Айдарбек САРМАНБЕТОВ: «Адабиятты булгабаш керек, ал коридор эмес» дечү Алыкебиз

«Кымча бел», «Жуке балбан», «Мекенсиз» «Чыңгызхан. Жазылбай калган каргыш», «Кыраан», «Таасири күчтүү табып» жана «Дөбө» аттуу прозалык чыгармалардын автору Айдарбек Сарманбетов менен чыгармачылык туурасында маек… – Айдарбек байке, соңку жылдары абыдан өндүрүмдүү иштеп атат көрүнөсүз. Китептериңиз чыгып, чыгармаларыңыз башка тилдерге которулуп, өзүңүз да түрк тилдүү элдердин көрүнүктүү жазуучуларын кыргызчага оодарып, айтор, алыс-жакын боордош элдердин адабият өкүлдөрү менен тыгыс алака мамиле түзүүгө жасаган аракеттериңизге салават. Кепти ошол жааттан баштап берсеңиз… – Ооба, көптөн бери ой багып жүргөн “Жанбүдөө” тандалма аңгемелер жыйнагымды, […]

«Улуу тоолор» китеп борборунан издегениңди тап!

Урматтуу китеп күйөрмандары, эгер кыргыз тилиндеги кызыктуу адабияттарды таппай жүргөн болсоңуз «Улуу тоолор» басмасынын китеп дүкөнүнө телефон чалыңыздар. Керектүү китептерди 0772 347 028 жана 0705 347 028 номуруна чалып таап алсаңыздар болот!

Индей санжырачы Жозеф Бручек (аудио)

Түндүк Американын түпкүлүктүү элдери — индейлерде өз ичинен чыккан салттуу аңгемечилер деп аталган өнөр адамдары бар. Алар элинин тарыхын жазуу булактарына катар элдик оозеки чыгармачылыктан: жомок, санжыралардан, ырлардан билип үйрөнүп, калайыкка айтып беришет. Амирбек Азам уулу, «Азаттык», 05.06.2017-ж.

Дүйшөн КЕРИМОВ: Жакыпбек баатырдын моңолдорду чогултканы

САНЖЫРА Адегенде моңолдор уруусунун тек жайы тууралуу угуп, билгендерибизди кыскача ортого салалы. Азыркы алатоолук кыргыздардын негизги тобун тарыхчы, санжырачылар кадимки Чынгызхандын чапкынынан оошуп келген Долон бийден бөлгөнү маалым. Долон бийден Ак уул, Куу уул же Оң менен Сол. Оңдон — Адигине, Тагай жана Моңолдордун энеси Наал эже. Кыргыз санжырасында кыз же аялзаты кемде кем эскерилет. Наал эже Моңолдун (“дор” көптүк “лор” мүчөсүнүн ыңгай айтылышы) энеси болгон үчүн гана эл оозунда калдыбы? Наал эже акылман, намыс ариеттүү жан экен, атадан эрте […]

Көӊүл буруӊуздар, бешик ырларына сынак жарыялайбыз!

ЖАРЫЯ «Р.Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду, К.Молдобасанов атындагы Кыргыз Улуттук консерваториясы жана Кыргыз Радиосу менен биргеликте мыкты бешик ырларына сынак жарыялайт. Сынакты өткөрүү мөөнөтү 2017-жылдын 7-июнунан 1-ноябрына чейин. Конкурстун максаты: Салттык (элдик) жана жаңы мыкты бешик ырларын чогултуу, жаратуу жана аларды эл ичине таратуу аркылуу бешиктеги наристелердин эртелеп өнүгүүсү үчүн көмөк берүү. Сынакка катышуучу бешик ырларына коюлуучу эреже-талаптар: Сөздөрүнүн бала үчүн тилек айтууга, аны сооротууга жана уктатууга багытталышы; ырдаган үндүн назик жана жагымдуулугу; ырдын уккулуктуулугу, жумшактыгы; ырдагы мээримдин төгүлүп […]

Ынтымак жөнүндө притча: Кебете кешпир кеп эмес

Радханатха Свами Нараян Прасадан сураптыр: – Өлкөдө индуизм менен ислам ортосунда карама каршылык курчуп турса да, арийне сиз бөлөк-бөтөн ишенимде жүргөндөргө абыдан урмат-сый менен мамиле кылганыңыз кандай? Нараян буга таңгалыштуу жооп бериптир: – Ит өз кожоюну кандай кийинип алса да тааныйт. Мүмкүн чапанчан болобу, галстук байланып, костюм кийеби же жылаңач жүрөбү, ит өз ээсин ар дайым сезет. Агер биз башка диндин чапанын кийип алган өз кожоюнубуз – сүйүктүү Кудайды тааныбасак, анда биз иттен да жаман пендебиз. (Вайшнав притчасы) ЫРАКАТТЫН ДААМЫ […]

Эрмек ТУРДУБЕКОВ «Педали» Амана

РАССКАЗ (Папе, Турдубеку Чокиеву) Дул легкий ветер. Его всегда останавливают горы, которые окружают наше село. Да что там село, всю нашу страну! Я вырос в Кыргызстане в Нарынской области. Здесь отовсюду можно увидеть, как вздымаются к небу вечные и таинственные горы Ала-Тоо. Что они в себе хранят? О чем молчат? Они застыли здесь навеки. Их зимой и летом покрывает белый густой снег. Каждая вершина похожа на наш национальный головной убор «калпак». Будто бы их надели на эти красивые и могущественные […]

 Эрлан ЖУМАГАЗИЕВ: Жакшы адам эле

АҢГЕМЕ – Ата, атаа-а! Тээтигинден буту-бутуна тийбей безилдеп келаткан бала эшик астында күн чубактап отурган карыянын кучагына кулады. Алда неден коркуп калган түрү бар. «Ата, атадан» башка кеп айталбай солуктаган небересин апаптап ийген карыя тынчы кете сурады: – Ок, кантет, кантет, эмне көрдүӊ? Эмнеден чочудуӊ? – таӊдайына колун сала апаптап, далыга чапкылап койду. Оо далайда эсин жыйган тестиер бакыраӊ көзүн бардап алып Керексиздин үйү тарапка кол жаӊсады: – Тиги, тиги, Керексиз байкем… – Ии, ал эмне болуптур? Дагы мас болуп […]