Акылдын кени – карыларда

Бурят жомогу Санад аттуу хан өткөнүн айтышат эзелки жомокчулар. Эзелки жомокчулар айткандан азыркы жомокчулар да үйрөнүшүп китепке жазып калтырыптыр. Бир жолу алар башка жакка – жайыты кең жана ыңгайлуу тарапка көчүп өтүүнү ойлонушат. Ал жерге жетүү азаптын азабы эмеспи? Ошон үчүн көч жүрүштүн алдында тоскоол болбош үчүн карылардын баарын өлтүрүп салуу керек деп чечти хан. — Карылар жол азабында бизге кыйынчылык алып келет! – деп жарлык кылды өкүмдар. – Бир да кары арабызга кошулбасын! Бир да картаң киши тирүү калбасын! […]

Олжобай ШАКИР: Байбиче болор байкуштун кабагы суз, \ Башкасын алаар молдонун напсиси – кыз

«Санжыра» радиосунун «Жаргылчак» уктуруусунда болгон Өзүбек ажы менен «РухЭш» сайтынын негиздөөчүсү Олжобай Шакирдин көп аял алуу туурасындагы талашы. Уктуруунун алып баруучусу – Чынара Токонова. Бул талаш туурасында чыгармачыл интеллигенция өкүлдөрү менен диний аалымдардын орток пикирге келүүсүнө «РухЭш» сайты толук мүмкүнчүлүк берүүгө даяр. Арийне, кимде ким улут келечеги туурасында кереге кеңеш курууну кааласа, биз менен байланышыңыздар.

Шум ажал алдында Будда, Христос, Мукамбет, Сократ, Конфуций, Салижан да алсыз экен

Жетиктик Эстесем, Салижанды билгениме элүү жылдын чамасы экен. Мектепти бүтүргөн соң университетке тапшырганы шаарга алгач келгенбиз. Бишкек калаасында Ж.Бөкөнбаев атындагы китепканада айылдаштар жолукчубуз. Бир жолу китепканада акындар менен жолугушуу өттү. Шаардагы мектепти жаңыдан бүтүп жаткан чепилдеген баланын талтөөндөй зирек ойлоруна, сынына, билим дареметине көңүлүм толгон. Аны кийин сурамжыласам жаш сынчы Салижан Жигитов экен. Бир-эки жыл өткөндөн кийин Салижан менен университетте дайыма көрүшүп жүрдүк. Анын сөзүн укканга куштар болгондор көп эле. Ошо береги өзүнө тарткан өктөмдүгүн өмүр бою жоготподу. Элүүнчү жылдары […]

Олжобай ШАКИР: Алтын аяк

АҢГЕМЕ «Сүйүү кайсы доордо жашаса да эркин». Автор 1 – Бу кайдагы чоочун камчы? – Карыя улага жакта жаткан табылга саптуу камчыны көрүп, ийик чимирип отурган байбичесине тигилди. – Кимдики болмок эле. Күнүгө шылтоо таппай, шыңаарлап кымыз уулап келгир жанагы Мукаштыкыдыр… Көзү тешилгир! Бүгүн даа калтырып кеткенин кара!– деген кемпиринин мукмасал кебине карыя маани бербеди. – Эсине жара чыкканбы анын, кымыз ичкен жеринде камчысын таштап… Алып, жогору илип койгула, – чалынын кебине кемпири чаңк этти: – Жата берсин, кудай алмак […]

Венера БӨЛӨКБАЕВА: Сөөлжан менен сырдашуу

ЭССЕ Табигат сага жашоону топурактын арасына, Жер-Эненин так маңдай-чекесине берген экен… Өмүрүмдүн жамгырлуу күндөрүндө дайыма сага жолугам. Жайчылыкта көпкө карайм, шашылышта саамга эле үстүңдөн көз салып өтүп кетем. Ийилип-иймейип жатканыңды көрөм. Керилип-чоюлуп-тартылып топуракка оронуп жатканыңды көрөм… Көзүң кайда? Карап турсам караганың билинбейт. Кулагың, оозуң кайда? Укпагандайсың, унчукпайсың. Карабасаң, укпасаң деле мен сени жакшы көрөм. Сырымды, муңумду айтып, сага сүйлөп бергим келет… Мени жараткан табигат сени да жараткан. Экөөбүз да тууганбыз. Сөөлжан-тууганымсың! Ошону сезип эле койсоң болду… Топурак арасында топурак жеп […]

Топчугүл ШАЙДУЛЛАЕВА: Колхоз менен коштошуу

АҢГЕМЕ Кийинки жылдары колхоз мүлкү ээси жоктой сезим калтырган. Колхозду тоноо ачык эле башталды, болгондо да бул тоноону “чоңдор” өзүлөрү көрсөтүп койбодубу. Чак түштө колхоздун кампасынан буудай, жүгөрүнү кап-кап жүктөшүп бригаттин, райистин үйүнө түшүрүшөт. Жем-чөп да ошондой. Кийин бара-бара уурдамай карапайым колхозчуларга да жетти. Бышкан маалда колхоздун алмасы алмадай, бедеси бедедей уурдала берди. Күндүз колхоз талаасында иштеген эл түңкүсүн алдуу-күчтүүсү каптарын көтөрүп бак алмага, талаага жүгөрүгө, бедеге уурулукка жөнөгөн. Бакта да, талаада да, кырманда да кароолдор турганы менен алар өздөрү […]

Атак-даңктуулардан дипломат чыкпайт, себеби оозуна келгенди оттоп салышат

Люк де Клапье ВОВЕНАРГ (1715-1747), француз жазуучусу  Эмгектен эмес, бекерпоздуктан көбүрөк чарчайсың. * * * Мээнетиңдин жемишин көргөндөн өткөн ыракат барбы? * * * Адамдардын керексиз нерселер менен алпурушканын койдуруш кыйын. * * * Кээде тубаса чечендин да улуу чындыктын түйүнүн чечмелеп берген кебине көпчүлүктүн акылы жетпейт. * * * Макоонун белгиси – эстутумунда ой, далилдер толтура, бирок ошолордон өз алдынча жыйынтык чыгарганга жөндөмсүз, кептин баары ушунда. * * * Жүрөк туйганга – акыл караандабайт. * * * Улуу дөө-шаалар […]