АҢГЕМЕ

Университетти бүтөрүм менен эле илимий ишке жөндөмдүүлүгүм эске алынып, өзүм дипломдук иш жазган кафедрада калтырылдым. Кечээ эле өзүм дарс угуп отурган дарсканаларда студенттерге сабак берип, акырындык менен окутуучулук ишке көнүп бараттым.
Бир күнү кафедра башчысы университеттин 60 жылдыгына карата илимий жыйнак чыгарыларын, ага макала берсек болорун айтты. Менин дипломдук ишим дагы университеттин тарыхына байланыштуу эле. Дароо эле кириштим. Көп өтпөй 10 барактан турган илимий макала даяр болду. Аны машинкага басып, кафедра башчысына алып келдим. Кафедра башчы көп жылдар окутуучу болуп иштеген тажрыйбасы мол, саамайын буурул чалган агай эле.
— Дурус, дурус, жакшы ойлоруң бар экен,- деди макаланы окуп чыккандан кийин, бир топко ойлуу отуруп: – Ошентсе да макаланы кайрадан иштеп чыгыш керек экен, илимий өңүттө жакшылап карабаса болбойт. Эгер макул болсоң, ал жагын мага калтыр, авторлош бололу!? – деди мага суроолуу карап.
— Макул агай, — дедим алгачкы илимий эмгегиме жылуу пикир айтылганына сүйүнүп.
Бир күнү кафедра башчысы чакырып калды.
— Илимий макалаң деканга да жакты. Албетте, мен оңдогондон кийин, — деп кошумчалап койду. – Эми өзүң билесиң, ал кишинин иши чачынан да көп. Уюштуруу иштери менен алек болуп, азыр илимий макала жазганга шаасы жетпей жатат. Ошондуктан макул болсоң, ал кишини да авторлош кылып койсок. Декан болгондон кийин эртели-кеч жардамы тийбей койбойт. Анын үстүнө декандын авторлош болушу университетке деле, сага деле аброй гана алып келет эмеспи?- деди. Ичимден каршы болуп турсам да, кафедра башчысынын жүйөөлүү сөзүнө ынанып, шар эле макул болдум. Кийин бул макалага ушундай эле жол менен бир профессор, проректор жана ректор авторлош болгонун билдим.
Көп өтпөй эле 60 жылдыкка арналган салтанаттуу жыйын болду. Жыйында чыгып сүйлөгөндөр сөздөрүнүн акырында илимий жыйнак жарык көргөндүгүн, андагы ректордун жетекчилиги менен жазылган макала илимийлиги, заманбаптыгы, жаңычылдыгы, окумдуулугу менен башка макалалардан аттын кашкасындай айырмаланып тургандыгын белгилеп, апенди кызын мактагандай эле мактоо сөздөрдү кыстара кетип жатышты. Илимий жыйнак тиешелүү адамдарга гана берилген экен. Жанымда отурган профессор агайдан көрүп бергенге сурап алып, бир сыйра барактасам, менин аты-жөнүм көрүнбөдү.
Редколлегия жаратпай койгон го деген ойго келдим. Бардыгы мактап жатышкан макаланы карап көрөйүнчү деген ойдо көз жүгүртсөм: темасынан баштап үтүр-чекитине чейин эле менин макалам экен. Бир да сөз оңдолбоптур. Бир да сөз кошулбаптыр. Бирок макаланын авторлорунун арасында менин фамилиям жок эле. (Али жаш, анын үстүнө илимий даражасы да жок экен деп сызылып калганымды кийин уктум)
Бирок макала меники болучу.
Ысмайыл КАДЫРОВ

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.