БИЛГЕНДЕН БИЛЕЛЕГИҢ КӨП

Байыркы грек математиги Пифагор биздин заманга чейинки VI кылымда Грецияга караштуу Эгей деңизиндеги Самос аралында жашаган. Ошондуктан аны Пифагор Самосский деп аташат. Ал Самостук Пифагор дегенди түшүндүрөт. Пифагордун өмүр баяны менен илими жөнүндөгү жарыбаган аз маалыматтарда ал жарым кудай, жеткен акылман, бүткүл античный жана жакынкы чыгыш илимдеринин мураскери, укмуштарды жаратуучу катары сүрөттөлөт. Ал маалыматтарга караганда Пифагор кичинекей кезинде деңиз саякатчыларынан Египеттин жана Вавилондун укмуштай кооз өлкөлөрү жөнүндө көп угат. Ага аябай кызыгып, өспүрүм кезинде эле саякатка чыгат.
Адегенде Египетке келип аны кыдырат. Ал жерден туткунга түшүп калып Вавилонго жөнөтүлөт. Дүйнөдөгү ошол кездеги мыкты шаарлардын бири Вавилон Пифагорду аябай таң калтырат жана толкундантат. Ал жерден Пифагор вавилондуктардын үрп-адатын, тилин үйрөнөт. Айрым теңдемелердин чыгарылыш эрежелерин, сандар теориясы жөнүндө кабар алат. Тик бурчтуу үч бурчтуктун жактарынын байланышын аныктоочу теореманы Пифагор толук далилдеген. Ошондуктан ал теорема Пифагордун ысмынан аталган.
Пифагор кайрадан Самоско келгенден кийин өзүнүн мектебин түзүүгө аракет кыла баштайт. Ал аралдын жашоочуларынын нааразылыгын пайда кылып, бул иши үчүн куугунтукка алынат. Грециянын колониясы болгон түштүк Италиянын Кротон шаарына айдалат. Ал жерде кайрадан өзүнүн жолун жолдоочулардын жашыруун мектебин – Пифагорчулардын союзун негиздейт. Ал союзга мүчө болуучулар бир катар сыноодон өтүшкөн…
Тарыхчылардын айтымында, анын бири беш жыл үн чыгарбай, мугалимдин үнүн көшөгөнүн артынан гана угуу болгон. Ошентип Байыркы Грецияда санды бардык нерсенин негизи деп эсептеген диний-философиялык окуу – пифагоризм түзүлгөн. Ал окуу боюнча ар бир кубулушка, буюмга бир сан туура келет деп эсептелет. Мисалы, 2 санын күчтүүлүктүн, 3тү кемтиксиздиктин, 8ди акылдын, 13тү бактысыздыктын саны ж.б. катары эсептешкен, сандык-ырым-жырымдар пайда болгон.
Пифагор жана пифагорчулар математиканы, астрономияны өнүктүрүүгө олуттуу салым кошкон. Пифагордун диний-философиялык окуусу жергиликтүү бийликке жакпай, ал жерден өзүнүн жактоочулары менен качып чыккан. Бирок анын качканы билинип калып, ал Мерапонт шаарында душмандары менен кармашып жатып курман болот. Ал кезде Пифагордун жашы 80дер чамасында эле деп божомолдонот.
Ысмайыл КАДЫРОВ

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.