«Санжыра» радиосунун «Жаргылчак» уктуруусунда болгон Өзүбек ажы менен «РухЭш» сайтынын негиздөөчүсү Олжобай Шакирдин көп аял алуу туурасындагы талашы. Уктуруунун алып баруучусу – Чынара Токонова. Бул талаш туурасында чыгармачыл интеллигенция өкүлдөрү менен диний аалымдардын орток пикирге келүүсүнө «РухЭш» сайты толук мүмкүнчүлүк берүүгө даяр. Арийне, кимде ким улут келечеги туурасында кереге кеңеш курууну кааласа, биз менен байланышыңыздар.

6 Replies to “Олжобай ШАКИР: Байбиче болор байкуштун кабагы суз, \ Башкасын алаар молдонун напсиси – кыз”

  1. Баардык ой жугуртунузду колдоймун жана кошулам.
    Бирок дин улутту улут кылып сактап калды дегенинизге кошула албаймын.

  2. Олжобай!
    Мурда берилген вариантты өчүрүп салып, ушуну жайгаштырсаң.

    Багыт Полигамиябы же Моногамиябы?
    Биз Санжыранын» «Жаргылчагында бир сыйра ийленген «бир аял, эки-үч аял жана сойкулук» деген жагдайдагы берүүсүн көрдүк.
    Бул — учурдун бүйүр кызыткан проблемаларынын бири. Журналист-публицист Олжобай Шакир менен ажы Өзүбек Чотоновдун ортосундагы дискуссия абдан кызык болду. Бул берүүнү уккандардан эч ким кайдигер калбады деген ойдобуз.
    Өзүбек ажынын ток этер жерин айтсак: «эгер экинчи аял болуп тийбесе, анда кыргыз кыздар бүт сойку жана башка улуттардын бүлөсү болуу жолуна түшөт, эркектер ойноштук менен шугулданып, жолдон чыгат» деген ойду байкадык.
    Өзүбек ажы, «биз аравиялык инвестицияларга 150 батир куруп берип жатабыз деп тарс эттирди. Ал эми 2300 мечит жөнүндө кеп жок. Орусча айтканда, «остаточный принцип», же элге көз боёмочулук кылуунун сонун амалын таап алышыптыр. Өздөрү каалашынча коротуп, андан кийин арткан акчага бурадарлар үчүн эптеп-септеп жампайган там салып берип коюшат, ал эми мектеп ордуна жалаң диний имараттарды курууга күч үрөп жатышат. Мурдагы журналист, шоу-бизнесте жүрүшкөн айрым «жаңы молдолор» особняк салышып, кымбат баалуу унааларды тээп калышыптыр. «Жигули» же «Даэво» эмес, 100 000 доллардык арабалар.
    Бирин-экин акындарыбыз да диний фанатизмдин туусун көтөрүп ырдап калышыптыр. Тимеле сөздөрү сонун! Аларга эмне жок дейсиң да. Өнөрдү коомго пайдалуу багытта жумшаш керек го ээ?
    Кеп идеологияда болуп жатат. «Улутту талкалоо үчүн душмандар адегенде молдосун алып келет, же элди молдо кылат, анан сарбаздары (армиясы) келет, же кутум уюштуруп, ич ара кырылыштырат,» деген ата-бабалардын олуялык менен айткан создөрун унутпайлык, кыргыз туугандар. Айрым таксырлар сени тикирейе тиктеп туруп: «Сен кыргыз болбой эле кой, мусулман бол» – дегенде келмең оозуң келип, бетпактыктын чеги жоктугун көрөсүң.
    Адегенде улутуңду сакта, анан дин маселеси өзүнөн өзү чечилет, айбандар! Кыргыз элим эч убакта Исламдан кетпейт. Ашкере исламдаштырабыз деп, ата-бабаларыбыз табынып келишкен жакшынакай баёо динди жек корсөтуп жатасыңар, таксырлар.
    Ошол эле убакта «биз Исламга каршыбыз, бул динди жоюш керек» деген башка фронт дагы чыкты. Кыргызда эгерим “Теңирчилик” деген дин же илим болгон эмес. Болгону, Табият менен Адам ортосундагы шайкештиктин философиясы. Исламды кыргыз кыртышынан кетиребиз деген чакырыктар дагы кыргыз элине каршы чабуул болуп эсептелинет. Түрк элдеринин болгон таянычы ушул Ислам дини болуп келген, болбосо, биз сыяктуу улуттар сайда саны жок, чачылып жоголгон элдер сыяктуу Жер үстүнөн табылбай калмак болчу! Ногойлор кана, ойроттор кана, сарматтар кана, скифтер кана, усундар кана, шумерлер, арамейлер кана? Ал эми биздин көңкү каршылашыбыз болуп эсептелип жүрүшкөн калмактар жана монгол-бурят, хакас, тыва элдери жанталашып буддизмдин бир канатына кире калып, эптеп 1% аман калышты.
    Кудайдын Китеби менен пайгамбарын кошо жиберген таза Дин адамды адам кылып, ыйыктыкка, пакизалыкка үндөйт, элди бириктирип, сактайт. Ал эми туркойлор динди бузуп, элди 73ко болуп жатканы – Шайтанизм эмеспи?
    Исламды чанбайлык, салттуу, жоош муслимдик касиетибиз менен калалык. Агрессивдуу исламчылык төбөлдөрү, аралаш христианчы Американын бийлигинин коштоосу менен, өнүккөн мамлекеттерге ыза болгон тейде, адам баласы жек көргөн жанкечти террорчулукка, цивилизацияга каршы чабуулга баш коюп алышты. Ал калктардын артта калуусуна Батыш күнөөлүү эмес, өнүккүсү келбеген өздөрү күнөөлүү го.
    Малайзияда Мохаммед Мохатхир , Сингапурда Ли Куан Ю деген жетекчилер экономиканы, саясатты, социалдык иштерди жана динди гармониялык ыргакка келтире алышкан. Малайзиядан же Сингапурдан эмне үчүн террорчулар чыкпайт? Эмне үчүн ал жакта «жоогазын» революциялар жок? Анткени, алар башкаруу жана аткаруу маселесин ийгиликтүү чечип, өздөрү үчүн баргер турмуш куруп алышкан, ошондуктан жан кечтиликке экономикалык муктаждык жок.
    Малайзиянын лидерлери өнүгүүнүн улуттук порумдагы мыкты түрүн таап алышкан: ал «ар бир адамдын жеке эркиндиги менен демилгенин айкалышы».
    Ал эми дагы бир «Чыгыш жолборс» мамлекети аталган Сингапурду башкарган Ли Куан Ю айткан: «Сауди аравиядан келген миссионерлердин өлкөбүздө вахабизмди таратышына жол бербедик. алардын «мечит кургула, динди жайылткыла, акча беребиз» деген диктовкасын четке кактык, элди алаксытма диний агымдарды жоготтук» деп. Сингапурда буддизм, христианчылык, ислам жана башка диндер бирине бири тоскоолдук жаратпастан, эл тынч жашап жаткандыгынын себеби — мамлекет башчылар сабаттуу идеологиялык саясат жүргүзө алышкан!
    Эми эки жана андан көп аялга үйлөнүү маселесине кайрылсак, бул бүгүнкү Кыргызстан үчүн актуалдуу эмес! Себеби, элдин интеллектуалдык жана рухий деңгээли азыр таптакыр башка. Аялдар да. эркектер да сабаттуу, саясий жана экономикалык көз караштары терең. Ар бир ургаачы өзү каалап тийеби, же эркектин сунушун кабыл алабы, өз иши. Эч ким эч кимди мажбурлабайт.
    Башка маселе, эгер АЙРЫМ ГАНА кыз-келиндер жаштайынан басынып, турмушунан аксап, психологиялык кысымдарга туш келип жана диний апийимге ууланып калган болсо, анда алар экинчи жана үчүнчү, төртүнчү аял болуп тагдырына баш ийген тейде бир күйөөгө тийе беришет. Эстеп койгула, молдокелер, эркин өскөн айымдар эч убакта токол болбойт, же болсо дагы терең «расчет» менен, же сүйүүнүн касиети менен макул болушат. Калыптанып калган салабаттуу коом (“светское общество”) эч убакта моногамиядан кетпейт. Бул, талашпай турган аксиома.
    Биздин коом көп катмарлуу. Эң төмөнкү тупкүргө чөгүп кеткен бомждор менен кошо, кылмыш чөйрөсүнөн баштап, начар чөйрөдөн баштап, орто таптарга (“Средний класс”) чейин өзүнчө калың катмар бар. Орто таптардан элиталык катмарга чейинки жолду баскан жарандарыбыздын ой жүгүртүүсү кенен, турмушка жана жыныстар аралык мамилелерге көз караштары европалык таризде өнүккөн. Ошондуктан Өмүрбек ажынын кыздарды басынтып сүйлөгөн сөздөрү алар үчүн кытай куурчактын «мамалаганындай»эле нерсе. Орой айтканда, ажыларыңдын «насааттарын» уруп да коюшпайт, ал «насыяттар» — коомдук пикирге эч таасир тийгизе албайт.
    Молдокелер “Манаска” жана анын каармандарына тийишмейин жондору кычышып турат. Бул жолу жа Өмүрбек ажы адатын карматып, силердин Манасыңар деле үч аял албады беле деп чыкты. Эпосту окубай туруп, анын маанисин, сюжеттик канвасын билбей туруп, сын такканга маш экен буларың. Манас биринчи Акылайга үйлөнгөнү чын. Андан тукум болбоду. Андан кийин дагы бир аялга баш кошот, бирок Айкөлгө тең жар болуу кыйын экендигин билген даанышман Эл өзү Каныкейди Манаска тандаган эмеспи!
    Кыргыз Аялынын чыныгы элитардык үлгүсү Каныкей энебиз! Молдокелер аны кайдан түшүнсүн: тескеринче боктоп жүрүшөт. Энебиздин, чыныгы ургаачынын мыктысы, Манас сымал элдин жогорку даражалуу уулунун даңкын ого бетер чыгарган жубайынын кемерине келе албай жатып, сөгүнгөн молдолорго не дейбиз?
    Кыргыз кыздарына сөз тийгизбегиле, молдокелер. Алар – силердин энеңер, эже-карындаштарыңар, медериңер. Башка бүлөдөн болсо да, “алиги” кыздар деле силерге жат же чоочун эмес, таксырлар! Ушуну өмүр бою эстеп жүргүлө.
    Ал эми алданып, жаштыгынан, чөйрөнүн айынан кыздар же эркектер бузулуп кетсе, табалап, сөккөндүн ордуна, Алладан Ыйман тилегиле, молдокелер. Баардыгын Жараткан ордуна Өзү келтирет. Бузукулук болсо “именно” силердин араңарда абдан өнүккөн. Аны баарыбыз билебиз.
    Олжобай баатыр атайын чыгынып, демди жыйнап, сайт ачып, элге өзүнүн сергек ой-пикирлери менен чыгып жатканы — баарыбыз үчүн үлгү боло турган иш. Мына ушуну коомдук ишмердик дейт.
    Ал эми айрым талаш маселелер — талкуу учурунда өз ара түшүнүү менен кабылдана турган нерсе.

  3. Биз Санжыранын» «Жаргылчагында бир сыйра ийленген «бир аял, эки-үч аял жана сойкулук» деген жагдайдагы берүүсүн көрдүк. Бул — учурдун бүйүр кызыткан проблемаларынын бири. Журналист-публицист Олжобай Шакир менен ажы Өзүбек Чотоновдун ортосундагы дискуссия абдан кызык болду. Бул берүүнү уккандардан эч ким кайдигер калбады деген ойдобуз.
    Өзүбек ажынын ток этер жерин айтсак: «эгер экинчи аял болуп тийбесе, анда кыргыз кыздар бүт сойку жана башка улуттардын бүлөсү болуу жолуна түшөт, эркектер ойноштук менен шугулданып, жолдон чыгат» деген ойду байкадык. Өзүбек ажы, «биз аравиялык инвестицияларга 150 батир куруп берип жатабыз деп тарс эттирди. Ал эми 2300 мечит жөнүндө кеп жок. Орусча айтканда, «остаточный принцип», же эл көзүнө чөп салуунун сонун амалын таап алышыптыр. Акчанын артканына эптеп-септеп жампайган там салып берип коюшат, ал эми мектеп ордуна жалаң диний имараттарды курууга күч үрөп жатышат. Мурун журналист, шоу-бизнесте жүрүшкөн айрым «жаңы молдолор» кымбат баалуу унааларды тээп калышыптыр. «Жигули» же «Даэво» эмес, 100 000 доллардык арабалар. Бирин-экин акындарыбыз да диний фанатизмдин туусун көтөрүп ырдап калышыптыр. Тимеле сөздөрү сонун!
    Кеп идеологияда болуп жатат. «Улутту талкалоо үчүн душмандар адегенде молдосун алып келет, же элди молдо кылат, анан арамиясы келет, же ич ара кырылыштырып, кутум уюштурушат» деген ата-бабалардын олуялык менен айткан создөрун унутпайлык, кыргыз туугандар. «Сен кыргыз болбой эле кой, мусулман бол» дегенде келмең оозуң келип, бетпактыктын чеги жоктугун көрөсүң.
    Адегенде улутуңду сакта, анан дин маселеси өзүнөн өзү чечилет, айбандар! Кыргыз элим эч убакта Исламдан кетпейт. Ашкере исламдаштырабыз деп, ата-бабаларыбыз табынып келишкен жакшынакай баёо динди жек корсөтуп жатасыңар, таксырлар.
    Ошол эле убакта «биз Исламга каршыбыз, бул динди жоюш керек» деген башка фронт дагы чыкты. Бул дагы кыргыз элине каршы чабуул болуп эсептелинет. Түрк элдеринин болгон таянычы ушул Ислам дини болуп келген, болбосо, биз сыяктуу улуттар сайда саны жок, чачылып жоголгон элдер сыяктуу Жер үстүнөн табылбай калмак болчу! Ногойлор кана, ойроттор кана, сарматтар кана, ал эми биздин көңкү каршылашыбыз болуп эсептелип жүрүшкөн калмактар жана монгол-бурят, хакас, тыва элдери жанталашып буддизмдин бир канатына кире калып, эптеп 1% аман калышты. Дин адамды адам кылып, ыйыктыкка, пакизалыкка үндөйт, элди бириктирип, сактайт.
    Исламды чанбайлык, салттуу, жоош муслимдик касиетибиз менен калалык. Агрессивдуу исламчылык төбөлдөрү, аралаш христианчы Американын бийлигинин коштоосу менен, өнүккөн мамлекеттерге ыза болгон тейде, адам баласы жек көргөн жанкечти террорчулукка, цивилизацияга каршы чабуулга баш коюп алышты. Ал калктардын артта калуусуна Батыш күнөөлүү эмес, өнүккүсү келбеген өздөрү күнөөлүү го.
    Малайзияда Мохаммед Мохатхир , Сингапурда Ли Куан Ю деген жетекчилер экономиканы, саясатты, социалдык иштерди жана динди гармониялык ыргакка келтире алышкан. Малайзиядан эмне үчүн террорчулар чыкпайт? Эмне үчүн ал жакта «жоогазын» революциялар жок? Анткени, алар өздөрү үчүн баргер турмуш куруп алышкан, жан кечтиликке экономикалык муктаждык жок. Малайзиянын лидерлери өнүгүүнүн улуттук порумдагы мыкты түрүн таап алышкан: ал «ар бир адамдын жеке эркиндиги менен демилгенин айкалышы».
    Ал эми дагы бир «Чыгыш жолборс» мамлекети Сингапурду башкарган Ли Куан Ю айткан: «Сауди аравиядан келген миссионерлердин өлкөбүздө вахабизмди таратышына жол бербедик. алардын «мечит кургула, динди жайылткыла, акча беребиз» деген диктовкасын четке кактык, элди алаксытма диний агымдарды жоготтук» деп. Сингапурда буддизм, христианчылык, ислам жана башка диндер бирине бири тоскоолдук жаратпастан, эл тынч жашап жаткандыгынын себеби — мамлекет башчылар сабаттуу идеологиялык саясат жүргүзө алышкан!
    Эми эки жана андан көп аялга үйлөнүү маселесине кайрылсак, бул бүгүнкү Кыргызстан үчүн актуалдуу эмес! Себеби, элдин интеллектуалдык жана рухий деңгээли азыр таптакыр башка. Аялдар да. эркектер да сабаттуу, саясий жана экономикалык көз караштары терең. Ар бир ургаачы өзү каалап тийеби, же эркектин сунушун кабыл алабы, өз иши. Эч ким эч кимди мажбурлабайт.
    Башка маселе, эгер АЙРЫМ ГАНА кыз-келиндер жаштайынан басынып, турмушунан аксап, психологиялык кысымдарга туш келип жана диний апийимге ууланып калган болсо, анда алар экинчи жана үчүнчү, төртүнчү аял болуп тийе беришет. Эркин өскөн айымдар эч убакта токол болбойт, же болсо дагы терең «расчет» менен, же сүйүүнүн касиети менен макул болушат. Калыптанып калган салабаттуу коом эч убакта моногамиядан кетпейт. Бул, талашпай турган аксиома.
    Биздин коом көп катмарлуу. Эң төмөнкү бомж, тупкүргө чөгүп кеткен, андан кийин кылмыш чөйрөсүнөн баштап, орто таптарга чейин өзүнчө калың катмар бар. Орто таптардан элитага чейинки жолду баскан жарандарыбыздын ой жүгүртүүсү кенен, турмушка жана жыныстар аралык мамилелерге коз караштары европалык таризде өнүккөн. Ошондуктан Өмүрбек ажынын кыздарды басынтып сүйлөгөн сөздөрү алар үчүн кытай куурчактын «мамалаганындай»эле нерсе. Орой айтканда, ажыларыңдын «насааттарын» уруп да коюшпайт, ал «насыяттар» — коомдук пикирге эч таасир тийгизе албайт.
    Олжобай баатыр атайын чыгынып, демди жыйнап, сайт ачып, элге өзүнүн сергек ой-пикирлери менен чыгып жатканы — баарыбыз үчүн үлгү боло турган иш. Мына ушуну коомдук ишмердик дейт.
    Ал эми айрым талаш маселелер — талкуу учурунда өз ара түшүнүү менен кабылдана турган нерсе.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.