Ата, бала жана эски кумура

Ооган жомогу Өспүрүм бала бир күнү ичинде суу куюлган кумураны шыкаалап, өз сөлөкөтүн көрөт. Тилин чыгарса, тили да көрүнөт кумура ичинен. Башын чайкаса, тиги да башын чайкайт. Бала коркконунан атасына тызылдап жетип, көргөн шумдугун айтып берет. Атасы уулун ишенип-ишенбей аңырайып тиктейт. – Жүрүчү, көрөлү. – Уулун жетелеп барып кумуранын ичине үңүлөт. Кумура ичиндеги сакалчан кишини көрөрү менен аңырайып таңгалат! Мына анан, кумураны алат да, өйдө көтөрүп туруп жерге чаап салат. Кумура быркырап талкалангандан кийин атасы айтат дейт: – И-и, сооп […]

ФАЛЕС

БИЛГЕНДЕН БИЛЕЛЕГИҢ КӨП  Илимдин түзүүчүлөрүнүн эң алгачкыларынан болуп эсептелген байыркы грек математиги, философ Фалес Милетский б.з.ч. 625-жылы Эгей деңизинин боюндагы Кичи Азияда жайгашкан гректердин соода шаарчасы Милетте төрөлгөн. Милет ошол кезде гректердин базарлары быкбырдай кайнап турган кооз шаар болгон. Фалес өзү соодагер экен. Египетке, Орто Азияга саякат жасаган. Саякатта жүрүп египеттик жана вавилондук математиктердин жана астрономдордун мектеби менен таанышкан. Фалес саякаттан өз мекенине келээр замат сооданы такыр таштаган. Калган өмүрүн илимге арнаган. Бардык нерсенин башталышы – суу, бардык нерсе суудан […]

Бейшенбек БЕКЕШОВ: Хашим табып

(1-макала) 2-макала Өмүр бою жакшы адамдарды, жакшы иштерди даңазалоо менен алектенип келем. Көп учурда көпчүлүктүн көөнү, жакшылыктын жайылышы үчүн кем тузу болсо келтирип, боёосун кандырам. Бирок жарыялай турган жакшылыгым жамандыкка, каарманымдын кайгысына айланбагай эле деп кооптонуп, көркөмдөмөк турсун көзүм көргөндү кагазга түшүрө албай, опкоолжуп турган жападан жалгыз учурум ушул. Анткени буга чейин өзүмдүн инфаркт болуп жыгылып, Хашим табыптан сакайып чыкканым тууралуу макаламдан соң табыпка бир короо милийса-прокурорлор менен журналисттер чабуул коюп, ит талагандай кылганына өзүм күбө болдум. Баарынын таянганы, сураган […]

Түгөлбай КАЗАКОВ: Байыркы кыргыздын аты калды, заты жок

  Төрт дубал – көчмөн үчүн түрмө. * * * Акылдуу киши түшүнүктүү сүйлөйт. * * * Эркиндикти эңсеген жалгыз болот. * * * Эркектин оюнан аялдын амалы ылдам. * * * Манас доорундагы кыргыздар көктө шаңшыган бүркүт болсо, азыркы кыргыздар жем талашкан тоокторду эске салат. * * * Улут деле карыйт окшойт. Алжып калдыкпы дейм… * * * Убактысы уйкуга бар, ишке жок. * * * Бир иштен шектенген кызганчаактар – ошол ишти өтө жакшы билгендер. * * * […]

Венера БӨЛӨКБАЕВА: Экөө

АҢГЕМЕ Аял… Эркек… Экөөнү эмнегедир көп эстейм. Бирин эстегенде, экинчисин. Экинчисин эстегенде, биринчисин. Экөө — бир асмандын алдында, бир айылда, бир арыктан суу ичип жашашкан. Бирок… Экөө — эки башка үйдө, эки башка тагдырда өмүр сүрүшкөн. Аял — көп балалуу. Эркек — баласыз эле. Аял менен Эркек бири-бирине жакшылыктарда жолугушканын көргөн да, байкаган да эмесмин. Чакырышпаса керек. Качан жамандык болгондо гана экөөнө “чакыруу” келчү. Анда да, айылдын бир пендеси о дүйнөгө узаганда… Ошентип экөө жакшылыктардан калып, жамандыктарга барып… Кара кийинген […]

Илимий макаламды уурдаттым!

АҢГЕМЕ Университетти бүтөрүм менен эле илимий ишке жөндөмдүүлүгүм эске алынып, өзүм дипломдук иш жазган кафедрада калтырылдым. Кечээ эле өзүм дарс угуп отурган дарсканаларда студенттерге сабак берип, акырындык менен окутуучулук ишке көнүп бараттым. Бир күнү кафедра башчысы университеттин 60 жылдыгына карата илимий жыйнак чыгарыларын, ага макала берсек болорун айтты. Менин дипломдук ишим дагы университеттин тарыхына байланыштуу эле. Дароо эле кириштим. Көп өтпөй 10 барактан турган илимий макала даяр болду. Аны машинкага басып, кафедра башчысына алып келдим. Кафедра башчы көп жылдар окутуучу […]