Григорий НАЗИАНЗИН
(330-390), грек акыны

Дөдөй байлыкка жетсе, досун унутат.

* * *

Жаман аял үйдү чаңызгыткан куюн.

 

* * *

Коркок эркек, чоркок ой жүгүртөт.

* * *

Эркектин аялга болгон напсиси тыйылбайт.

* * *

Жабырланган жандүйнөнүн дарысы – жакшы сөз.

Габриэль Гарсиа МАРКЕС
(1928-2014), колумбиялык жазуучу

Сүйүүнүн өзү өмүр бою айыкпаган дарт. Ал ардайым опурталдуу болуп келген, эми ага СПИД деген да балээ жабышты.

* * *

Эгер сен чыныгы сүйүүгө кабылдың дегиче – ал сенден бир жума, бир ай, бир жылдан кийин да качып кутулбайт.

* * *

Чыгармачылык эргүү иш кычап турган учурда келет.

* * *

Сени менен убакыт короткусу келбеген адамга убактыңды коротпо.

* * *

Акча – шайтандын кыгы.

НАПОЛЕОН
(1769-1821), Франция императору

 Сойкулук сөзсүз керек, болбосо эркектер алажипти аттабас айымдарга напсилерин агытып, көчөдөн эле басып жыгылышмак.

* * *

Коомдук пикир – бул көчө сойкуларындай.

* * *

Мамлекеттик ишмерлердин жүрөгү мээ жайгашкан жерде болууга тийиш.

* * *

Конституция жазгандарга эскерткени:
Жазганыңар кыска жана түшүнүксүз болсун!

* * *

Генерал Ожерого эскерткени:
Боюңуз менин боюман туптуура бир карыш ашып турат, бирок мени менен сый болбосоңуз, боюңузду азыр эле өзүмкүнө теңеп коём.

* * *

Мени суук кабар келсе гана ойготкула, эгер жакшы кабар болсо, козгобогула!

Которгон Олжобай ШАКИР

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *