Орус жомогу

Күйөө бала кайненесиникине келип калат. Кисель берет кайненеси. Жеп көрөт аны, жагып калат.

– Мунун аты эмне? – деп сурайт.

– Кисель.

Тилин таңдайга тарткан таттыны жактырган неме: «Үйгө барганда келинчегиме сөзсүз кисель кайнаттырбасам элеби» дейт. Үйүнө жөнөйт. Унутуп калбаш үчүн «Кисель, кисель, кисель!» деп барат жолдо катар.

Бир жерде арык касылып жатканын көрөт да «оп-па!» деп секирип өтө берерде, тайып жыгылат. Ордунан күбүнүп тура калсале, кайненесиникинен эмне жегени эсинен тарс чыгып кетиптир. Эч эстей албайт. Же бир тил учуна келсечи. Оозун кыбыраткан аны арабачан өтүп бараткан бирөө көрүп калып, шарт эле токтоп сурайт:

– Эй, сен бирдеңке жоготтуңбу?

– Ооба, жүз сом.

– Барып издешчи, – дейт арабачандын улуусу кичүүсүнө, – тапкан тапалак, тең бөлүшөбүз.

Араба айдагандардын бирөөсү тиги жыгылган жерди тиктеп күңкүлдөп калат:

– Арыктагы баткакты киселдей аралаштырып салыпсың го!..

– Таптым, таптым! – жинди болгон немедей кыйкырып ийет эсине жара чыккыр. Анан шарт эле үйүн көздөй жүгүргөн экен: – Кисель, кисель!

Которгон Олжобай ШАКИР

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.