Жетимиш жети тил билген мерген

Бурят жомогу Илгери өткөн заманда бир мерген жашаптыр. Ал бир жолу да жаза атчу эмес жана бир жолу да үйүнө кур кол кайтпаган. Бирок бир күнү жер ааламдын баарын кыдырып жүрүп, ырымга жок дегенде бир чымчык да ата албай олжосуз кайтат. Көңүл чөгүп, токойдо уктап кетти. Түшүндө аны айланчыктап сары жана көк туман кетпей коёт. Ойгонуп кетип караса, чын эле айлананын баары көк жана сары туман. Коркуп кеткен мерген мылтыгын алып атканы калды эле, туман ичинен адамдын үнү угулду: — […]

Элмирбек ИМАНАЛИЕВ: «Көрүп тур» менен «угуп ал»

АҢГЕМЕ   Көрүп келейин дегени эле эсимде. «Ушул жерден алыс кетпе, мен көрүп келейин» дейт. Ичимен «эмнени көрүп келгени калды?» дейм. Аялдар базарга келгенде эле көргөндөн көрө элеги көп болуп чыгат. Жөн кетпей мени дагы «көрүп тур» деп коюп, өзү базардын көрөн-шөрөн саткан бир катарына сойлоп жок болду. Алган менен бергендин, жалган менен чындын, арзан менен кымбаттын тузуна чыланган базар кайнап турду. Кээ бирөөлөр жерге малып алган башын өйдө көтөрүп, бир көзүн ыкшыйта жумуп, базардын как чокусуна келип алган күндү шыкаалайт. […]

Молдолордун Жаңы жыл майрамына каршы чыкканынын бир себеби

ЖОМОК Ак сакалы жайкалган Аяз ата те илгери чыгыптыр, ал эми кара сакал Молдоке кийин пайда болот. Пайда болору менен Аяз атага айдарын тиге баштайт. Ал окуя мындай: Молдоке машварачылары менен дааватка чыгып жер кыдырып, эл аралап, дин баян куруп жүрсө, алдынан чыккан эле бөбөк колуна момпосуй кармап жүрөт. Башка белектери да бар. Белекке жетпей калган бөбөктөрдүн кээси дааватчылардын алдынан тосо чуркап «Аяз ата, Аяз ата! Аяз кызыңыз кана» дешип момпосуй сурашат, белек-бечкек сурашат. А дааватчылардын балдарга берер белектери жок […]

Мусулман санаты: Өзүңдү жеңүү

Узак убакыттар бою карандай калп менен пайдасыз нерселерге кулак түрүү жүрөктү ууктуруп тынат. Кимде ким бүтүндөй өмүрүн майнапсыз жашагысы келбесе, жүрөгүн уу кептерге чылабасын. Абдулла ибн Хубайк Кудайга болгон мамиледе кимдин жүрөгү таза болсо ошол – сопу. Бишр ибн ал-Харис ал-Хафи Эгер адамга төөнүн кыгынан шорпо кылба десең, тескерисинче так ошону кылат. Анткени төөнүн кыгында жакшы бир нерсе болбогондо тыюу салмак эмес деп ойлойт. Пайгамбар сөзү  Какшыган чөлдөгү зергерлердин арасында жашаган бир арапка кезиксем, ошол адам мага: «Бир курдай чөлдө […]

Шакен Мамбетаипованын поэзиясын таануу

Адабий изилдөө КЫРГЫЗ КЫЗЫ Сүйүү болсо сүрөтчүнүн дилинде Сүйлөйт сүрөт бардык элдин тилинде. …Талант болсо акындардын дилинде Таңшыйт ыры бардык элдин тилинде. Ш.Мамбетаипова Ар бир адам – айтылып болгус сыр, ачылып бүтпөс табышмак. Акыры сыр-табышмагы өз башы менен кетээр. Эми ошол «акыркысына» чейин адам эмне болгон адам, неткен жашоо өтөдү, кандай из калтырды артына? Мунун жообу – эл ичинде, өмүр өтөлгөсүндө, калтырган мурасында. Адамдын өмүрүн, ишин баалоодо ар кандай чен-өлчөмдөр болоор, ошентсе да баарыга тиешелүү, уңгулуу бир талаптардын да бар […]

«Сойкулук сөзсүз керек, болбосо эркектер ала жипти аттабас айымдарга напсилерин агытып, көчөдөн эле басып жыгылышмак»

Григорий НАЗИАНЗИН (330-390), грек акыны Дөдөй байлыкка жетсе, досун унутат. * * * Жаман аял үйдү чаңызгыткан куюн.   * * * Коркок эркек, чоркок ой жүгүртөт. * * * Эркектин аялга болгон напсиси тыйылбайт. * * * Жабырланган жандүйнөнүн дарысы – жакшы сөз. Габриэль Гарсиа МАРКЕС (1928-2014), колумбиялык жазуучу Сүйүүнүн өзү өмүр бою айыкпаган дарт. Ал ардайым опурталдуу болуп келген, эми ага СПИД деген да балээ жабышты. * * * Эгер сен чыныгы сүйүүгө кабылдың дегиче – ал сенден […]

Жылкычы ЖАПИЕВ: Калптар

Балдар адабияты Таштан тарамыш кестим, Кумдан аркан эштим. Китти минип, мухитте сүздүм, Акула менен жарышка түштүм. Секирип Айга жеттим, Айдан Марска аттап кеттим. Марстан селкинчек тептим, Асманга эгин септим. Түшүмү мыкты болду, Жылдыздардагы кампам толду. * * * Ысык-Көлгө кайырмак салдым, Алтын балык кармап алдым. Адамча сүйлөп: – Коё бер, – деди, – Аткарамын кааласаң нени? Балыкты кайра сууга салдым, Үч күн өтүп, көл жээкке бардым. Кечке күттүм, келбеди балык, Кеттим үйгө алданып калып. * * * Кийизди жерге кийре […]