2016-жылы «Бийиктик» басмасы (азыркы аталышы — «Улуу тоолор» басмасы) тарабынан жарыкка чыккан «Жаш акындар жыйнагына» көз жүгүртүп отуруп, адабият астанасын аттаган сүрмөтоп жаш калемгерлердин көркөмдүк талапка жооп берер ырларын тандап, «РухЭш» сайтынын окурмандарынын сынына коюуну эп көрдүк. «Ылганган ырлар» топтомубузга тандалып алынган төмөндөгү авторлорду окурмандарга тааныштырууда — айрымдарынын сүрөтүн табууга мүмкүн болгон жок…

Ал эми «Ылганган ырлар» топтомубузга чыгармасы кирбей калган жаш калемгерлер биздин тандообузга капа болбоңуздар… Учур адабиятында сын жанры солгун болуп тургандыгын эске алып, сын жазбасак да, эч болбосо адабияттын агы менен карасын ылгоо мезгили келди го деген ойдобуз… Албетте, биз жарыялаган ырлардын баарын төгөрөгү төп дегенден алыспыз, бирок ошентсе да поэтикалык ой туюмун жеткире алган жаш калемгерлердин чыгармаларынын 1-бөлүмүн кеңири катмардагы окурмандар сынына койдук. Алдыда да 2-чи жана 3-бөлүгүн жарыялап болгон соң: ушул жылдын соңунда Кыргыз адабиятынын күнүн белгилөө максатында «РухЭш» сайты адабий сын макалалар жана адабий талдоолор үчүн чоң адабий конкурс жарыяламакчы… Аталган конкурстун Жобосун жакынкы күндөрдүн биринде жарыялайбыз…

Айгерим Токтоналиева — 1992-жылы Нарын облусуна караштуу Учкун айылында туулган. Аталган айылдын Э.Токсобаев атындагы мектепти аяктап, 2010-жылы Бишкек гуманитардык Университетинин “Славян таануу” бөлүмүнө тапшырып, 2014-жылы ийгиликтүү аяктаган. Аталган окуу жайдын “Журналистика” бөлүмүнүн магистранты. “Алмаз” радиосунда алып баруучу жана музыкалык редактору. Эл аралык ПРООН уюмунун мүчөсү. “Жаңы толкун” адабий клубунун мүчөсү.

МЕНИН БАТИРИМ
Төрт дубал, бийик чатыр, жалгыз айнек,
Төгүлгөн күлкү, ыйга күбө болгон.
Ушул үй, ушул батир, ушул көчө,
Мен сага борбор шаардан бүлө болгом.

Окуган окуу жайга барып кайтып,
Оюлуу шырдагыңа боюм таштайм.
Оорусам күйүтүмдү дубалга айтып,
Оролуп, төшөгүмө көзүм жаштайм.

Тигилип айнегиңе, терезеңдин,
Тизилип өтүп жаткан мезгил көрөм.
алты кар кечкен менин чокоюмду,
аярлап мештен чыккан тапка көмөм.

Баасы арзан, бирок барктуу батирим ай,
Мендейдин канча муңун уктуң экен.
Мээримдүү жер да кээде силкинүүдө,
Мелтиреп кантип чыдап турасың сен.
Төрт дубал, бийик чатыр, жалгыз айнек,
Төнкөрүш кылбай кантип турасың сен.

БАТИҢКЕ ЖАНА МЕН
Үн катпастан жаздыктан баш көтөрүп,
Жамалымды тиктеп алып күзгүдөн.
Жалгыз аяк жолго түшөм, көшөрүп,
Өңүм купкуу, кабарым жок күлкүдөн.

Сүйрөгөнүм бутумда оор батиңке,
Мени менен сапарлаш да санаалаш…
Оорукана, окуу жайда, батирде,
кошо жүрөт көп буттарга аралаш.

Экөөбүздөн калган издер бөлөкө,
Мейли пайда, мейли зыян кылбасын.
Түшүрбөстөн өзгөлөргө көлөкө,
кадамдардын катарынан тынбасын.
Бар болгону адал болсун кадамдар!

Акбар Кубанычбеков — 1992-жылы 22-апрелде Нарын облусуна караштуу Ат-Башы районундагы Кара-Суу айылында туулган. 1999-2010-ж-ж. Бишкек шаарындагы Т.Сатылганов атындагы №69-гимназияны бүтүргөн. 2010-2015-жылы Ж.Баласагын атындагы КУУнун кыргыз филология факультетине тапшырып, артыкчылык диплому менен аяктаган. 2012-жылы акындын «Периштенин канаты» аттуу алгачкы ырлар жыйнагы жарыкка чыккан.

Учурда «Марал» радиосунда «Сыя» автордук программасын жана коомдук биринчи каналдын «шайыр апалар» телефестивалын алып барат жана Силк Роуд Эл аралык мектебинде окутуучу.

КӨЛ МУҢУ
Жыл айланып дагы келдим ыр көлү,
ачылбастан каш-кабагың бүркөлүү.
Сыртың салбай. Мени күткөн адамдай,
Сырың айттың, муңуң айттың жүйөлүү.

Кошо кейип тыңдап турдум көл үнүн,
канап жүрөк, кайчыланып көңүлүм.
Батпачудай коюнуңа толкундап,
Буркан-шаркан чачып жээкке көбүгүң.

Азыркыдан көп үмүтүм кыркылды,
ары карап эске салсаң миң жылды.
Манас кечпес көлүмдү
Маңкасы да, танкасы да,
алкашы да ит кылды!

Алтын нурун көлгө төккөн ай барат,
ал да билет келээр замат жай да бат.
ак куу толгон Ысык-Көлдүн төрүндө,
Тарп издеген карга-кузгун айланат.

Эч токтобой айта бердиң арманың,
Эрип отко бараткандай жан жалын.
Эми сени ойлоо менен кеч кирип,
Эстөө менен тосуп алам ар таңым.

Эх Ысык-Көл, темир беле сабырың?…
келечекте баркың билээр жаңы муун…
Бапестешет, бүт ааламга даңкташат,
Табиятың, тамчы сууң, таш-кумуң.

Чыда көлүм калды күндөр аз гана,
Чалкып ойсуз жаткандыгың бак мага.
ачууланып жээгиңдеги кыргызды,
Тереңиңде калган шаардай каптаба.

Асман күзгү сага болгон тунук жар,
алаксыгын арманыңды унуткар…
Бөбөктөрдөй түркүн түстө эрте-кеч,
нур денеңе сүрөт тартсын булуттар.

Кадырына көлдүн жетпей жалпыбыз
кандай гана азыркы доор бактысыз…
27.07.2016

ЖЕР КЕМЕ
Карачы, улуу күндү жаратканын,
карачы, түндү коштоп таң атканын.
арбалып аруу таңдын деми менен,
ар күнү кызык издеп барат жаным.

Акылың ашса дагы айдан нары,
ааламга эң кереги пайдаң бары.
адамга эч чарчабай кызматында,
ай жерди, а жер күндү айланганы.

Жер баккан, жер сыйлаган бакка конор,
Желпинип кордогондор ачка болор.
Сен эмес эмгек кылып ар убакта,
Салмагын кармап турат аска-зоолор.

Кыямат күн салганда калбырына,
кейийсиң кең ачылган алкымыңа.
Жер үстүн бир арыштап бөлгөн менен,
Жер асты бирдей тура баардыгына.

Элдердин илгеркиден эрки башка,
Эңсөөсү – көксөгөнү черди жазса…
Элирип энең берген белек көрбөй
Эртелеп эгем берген жерди сакта!

Өмүрүң өткүчөктү ирмем жалаң,
Өзүмчүл жүзүн ачып күлгөн заман.
Өзгөгө алданганың эч нерсе эмес,
Өзүңдү өзүң алдап жүргөн жаман.

Пенденин жырткычына түтүп жүрөк,
Пейилдин оңолушун күтүп жүрөт.
Адамга ак кызматын өтөп коюп,
абада биздин кеме сүзүп жүрөт…
Акжол кызы Роза — 1994-жылы, 1-апрелде Бишкек шаарында туулган. 2001-жылы Баткен облусуна караштуу Лейлек районундагы Маданият айылынын «Маданият» орто мектебинин босогосун аттап, андан соң 2012-жылы мектепти бүтүргөн. Бишкектеги Ж.Баласагын атындагы кыргыз Улуттук университетине тапшырып, 2016-жылы ийгиликтүү аяктаган.

ЖАЗ КЕЛДИ АПА!
Жаз келди апа!
Мээрин төгүп сендеги ыйык, энелик бир сезимдей,
Мээлүүн шамал үйлөйт бетке сенин жылуу демиңдей.
Жер энебиз жашарууда кийип жашыл көйнөгүн,
кудум эле сенин сулуу, сенин жапжаш кезиңдей.

Жаз келди апа!
Мен көйнөкчөн баскан сайын, ырдап жолдун четинен,
Сен сымал күн кызарганча өбөт эки бетимен,
ак булуттар көк асманга саят сайма шырдактай,
коюнума кубанч батпай, танып турам эсимен.

Жаз келди апа!
Жыпар жыттуу, шибер жыты туш тарапта буркурайт
Түн ансайын мемиретип, магдыратып тунжурайт.
Сен сымал ай жарык чачып он сегиз миң ааламга,
Жылдыздардын көптүгүн айт, көз уялткан …нурун айт.
Мирлан Алтымыш уулу — 1992-жылы 3-февралда Кочкор районундагы Чолпон айылында туулган. 1999-жылы Токмок шаарындагы М.Фрунзе атындагы орто мектебине кирип, 2010-жылы аталган шаардагы Ж.Саадаев атындагы орто мектебин аяктаган. 2016-жылы Ж.Баласагын атындагы КУУнун кыргыз филологиясы факультетинин аяктаган. Эл аралык «Нурбобор» чыгармачылык академиясынын жана республикалык “Айтыш” коомдук фондунун мүчөсү. 2013-жылы Кыргыз радиосу уюштурган “Таланттар таймашы” сынагынын жазма акындык боюнча баш байгесинин ээси. 2014-жылы кыргыз патент уюштурган “Жаш калем” сынагынын баш байге ээси.

2014-жылы “Сүйология” аттуу поэтикалык китеби жарык көрүп, 2015-жылы аталган китептин 2-басылышы жарык көргөн.

ТАҢ КАЛАМ
Көчмөн турмуш турган менен миң экчеп,
кыргыз элде даанышман көп, зирек көп.
Таң каламын «астрономия» болбосо,
Жылдыздарды кантип таанып билет деп!

Ал кез… кылыч, найза кармап согушкан,
ал мезгилди ойлой берем болуп таң.
Обсерватория, телескобу жок туруп,
кантип кыргыз «астроном» болушкан? …

Боз үйү бар кыргыз кантип билбесин?
Түндүк түрүп ачып жатса түндө тим.
Түндүгүнөн жылдыз карап түн бою,
«Телескобу» түндүк болуп жүрбөсүн?

Арбын эл бар далалатын жасаган,
Түйшүк менен жылдыздарды атаган.
а кыргыздар көчмөн турмуш кечирип,
Боз үйүндө жылдыз санап жашаган!
“Тезек терип” жүрө бербей коктудан,
Туу чокуда жылдыз терип жашаган!

БАБАЛАРДЫН СУРАГЫ
«Эй, кыргыздын балдары,
сиңген ыйык кандагы,
намыс кайда, ар кайда?»
дейт аталар арбагы.

«Каска шилтеп найзаны,
калкка арналып кан-жаны,
алып берген жер кайда?»
дейт аталар арбагы.

«Өткөн кыргыз хандары,
өcкөн бектин балдары,
алтын ордо каякта?»
дейт аталар арбагы.

Чечен тилде айтылган,
Баасы кымбат алтындан,
асыл мурас каякта?
Ата-бабаң калтырган!

Бактыгүл Сексенбекова — 1993-жылы 15-октябрда Нарын облусуна караштуу Ак-Талаа районунун Үгүт айылында төрөлгөн. М.Баетов мектебин артыкчылык менен бүтүрүп, Манас университетинин Түркология бөлүмүн аяктаган. Учурда БГУнун кыргыз филологиясы кафедрасынын магистранты.

* * *

Сабалап төгүп, күн сайын жаздын жамгыры,
Сагаалап чыкты сөөлжандай ойдун бардыгы.
ашыктык оту күйгөндө төгүп муздак суу,
айтчы, сен деги, албаган өчүң калдыбы

Жааганда төгүп, токтобой жаздын жамгыры,
Жуулгандай болду чаң баскан ойдун бардыгы.
Бир гана сени эстетип кайра күчөдү,
Билинбей калган баягы дарттын калдыгы.

Жамгырдан дүйнө жашарып кайра гүлдөчү,
Жаркыным мени алыстан деле сүйбөчү.
Түйүндү чечип, жаңы жол салып турганда,
Түйшөлтүп кайра түшүмө деле кирбечи.

Бердибек Жамгырчиев — 1987-жылы Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Ак-Терек айылында туулган. Бишкек гуманитардык университетинин кыргыз филологиясы факультетин бүтүргөн. “Жүрөктө калган бир ысым” китебинин автору. А. Осмонов атындагы сыйлыктын лауреаты, кыргыз республикасынын улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү.

КӨЛ ЖАНА СЕН
Тагдыр мени кулатып бийик жардан,
кайгы тонун бир кезде кийип калгам.
көпкө жүрүп ошондо көл жээгинде,
көл толкуну көөдөнгө уюп калган.

Жакындыктын сездирген кыйла чынын,
Жаркын көлүм, жашоомдо кыйбас ырым.
Жатып алып кээ күнү көл жээгинде,
Жаш баладай бышактап ыйлачумун..

Сезип мага көлүмдөй өң керегин,
Сени дагы бекерден көл дебедим.
Сырттан карап сыпайы күлүп койбой,
көөдөнүмдү аңтарып көр дегеним.

Көлдөн алып көп кубат керектедим,
көлсүз жашоом кызыксыз демек менин.
Жан-дүйнөңдүн добушун тыңдаган соң,
Жарым түндө көлдү анан сени эстедим..

Көркөм, таза сулуулук тагынышып,
көл жана сен, экөөңдүн табың ысык.
Көз моокумун кандырат караганда,
Жүзүңөрдөн кызгылт нур чагылышып.

Көл жана сен, өзгөрбөй бирдейсиңер,
Жамандыктан жакшыны иргейсиңер.
Аруулуктун жамынган ак көйнөгүн,
кыянаттык барын да билбейсиңер.

Көл жана сен, сүйүүмдүн кең мекени,
Табыш кайдан силерге теңдеш эми.
Көңүлүмдү тынчытат бир ойлосом,
көлдөй терең бакыттын сенде экени.

Эгиздердей бир болуп көл үчөөбүз,
Эстен кеткис ирмемде көрүшөбүз.
Жакындар да билбеген анык сырды,
Жашырбастан болгондой төгүшөбүз.

Экөөңөргө эң аруу сөз гана тең,
Эс-дартымдын энчиси көл жана Сен!!!

АКЫН ПИРИ АЛЫКУЛГА
Өлбөстүгүн далилдеп ырга айланган,
Өнөрүнө баш ийдим Алыкулдун.
Жан дүйнөмдү ойготуп акын ыры,
Чоң уйкудан мен бүгүн жаңы турдум.

Айланса да мезгилдин жаңы сааты,
ыйык тутат ырларын кары жашы.
Тамчысынан жамгырдын дайра курган,
ыр дүйнөнүн Алыкул падышасы.

Таамай аттап тулпардын арышындай,
Таза жазды ырынан чаң учурбай.
Ата журттун ордуна өзүн коюп,
Эч ким ооруп бералбас Алыкулдай.

Ар бир сабы жүрөктүн дарысындай,
Болсо болсун акындар Алыкулдай.
Өлсө дагы мүрзөсүн жара тепкен,
Буудан деген чынында дал ушундай.

Кылат го пенделик өзгө жанды,
Тазалыкты ырдагы көлдөн алды.
Казылбаган алтынды элестетип,
Жазылбаган канча сап көрдө калды.

Эх, Алыкул… буюрбай өмүр теңи,
Ээрчип жүрүп алгандай өлүм сени.
Ырларыңа ызалуу муңун кошуп,
ыйлап күтүп жаткандай көлүң сени.

Эх, Алыкул….буюрбай өмүр теңи,
Ээрчип жүрүп алгандай өлүм сени.

Момуналиев Жоомарт Сагынбай уулу — 1990-жылдын 23-июнунда Токтогул районуна
караштуу Бел-Алды айыл аймагынын Сары-Сөгөт айылында туулган. Ы.Алымбеков атындагы орто мектепти 2008-жылы аяктаган. 2009-жылы ОшМУга караштуу Арашан гуманитардык Институтунун Теология факультетине тапшырып, аны 2014-жылы бүтүргөн. 2012-жылы БГУ уюштурган «Кудайга миң мертебе калп айтсам да, ырыма бир мертебе калп айталбайм» аттуу жогорку окуу жайлар аралык поэзия кечесинин жеңүүчүсү.

Мекеним
Мекеним алтын бешик жердегеним,
Мен сенден ырыскымды термеледим.
Өмүрүм алмашса да өлүм менен,
Өзүңдүн кучагыңда термелемин.

Төрүңдөн даамын татып тирүүлүктүн,
көлүндөй терең тунук сүйүү күттүм.
кар баскан тоолоруңдан кубат алып,
келатам шарданында тириликтин.

Коргогон тоо ташыңды жаны менен,
калкымдын маңдайдагы багы белең.
Жашаймын ыйык тутуп турпагыңды,
Жуурулган бабалардын каны менен.

Бүтүн бол. Бак таалайың бөксөрбөсүн,
Бөтөнгө карыш жериң тепселбесин.
Булуту каптабасын жамандыктын,
Бул күндө бажырайган көктөмдөсүң.

Кыргыз жигиттерине
кайратка кел кыргыздын жигиттери,
карга болбой бүркүт бол бийиктеги.
Улуулука бет алгын майдаланбай,
Улуу элдин болгон соң үмүткөрү.

Ала-Тоонун кырындай бийик болгун,
аккуланын сынындай күлүк болгун.
ата-журттун суугуна, ысыгына,
атаң Манас сыяктуу күйүп тоңгун.

Өйдө болгун ар дайым айдан, күндөн,
Өнөр менен элиңе пайдаң тийген.
Эл деп жаша мен дебей бул жарыкта,
Эрте кечтир өтөт бул жалган дүйнөң.

Эрлан ЖУМАГАЗИЕВ — 1983-жылдын 20-октябрында Кочкор районундагы Кара-Мойнок айылында туулган. 2007-ж. И.Арабаев атындагы КМУнун алдындагы Мамлекеттик тил жана Маданият институтун аяктаган. Ырлары басма сөз беттерине, альманахтарга жарыяланган. «Жан дүйнө жаӊырыгы» поэтикалык жыйнагынын (2010) автору. Эл аралык «Нурбобор» чыгармачылык академиясынын жана «Калемгер» адабий клубунун (2004), Жазуучулар союзунун (2011) мүчөсү.

АТА ЖУРТ
Жабыркап жан дүйнөӊө бүлүк түшө,
Жалооруп балдарыӊдан үмүт күтө.
азапка батып турсаӊ ата журтум,
анда мен чыга албасмын бийиктикке!

Асмандан салып сага булут сурун,
арамдар ылайлантып тунуктугуӊ,
кууралга чөгүп турсаӊ ата журтум,
курусун анда менин улуктугум!

Билинбей улам алга өрүүлөгөн,
Бийиктик, улуктугум сени менен!
Береке, бейпилдикте чалкып турсаӊ,
Бейиштин чыгар элем төрүнө мен!

ЖОКТОО
Көр түйшүгү тажатканда калаанын,
көңүл дегдеп туулган жерге барамын!
Кучак жайып, тосуп алат айылым:
«Кутулгун, — деп, — туткунунан санаанын!»

Кабар-дайным сурачудай жүгүрүп,
каршы алдымдан тосот жолдор түрүлүп!
«Балаң келди, сүйүнчү!» — деп жаткансыйт
Бак-дарактын бутактары ийилип!

Тазартчудай ичте буккан абаны,
Так маңдайдан согот муздак шамалы.
Сезимдеги борсук жытты кетирип,
Сергитсем деп жаткан сыңар а дагы!

Жандүйнөнү курчап турган чеп сыяк,
Жаагын жанат суулар сайда кеп курап.
Кой кайтарчу кокту-колот, саз тарап,
«Койчуман уул келген экен» деп турат!

Күндүз күнгө, түндөсү айга кошуна,
күтөт уулун калкагар тоо, чоку да!
«Саман жүздүү уулум, кандай алың?» — деп,
Салам айтат аңыз, шалбаа озуна!

Турмуш кургур сөөгүн мүлжүп, кажыган,
Туулган жерим күтөт уулун саз ыраң.
кучак жайып тосуп албайт бир гана,
курган апам, суу айлантып башыман!

Тоссо дагы туулган жерим, турагым,
Тоспойт жалгыз маңдайымдан сылаарым!
«Бейишин бер, оо, Жараткан!» — деп тилеп,
Бейитинде куран окуп турамын!

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *