Бурят жомогу

Санад аттуу хан өткөнүн айтышат эзелки жомокчулар. Эзелки жомокчулар айткандан азыркы жомокчулар да үйрөнүшүп китепке жазып калтырыптыр.
Бир жолу алар башка жакка – жайыты кең жана ыңгайлуу тарапка көчүп өтүүнү ойлонушат. Ал жерге жетүү азаптын азабы эмеспи? Ошон үчүн көч жүрүштүн алдында тоскоол болбош үчүн карылардын баарын өлтүрүп салуу керек деп чечти хан.
— Карылар жол азабында бизге кыйынчылык алып келет! – деп жарлык кылды өкүмдар. – Бир да кары арабызга кошулбасын! Бир да картаң киши тирүү калбасын! Баардыгы ушул жерде өлтүрүлсүн! Эгер кимде ким бул буйрукту аткарбаса ал өлүм жазасына тартылсын!
Калкка канчалык оор болсо да хан буйругу эки болмок беле! Ошентип кары-картаңдар өз балдарынын колунан өлүмгө кириптер болушту.
Санад хандын карамагындагылардан бир гана жигит Цырен өз атасына кол көтөрө албады. Ал атасы менен макулдашып, аны тери капка салды да, атка артты. Калганын көрө жатармын деп көчкө кошулду.
Көч жолу түштүктөн түндүккө уланды. Кербен-көч алыс-алыс жол басты.
Элден жашырынып Цырен атасына өзүнүн ырыскы тамагынан жарымын жедирет, түн оой тери каптан чечип алып атасынын тырышкан колу-бутун жаздырып, бир аз ары-бери бастырат.
Санад хандын көчү келип-келип бир деңиз жээгине жетти. Түнөөгө буйрук берилди.
Хан жакындарынын бири Санад ханга келди да, анын кулагына деңиз суусунан бир нерсе жалтырап, көз уялтып чагылып атканын шыбырады. Хан сырдашы өз көзү менен көрүп таң калганын, ажайып кооз үлгүдө бир чоң кумура экендигин, ал жөн кумура эмес – алтын кумура болуп аткандыгын башкача бир толкундануу менен айтып берди.
— Тез арада мага ошол алтын кумураны алып келгиле! – деп жарлык кылды Санад хан. Бирок көчмөндөрүн эч кимиси деңиз түбүнө түшүп, алтын кумураны алып чыгууга даабады. Ыктыярдуулар чыкпаган соң хан чүчү кулак менен ага түшөр кишини тандамак болду. Ал хан жигиттеринин бирине түштү. Жигит калтырап-титиреп сууга кирди да, ошол-ошол болуп кайра чыкпады. Экинчиси, үчүнчүсү, төртүнчүсү… ошентип алтын кумура алам дегендердин баары эле сууга кирген бойдон, алардын өлүктөрү калкып чыгат же деңиз түбүндө балыктарга жем болот…
Санад хандын кишилери азая берди. Бирок алтын азгырыгына алданган хан буйругун өзгөртпөдү, аны алуу гана керек деп туруп алды.
Ошентип чүчү кулак кезеги Цыренге да келип жетти. Акыры келмек эле, келди. Эртең ал да алтын кумура үчүн сууга боюн таштайт да, ошол бойдон кайра чыкпайт. Атасы катылган тери капка жакын келди да:
— Ата, – деди ал өкүнүчтүү, муңайым үн менен, – жакшы кал! Көрөр күнүбүз ушунча экен, эртең мен өлөм, анан сен да!
— Эмне болуп кетти, уулум? Неге сен өлүшүң керек?
Цырен атасына деңиз түбүндөгү алтын кумура, аны алуу үчүн хандын чыгарган буйругу, аны алам деп канча-канча жигиттердин өлүмгө кабылганы – баары-баары тууралуу айтып берди.
— Ал жактан бирөө да чыккан жок, – деди уулу угуп аткан атасына жалооруй, – мен да хан буйругу менен каза болом. А сени болсо хан жигиттери табат да, башыңды алат.
— Эх, акылсыздарым, – деди абышка үшкүрүнө, – силер баарыңар чөгүп бүтсөңөр да ал кумураны ала албайсыңар, ал деген деңиз түпкүрүндө эмес, ал тетигил тоонун башында. А силерге суудан көрүнүп аткан ошол тоо башындагы алтын кумуранын чагылышы гана. Ушуну кантип баарыңар билбейсиңер?!
— Ошондойбу? Андай болсо мен эмне кылышым керек? – Цырен ойлоно калды.
— Эмне кылмак элең? Тоо башына чык, кумураны ал да, ханыңа бер! Тоо башынан аны табыш кыйын деле эмес, жаркырап көрүнүп турат. Балким ал силер жете албаган аскага коюлган болушу да мүмкүн. Андай болсо мындай кыл: ошол жерде тоо текелер пайда болгуча күтүп тур, качан гана алар келгенде, аларды үркүт. Ошондо алар үркүп барып, алтын кумураны тоголото коюп өтөт. А сен абайлап тур да, кумураны караңгы капчыгайга кулатып ийбей, кармап кал!
Эртеси Цыран элге окшоп деңизге эмес, тоого жөнөдү.
Тоо жолу оңбогондой экен: караган-черге тытылды, урчуктуу таштарга тилинди, алдан тайыды. Акыры канткен менен аска башына чыгып укмуштай ажайып жарык чачкан, жалтырак алтын кумураны өз көзү менен көрдү. Суктанды. Таң калды. Бирок балекет болуп ал асканын урчугунда, адам буту жетпеген жерде экен. Ошондо атасынын кеңеши менен тоо эчкилеринин келишин аңдап жатты. Келишти. Цыран аларды ушунчалык бир үркүттү эле, тигилер дыргаяктап туш-тушка жөнөп калышты. Бирөөсү алтын кумураны коюп өттү эле, жалтыраган кумура таштан ташка урунуп ылдый учуп жөнөдү. Камдуу турган Цыран аны кармап жыгылды.
Ыры чыккан Цыран мырза алтын кумураны кучактап тоодон түшүп келди да, аны хандын алдына койду.
Ыраазы болгон, таң калган хан кытмырлана суроо узатты:
— Сен бул кумураны суудан кантип алдың?
— Мен муну суудан алган жокмун, тоодон алдым, а суудагысы ошол тоодогу кумуранын чагылышы гана экен.
— Муну сага ким айтты?
— Өзүм билдим, – деди Цырен калп сүйлөп.
Хан башка эч теке дебеди, ырахматын айтты. Көч андан ары жол улады.
Көп жүрдү. Акыры аяк-башы билинбеген ээн талаага туш келишти. Күн куйкалап, чөптүн баары күйүп, кум-таш укмуш ысып айла кетти. Тегерек четте же бир булак көрүнбөйт, же бир өзөн суу жок. Тамчы сууга зар болгон адамдар да, мал да суусап өлмөк болду. Хан айласы кетип, туш тушка суу издетип жигиттерин чаптырды. Чабармандар биринен өтүп бири шалдайып, тамчы суу таппаганын кабарлап келип атышты. Көчтүн айласы түгөндү, өлүм салаңдаган кылыч болуп төбөгө келди…
Цырен дагы уурданып атасына келди:
— Ата, ата, эми эмне кылабыз, бир ууртам суубуз калбады, баарыбыз ээн талаа, эрме чөлдө какшып калмак болдук?
Карыя минтип кеңеш берди:
— Үч жылдык кунажынды агытып, артынан ээрчигиле. Ал бир жерге барып токтойт да, жер жыттап, турпак челип, мөөрөп калат, ошол жерди казгыла?
Атасы айткандай кылып Цырен үч жашар кунажынды кое берди. Өзү артынан түштү. Ал барды, барды, акактап жер жаттап отуруп, бир жерге келгенде тык токтоп, жер челип, озондоп мөөрөп кирди.
— Ушул жерди казгыла!? – деди Цырен жигиттерге буйра сүйлөп.
Адамдар казып-казып, акыры жер астындагы булакка жетти. Мупмуздак, мөпмөлтүр тунук суу жер бетине көтөрүлүп чыкты.
Эки жолу хан назарына илинген Цыренди пааша Санад өзүнө чакырды:
— Ушул куу чөлдө сен кантип булак таптың? – деди хан жигитке кайрылып.
— Анын белги-айлалары бар да… – деп койду Цырен да жайма жай гана.
Ошентип көч сууга канды. Мал ичти, жанга алышты. Кайрадан жол, кайрадан алыс сапар…
Көп жүрдү. Арыды. Шалдырады. Бир күнү өрүү жерге тыныгуу үчүн токтоду. Түнү капысынан катуу жамгыр жаап, булардын отун биротоло өчүрүп таштады. Канча амал кылган менен адамдар өчкөн отту тутанта албай айлалары куруду. Баары жоктун баары суу болду.
Ошентип арга кетип турганда кимдир бирөө алыста тоо чокусунда от күйүп атканын байкап калыптыр. Хан Санад ошол оттон тутантып алып келүүгө буйрук берди. Хан буйругу эки болбошун силер билесиңер да. Бирөө кетти – от жок. Экинчи кетти – от жок. Үчүнчү… Төртүнчү… Бешинчи… От алып келген инсан жок. Баары эле калың карагайлар ичинде от боюнда жылынып отурган мергенчиге барат, от сурайт, алып жөнөшөт, келгенче эле жамгыр тийип, оту өчүп калат.
Каарданган хан от алып келүүгө ким барса, ким аны алып келе албаса, ошолордун бардыгын астыра берди.
Кезек дагы Цыренге келди. Ал атасына айла издеп барды да, болгон окуяны айтып андан айла сурады.
— Эми эмне кылышым керек? Тоо башынан отту кантип көч өргүү алган жерге алып келишим керек?
Абышка акырын айтты:
— Күйүп аткан чычаланы алба, ал жамгырга өчүп калат. Анча чоң эмес чуңкур идиш ал да, ага карагайдын өчкөн көмүрүн сал, анан аны эл турган жерге алып кел!
Цырен атасы айткандай кылды. Таптуу көмүрдү түптүү идишке салып алып келди. Анан аны үйлөп тутантып алышты. Эл от жагып, ысынып, тамак бышырып жыргап атты.
Хан отту ким алып келгенин билген соң, Цыренди чакыртты. Анан ага ачуусу келип кыйкыра сүйлөдү:
— Отту кантип алып келүүнү билет экенсиң, анда неге мурдараак эле айтпадың!?
— Мен да билген эмес элем… – Цырен коркуп, хан каарынан калтаарып ушинтип жиберди.
— А кийин кантип билдиң?! – Хан такып сурады.
Хан кыйнап, ар кыл айлага салып сурай берди. Цырен айтпай атып акыры атасы жөнүндө кеп баштап берди.
— Атаң кана? – деди хан.
— Жол бою мен аны тери капка салып, жүк кылып артып келаткам… – деди Цырен.
Хан Цыренге атасын тез алып келүүгө буйрук берип, жалпы элге мындай жарлык чыгарды:
— Мен өз буйругумду кайра алам! Карылар – жаштарга тоскоол болбойт! Карынын сөзүн капка салгыла! Карылык – дөөлөт-бак! Акыл кенчи – аталар! Сиз, ата, эми жашынбай, биз менен чогуу жолго чыгыңыз!
Которгон Абдыкерим МУРАТОВ

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.