«Кымча бел», «Жуке балбан», «Мекенсиз» «Чыңгызхан. Жазылбай калган каргыш», «Кыраан», «Таасири күчтүү табып» жана «Дөбө» аттуу прозалык чыгармалардын автору Айдарбек Сарманбетов менен чыгармачылык туурасында маек…

– Айдарбек байке, соңку жылдары абыдан өндүрүмдүү иштеп атат көрүнөсүз. Китептериңиз чыгып, чыгармаларыңыз башка тилдерге которулуп, өзүңүз да түрк тилдүү элдердин көрүнүктүү жазуучуларын кыргызчага оодарып, айтор, алыс-жакын боордош элдердин адабият өкүлдөрү менен тыгыс алака мамиле түзүүгө жасаган аракеттериңизге салават. Кепти ошол жааттан баштап берсеңиз…

– Ооба, көптөн бери ой багып жүргөн “Жанбүдөө” тандалма аңгемелер жыйнагымды, Үркүн тууралуу “Кыямат жолдору” повестимди баш кылып чыгардым. Күтүүсүз жерден китеп соодагерлеринин суроолору боюнча мурдагы “Чыңгызхан. Жазылган каргыш” аттуу повестим, тарыхий аңгемелер топтомум кайрадан толукталып чыкты. Тил комиссиясынын өтүнүчү боюнча Түркия, Азербайжан, Казакстан жазуучулары менен бирге “Эки чынар” аттуу котормолор жыйнагым, авторлордун өтүнүчтөрү менен казак, татар жазуучуларынын китептери да менин котормомдо жарык көрдү. Кыскасы, өткөн жылы сегиз китебим жарык көрүп, өзүм да таң калып олтурам. Быйыл да “Кут-аалам” басмасынын тапшырмасы боюнча орус тилинен жана Балкар Жазуучулар союзунун (балкарлар да түрк тилдүү элдердин курамындагы калк – О.Ш.) суранычы боюнча балкарчадан да котормо китептер жарыкка чыгып кетти.

Дагы да ушундай долбоорлордун үстүндө иштеп атам. «Алгач атың үчүн иштейсиң, анан атың сен үчүн иштейт» деген тегин жеринен айтылбаптыр. Которуп бер дегендер көп. Ал эми өз китебим боюнча былтыр декабрь соңунда өткөн бетачарда абдан жакшы пикирлер айтылып, дем берип коюшту, өзүмдү да “унутпай” узанып жатам. Меники түркчө, кытайча китеп болуп чыгып, азыр татар, азербайжан, казак тилдерине которулуп жатат. Алар – аталган чет өлкөлөргө барууларымдын үзүрү болду. Эл акыныбыз Омор Султанов оюн-чындан айтып калат “азыркы жазуучулардан көп тилдерге которулгандардан алдыңа ат салдырбай калдың” деп. Чыгармаларым баш-аягы жыйырмадай тилге которулуп, түрк, кытай тилдеринде китептерден сырткары чет элдердин альманахтарында, адабий журнал-гезиттеринде жарык көргөн экен. Бул да болсо кыргыз адабиятын дүйнө элдерине таанытууга кошкон азыноолак салымым деп ойлойм.

– Учурда иш үстөлүңүздө сизди байлаган эмне чыгарма?

– Өткөн бетачарда белгилүү адабиятчыбыз Чоюн Өмүралиев ар бир аңгемеңдин көтөргөн салмактуу жүгү бар экен, роман жазууга бышыптырсың, эми романдардан бир-экини жазсаң болот эле дегенинен “от алып”, мурда баштап койгон ошондой оор иштин үстүндө “ооруп” жатам. Алар кандай болот, кандай жүк көтөрөт, азырынча салават кылып туралык… Анан котормолор бар, пенсияга чыгып, маяна жоктугунан котормочу да болуп кеттим. Эл аралык көп жыйынга катышып, таанышкандын пайдасы тийип жатат. Анын үстүнө котормолордон чоң сабак алууга болот эмеспи. Башка элдердин чыгармаларын колуңа алып, “тиштеп” көрсөң, “өз казанда кайнай берүүдөн” кутултарын өзүң да жакшы билесиң.

– «Жаңы Ала-Тоо» журналында редактор болуп турганыңызда сизге келип-кеткен акын-жазуучуларыбыз көп болду. Далайы менен жарп жазылар сөздөр болгондур, ошолордон кеп кылсаңыз… Өзгөчө, проза чеберлерибиздин бири Аман Саспаев авабыз менен мампайлаш мамиледе болуп келгениңизди билем…

– Ооба, Жазуучулар союзунда жооптуу катчы, “Кыргыз адабияты” гезитинде, “Жаңы Ала-Тоо” журналында орунбасар болуп иштеген жылдары акын-жазуучуларыбыздын дээрлик баардыгы менен жакындан таанышып, билип калдым. Алтургай улуу Чыңгыз Айтматов менен да баарлашып, кийинки айрым сапарларынын прогараммасы кандай, ким тосуп алып, кайсыл мейманканага токтойт деген сыяктуу көптөгөн маселелеринде катчы катары  колкабыш кылуума туура келди. Талантынын улуулугуна жараша жупуну адамгерчилиги да мыкты эле!

Аман агам “Кыргыз адабиятына” дүйнөлүк адабияттан котормолорун алып келгенде жүз көрүшүп тааныштык. Албетте, ага чейин чыгармаларын окуп, угуп жүргөн элем дечи. Ошондон тартып ага-инидей жуурулушуп кеттик. Бу киши турмуштун оор запкыларын баштан өткөргөн, адамдын, чыгармачылыктын кадырын, адабияттын жоопкерчилигин  канык билген акылгөй адам эле. Түп районунун бир айылында төрөлгөн менен өз мекенинен жат – Кытай жергесинде эс тартып, өтө капсалаңдуу “маданий революциянын” куугунтугуна калып, камалып, андан эптеп кутулуп чыгып Кыргызстанга келгенинде деле жыргап кеткен эмес, айылда иштеп, кийин атактуу “Сарала ит” аңгемеси үчүн чыгармалары жарыяланбай, өзү татыктуу ишке алынбай, акырында адабиятыбызга, тилибизге (Кыргыз-Кытай сөздүгү) зор эмгек сиңирсе да эл жазуучусу наамы, сыйлыктар  ыйгарылбай, “эмгек сиңирген” бойдон өтүп кетти.

Аман аганын классик жазуучу экени бир тең да, сөздүгү бир тең. Ошондой эле сөздүгү үчүн К.Юдахин кандай сый, урмат көрдү! Мамлекеттик сыйлыкты же “Манас” орденин берүү керек эле. Дегиңкиси, кыргыз бийлиги мыктыларды өз учурунда баалай албай келет, аттиң. Раззаковду айтпаганда да Аман Саспаев, Ашым Жакыпбеков, Абзий Кыдыров… өлөөрүнө карата сыйланган Мурза Гапаров, Жусуп Мамай деген мыкты инсандарыбызды учурунда баалаганда эмне! Азыр да Омор Султанов, Карымшак Ташбаев, Дайырбек Стантегин (дагы көп) сыяктуу мыктыларыбыз татыктуу сыйларын ала албай келишет. Бардыгы менен таанышып, жакындан билем. Алардан кийинкилерди айтпай ак коёлук! Накта таланттар сыйлыкка умтулушпайт, анткени дүйнөтаанымы бийик, алардын эмгегин мамлекет баалаганга милдеттүү. Данектүү бир эмгеги жок жүгүргөн популисттер наамын да, сыйлыктарын да удаалап алып жатышат.

— Ырасында, Аман агабыздын соңку жылдардагы эмгектерин журналга басып чыгарып, көңүлүн өстүрөр кыйла иш кылдыңыздар. Чыгармачылык куржунунда жарык көрбөй келген далай эмгегин басып чыгардыңыздар окшойт. Же али да элге жетпей калган чыгармалары калып кеттиби? Бу жаатында байбичеси менен баарлашып, иликтеген киши болдубу?.. Ушул аксакалыбыз өкүттө кеткен жок бекен? 

– Ырас, дүйнөлүк адабияттан котормолорун, кытай архивине таянып жазган тарыхий макалаларын чыгардык. Бир күнү мага Караколдон чалып Чыңгызхандын 42-атасына чейинки санжырасы, жаангердин өмүр жолу так жазылган “Моңголдорун купуя тарыхын” которсом журналыңарга басасыңарбы деп сурап калды. Мен “тарыхтын” кыргыз тилине али которула электигин билчи элем, которуңуз, дароо чыгарабыз дедим (ал тууралуу сени менен маегинде айтып берген). Аны толугу менен сандан санга жарыяладык.

Агабыздын 85 жылдыгына карата “Турар” басмасынын ээси Тилек Мураталиев менен “Шашкедеги кара туман” романын акысыз чыгарып, өзүн чакырып КУУда бетачарын өткөрдүк. Ал романы 30-40 жылдай жарык көрбөй келген экен. 85 жылдыгы да айылдык деңгээлде гана белгиленип калды…

Аман авам араб тарыхчысынын бир китебин (аты эсимден чыгап турат) которуп жатканын айтчу эле. Капысынан каза таап, ал эмгеги колго тийбей калды. Бүтпөй, чыкпай калган эмгектери сөзсүз болуш керек. Ал киши каза тапканында облус жазуучуларына атайын комиссия түзүп, архивин тактап, карап, чогултуп, адабий мурасын топтоп чыгаралык деп айттым эле (бул ишти Жазуучулар союзу уюштушу керек эле). Угушумча уулу колго алыптыр, башка кабар уга элекмин. Ал тарапка барганымда тактайын деп ойлоп жүрөм. Өкүтү да көп эле… орду келгенде айтылар. Эчтемеге карабастан кара жанын карч уруп, өмүр бою эмгектенип көттү, кайран киши… Мурасын элге жеткирүү баарыбыздын парзыбыз.

– 2010-жылдан тарта устатыбыз Алым Токтомушев менен иштешип калдыңыз. Ошол иштешкен күндөн бери карай ал кишинин кандай мүнөздөрүн байкадыңыз? Муну сурап аткан себебим, Алыкебиз акыркы жылдарда депрессияга кабылган күндөрү көп болбодубу: бир тууган инисинен айрылды, эң жакын санаган адамдары Ишенбай Абдуразаков, Мелис Эшимканов, кийинчерээк байбичеси Шербет Келдибековадан ажырап калды. Негедир ошол кездерде мага күнү куру эмес телефон чалып, көңүлү канап турганын көп айтчу эле. А сиз болсо Алыкем менен бир кабинетте бирге отуруп иштешкен киши катары эмнени туйчу элеңиз? Эмне себептен өзүнүн өлөрүнө деле көзү жетип калганын көп айтып калчу деп ойлойсуз?

– Ооба, Алым байкем менен иштешип калган жылдарым – мен үчүн чоң сыймык. Зор акын, чоң журналист гана эмес, мыкты редактор, кыргыз да, дүйнөлүк да адабиятты мыкты билген, аларды талдап, туура жыйынтык чыгара алган чоң интеллектуал, личность болчу. Опол тоодой акылы, таланты бар туруп адамгерчилиги бийик, төш кагып эч мактанбаган жупунулугу өзгөчө болчу. Адабиятты терең түшүнүп, талдап, чоң жоопкерчилигин сезе билген, адамды улуу-кичүүсүнө карабай урматтап-сыйлаган айкөл адам эле!

Кийинки жылдары Салижан Жигитов, Мелис… айрыкча жанындай көргөн жубайынан эрте айрылып, өзүнүн да кан басымы жогорулап, сөөктөрү ооруп, кайра-кайра дарыланып… катуу кыйналды. Кайраттуу болчу! Мага кээде гана түтөй айтып калчу. Өзгөчө, кийинки күндөрү “Шербет жеңең түшүмө кирди, мени аягансып, унчукпайт… чакырды…” дечү. Үйүндөгү иш ордуна жеңемдин сүрөттөрүн тагып алыптыр болчу. Колдон келишинче кайрат айтып, жубатканга аракет кылчумун…

– Алыкебиз арабызда жүргөндө быйыл 70 жашка толмок экен. Эми бир аз ушул жерден ал киши жөнүндө эсиңизде калган окуялардан эскерип отурсаңыз жакшы болор эле…

– Албетте, журналистика, адабият, өлкөдөгү саясат, эл аралык абал боюнча күнүгө эле сүйлөшчүбүз. Бардыгын канык билчү. Эстутуму да мыкты болчу. Сөздөн сөз чыгып калганда көптөн бери ыр китебиңиз чыкпай калды, чыгарбайсызбы десем, ой, эми карыбадымбы, акын деген отуз жашка чейин эле болот экен, Салижан аке айткандай “жазбай коюп адабиятка салым кошоюн” деп жүрөм деп, күлүп калчу. Тубаса акын эле, поэзиясы мыкты болчу! Кыргызда андай акындар саналуу. Билишимче, акыркы күндөрүнө чейин жазды, бирок эч жарыялабады. Өзүн өзү сындоосу күч болчу. Өкүнүчтүүсү, азыркы акын-жазуучулардын көбү өзүн сындоо дегенден куру жалак. Алым байке адабиятты булгабаш керек, ал коридор эмес деп дайыма айтчу. Аны өзү бекем сактады деп ойлойм. Кыргыз адабиятында өзүнүн бийик орду бар экени талашсыз. Эгерде башка тилдерге которулганда дүйнөгө таанылмак. Муну шакирти катары өзүң менден мыкты билесиң…

– Алыкем өлөрүнөн бир күн мурда мага чалган эле: «Салижан акенин эмгектерин экөөбүз редакцилык ирээтке келтирип, китебин даярдайлы, үйүнө барып кызы менен макулдашпайсыңбы» деп. Тилекке каршы, эртеси күнү эле жүрөгү токтоп калды, кайрандын…

– Ошол, 2014-жылы июлдун 20сынан тарта бүт редакция отпускага чыгып, Көлгө эс алганы кетем десем эртерээк эле келчи, эригип кетем, сен жок жаман экен деп күлдү эле. Ошол бойдон көрүшпөй калдык. Көлдөн уктум өтүп кеткенин…

Алыкебиз аман болуп, 70 жылдыгын бирге белгилесек укмуш болбойт беле! Журналист кезинде азыркы далай чыгаандар үчүн көп иштеп бергенин билем. Айрыкча Болот Шерди, Мелис Мырзакматовду, баарыга белгилүү Ашыркуловду, дагы бир канчасын ыраазычылык менен айтып калчу. Баары тең бардар кишилер, Алым байкени эскерип, мааракесин белгилеп коюшса жакшы болмок. Ага толук татыктуу адам эле.

– Баса, Эрнест Хемингуэйдин «Чал жана деңиз» повести «Жаңы Ала-Тоо» журналына Марс Токтомушев аттуу белгисиз ысымдын котормосунда жарыяланганы мага абыдан кызыктуу болуп, муну «Турар» басмасынын деректири Тилек Мураталиевден тактайын десем, ал киши да тааныбайт экен, сиз дагы Марс аттуу котормочуну тааныбайм деп отурасыз. Чынында бул эмгек абыдан дасыккан котормочунун эмгеги экенин туюп, Алыкенин эле котормосу го деген жыйынтыкка келдим. Сиз ушул туурасында жалпы окурмандар үчүн толук чечмелей кетсеңиз. Ал котормону редакцияга ким сунуштап, ким көтөрүп келди эле?

– Бир күнү эле журналга “Чал жана деңиздин” кыргызчасын сунуштап калды. Кимдин алып келгенин, кимдин которгонун сурасам “бирөө, мен деле жакшы тааныбайм, өзүң карап көрчү” деп койду. Мыкты которулуптур. Дароо санга бердим. Бир жылдай убактан кийин сүйлөшүп олтуруп, Марс сиз эле болсоңуз керек десем каткырып “ии, билип койдуңбу” деди. Сен өткөндө телефондон капыс сурап, өзүм да бир чыгарма менен ооруп жатып дароо эсиме келбей калгам. Кийин эстедим, журналга котормо дайыма таңсык болчу. Санга берели деп таппай калчубуз. Албетте, мыктыларын. Кийинки 20 жылда котормо жанрында узангандар өтө сейрек болуп калбадыбы. Алым байке менен ал тууралуу сүйлөшүп калганда өзүбүз да көрөлүчү деп койчу. Ошондой сөздөрдөн кийин мага да далай китептерди алып келди, которуп көрчү деп, айрымдарын котордум. Алым байкенин да  дээрлик котормолордон турган “Баарын билгим келетти” сандан санга жарыяладык. Бизде эч ким которо албай койгон эң оор Маркести мыкты которду (аягына чыкпай калганы өтө өкүнүчтүү). Хэмингуэйди которгону чындык. “Чал…” тууралуу байкем менен сүйлөшкөнүбүздү да кийин эстедим. Убагында ар бир ишке эле маани бербейт турбайбызбы. Адамга да…

— Бирок ошондой болсо да «Чал жана деңизди» кыргызчага которгон ким экенин толук тактай албай жүрөм. Өткөндө бирөө айтат: «Марс Токтомушев аттуу бирөө бар, ал — айтылуу Абдрасул Токтомушевдин уулу» деп. Андыктан бул суроо алигиче туюк бойдон кала берет окшойт. Андыктан бул эмгекти тактоого адабий чөйрөдө жүргөндөр да кайдыгер карабаса дээр элем. Ал эми сиздин кызыктуу маек куруп бергениңизге терең ыраазычылык билдирем…

Маектешкен Олжобай ШАКИР

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.