БИЛГЕНДЕН БИЛЕЛЕГИҢ КӨП

 Илимдин түзүүчүлөрүнүн эң алгачкыларынан болуп эсептелген байыркы грек математиги, философ Фалес Милетский б.з.ч. 625-жылы Эгей деңизинин боюндагы Кичи Азияда жайгашкан гректердин соода шаарчасы Милетте төрөлгөн. Милет ошол кезде гректердин базарлары быкбырдай кайнап турган кооз шаар болгон. Фалес өзү соодагер экен. Египетке, Орто Азияга саякат жасаган. Саякатта жүрүп египеттик жана вавилондук математиктердин жана астрономдордун мектеби менен таанышкан. Фалес саякаттан өз мекенине келээр замат сооданы такыр таштаган.

Калган өмүрүн илимге арнаган. Бардык нерсенин башталышы – суу, бардык нерсе суудан чыгып, акыры кайра сууга айланат деп эсептеген. Бардык материалдардын жаны бар деп эсептеген философиялык окуунун өкүлү болгон. Ал магниттин темирди өзүнө тартуу касиетинен улам магнитте «жан» бар деп билген. Өзүнүн туулган шаары Милетте байыркы грек философиясындагы стихиялык-материалисттик багыт болгон Иония мектебин түзгөн. Ал мектептен белгилүү грек илимпоздору чыккан. Анын бири Анаксимандр (б.з.ч. болжол менен 610-546-жылдарда жашаган) болгон, ал ааламдын чексиздиги жөнүндө биринчи жолу айткан, тик бурчтуу проекцияны пайдалануу менен биринчи географиялык картаны түзгөн; дагы бири Анаксимен (б.з.ч. болжол менен 588-525-жылдарда жашаган). Ал болсо Күн менен Айдын тутулушун түшүндүрүүчү гипотезаны сунуш кылган.

Фалес антикалык жана жалпы эле европалык философияга, илимге негиз салган. Фалестин илимий иштери практика менен тыгыз байланыштуу. Ал бир жолку саякатында Лидия падышасы Крезага аскер техникасы боюнча адис катары кызмат өтөп калат. Алтын казык жылдызы горизонт астында ар дайым бир гана бурчта тураарын байкап, моряктарга багытты Кичи Жетиген боюнча боолголоого кеңеш берген. Жылдыздуу асмандын картасын түзгөн.

Байыркы грек тарыхчысы Геродоттун (б.з.ч. 5-кылым) айтуусу боюнча Галистеги салгылашуу учурунда “күн түнгө айланыптыр”, аны лидиялыктарга Фалес так ошол жылы Күн тутулаарын мурда эле айткан экен. Бул окуя Фалестин кайсы мезгилде жашагандыгын тагыраак билүүгө түрткү болду. Күн тутулуу б.з.ч. 585-жылы болгон, демек Фалес б.з.ч. 6-кылымдын орто ченинде туулган деп эсептөөгө болот. Б.з.ч. 547-жылы каза болгон. Күндүн тутулуу себептерин түшүндүрүү, күн токтолуу жана күн түн теңелүү мезгилдерин тактоо, жыл узактыгын 365 күн деп аныктоо ж.б. астрономиялык ачылыштарды да Фалеске таандык деп эсептешет. Фалес асман жарык чыгаруучуларын кудай түзгөн деген түшүнүктөрдү четке каккан жана алар жаратылыштын табигый телолору экендигин далилдеген. Ал кубулуштардын жана нерселердин көп түрдүүлүгүнүн бир бүтүн башталмасын табууга аракет кылган.

Фалес геометр катары да белгилүү. Геометрияны теориялык жактан негиздөөнү Фалестин мектеби ишке ашырган. Ошентип геометрияны грек илимпоздору жана философтору илим катары тааныткан дегенге толук негиз бар. Диаметр тегеректи тең экиге бөлөрү, тең капталдуу үч бурчтуктун негизиндеги бурчтарынын барабардыгы, тик бурчтардын барабардыгы жөнүндөгү теоремаларды шарттуу түрдө Фалеске таандык деп эсептешет.

Фалес жээктен кемеге чейинки аралыкты аныктоону ачкан. Ал предметтин бийиктигин ченөөнү да сунуш кылган. Адам предметтин жанында туруп, өз көлөкөсү боюнунун узундугуна барабар болгондо предметтин көлөкөсүнүн узундугун ченейт. Ал узундук предметтин бийиктигине барабар болот деген жыйынтыкка келген. Бул өтө бийик нерсенин бийиктигин ченөөгө абдан ыңгайлуу шарт. Фалес ушул жол менен Египет пирамидаларынын бийиктигин тапкан. Фалестин дагы бир маанилүү салымы — математикага биринчи жолу далилдөөнү киргизген. Эмгектери сакталган эмес. Бирок антикалык жана жалпы эле европалык философияга, илимге негиз салган инсан катары белгилүү. Байыркы гректер аны “байыркынын жети акылманынын” катарына кошушу да бекеринен эмес.

“ – Дүйнөдө баарынан эмне чоң?

— Мейкиндик.

—  Баарынан эмне күлүк?

— Ой.

— Баарынан ким акылман?

— Убакыт.

— Баарынан эмне жагымдуу?

— Тилегине жетүү.” – деген акылман сөздөр Фалеске таандык.

Ысмайыл КАДЫРОВ

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *