Ынтымак жөнүндө притча: Күнөөлүү эрди-катын

Коңшу жашаган эки башка үй-бүлө болуптур. Бири качан болсо ыр-чыры бүтпөгөн, бири качан болсо эриш-аркак, бейпил турмуш сүргөн бүлө экен. Бир курдай бейпил турмушта жашаган коңшусуна ичи күйгөн бейжай бүлөөнүн зайыбы күйөөсүнө айтып турганы: – Коңшунукуна баш багып эмне үчүн алар дайыма тып-тынч жашаганын байкап келсең. Күйөөсү жөнөйт. Дабыш чыгарбай байкоо сала баштайт. Караса, коңшусунун зайыбы үйүнүн тактайын жууп атып, бир нерсеге алаксып кухнясына жөнөйт. Ошол тапта күйөөсү үйдүн босогосун аттай берерде, байкоостон чакага мүдүрүлүп, ичиндеги суусун төгүп алат. Тарса-турс […]

Асылкеч, кадыркеч алайкуулуктарымдын алакандай аңгемелери

Жаш калемгер Ош обласынын Кара-Кулжа районунун жогору жагында капчыгай менен өрдөп кеткен, күрпүлдөп таштан-ташка урунуп, узунан чубалган тоолору менен киндиктеш аккан кадимки Тар дарыясынын жээгинде отурукташып, мейман достугу, айкөлдүгү, берешендиги, жаратылыш менен коюндаш өскөн нукура таланттары менен айырмаланган Алайкуу өрөөнүндө он чакты айылда жалпысы болуп 25 миңден ашуун калк жашайт. Сүйлөсө чымчылап, какшыктап сүйлөгөн алайкуулуктардын керемет жоруктарын окурмандарга сунуштайбыз. Алайкуулуктар аңгемелешкенде — Досум кандайсың? — Семиз элемин. — Кар кандай? — Кар аппак. — Кар канча? — Кар бекер, 1 метр. […]

Жылкычы ЖАПИЕВ: Мамлекеттик идеологияны реалдуу турмуштан эмес, фольклордон издеп келишти

Кара сөз чебери Жылкычы Жапиев көп жазуучулардын бири эместигин анын өрнөктүү текстин окугандар баамдайт. Бизде сүрмөтоп жазуучулар оголе көптүгүнөн окурман журту да жакшы менен жаманды ажыратпай калган заманда – Жылкычы байке сыяктуу салттуу адабияттын өкүлдөрүнүн эмес, тескерисинче, адабиятка ат үстүнөн мамиле кылгандардын базары кайнап аткан кезең. А чыгармачылыктын үстүнөн көжөлүп иштеп отурган жазуучулардын бирин-экини гана китеп чыгарганы болбосо, таасын таланттардын эмгектери окурман колуна жетип аткан жок. Биз билгенден: маектешибиздин эң алгачкы китеби «Сагыныч» аттуу ырлар жыйнагы, а кийинкилеринин бардыгы аңгемелер […]

Кеңеш ЖУСУПОВ: Каралдым, тоолор…

АҢГЕМЕ Мээркан терезеден кулпуну тапты. Анын каралаары. Экөөнө эзелтен бери бир үй тең. Нөөмөттөшүп, жалпак боз тамды күзөтүшөт. Уясынан учкан кушка окшоп, Мээркан кетип калат. Өчөшкөнсүп күн-түнү менен жоголот. Анда кезек ошо нес кара кулпуга тиет. Бүгүн да жалпак там ошонун карамагына калмакчы. Мээркан там бооруна дит бакты. Саймасынын өңү өчүңкү туш кийиз бетинен саргайыңкы сүрөт жоодур тиктейт. Сарбагышы! Мээркан ага сызыла муңканды: «Менин Сарбагышым! Сарым!.. Мендей сары чөптүн жааны! Менин тоомдун чагылганы! Менин кокуюм!..» Кетээринде үй ичин бир сыйра […]

Ракты жеңген дарыгер чыкты

1-макала Ооруну Кудай эч кимге бербесин! Аалам силкээр күчү бар алкынган адам да оору келсе алеки саатта аргасы түгөнгөн мусаапырга айланат да калат. Ошондо бир билесиң жөн эле катардагы бир пенде экениңди. Анан да оопасыз дүйнөнүн болмушу менен өтмүшү көз алдыңан өтүп, өмүрдө эмне убактылуу, эмне түбөлүк экени тууралуу ой басып, небак унуткан адеп-ахлагың кайра келип, өзүнчө эле нукура философко, али эч ким байкай элек акылманга айланасың. Ооба, оору деген балким балээ, балким тагдыр, балким сыноо. Балким маанисине жеткендер үчүн […]

Мирлан АЛТЫМЫШ уулу

Поэзия Карызы көп чет элге Кыргызстанды, \ «КАРЫЗСТАН» деп атап албайлыбы (баш сөзү Олжобай ШАКИРдики) УУЗ СЕЗИМ Кызыгы көп бала кезди өткөргөм, Кылыктанган кыз кылыгын көп көргөм. Секелек кыз, окуучулук куракта Сени сүйүп бир заматта өзгөргөм. Сенден жүрөк сүрдөсө да титиреп, Сага жетсем дечү элем күч үрөп. Жагыш үчүн бир маал жууган тишимди Жолугарда жууп алчу элем үч ирет. Ичке батпай сезимдерим жашыруун, Ий, кокуй күн, анда аз да акылым. Себеп болуп жагып калсам экен деп, Себинчү элем апакемдин атырын! Жоогазындай […]