Кыска жана күлкүлүү жомоктор

Таарынчак кемпир Абхаз жомогу Бир кемпир түш көрүптүр. Түшүндө бийлеп аткан болот. Ойгонуп кетип, кол чаап коштобогону үчүн  жанында жаткан чалына жини кайнап баштаптыр. Карганын кантип пиво жасаганы Лит жомогу Пиво арпанын үрөнүнөн жасаларын карга угуп калат. Анан ал арпанын үрөнүн табат да чалкыган деңизге таштап коёт. Мына анан жээкке отуруп алып деңиз суусунан жутуп, мактай баштаган экен: – Вах, канча көп ичсең, ошончо даамдуу го, чиркин. Пиво кайнаткан ушул турбайбы! Талашты басуунун эби Тажик жомогу Апенди менен кошуна турган […]

Жек ЛОНДОН: Жашоо мыйзамы

АҢГЕМЕ Коскуш чал өтө кылдат тыңшап жатты. Көздүн курчу эбак өчкөнү менен, кулагы дале болсо курч, шыбырт эткен үн да текке кетпей, үлбүлдөгөн акылын тешип өтчү, бирок жылтыр бырыш баскан маңдайындагы акыл-эси мындан ары дүйнөдөгү болуп жаткан нерселерге үңүлүп кароого алсыз эле. Аа, бул болсо Сит-ким-туханын иттерди чанага кошуп жатып, аларды сабап жаткандагы ачуу кыйкырыгы эле. Сит-ким-ту-ха –кызынын кызы болчу; кардын үстүндө жалгыз отурган, баары унуткан, алдан тайган карыган таятасына көңүл бөлгөнгө убактысы жок эле. Жайытты которуш керек. Жол али […]

Саид АХМАД: Кыштан калган каргалар

Өзбек эл жазуучусу Саид Ахмад Хусанходжаев 1920-жылы 5-декабрда Ташкент шаарында туулган. Бир нече романдардын автору. Өзбекистан эл жазуучусу. Өз чыгармаларын Саид Ахмад деген адабий псевдоним менен жазган. Ал 2007-жылдын 5-декабрында 87 жашында Ташкент шаарында жарык дүйнө менен коштошкон. АҢГЕМЕ Насипжан үйүнөн узагыраак жерден машинеден түшүп калды. Дарбазасынын алдында эки «Жигули» токтоп туруптур. «Ким болду экен? Жоктоп келчү жакындарым деле жок эле, тынччылык бекен? Иши кылып тынччылык эле болгой экен», — деген кабатыр ойлор менен астана аттады. Зайыбы чарпаяда коомай отура […]

«Шанс» китеп дүкөнүнөн Чыгыштын рухий казынасын табасыз!

«Чыгыш казынасы» жана «РухЭш» сайтынын өнөктөштүгү менен кызыктуу адабий чыгармаларды окуйсуздар, ошондой эле сайтыбызда жарыяланган адабий уктурууларды бул жерден уга аласыздар!     «Шанс» китеп дүкөнү менен телефондук байланыштар: 0772 17 34 51; 0551 19 03 94

Пифагор

БИЛГЕНДЕН БИЛЕЛЕГИҢ КӨП Байыркы грек математиги Пифагор биздин заманга чейинки VI кылымда Грецияга караштуу Эгей деңизиндеги Самос аралында жашаган. Ошондуктан аны Пифагор Самосский деп аташат. Ал Самостук Пифагор дегенди түшүндүрөт. Пифагордун өмүр баяны менен илими жөнүндөгү жарыбаган аз маалыматтарда ал жарым кудай, жеткен акылман, бүткүл античный жана жакынкы чыгыш илимдеринин мураскери, укмуштарды жаратуучу катары сүрөттөлөт. Ал маалыматтарга караганда Пифагор кичинекей кезинде деңиз саякатчыларынан Египеттин жана Вавилондун укмуштай кооз өлкөлөрү жөнүндө көп угат. Ага аябай кызыгып, өспүрүм кезинде эле саякатка чыгат. […]

Амантур ЖАПАРОВ: Тарых кооздоп жазуудан өзгөрүп кетпейт

Улут тарыхына кызыгуунун себеп-жөнү, илимпоздук жана ышкыбоздук изилдөөчүлүктүн түпкү айырмасы тууралуу белгилүү тарыхчы, Кыргызстандын Улуттук илимдер академиясынын бөлүм башчысы Амантур Жапаров ой жүгүртөт. Кийинки жылдары көп томдуу тарыхый эмгектерди жаратуу аракети күч алды. Ошол эле учурда тарыхка кызыккандардын, ышкыбоз жана дилетант авторлордун тарых жазууга кайрылган учурлары да көп. Жакында Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын окумуштуулары тарабынан Кыргызстандын тарыхынын үч томдугу (анын үчүнчү тому жарык көрдү) жарыялана баштады. Ага удаа кыргыз тарыхынын жети томдугу даярдалууда. Москвадан кыргыз тарыхына жана этнографиясына арналган […]

Жеңижок – төкмөлүк өнөрдүн төрөсү

Айтыш – акындык өнөрдү сыноонун эң эле ийкемдүү жолу, бул жанрда ырчылардын башка ырчыны түшүнө билүүсү, кабыл алуусу, ага ылайык жооп табуусу, жагдайга карап каршылашы таштаган «жемге» түшүп бербеши, тигил маңдайындагы атаандашы ыргыткан «тузакка» алдырбашы, угуп отурган элдин маанайын, сүрөөнүн өзүнө каратып алышы чоң мааниге ээ. Демек, айтышка түшкөн киши бул жөн гана сөз гүлүн терген ырчы эмес, ошол эле кезде ал каршылашын да, элди да аңдай билген кыраакы психолог жана социолог. Айтыш – эки же андан көп таланттын бирин […]