Кара сөз чебери Жылкычы Жапиев көп жазуучулардын бири эместигин анын өрнөктүү текстин окугандар баамдайт. Бизде сүрмөтоп жазуучулар оголе көптүгүнөн окурман журту да жакшы менен жаманды ажыратпай калган заманда – Жылкычы байке сыяктуу салттуу адабияттын өкүлдөрүнүн эмес, тескерисинче, адабиятка ат үстүнөн мамиле кылгандардын базары кайнап аткан кезең. А чыгармачылыктын үстүнөн көжөлүп иштеп отурган жазуучулардын бирин-экини гана китеп чыгарганы болбосо, таасын таланттардын эмгектери окурман колуна жетип аткан жок.

Биз билгенден: маектешибиздин эң алгачкы китеби «Сагыныч» аттуу ырлар жыйнагы, а кийинкилеринин бардыгы аңгемелер менен повесттерден турат. Бир нече котормо китептери чыккансыды, бирок сейрек. Эң акыркылары быйыл жарык көргөн айтылуу «Миң бир түн» жомогунун үч томдугу жана балдар үчүн жазган «Көнөк баштын достору» аттуу жомоктор китеби. Айтылуу «Ала Тоо» журналында иштеп келди. Өзү тууралуу кепти эмесе маектешибиздин өзүнө айттыралы…

– 1984-жылы СССР Жазуучулар союзуна кабыл алынгам. Буюрса, быйыл жыл аягында жаңы жазылган китебимди чыгарайын деген оюм бар, ага жарык көрө элек үч повестим жана бир нече аңгемелер кирмекчи. Балдар үчүн жазылган бир аз жомокторум бар. Көптөн бери жазылып келаткан ырларым да бышып калды, аны кудай жаш берсе кийинкиге деп койдум. Артымды кылчайып карасам, кыйраткан деле эмгек жасабаптырмын. «Миң бир түндүн» кызыгына кирип алып, көп убактым ошого кетти. Бирок ага өкүнбөйм. Ошол үч томдукту чыгара албай, бир нече басмаларга, мекемелерге кайрылып жүрүп, акыры КР Президентинин алдындагы Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын мурдагы төрагасы маркум Эгемберди Эрматовго барсам, ал: «Ой, жарыктык, мындай байлыкты эмнеге басып жатасыз, тезинен алып келиңиз», – деп дароо өндүрүшкө жиберген. Китеп чыгып жаткан кезинде Экеш катуу оорудан кийин одүйнө салып кетти. Мен ага миң мертебе ыраазымын. Маркумдун жаны жаннатан орун алсын деп тилейм.

Мен бул котормо китепти чыгарууга өзүмдүн каражатым жетпегендиктен бир топ жерлерге кайрылдым. Алардын ичинде мамлекеттик бир мекеме (атын атабай эле коёюн, анын терс көрүнүштөрүн көп адамдар айтып жүрүшөт) мени үч жыл үмүттөндүрүп жүрүп, акыры жок шылтоону айтып (өзүм басма иштери боюнча адис болгондуктан алардын шылтоосунун түпкүрүн түшүнүп турдум), өздөрүнүн ким экендигин далилдеп коюшту. Ошондо мен аларга айрым бир акын-жазуучулардын нааразы болгондоруна толук ынангам. Өзүм аларга таарынбайм деле, котормонун сапаты жөнүндөгү мурда жаздырышкан пикирлерге дагы пикир жаздырып келгин дегендери мени абыдан ыңгайсыз абалга калтырган. Ал жомоктун кол жазмасынын көлөмү 1500 бет болгондуктан, анын бардыгын окуп чыгуу ошол пикир жазгандарга деле кыйынчылык туудурганын жакшы түшүнөм. Алар менин өтүнүчүмдү кыя алышпай, макул болушкан. Аларга ыраазычылык билдирем. Ал эми мекеменин жооптуу кызматкерлери үч жыл тил эмизип сүйрөбөй, чыгарбайбыз деп коюшканда ошол котормо китеп үч жыл мурда жарык көрмөк болучу. Алар да аман болушсун.

– Жылкычы байке, сиздин киндик каныңыз тамган Сары-Булак айылы таланттардын уюгундай элестейт негедир. Айтсак, улуу акын Турар Кожомбердиев, залкар сүрөтчү, Жоомарт Кадыралиев, өтө оригиналдуу жазуучу Талип Ибраимовду айтпаганда, булардан бөлөк да атпай-журтка төбөсү көрүнгөн таланттар, илимпоздор чөйрөсү абыдан көп чыккан Чүй боорундагы куттуу айыл экенин билем. Мындан аркы сөзүбүздү эми таланттар уюгу күргүштөп чыккан өз айлыңыздан баштасак кантер экен?

– Олжобай иним, адегенде айыл жөнүндө суроого такап калдың, эмесе, бир аз токтоло кетейин. Бул айыл кыргыздын көп айылдарынын бири. Жайгашкан жери Кара-Балта капчыгайынын оозуна жакын, тоо түбүндө. Айылдын үстү кадимки Ала-Тоо кыркалары, этегинен көз кайкылткан түздүк азыркы Кара-Балта шаары, андан ары дагы кыргыз айыл-кыштактары кете берип, о далайдан барып казак жергесин учкаштырып алат.

Айыл жөнүндө мындай бир уламыш айтылат: илгери-илгери кыргыз Алтай – Ала-Тоо аймагында көчүп жүргөн кезинде тарыхта бул жерди калмактар ээлеп калгандыгы айтылат эмеспи. Кыргыздар күч алып, калмактарды кууганда кыргыздар суусуз калсын дешип, алар биз турган айылдын башаттарына сымап менен суюк чопону аралаштырып куюп жиберишиптир. Ошондон кийин суу жердин түбүнө түшүп кетип, азайып калыптыр. Мурда буерден Сары-Булак деп аталган чоң суу аккан нугу азыр деле бар.

Эми кийинки мезгилге келсек, алгачкы ликбез (ликвидатся безграмотности) – сабатсыздыкты жоюу мезгилинде окуу бир кичинекей тамда өтүп, кийин аерге чоң мектеп салынган. Ал мектеп-интернат болуп, борбор шаарыбыздагы кадимки №5 мектептин филиалы болгон. Ал да А. С. Пушкин атындагы №5 мектеп-интернат (азыр Т. Кожомбердиев атындагы мектеп) деп аталчу. Ошол аймактагы жалгыз чоң мектеп болгондуктан, Кыргызстандын булуң-бурчтарынан көптөгөн балдар-кыздар келип окушкан. Менин эсимде, согуштан кийинки жылдары аскер кийимчен балдак, таякчандар же бир колу жоктор, жарадар болгондор мектептин интернатында жатып окушкан. Кыргызстандагы элге төбөсү көрүнгөн мурунку муундун көптөгөн өкүлдөрү орто билимди ошерден алышкандыгы маалым. Ал мектепте онунчу класска чейинки кыргызча, орусча класстары болгон. Ал эми айрым класстар үчкө чейин жетип, сыңар класс дегени болбогон. Айылыбыздын уул-кыздары баштапкы билимди ушул мектептен алышкан.

Айлыңардан көркөм өнөр адамдары көп чыгыптыр, анын себеби эмнеде деп калдың, жооп издеп көрөйүн. Менин божомолум. Ошол божомолдун бир шиңгили мындай: Субайылда эжебиз (Абдыкадырова) айлыбыздын улуу-кичүүлөрүнүн туусу болучу. Анын ырларынан жатка билбеген айылдаштары жокко эсе болгон. Көркөм өнөрдү аркалаган ини-сиңдилери үчүн анын чыгармалары барометр сыяктуу кызмат өтөгөн. Эжебиз өтө жароокер, ак көңүл, ыйманы таза эле. Ал илгерки женпеддин (азыркы И. Арабаев атындагы университет) орус тили жана адабияты факультетин бүтүрүп, алгачкы китеби орус тилинде жарык көргөн.

Ал эми Түкө агабыз (Турар Кожомбердиев) карандай мактоого муктаж эмес. Ал залкар акын. Анын ырларын окуган ким болбосун поэзиянын сыйкыры эмнеде экендигин дароо сезет, анан өзү да өмүр бою сыйкырланып калат. Түкөбүз поэзиянын сыйкырчысы (кудесник), улам бир сабынан жарк этип поэзиянын жаңы дүйнөсү ачылып, көз алдыңа ошол чексиз, кенен дүйнө түбөлүккө тартылып кала берет. Ал өзү позия сыйкырчысы болсо, чыгармалары да сыйкырдуу болот да…

Тагдырдын кызыгы ушунда, Абдыкадыр, Кожомберди аксакалдар менен менин атам Жапы колхоздун үч үйүр жылкысын үчөө өз-өзүнчө багып, жайлоо, кыштоосу бир болуп, чогуу көчүп-конуп жүрүшкөн. Булардын ичинен эң улуусу менин атам болгондуктан, ал согуштан кийинки жылдары ден соолугуна байланыштуу жылкысын берки эки кошунасына өткөрүп берген.

Субайылда эже мени көргөндө эле: «Сен кичинеңде жоош болчусуң, анан сенин эжең Күлүсүнгө: «Кел, экөөбүз балдарды алмашып көтөрөбүз» деп мен ага Байсалды (Субайылда эженин иниси, мени менен жашташ болучу) берип койчумун, ал ыйлайт, а сени күнгө алып чыкканда эле уктап каласың» деп күлүп калчу. Анда мен эжеге: «Ошо кичинекей кезимде бетим күнгө күйүп, капкара болуп калган турбаймынбы», –десем күлүп калар эле.

Менин да калем кармап калганым ошол жайлоо-кыштоолордо жүргөнүбүздөгү айрым бир жагдайлар себеп болуп калса керек деп ойлоймун. Бул менин божомолум. Кийин мен Түкө агам менен «Кыргызстан» басмасында, Субайылда эжем менен «Ала Тоо» журналында көп жыл бирге иштешип калдым.

Эми өзүң берген суроого байланыштуу жердештерим менен бир аз мактанып коёюн. Олжоке. Ооба, Талип Ибраимов оригиналдуу, айрым бир ыкмалары боюнча жаңычыл жазуучу. Ал толук жана кыска метраждуу бир нече көркөм фильмдердин сценарийлерин жазган, документалдуу фильмдери да бар. Өзүң белгилеп кеткен залкар сүрөтчү Жоомарт Кадралиев биздин айылдан чыккан жалгыз сүрөтчү эмес, СССР кезинде Москвадагы атактуу Третьяков галлересынан бир канча сүрөттөрүнө орун берилген Турсунбек Койчиев да бар. Ал академик Турар Койчуевдин иниси,Талип экөө бир тууган. Турар Койчуев окумуштуу гана эмес, ал мыкта жазуучу да, чыгармаларын орус тилинде жазгандыгы үчүн кыргыз окурмандары анчалык биле бербейт. Анын уулу Бахтияр филология илимдеринин доктору, КРСУ профессору. Дагы бир агабыз биология илимдеринин доктору Артыкбай Жумалиев өмүр бою мединстутта иштеп, илимдин бир нече кандидаттары менен докторлорун тарбиялап чыгарган.

Жазуучулук менен журналистканын эки тизгин, бир чылбырын бекем кармаган Бекбай Алыкуловду кыргыз жергесинин булуң-бурчтарынан бери тааныбыган адамдар аз болуу керек. Журналистикадагы кийинки муундун өкүлдөрү аны өздөрүнүн устаты, окутуучусу катары эсептешкени бекерден эмес.

Ал эми атагы таш жарган театр режиссёру Медербек Назаралиев кыргыз театрынын драма жана комедия жанрларына жаңычыл жан бергендиги менен таанымал. Башкасын айтпай эле коёюн, ал өз кезегинде айтылуу «Спартакты» Москванын Чоң Театрына койгон саналуу режиссёрлордун бири. Ага-ини кинорежиссёрлору Самир жана Дамир Назаралиевдер Медербек байкенин агасынын балдары. Сатар Үмөталиев агабыз Кыргыз драма театрында артисттик кесипте жүрүп, ден соолугуна байланыштуу Кыргыз радио жана телевидениесинде режиссёрлук кызмат өтөгөн, ал Кыргыз Концептин уюуштуруучусу, Кыргызстан өткөөл мезгилиндеги экономика министри болгон Эмил Үмөталиевдин атасы.

Убагында «Жетиген» ансамблин уюштуруп, азыркы белгилүү бир топ ырчыларга аткаруучулуктун алгачкы сабагын берген композитор, музыкант Асылбек Рысалиев, мыкты журналист, публицист жана жазучулукту аркалап жүргөн Жумакан Сариев деген инилерим менен сыймыктанам. Ал эми Гиннестин китебине кирген, СССРдин гана эмес, чет өлкөлөрдүн, Голливуддун бир нече фильмдерине тартылган каскадёр Үсөн Кудайбергеновду кимдер билбесин! Өкүнүчтүүсү, Үсөн трагедиялуу өлүмгө дуушар болгон убагында анын пайдасын көп көргөн, ошол кездеги республикабыздын күч структураларын башкарган, өлкөнүн премьер-министри кызматына чейин аркалаган аттуу-баштуу эле бир досу арбак алдында элге берген убадасын аткарган жок, аны атып кеткен, заказ берген кан ичкичтер азыр да ээн-эркин жүрүшөт.

Мен өтө эле көп адамдарды айтып жибергендей болдум, муну окугандар мени «сыртынан сыр бербей жүргөнү менен бул абышка бир топ эле мактанчак турбайбы » деп ойлоп калышы мүмкүн.

— Жок, сиздей жазуучуга мактанган эмнеге жарашпасын, кебиңиз оозуңузда… 

— Эми Олжоке, өзүң менен окурмандардан уруксат сурап, бир агабызды айтып өтөйүн, айлыбызда ушунча акын-жазуучулар, журналисттер туруп, анын атын калың элге жеткире албаган өзүбүздүн ыкшоолугубузду айткым келет. Ал адам өз убагында жеке эле бир айылдын же бир райондун эмес, бүтүндөй республиканын сыймыгы болгон, кийинки кездерде ысмы унутулуп бараткан, атүгүл жаш муундар таптакыр билбей калган Камчыбек Макишевди өзгөчө белгилеп кетким келет. Бул  байкебиз классикалык күрөш боюнча кыргыздардын ичинен эң алгачкы болуп СССР спортунун мастери деген наамын алган. Убагында күрөш боюнча СССР курама командасына кирип, көптөгөн ийгиликтерди жараткан балбан болучу. Ал дагы отуз жаштан өтүп-өтпөй трагедиялуу өлүмгө дуушар болгон (караңгыда жөө баратканда жүк тарткан чоң машина менен атайылап тебелетип кетишкен, мурда да бир нече ирет кол салуулар болгон). Темир ширетүүчү, Социалисттик Эмгектин Баатыры Үсөнбек Макишев анын агасы. Дагы бир балбаныбыз Акматов Кармышак, СССР спортунун мастери, Кыргызстандын жана Монгол Республикасынын эмгек сиңирген машыктыруучусу.

Менин ушундай ага-инилерим бар. Эми санай берсек тизме дагы бир топко уланат. Ушуну менен жат биякка бир сабак деп туралы.

– Жазуучу, ириде элдин көрөңгөсү, коомдун алдыңкы өкүлү. Бирок акыркы жылдарда акын-жазуучулардын бедели абыдан түшүп кеткендей туюлат. Мунун себебин эмнеден көрөсүз?

– Бул айтканыңа толук кошулам. Алардын кадыр-баркы төмөн түшүп кеткенине коом да, мамлекет да эмес, ошол акын-жазуучулардын өздөрү күнөөлүү деп ойлойм. Себеби СССР маалындагы чыгармачыл интеллигенция коммунисттик идеологиянын жоокери болгондуктан аларга көрүлгөн камкордуктардан ажырап калгандарына көнө албай коюшту. Анан баарынан да отуз алты тамганы тааныгандардын бардыгы жазуучу болуп чыга келишти. Алардын чыгармаларына баа берген эч ким жок, ар ким акчасын төлөп коюп китеп чыгарып жатышат. Ошентип көркөм сөз дүйнөсүнүн сака-чүкөсү аралашты да калды. Ошонун кесепетинен окурмандардын көркөм табити өзгөрдү, бул өзгөчө жаш муундарга өтө чоң зыян алып келип жатканы өкүнүчтүү. Аркы-беркини анча аңдап түшүнө элек жаш балдар колуна тийген китептерди окуп, жазуучулук өнөр деген ушундай экен деп, мурункуча айтканда халтурага тарбияланып жатканына көз жумуп коюуга болбойт. Бул деген орду толбос трагедия.

Андай дейин десең китеп чыгаргандарга калем акы төлөнбөгөндөн кийин аларды кой-ай деш да болбойт, жакпаса окубай эле кой дейт да. Бирок чыккан китептерге карата учкай болсо да пикир уюштуруп турууну Жазуучулар союзу колго алса болмок. Алар деле мамлекет тарабынан каржыланбагандан кийин мындай иш-чараларды уюштуруу айтканга оңой, жасоо – татаал. Айтор учу жок айлампа. Бардык жагы ынанарлык бийик шылтоо менен курчалган.

Азыр бизде жазуучулар союзунун мүчөлөрү салык катары Н суммасында жылына мүчөлүк акы төлөшөт. Бул мүчөлүк акыдан түшкөн каражат менен Жазуучулар союзу талаптагыдай иш алып бара албайт, ар бир иш-чарага Н суммасындагы акча талап этилери бышык. Атүгүл Жазуучулар союзунун өз үйү да жок, биз көнүп калган сөз менен айтканда ижарада турат.

Эсил кайран СССР кулап баратканын көрүп-билип туруп, андагы жетекчилеринин ар кимиси жеке өздөрү үчүн бир топ иштерди жасаганы белгилүү. Бирок союзга жай алып калууну көздөшпөгөндүгү өкүнүчтүү. Сүрөтчүлөр менен композиторлор союздары илгери эле өздөрүнүн мекеме жайларын чечип алышкан. Биздин чоңдор болсо, жазуучулар жашай турган беш кабат үй курууга берилген бир нече миллиондорду жеп салышып, анын чуусун ушул кезге чейин жашырып-жаап келишет: жок шылтоолорду бетке кармап.

Дагы жакшы, ошо СССР кулаардын алдындагы жазуучулардын бир чогулушунда аз сандагы ал кездеги жашыраак калемгерлер биригип, Жазуучулар союзунан Адабий фондду бөлүп салганбыз. Азыркы жазуучулардын «Арашан» чыгармачылык үйү ошондо Адабий фонддун балансына өткөн. Кудайга шүгүр, азыр аерге жазуучулар барып иштегенге шарт түзүлүп, каалоочулар көп. Эгерде бул чыгармачылык үй Жазуучулар союзунда болгондо, муну деле сатып жибергенден кайра тартышмак эмес. Ал эми ызы-чуу жараткан алиги миллиондогон акчаларга ал кезде Адабий фонддун тиешеси жок болучу.

Мындан төрт-беш жыл мурун биздин Жазуучулар союзунун 500дөн ашуун мүчөлөрү бар деп жүрүшчү. Буга таң калып деле кереги жок, эгемендиктин эйфориясы менен ошол кездеги жазуучулардын жооптуу кызматкерлери жазуучулук белетти каалагандарга ар кандай баага сатышып, санын көбөйтүп жиберишкен. Бул ушак же көрө албастык эмес, окурмандардын арасында жазуучулардын кадыр-баркын түшүрүп жибергендиктин бир фактысы.

Баса, жогоруда айтылган чоң суммадагы акчанын тагдырын издеп, айрым жазуучулар өкмөткө, укук коргоо органдарына эки-үч курдай кайрылышкан, бирок ал жакка аттуу-баштуу адамдар кийгилишип, текшерүүнү токтотуп коюшканы маалым. Алар «жазуучулар бири менен бири соттошуп жатат деп элге уят болобуз» деген суу кечпеген шылтоону айтышкан. Коммуникациясы кирип, пайдубалы түптөлүп, керегеси көтөрүлө баштаган үй курулушун жери менен кошо сатып жибергендер эч нерсе билип-көрбөгөндөй «тымм-тымм» бойдон калышты. Кийин алар ал акчаларды жабуу аракетинде асмандан-жерден алып, ар кандай иш-чараларын өткөрдүк деген калькуляцияларды түзүшкөндөрү элге шардана болуп кеткен.

Мындай чуулар эл арасында жазуучулардын кадыр-баркын көтөрмөк беле? Атүгүл үй салынат деген ошол акча бардык жазуучуларга бөлүнүп берилген деген да жалган маалымат таралып кетиптир болчу. Азыр биздин коомдо жапайы рынок өкүм сүрүп калган. Пара алуу, коррупция, уурулук, каракчылык, алдамай, жалганчылык сыяктуу терс көрүнүштөрдүн бардыгына рынок менен демократияны күнөөлөйбүз. Өзүбүз суудай тазабыз, аруубуз, кебездей жумушакпыз. Шайтан баласына: «Адамдар балакеттин бардыгын өздөрү жасап салып, бизге шылташат, сак бол», – дептир. Анысыңарындай бирөөнүн башындагы чөптү көргүчө, адам өз башындагы төөнү көрө билгени оң.

– Жазуучу катары сизди кайсы маселе көбүрөк түйшөлдүрөт?

– Мынча болду дагы бир көйгөйгө кайрыла кетейин. Биздин коомдо алигүнчө улуттук идеология керектүү деңгээлде иштелип чыккан эмес. А.Акаевдин бийлиги кезинде анын чала сабат, кошоматчы кеңешчилери менен идеологдору кожоюнун Эр Манаска теңештирүү максатында ошол эпостун каармандарынан мамлекеттик идеологияны жаратууну көздөшүп, аны реалдуу турмуштан эмес, фольклордон издешкен. Айрым бир басылмаларда, маалымат каражаттарында кожоюнун Эр Манаска теңештирген салыштыруулар да байма-бай жарыялангандыгы эсибизде.

Ырасында эле «Манас» өтө уникалдуу чыгарма, ал жагынан талаш жок. Бирок анын пайдубалы, кереге-уугу, көк тиреген түндүгү, дегеле турган турушу боюнча жомок экенин эстен чыгарбоо зарыл го. Анан ал жомоктон (анын мыктылыгына карабай) мамлекеттик идеология издөөгө мен анча ынына албайм. Бул менин ыймандай чындыгым. Биз азыр XXI кылымда жашап жатканыбызды унутууга акыбыз жок, ансыз деле ушул кезге чейин эгемендиктин эйфориясынан чыга албай, турмуштун көптөгөн  көрсөткүчтөрүнөн артка кетенчиктеп кеттик.

Дагы бир сөз: азыр «Манасты» 36 тамга тааныгандардын кими болбосун кара сөзгө айландырып жазуу мода болуп калды. Алар сөз берметтеринен куралган бул чыгарманы өздөрүнүн мүмкүнчүлүгүнө жараша деңгээлин төмөндөтүп салышканы өтө өкүнүчтүү! Жалпы түшүнүк берүү үчүн кенже жана тестиер балдарга урунттуу окуяларын кыскача баяндап бербесе (ыраматылык Ашыкенин «Айкөл Манасын» кошпогондо), чоңдор үчүн эпостун сюжетин кайталап жазып чыгуунун кажети деле жок. Себеби, «Манасты» – «Манас» абалына жеткирген андагы сюжеттер эмес, көркөм сөздүн касиети экендиги белгилүү. Манасчы акындардын эпостогу сүрөттөөлөрүндөгү ыр саптары поэзиянын бийик үлгүсү эмей эмне! Анан ошол ыйык, касиети артык сөздөр кемип калганда канчалык шөкөттөлгөнү менен баары бир улуу жомоктун деңгээлине шек келтирип жаткан болобуз. Мен аларды «шпаргалка» деп атайм. Атүгүл ошол «шпаргалка» жазгандар элге белгилүү болгон бир нече варианттарын кескилеп, жамап, желимдеп алып, өз варианты катары жарыя эткен күнгө туш болдук! Ал эми илгери академик Б. Юнусалиевдин баш сөзү менен чыккан көк китепте варианттарды кыйыштырып иштеп чыгышакан Аалы Токомбаев, Түгөлбай Сыдыкбеков жана Кубанычбек Маликов эпостун жаңы вариантын жазып салдык деп жар салышпай, түзүүчү катары гана эскерилет. Мен бул маселени көтөрүп чыкканымдын себеби касиети артык сөз берметтеринен куралган эпосту ар кимибиз кол жоолук катары өз кызыкчылыгыбызга пайдаланганды токтотсок дурус болот эле дегенди айтмакчымын. Гомердин айтылуу «Илиада» жана «Одиссея» чыгармаларын гректер бизге окшоп кээрин кетиргиче тытмалабаса керек!

Баарынан кызыгы, айрым бир жапайы тарыхчылар дүйнө элдеринин түпкү атасы кыргыз болгон, дүйнө элдери бизден таралган дегенди жазып чыгышканда күйбөгөн жериң күл болот экен! Бул пикирди айрымдар өз элинин патриоту катары көрүшкөндө башка улуттагы адамдардын көзүн карай албай каласың, кыргыздар ушунчалык сабатсызбы деген жазууну окуп. Деги эле бурмалап жазууга тарых муктаж эмес. Тарых деген илим, жомок экөөнүн асман менен жердей айырмасы зор. Биздеги айрым жазмакерлердин тарыхты жомоктордон издеп жаткандыгы алардын илимдеги ордун айгинелеп турат. Жогорудагыдай калпыс пикирлер ошол элдин чабалдыгын жана билимсиздигин көрсөтүп, ушул сыяктуу ойдон чыгырылган пикирлер менен ошол эл өзүнүн кемтигин толтуруу үчүн пайдалана тургандыгы небактан бери маалым болуп калган.

Менин оюмча бизде адабий процесс токтоп калган жок, ал аздыр-көптүр уланып жатат. Бир кездерде өтө популярдуу болгон адабий сындын азыркы өксүктүгүнө  байланыштуу жарык көргөн чыгармалар иргелбей калганы болбосо, талапка ылайык чыгармалардын жазылып жаткандыгын жерүүгө болбос. Ар ким-ар ким колунан келгенин жазып жаткандыгынын өзү жакшы көрүнүш деп эсептейм.

Биз, калемгерлер да кызык калкпыз, СССР мезгилинде мамлекеттик цензура көп нерселерге жол бербей, колду кыскартып жатат дечү элек, азыр андай көзөмөл жок, болгону эротиканы айтып жүрсөк керек, бир кездерде жабыла ошону жазып кирдик, андан башка темаларда кыйратып деле жиберген чыгарма жаралбады, көрсө, өзүбүздүн дүйнө таанып-билүү чаркыбыз ченелүү экен да. Муну моюнга алганыбыз оң.

Маектешкен Олжобай ШАКИР

One Reply to “Жылкычы ЖАПИЕВ: Мамлекеттик идеологияны реалдуу турмуштан эмес, фольклордон издеп келишти”

  1. Ыракмат Жылкычы аке!Сөзүңүздүн калети жок. Айткандарыңыздын баары туура. Теңирим.Сизге,Олжокеге окшогон чыгармачыл инсандарга жакшылыктын жарыгын чачып турсун!Бар болуңуздар!

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *