Иван жиндинин каалга кайтарганы

Орус жомогу Чал менен кемпир жашаптыр. Алардын үч уулу болот: экөөсү эстүү, бирөөсү кем акыл. Үйдөгүлөрдүн баары талаага жумушка кетмей болушат. Иван да нандан бурдап, суудан жутуп, жумушка дүрбөп калат. – Сен кайда бармак элең, отур, – дешет баары. – Силер менен жумушка барайын. – Эч кайда барбайсың. Сен каалганы эле кайтарып үйдө отур, уурулар шыпырып кетпесин. Ошентип ал үйдө жалгыз калат. Кечке отуруп тажаганда, каалганы ашыктан ажыратат да, жонуна көтөрүп жөнөйт. Талаага келет. Бир туугандары сурайт: – Сен эмне […]

Ырысбай АБДЫРАИМОВ: Күйгүлтүк

АҢГЕМЕ Бар күчүн үрөп жүгүргөнгө бүт денесинен ысык булоо чыккандай Таалайдын чачтарынын түбүнөн өйдө кызып, жадесе, башындагы тумагы менен үстүндөгү ак көйнөк, кара костюму да оор тарткандай туюлду. Өспүрүмдүн көзүнө ала-телек карга чулганган айылдын жол четиндеги жылаңач тал-тереги, үйлөрү тең жарышкансып, чайпалгансып барат. Күйүккөнү менен иши жок, эсинде таңга жуук капыс сыркоолоп, үйдөгүлөрүнө бүлүк түшүргөн иниси турду. Бир бооруна жан тарткан адамдардын ичинен ага тегирменчи бөтөнчө жакын көрүндү. Издегенин таап берген тегирменчинин ажаат ачканына ичи ан сайын элжирейт… Тегирмен таш […]

Азкен АЛТАЙ: Косметиканын кудурети

АҢГЕМЕ Экинчи баламды төрөгөндөн бери аялыма көңүлүм толбой жүрөт. «Кыз кезинде бары жакшы…» дегендей, азыр айрым кыймыл-сыймылы олдоксон көрүнүп, шарт этме жаным анысын айта салсам, эларалык деңгээлдеги «нота» алмашмай жагдайга да жетип калдык. Мурдагы «жаным-күнүмдүн» ордуна «эй, сен…» деп баштасам, ал «эй, желмогуз…» деп баштала турган демейдеги «маданияттуу», «акылгөйлүк» мамиле калыптанды. Албетте, жеңилгениңди сезгениңде көңүлүң аза түшөт экен. Мына ушунун баары жутуп жиберчүдөй сулуу бир келиндин коңшу батирге көчүп келгенинен бери ого бетер оркое түштү. Түгөттүкү, бу акындар: «сүйүү деген […]

Эсенбай НУРУШЕВ: Туюк сүйүү (автор тарабынан оңдолгон варианты)

(Өзүм үчүн жазылган лирикалык аңгеме) Маркум Салижан Жигитовдун арбайына. Жарылган бомбадай болуп жаман кабар кечке жуук жатаканага дүңк дей түштү: кокустук болгонбу, ким бирөө түртүп ийгенби, айтор, жогорку курстагы бир жигит үстүңкү кабаттан кулап кетиптир. Таштак жерге төбөсү менен тийген экен, мээси чачырап, ошо жерде мүрт кетиптир дешти бирөөлөр. Жо-ок, антпей эле аман калыптыр, болгону омурткасы сыныптыр, байкуш эми алты-жети айсыз адам боло албайт ко дешти башкалары. Бу жаңылыкты биздин жигит эң акырында укту. Китепканадан келсе бөлмөлөш балдар ушул окуяны […]

Дүйшөн КЕРИМОВ: Мерес болуп баратабыз…

Биз, советтик балдар майрамдарды дегдеп тосоор элек. А майрамдар да мыкты, маанилүү, өзгөчө шаң эле да. Жаңы жыл, арсар болсо да, 23-февраль, 8-Март, 1-Май, 7-Ноябрь. Эл турмушу дээрлик бир кылка, кийгениң тең, ичкениң тең, укугуң тең, демек жүргөнүң, күлгөнүң тең. Эркиндик жок беле? Ырас, ар нерсенин өз чеги, эби-чени болчу. Эмичи… Тойдум, береги демократия терисин жамынган анархияңа! «Башы жок бака, көзү жок көгөн» биз болдук. Келечекти не кыласың, эртеңкиге ишеним, үмүт жок. Үмүт жандыраар, алдыга шык, дем берээр бийликтин жүүнү […]

Венера БӨЛӨКБАЕВА: Күн-Адам

АҢГЕМЕ Элейип аны эмнеге көз алдыма тартып, маңдайыма алып келип алдым?! Ал киши экөөбүз бирге иштеп, бир бөлмөдө отурчубуз. Аялзаты жөнүндө сүйлөнгөндөн чарчачу да, тажачу да эмес. Болгондо да уккулуксуз, жагымсыз сөздөрдү… Анын айтымында: “Бүт аялзаты жаман, акылсыз, бир гана – поездге түшүп кеткен бойдон келбей калган сулуусу гана акылдуу, жакшы…” Ошон үчүн жылып кеткен поездге байланыштуу ырын тынбай кайталап, көркөмдөп окуй берүүчү… Ал кишинин жагымсыз сөздөрү, ойлору да эч кимге угулбай, поезддер менен кошо жылып кетсе… Поезд, поездге түшкөндөрдүн […]