда. * * * Үч рюмка коньяктан кийин француз минералдык сууга өтсө, орусуң «сен» дегенге өтөт. * * * Шык-дарамети күчтүү тубасалардын жөндөмү орто билим алгандан эмес, Кудайдан. * * * Башкалардын аялы баш оорусуздай көрүнө берет. * […]