АҢГЕМЕ

Кийинки жылдары колхоз мүлкү ээси жоктой сезим калтырган. Колхозду тоноо ачык эле башталды, болгондо да бул тоноону “чоңдор” өзүлөрү көрсөтүп койбодубу. Чак түштө колхоздун кампасынан буудай, жүгөрүнү кап-кап жүктөшүп бригаттин, райистин үйүнө түшүрүшөт. Жем-чөп да ошондой. Кийин бара-бара уурдамай карапайым колхозчуларга да жетти. Бышкан маалда колхоздун алмасы алмадай, бедеси бедедей уурдала берди. Күндүз колхоз талаасында иштеген эл түңкүсүн алдуу-күчтүүсү каптарын көтөрүп бак алмага, талаага жүгөрүгө, бедеге уурулукка жөнөгөн.
Бакта да, талаада да, кырманда да кароолдор турганы менен алар өздөрү баш болуп уурулукка барышкан. Колхоз мүлкүн көз карегиндей сактаган мурунку кароолдор жок. Түн катып жонуна жүк көтөргөн ууру колхозчулар колхоз мүлкү түгөнүп калат беле дешти. Алар мурункудай бригаттан да коркпой калышкан. Кийинки бригаттар Кадырбектей катаал, колхоз дегенде жанын бергенге даяр эмес, эптеп эле иштегендер болду. Бир чети мезгил да өзгөрдү. Колхоз таасири мурункудай эмес. Баягыдай бул колхоздуку эле, бригат урушат, кароол көрсө милицияга берет деген коркунучтар азайган. Эгер күпкүндүз кимдир бирөөнүн уйу колхоздун эгинине түшүп калса, аны ким болсо да көрмөксөн. Жей берсин, колхоз эгининин чети оюлуп калмак беле дешкен. Мунун баары колхозду карызга кептеген, берекесин кетирген. Колхоздун жан күйөр ээси жок болуп калган эле.
Өмүр бою колхозго эзилип иштеген эл андан эч кандай чеке жылытарлык жакшылык көрө албаса эмне кылат. Колхоз кадыры эл ичинде жоголуп, ага ишенбей калышкан. Ошон үчүн колхозчулар бойго жеткен уулдарын, кыздарын колдон келишинче колхозчу кылбоого аракет кылышкан, окууга, кесип алууга жөнөтүшкөн. Башка жактан кызмат таап иштөөсүнө чоң аракет жасашкан. Айласы жоктордун гана уул, кыздары колхоздо калып калышкан.
Эгемендик менен кошо колхоздор жапырт жоюлду, анын ичинде апам Таажыгүлдөй аялдар бир өмүрүн берген “Москва” да тарады. Колхоздун тарашы ушунчалык тез болду, аны колхозчулардын көбү билбей да калышты. Кыштан көтөрүм болуп чыккан колхоз кой-козуларынан беш-алтыдан түтүн баш сайын акыңарга деп, учу-кыйырсыз созулуп жаткан колхоз талаасынан ар бир киши башына 2 сотыхтан жерди үлүшкө бөлүп беришти.
— Ушуну менен колхоз тарады, мына жериңер, мына малыңар, — деди колхозчуларга бир кагазга кол койдуртуп жатып айылдагы акыркы колхоз бригадири Каныбек. – Эми ар ким өз тирлигин өзү каалагандай жүргүзө берет. Мурункудай арыз-муңуңарды айтып, эмгек акыңарды сурап бара берер колхоз контору эми жок.
Колхоздон кутулуп эле анын эртеси колхозчулардын жашоосу жакшырып кеткен жок. Алган кой-козулары жазга жеттпеди. Жаз келгенде үлүшкө алган жерлерин трактор жок айдай албай, жеке менчикке өткөн гектарлаган жерлер эгилбей калды. Колхозчулардын колхоз менен коштошкон биринчи жылдардагы турмуш акыбалы кыйындады. Колхоздун тарашы менен анын гаражындагы трактор, комбайндардын баары райис, бригадир, парторг, бухгалтерлердин короосуна келип токтогон эле. Мал сарайлар да алардын туугандары, достору жана колунда бар адамдардын карамагына өттү. Карапайым колхозчулар муну көрүп турушса да, колдорунан эч нерсе келбеди.
Колхоз жоюлуп, баары жеке чарбага айланып кеткени менен “колхоз” деген түшүнүк көпкө чейин элдин аң-сезиминде кала берди. Колхоз мезгилинин жашоо нормалары, эрежелери, башкаруу ыкмалары эл көкүрөгүндө бүгүнгө дейре жашап келет. Жаман, жыртык-журтук кийимчен айылдашымды же тууганымды көрүп калып:
— Бу сизге эмне болгон, түзүгүрөөк кийинбейсизби,- деп чыдабай суроо узатсам, ал камаарабай:
— Бизге, колхозчуларга боло берет, — деп жооп берчү.
Колхозчуларга боло берген, жүрөк ооруткан ушул көрүнүштөр көп эле. “Колхозчунун тамагы ушул да, мындан артык кайдаан” дешчү айылдыктар эптеп жеген тамагына топук кылып. Колхоз өзүнүн карапайым мүчөлөрүн ого бетер карапайым кылып, баш көтөртпөй иштетип, жашоого, өмүр кызыгына болгон амбицияларын биротоло өчүрүп салган. Колхозчулук аң-сезим аларды бир өмүргө чырмап, колхозчулар ушунчалык жөнөкөй жашашкан, иштеп-иштеп жетекчилигинен эч нерсени талап кыла алышкан эмес. Момундук, маңыроолук, ишенчээктик жана кайдыгерлик буларды биротоло байлап алган.
“Айылга кетсең, бир колхозчуга тиесиң да” дешип окууга келген кыздарды шаардан кетпөөгө үндөшкөн. Уулун үйлөнткөндө колхозчулар “өзүбүздүн карапайым колхозчу кызга жетеби” дешип өз айылынан уулуна колукту тандоого аракет кылышкан. “Колхозчунун деңгээлине түшүп калыптыр” дешкен арак ичип, иштебей, турмушу начарлаган мурдагы мугалимди же врачты. “Колхозчунун үйүндөй кылбай үй-жайыңды ирээттеп, оңдобойсуңбу”, — дешкен тамы жүдөө адамды. Шаарда болсо кичине бир олдоксон нерсени же кийингендери жүдөө адамдарды, анан орусча билбей кыргызча сүйлөгөндөрдү “колхоз” деп шылдыңдап, теңсинбей, жаман көрүшкөн. Бир нерсеге сын айтканда да бул силерге “колхоз” эмес деп салыштырышкан.
Ушундай, колхоз өз мүчөлөрүн жүдөө күткөн, эзип иштеткен, карапайым калкты камтыган, башкаруу ыкмасы бүтүндөй авторитардык чарба жүргүзүүнүн бир түрү катары бир топ жыл өкүм сүрдү. Мына бүгүн колхоз тараганына 25 жылдан ашса да “колхоз” деген салыштыруулар ушинтип дагы эле колдонулуп келет. Колхоз эбак тараганы менен ал элдин аң-сезиминде ушул күнгө чейин момундук, маңыроолук, карапайымдык менен окшоштурулуп жашап келет.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.