АҢГЕМЕ

– Ата, атаа-а!

Тээтигинден буту-бутуна тийбей безилдеп келаткан бала эшик астында күн чубактап отурган карыянын кучагына кулады. Алда неден коркуп калган түрү бар. «Ата, атадан» башка кеп айталбай солуктаган небересин апаптап ийген карыя тынчы кете сурады:

– Ок, кантет, кантет, эмне көрдүӊ? Эмнеден чочудуӊ? – таӊдайына колун сала апаптап, далыга чапкылап койду.

Оо далайда эсин жыйган тестиер бакыраӊ көзүн бардап алып Керексиздин үйү тарапка кол жаӊсады:

– Тиги, тиги, Керексиз байкем…

– Ии, ал эмне болуптур? Дагы мас болуп алып коркуттубу? Оо, тукумуӊ өскүр, мастан чочубай жүр деп канча эскертем.

– Ики, мас эмес, короосуна асылып калыптыр.

– Ок, эмне дейт? – чочуп кеткен карыя үйгө кирип, төрдө көлдөлөӊдү айкарасынан жамынып, коӊурукту корулдата тартып уктап жаткан уулун чапчып ойготту.

– Ой, тиги, Керексиздикине барып келчи. Бу балаӊ түшкүр, алда нени кобурап атат. Деги тынччылык болгой эле!

– Эк, коюӊузчу ошону! Качан болсо ошол алкашка жан тартып. Кудайга күнөөкөр болбой жүрүӊүз деп канча айтам! Алкашка жардам бергениӊиз үчүн акыретте жооп бересиз!

Уйкусунун бузулганына ачуусу келген уулу мурчуӊ эте кайра жатып алды.

– Оо, тукумуӊ өскүр, тиги балаӊ өлүп калыптыр деп атат. Тонуӊду сыйрып алса да, барып кабарын алып келчи.

– Өлмөктөн доӊуз копсун! Ошону көрмөк. Арак ичпе, намаз оку, даабатка чык десем тил алчу эмес эле!

Каны башына тепкен карыя калч-калч эте бакырды:

– Оо, атаӊдын оозун урайын, батек сакал! Намаз окуган сен кыйратып атасыӊбы? Даабат-даабат деп атып үй бетин көрбөс болдуӊ го? Сага караганда ошол алкаш болсо да адам. Сен даабат деп болгон оокатыӊды мага үйүп таштап баса берчүдө, ошол алкаш жардамдашып жүрөт билсеӊ. Арак ичкени эле болбосо, башка не зыянын көрдүӊ? Же сенин даабатыӊ коӊшуга жардам бербе, атанын сөзүн сыйлаба деп үйрөтөбү? Тур дейм, атаганаӊдын оозуна!..

Ордунан араӊ козголгон уулу унчукпай сыртка чыгып кетти. Санаасы түтпөгөн карыя кепичинин апкытын баса кийип кошо чыкты артынан. Беш-алты үй арыраакта жашаган Керексиздин короосуна баш баккан Молдокул селт эте келме  келтирип ийип, кайра тышка атып чыкты. Анан таягына сүйөнүп, тынчы кете уулу тарапты серелеп турган карыяга кол булгады. Калчылдаган карыя жеткенче, тим эле кылым өтүп кеткенсиди.

– Деги тирүү бекен?

Молдокул унчукпай короо тарапка ээк шилтеди. А короонун шыбында көздөрү чанагынан чыга тостоюп, өӊү каракөк тартып Керексиз асылып турган. Кыйкылдап мууна баштаганда жиптен бошонууга аракет кылган көрүнөт, эки колу жипке карышып, буттары бүгүлүп калыптыр.

– Оо, тукумуӊ өскүр, оо, тукумуӊ өскүр, бул эмне деген жоругуӊ? Эмнеден тажадыӊ? Ким ызалады? Эми акыретиӊ не болот? – эмшеӊдеген карыя ичке кире албай турган уулуна кыйкырды: – Ой, бери кирип жиптен бошотушпайсыӊбы, тукумуӊ өскүр!

Ичинен келмени кайра-кайра кайрып алган Молдокул ичкери кирип, кечээ эле ашата сөгүп жүрчү Керексиздин өлүк жүзүнө тиктей албай, атасынын колундагы макини ала коюп жипти кыркып ийди. Өлүк шалак эте кыкка оонады. Ордунан секирип кеткен Молдокул короодон чыга качты.

– Ой, тукумуӊ өскүр, сен кайда?

– Коркуп атам. А көрө коӊшуларды чакырып келейинчи! – күӊкүлдөгөн уулу үйдөн оолактаганча шашты.

– Оо, кудай каары, өлүктөн корккону эмнеси, катыгүн! Өлгөн өлдү, эми эч кимге зыянсыз! Кайра асып алып тепкилесеӊ да, эчтеке кыла албайт. Андан көрө сендей тирүүнүн өлүгүнөн коркуш керек! – күйгүлтүктүү кобураган карыя Керексиздин тырышкан колу-бутун жазмакка ушалады. Асынганына бир далай убакыт өткөн окшойт. Эти муздап калыптыр. Таштай муздак сөөк карыянын алаканын какшатып ийди. Колжоюп катып калган кол-буттун жазылышы да кыйын, оов!

Кабар уккан коӊшулар ар кай үйдөн үрпөйүп чыга келишти. Айыл ортосунда жайгашкан он беш үйдүн тургундарын «Арак ордо» деп тергеп коюшат айыл эли. Эркек-аялы дебей, арак дегенде аттанып түшүшөт. Ортого көк пияз менен көк бөтөлкөнү коюп алышып, ырдап-чоордоп отура беришет. Үй-жай, бала-чака менен иштери да болбой калат андайда. Арак гана табылса болду. Калганын Кудайдын айтканына жазып коюшат. Анткен менен жамандык-жакшылыкта булардан ынтымактуу жок.

Коко тикен, куурайдын арасына өсүп калган гүл сыӊары береги карыянын үй-бүлөсү гана андай кесепеттен оолак. Карыя кээде уулунун ушуларга кошулуп, арак ичип кетпей, намаз окуп калганына Кудайга ыраазы. Шүгүр келтире тобо кылып калат кез-кезде. Антсе да ичкилик ичпейт дегени болбосо, жашоолору тигилердикинен айырмасыз. Айрыкча, уулу ишиӊдин күйүп атканына карабай, даабат кылмакчымын деп баса бергенде, карыянын күйбөгөн жери күл болот.

– Ой, атаӊдын оозун урайын, тиги бедени сугарып коюп, анан кетсеӊ боло! Сен келгенче күйүп кетпейби!

– Ээ, ата, Алла кааласа, шалкылдата сугарганыӊа карабай күйгүзүп иет. Каалабаса, тамчы тамбаса да, ошол бойдон тура берет. Жайчылыкта чыккан даабаттан, ушундай маалда чыгып кеткен даабаттын сообу көп, ата! Анын үстүнө «дүнүйө иши менен акырет иши бир келсе, алгач акырет ишин аткар» делинет шариятта. А бедеӊиз да, мал-жаныӊыз да Аллага аманат!

– Иш кычап турганда тапкан сообуӊду урайын, сенин!

Бул дамамат кайталанып турчу акыйнектин бир түрү. Минтип уулу жай-кышы үй бетин көрбөй, убактысынын көбүн мечитте, шейхтери менен маслахатташууда өткөргөн булардын үйүндө ненин оокаты болсун.

Тышка чыккан карыя саамга тунжурай калды. Керексиздин түбү бул жерлик эмес. Тээ илгери мунун чоӊ атасы жалгыз уулун жетелей келип, ушул айылда туруп калган. Анда Калыс карыя он-он бирлер чамасындагы ойноок бала болчу. Айтымда, тээ кубарысынан  келаткан каргышты адаштырыш үчүн мында бозуп келген имиш. Ал эмне болгон каргыш, каргышка кантип кабылганын чечмелеп сурабаптыр деле. Болгону атасынын чогулган карыяларга: «Караганга деле чымчык корголойт  экен. Бир караганча боло албасак эмнебиз эл. Бөтөнсүӊ, жатсыӊ дебей, боорубузга батырып алалы», – дегени гана эсинде калыптыр. Шуу үшкүрүп алган карыя эми үрпөйө жарданып тургандарга кайрылды:

– Атаӊдын көрү, кайран бала, асынып алган тура! Эми боору бөлөк болсо да, ушул айылда өсүп калды эле. Аспиеттеп көөмп коёлу. Камгакбай, Молдокул экөөӊ үйдөгү боз үйдү алып келе калгыла. А сен, молдону чакырып кел. Калыс атам айтты де. Болбосо, тээжик неме тил албай коёт. Калганыӊар үйүнөн сөөгүн ороп чыккыдай төшөнчү-орун караштыргыла.

Тургандар «лам» дешпей, ар кими бөлүнгөн иштерге жөнөдү.

Кашеги какжырап, жөөлөп койсо урап түшчүдөй каалганы ачып киришкендер саамга буйдала калышты. Үйүндө ырыстуу буюм-терим жок эле. Тээ бир кезде Керексиздин арагынан тажаган аялы жалгыз уулун жетелеп төркүнүнө баса берчүдө, болгон бүткөн ырыстуу оокаттын баарын шыпырып кеткен. Жедеп эскире берип сүзүлөйүн деп калган, бир четинен силксеӊ чаӊы көккө сапырылган жыртык ала кийиз, ала кийиздин үстүнө ташталган жаман көлдөлөӊ, анан киринен өӊү көрүнбөй калган жамаачы шейшеп, таар жаздык, майланышкан жууркан. Бурчта ээсин жоктогон кетик чыны, кабырылган мискей, анан сапсыз кашык. Үйдөгү ырыстуу делген буюм ушулар гана. Коӊурсук жыттан дем алып туруу мүмкүн эместей. Мурундарын тумчулаган беркилер ар кай жеринен жүнү булайып чыгып калган жууркандын майланышкан шейшебин сөгүп жиберишип, короого алып киришти. Карыя баштаган бир даары сөөктү жуурканга ороп, үйгө алып киришти.

Аӊгыча боз үй да келди. Коӊшулар бир заматта тигип ийишип, ичине Камгакбайдын аялы көтөрүп келген эски көшөгөнү тартышты. Сөөк тушка өзүнүн ала кийизин тартып, анан сөөктү боз үйдөгү жайына алышты. Тургандар үйдү тегеректей калышып, үн чыгарып өкүргөн болушту.

Өкүрүк бастап, «арак ордолуктардын» деми сууганда, Калыс карыя эмки буйруктарын берүүгө киришти.

– Өй, бала, айылга кабар бер. А сен аялдарга айтып, үйдүн ичин ирээттет. Сен аркы молдокени ээрчитип, мечиттин титанын, чараларын алып кел. Жетпей калган оокаттарды чогулткула. Сөөк жерге берилгенден кийин кайра алып кетесиӊер. Баса, сен иралды айылдагы карыяларды чогултуп келчи. Кеӊешип-таӊашып алалы.

Тиги карыяларга жумшаган кишиси моюн толгоду:

– Ээк, кеӊешкидей кайсы касиеттүү карыбыз калды эле. Илгеркидей нарк-нуска билгенин азыр ит менен издеп таппайбыз. А көрө өзүӊүз билип, өзүӊүз чече бербейсизби, жарыктык!

Нарктуу айтылган кепке муюй түштү карыя. Айтса-айтпаса төгүнбү. Жаштар менен бөтөлкө талашып, базардын баасын, саясаттын санатын саймедирегенден башканы билбей калгандардан не кеп-кеӊеш чыгат дейсиӊ.

– Андай болсо, машинасы бар балдардан үч-төртөөнү таап кел.

Айылга кабар берилгенче, жанагы айткан  машинелүүлөр да жете келишти.

– Байбото, сен тиги Бишкектеги карылар үйүнөн мунун атасын алып келе кал.

– Калаада карылар үйүнөн көп эме жок. Кайсынысынан табам?

– Дарегин аркы Молдокул билет. Ой, бала, селейбей дарегин жазып берип койчу. Нураалы, сен, тиги Кеминдеги кайындарына кабар бер. Келинчегине айтып түшүндүр. Башына туруп берсин де. Жалгыз баласы топурак салып калсын де. Калдыбай, сен, бери бас. Сага өзүнчө тапшырма бар.

Калдыбайды ээндеткен Калыс карыя тээ илгерки бала кездеги кулагы чалган айыӊды кобурады.

– Мунун түпкүлүгү береги Көлдүн Боз-Бешигинен деп уктум эле. Ыракматы болгур чоӊ атасынын аты – Тентимиш.  Уруусу бугунун желдеӊи. Айтымда каргыштын изин жазгырам деп качып келиптир. Барып тууган-уругу, жерге-жээги бар бекен, сөөккө ээ болчу бирди-жарым чыгат бекен, билип келчи. Кокус, сөөк ээси чыкса, токтоосуз беребиз дешти де.

Үч машина үч жакка: бири – Бишкекке, бири – Кеминге, бири – Көлгө чапты. Кабар уккан айыл эли бирин-серин келип атты.

Кабарчылардын алды болуп Кеминге кеткени келди. Аялы Керексизден туулган баласын төркүнүнө таштап, эчак күйөөгө тийип кеткенин, кайната-кайненесине жалдырап атып, эптеп баланы үч күнгө сурап келгенин кобурады. Жолду ката кулагына куюп, бышыктап келген белем, тестиер бала машинадан түшө калып эле сай-сөөктү сыздата «атакелеп» боз үйгө жүгүрдү. Тургандардын көзүнөн жаш тегерене терс бурулду. Алда ким баланы кой демекке эӊкейгенде, карылардын бири тыйып койду:

– Тим кой, ыйлап бугун чыгарып алсын. Атасына ыйлабаганда кимге ыйламак эле!

Дигер-шамдын ортосунда атасы келди жер-сууну буза өкүрүп. Кой дегенге болбой, далайга буркурады. Жалгыз медери аракеч чыкканы, анысы аз келгенсип пенсиясынын баарын аракка салып, күнүгө сабап, оокаты өтпөй калганда, аргасыз карылар үйүнө баш калкалаганы, келини үйүндө мыдырын калтырбай тоноп баса бергени да кошул-ташыл болуп кетти белем.

Соӊунда, түн ортосу чендерде Көлгө кеткен Калдыбай келди. Калыс баштаган үч-төрт карыяга айылда буларды билген адам деле калбаганын, акыры сураштырып отуруп токсон таяп калган кулагы каӊырыш карыны эптеп тапканын, ошол киши гана элдир-селдир билерин, билгенин кайра-кайра ыялап атып эптеп айтып бергенин, айыл эли сөөктө дообуз жок дешкенин, өзүӊөр эле жашырып койгула дегенин айтып отурду.

… Айтымда, Керексиздин жетеси малы тетири жайылган чоӊ бай болгон экен. Алты аял алып, алтоонон алты эркек, сегиз кыз көрүп, телегейи тегиз болуп турганда кырсык басыптыр.

Кырсыкка байдын өзү себепкер. Элүүдөн эӊкейип, небере көрүп, көөп турган чагында ошол айылдагы каралуу жесирдин койнуна кол салыптыр. Чолок акылында эркеги өлүп, эси кетип турган эменин сообуна калып коёюн деген го шордуу. Ар-намысын бекем кармаган, «этегимди бир тийген эр, бир тентек жел ачат» деп көнгөн, карасы алына элек жесир ызалуу каргаган экен минтип:

– Оо, кутургур, алты катыныӊ аздык кылып, асыла элегиӊ эми менин этегим болдубу! Ылайым, алты катыныӊдын азабын тартып кал! Энегиӊ соол! Тукумуӊ буйрубай жайрап калсын! Тукумуӊ жалгыздан ашпасын! Ылайым тукумуӊдан баш көтөрөр жакшы чыкпай калсын!

Ошол каргыш тийдиби не, Кудай маӊдайына ошентип жазып койгонбу, жыл айланбай, мал-келин Чүй бооруна кыштатып, жазга маал конушуна кайтып келатканда, көчкүгө кабылыптыр. Бир заматта жер жайнаган мал-келин, не бир азем дүнүйө-оокатын, катын-бала, урук-тукумун кошо көчкү жууп, өзү, көрөр көз токолу, андан туулган он эки жашар баласы алда-жалда менен аман калышыптыр. Өлдүм-талдым дегенде эптеп айылына жетишиптир. Абалына боору ооруган агайыны бирин-серин мал курап беримиш эткен экен. Ошондон аз өтпөй эле чериктерге келин болуп барган улуу кызы башым деп жыгылып, ошол бойдон оо дүйнөгө аттанат. Анын кыркын бергиче, саяктарга келин болуп барган экинчи кызы кан кусуп атып каза табат. Анын артынан бапалардын келини үчүнчү кызы да атка тепселип акыретке кетет. «Эрге кеткен үч кызым аман болсо болду» деген атанын тилеги ошентип таш каап, жалгыз баласын кучактап отуруп калат.

Караган-карманган баягы жалгыз баласы кийин эр жеткенде, мурункудай бай болмокчумун деп, Анжиянга мал айдагандар менен кошо кетип, ошол бойдон дайынсыз жоголот. Баласынын күйүтүн тартып жүрүп, көрөр көзү да көз жумат. Каӊгырап калган абышкага боору ачыган туугандары ошол айылдагы кирди-чыкты эси бар бирөөнү үйүнө кийирип беришиптир. Жыл айланбай анысы абышканын этегине уул салып берет.

Адам ээй, кем акылдан деле акылы толук бала туулат экен, тобо! Бала он алтыга аяк басканда баягы абышканын дайынсыз кеткен баласынын кабарын алда кимден угуп, кой-айга көнбөй, артынан кетет. Жыл айланбай келет. Келгенде жөн келбей, апийимкорок маӊчы болуп, жанында өзүнө окшогон бирөөнү аялым деп ээрчите келет. Мына ошондо баягы каралуу жесирдин каргышын эстеген абышка заманасы куурулуп отуруп калыптыр.

Арадан көп өтпөй абышка темселеп баратып музоо аркандаган казыкка көчүгү менен бир түшүп, ошондон табарсыгы шишип, анысы улаарып отуруп, алты айдан кийин дүйнө салыптыр.

Булардын болгон таржымалы ушул экен. Маӊчы да бир эле бала көрүптүр. Андан туулган бала да жалгыз. Айтор, башы экөө болбой, этеги жерге жетпей, тукуму үзүлүп да калбай, оӊолуп да кетпей сүзөктөп келаткан имиш. Алда кимден жер оодарып кетсе, каргыш таппай калат дегенди уккан Тентимиш жалгыз уулун алакчылап мында качып келгени ошондон экен…

Шуу үшкүрүп алган Калыс карыя этегин кагына ордунан туруп, тигиндейрээкте эч кимге кошула албай баш салган Керексиздин атасына келди.

– Кайрат кыл, бусурманым! Куураган бала куу турмуштун кордугун көтөрө албай кетти го!.. Экөөбүздөн бөлөк сөөктүн ээси жок көрүнөт, сыягы. Камылгасына киришели. Канча акчаӊ бар? Союшун мен чыгарайын. Сен, кепиндин, жаназанын акчасын тап! Калганын эптеп элден кураштырарбыз.

Эмшеӊдеген абышка небереме деп чыпчыргасын коротпой чогултуп катып жүргөн бир канча айлык пенсиясын төш чөнтөгүнөн сууруп берди.  Сөөктү эртеси түш оодара алып чыкмакка убадалашты. Аяк-бияктан адам келет эле дегидей жакыны болбогон соӊ, узартып кармап отура бергенде не пайда. А көрө барчу жерине эрте барганы жакшы да.

… Сөөктү жаназага алып чыгышты. Молдоӊ түшкүр, өз жанын кыйганга жаназа окулбайт деп далайга келжеӊдеп, акыры жаназа акысы эки миӊ сомго дагы эки миӊ сом кошуп берели деп, Калыс карыя менен Керексиздин атасы асты-үстүнө түшүп атып көндүрүштү.

Жаназасына деле баягы «аракордонун» тургундары чогулушту. Калыстын заманасы куурула түштү. «Атаны катыгүн, аййе! Деги канчасынын бой даараты бар болду экен? Өӊкөй ичкичтер кусулсуз туруп, жаназаны арам кылбагай эле!» Бөөдө чыр чыгып кетпесин дегендей, оюн ачык айтып, кечээкидей тескей албады. Көз жумдуга салгысы келди. «Кудай өзү кечирер» деп тим болду.

Кечээки кеӊеште сөөк башына Калыс карыя турмай болгон. Жүүнү бош атасы сөөккө ээлик кылууну өткөрүп берген.

Табыттын алдына чыккан карыя үнүн көтөрө кайрылды:

– Оо, калайык, Керексизден аласаӊар болсо, менден алгыла! Керексизден аласаӊар болсо, менден алгыла! Керексизден аласаӊар болсо, менден алгыла! Бересеси болсо, кечтик!

Эчки сакал имам элден сурады:

– Аласа-бересеӊер бар беле?

– Жок, – дешти тургандар бир ооздон. Үрүп чыгар ити жок каӊгыган ичкичте кайдагы аласа да, кайдагы бересе! Күн сайын алып берчү арагы деле аласа-бересеге кирбейт эмеспи.

– Оо, калайык, Керексиз кандай адам эле?

Карыянын капилет суроосу алдыда турган небересин селт эттирди. Элеӊдеп артындагы, жан жагындагы элдин оозун карады. Көзү тирүүсүндө чоӊ атасынан башка кишинин жакшы эле дегенин укпаган. Бул жолу да жаман эле деп ийишеби?

– Жакшы адам эле! – дешти баары сүйлөшүп алгандай.

Калыстын небереси элейди. Кантип, кандайча жакшы боло калды. Түшүнбөй атасынын оозун карады. Атасы да тигилердин кебин кайталап туруптур. «Көрсө, Керексиз байке деле жакшы адам турбайбы! Анда эмне үчүн атам аны дайым жамандай берчү? А жакшы болгондо кандай болот? Кийин арак ичсем, аялымды урсам, атамды кубалап ийсем, эл мени да жакшы дешеби?»

Жаназа окулуп, табыт көрүстөнгө баратты. Калыстын жетегинде кедеӊдеген, жакшы-жаманды ажыратып аӊдай элек тестиердин ою дале кымгуут. Кулагында эмелеки элдин жакшы адам элеси…

Арыраакта Керексиздин уулу келет эч нерсени түшүнбөй. Каргышка калган тукумдун жетинчи мууну болчу бул бала. Каргыш кайттыбы, не?..

Эрлан ЖУМАГАЗИЕВ

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *