Бурят жомогу

Илгери өткөн заманда бир мерген жашаптыр. Ал бир жолу да жаза атчу эмес жана бир жолу да үйүнө кур кол кайтпаган. Бирок бир күнү жер ааламдын баарын кыдырып жүрүп, ырымга жок дегенде бир чымчык да ата албай олжосуз кайтат. Көңүл чөгүп, токойдо уктап кетти. Түшүндө аны айланчыктап сары жана көк туман кетпей коёт. Ойгонуп кетип караса, чын эле айлананын баары көк жана сары туман. Коркуп кеткен мерген мылтыгын алып атканы калды эле, туман ичинен адамдын үнү угулду:

— Мени атпа, мен сага жамандык кылбаймын!

Анан туман заматта ала-була канатчан сары жыланга айланып, минтип кайрылды:

— Канча жылдан бери сары канаттуу жылан менен кармашам да, аны жеңе албай келем! Сен мага жардам кыл!

Мерген айтканга көндү. Жылан кармаш өтөр жерге алып келди да минтти:

— Биз кармаш баштаганда үч жолу көккө көтөрүлүп, кайра үч жолу жерге түшөбүз. Төртүнчү жолкусунда сары жылан мени жеңет да, ал үстүндө, мен астында калам. Ошо кезде мен анын башын сен тарапка каратамын, сен ошондо анын кеседей болгон жалгыз көзүнө атасың!

Ушинтип макулдашты да алар түнөп, таң менен мергенди жылан анча терең эмес орго жашырды.

Бир топ мезгил өтүп, сары жылан учуп келип ала-була канаттуу сары жыланга кайрылды:

— Чык тез! Бол тез! Кармашка кел!

Ал чыкты. Кармаш башталды. Алар үч жолу көккө чыгып, үч жолу кайра түштү. Төртүнчү жолу бийикке көтөрүлдү, ала-була канаттуу сары жылан чын эле жеңилип асты жакта калды. Сары жылан үстүндө. Ошондо ала канат сары жылан атаандашынын башын мерген тарапка каратты. Мерген көздү мээлеп атты эле, сары жылан бакырып өлдү. Дал ошол убакта жерге уулуу сары туман түштү да, андан бүт бак-дарактар, жандуу заттар кыйрап калды. Мергенди болсо берки жылан канат астына калкалап, үч күн, үч түн уу тарап кеткенче чыгарбай турду.

— Жер бетинде уу калбаганда мергенди алып чыгып, ага жылан мындай деди:

— Экөөлөп менин душманымды жеңип алдык. Ал мага канча-канча азап-тозокторду көрсөтүп келди. Күн сайын ал сөзсүз үч жандыкты сорчу жана мага караштуу оттуу жыландарды сугунчу. Сен болбосоң ал мени да өлтүрүп, карыган ата-энемди жутуп, менин оттуу жыландарымдын баарын курутмак. Эми сен меникине жүр! Менин ата-энем жана сарайым менен тааныш.

Мерген макул болду. Алар үңкүр менен жер астына түштү. Ошол үңкүрдүн боорунда ажайып кооз, жалтыр-жултур асыл таштар сансыз көп экен жана жерде кыйма-чийме сары жыландар жалтырап оролошуп, токочтонуп жатышты.

Улам бир бөлмөгө кирип мерген менен аны ээрчитип келаткан жылан көпкө жүрдү, акыры төргө келди шекилдүү, ал жерде дагы ала канат эки жылан отуруптур. Бул баягы мерген жардам берген канаттуу ала-була сары жыландын ата-энеси экен.

Баласы мерген тууралуу, анын кандайча жардам кылганы жөнүндө айтып берди эле, кары жыландар ыраазы боло алкыш билдирип атты:

— Жардамыңа ыракмат, адам баласы. – Алар мергенге таклиб кылды. – Сага сый катары эки нерсе сунуш кылабыз. Биринчиси – канча көтөрүп кете алсаң, ошончо алтын-күмүш ал! Экинчиси, эгер аны албасаң, анда сага жетимиш жети тил үйрөтөбүз. Аны үйрөнүп алсаң, канаттуулардын да, жырткычтардын да, балыктардын да, кала берсе чөптөрүн да тилин билип аласың.

— Мага жетимиш жети тил үйрөткүлө! – Мерген токтолбой туруп ушинтип кайрылды.

Жыландар миң айткан менен, көп алтын-күмүш убада кылган менен болбоду, жигит айтканынан кайтпай туруп алды. Акыры жетимиш жети тил үйрөтүүгө туура келди, бирок бир шарт койду:

— Эгер сен канаттуулардын, балыктардын, дарактардын, чөптөрдүн, дагы башка-башкалардын тилин билериңди кишилерге айтып койсоң, ошол замат өлөсүң!

Мергенчи ага да ыраазы болду, жыландарга ыракматын айтып, үңкүргө кандай кирсе дагы ошондой жол менен жыла чыгып, үйүнө жөнөдү.

Жолдо баратып өзү да таң калды, жан-жаныбарлар да, канаттуулар да ал түшүнгөн эле тилде сүйлөп атышат.

Бир көл жээгине келсе куштар минтип жатат:

— Палан күнү чыгыш жактан ушундай бир чоң жылан учуп келет дешет, ал жолдо кезиккендин баарын ойронун чыгарып отурат экен, ошондо биз кантебиз?

Мерген көпкө ойлонбой кийим-кечесин чечип, аны тоголоктоп ороп, адам сымал каракчы кылып суу бетине койду да, өзү андан ары барып көлгө кирип, оозуна түтүк коюп, ошо менен дем алып атты.

Ошентип ал көпкө отурду, бир убакта чыгыш жак шуулдап эле жалтыр-жултур болуп бир нерсе алай-дүлөй түшүрүп келе жатат. Караса, баягы от жылан экен, анын бүт тулку күйүп, асманда эбегейсиз зор жалын жылып келаткандай. Жылан как төбөгө келгенде мерген аны мээлеп туруп атып калды. Бул жолу да мерген жаңылбады. От жыландан жүрөгүнө ок кадалды. Өлөр алдында жылан суу бетиндеги каракчыны көрдү. Көрдү да бүт күчүн ошого багыттап, акыркы өчүн алууга, уусун чачып, отун бүркүп келип, мерген кийимин кийген каракчыны алоого алып, өзү да тырп этерге алы жок жан берди. Мерген суу ичинен жайма жай чыгып, андан ары жол улады.

Ал бир убакта бай адамдын короо-жайына туш келди. Ити сүйлөп атат:

— Бизге келбей эле кой! Бизге келбе! Ээбиз өтө эле сараң! Ал сага эч нерсе бербейт!

Кедей адамдын үйүнүн жанынан өтүп баратса, анын ити үрөт:

— Биздин ээбиз өтө жакшы адам! Биздин ээбиз март киши! Кел, конок, кел! Үйгө кир! Биздин ээбиз сени кара кой союп коноктойт!

Мерген ошол үйгө кирет. Кембагал аны кубана күтүп алып, кара коюн союп, тапканынын баарын алдына жайнатып, аябай коноктоду. Мейман да бир кесим этти итине атайын алып келип салып берди.

— Камкор конок сыйлап кетти. Эми үйдү таң атканча кирпик ирмебей кайтарып чыгам! – деди ити сүйүнө.

Баары жаткан соң түн оой карышкырлар келип улуй баштады:

— Кедейдин жалгыз атын жарып жейбиз! – дешти алар.

Ит болсо чыйпылыктайт:

— Жебегиле, мен катуу үрүп, азыр эле үй ээсин жана коногубузду ойготуп салам, анан алар силерди токойго айдап кирет! Менин ээм ак көңүл! Андан көрө сараң байдын семиз жылкысын жегиле! Кеткиле, бизден жоголгула! Бүгүн бизде дагы бир жакшы конок бар, ал мени аябай тойгозуп салды. Мен эми уктабай, таң атканча короо кайтарып чыгам.

Ошентип карышкырларды кетирип ийди. Үйүрлөшкөн бөрүлөр байдын короосуна келип, ысык эт күсөп, ыркырап кирди:

— Биз мында семиз жылкы жегени келдик!

Антсе иттери айтат:

— Ээбиз жеткен сараң, бизди карабайт, тамак бербейт. Анын эң эле семиз кула жылкысын басып жегиле, калганына биз тоёолу!

Айткандай эле ач бөрүлөр кула жылкыны кууп жешти.

Эртеси мергенди кедей дагы бир жолу тойгозуп, баарын алдына чачып, итине да ашырды. Жолоочу үй ээси менен кайыр-мазир айтышып, жолго чыкты.

Ал үйүнө келип мурда кандай жашаса, ошондой жашай берди. Ажайып керемет касиетке – жетимиш жети тил билерине эч ким дале көңүл бурбады.

Бир жолу мерген кечинде жатса, боз үйдөн эки чычкан чыгып, сүт куюлган көрөңгөгө (көрөңгө – сүт куюп, ачытуу үчүн жасалган идиш, бизче сүзмө баштык, калта, көнөчөк (бурят сөзү) жакын келишет да, минтип айтат:

— Ой, мынабул сүт деңизден кантип ооз тийебиз?

Бир чычкан экинчисине айтат:

— Сен тишиң менен менин куйругумду бекем тиштеп тур, адегенде мен ичип алайын, анан сен.

Ошентишти. Биринчи чычкан сүттөн каалаганча шимирип, деңизден чыкты.

Эми экинчиси сүт иче баштады. Ичти, ичти. Бир убакта куйругунан тиштеп турган чычкан кое берди эле, тигиниси көрөңгөнүн ичине кулады. Сүт-деңизге чөгүп кетти. Биринчи чычкан көрөңгөнү айланып-тегеренип ыйлап жатты:

— Эми мен кантип аялым жок балдарымды багамын! Ии-ии, ии…

Муну угуп турган мерген адегенде жылмайып алды да, анан ордунан козголуп, көрөңгөгө кол салып, чычканды сүт ичинен алып чыкты.

Кайра эми эле жатса аялы жан койбой:

— Сен эмнеге күлдүң жана чычкандын сүткө түшүп калганын кантип билдиң? – деп калды.

— Жөн эле бир кызыктуу окуя эске түшүп жылмайдым, а чычкандын болсо сүт ичкени угулбадыбы! – Мерген актана баштады.

Аялы ишенген жок. Урушту. Таарынды. Чындыгын айт деди. А мерген чындыгын айта албайт да, айтса эле – өлөт.

— Мага айтууга болбойт! – деди ал кесе жооп берип.

Аял деген ага көнөбү? Андан бетер беттен алды.

Ошондо мерген да бир шарт койду.

— Макул, сен сурап калдың, мен айтайын. Бирок менин өлүмүмө эмне керек болсо ошонун баарын даярдагандан соң гана айтам!

Анан ал өлүк камына деп жаа-жебени шаймандары менен алып келип боз үйгө илүүнү, дагы ал жерге эң жакшы тонун коюуну, союшка деп тору жылкы даярдоону, ак кой таап келүүнү буйруду.

Аялы айтканын аткарып, мунун баарын даярдады.

— Баарын даяр кылдым! Эми айта бер! – деди жары күйөөсүнө.

— Бүгүн эми кеч болуп калды, – деди мерген. – Эртең таң эрте айтайын. Акыркы жолу үйдө уктап алайын!

Таң сүрүлүп атканда ал ордунан туруп, боз үйдөн чыкты. Малдар турган короого басып келди. Койлор өз ара бирнемелерди сүйлөшүп атат. Тыңшап калды.

— Мына жөндөн жөн эле өлгүсү келген ээбиз келатат. Неге ал сырды сактай албайт? Ал өлсө кимге жыргал да, кимге куурал? Чын эле өлүп калса, бизге эле кыйын. Кече бизди баштап жүрөр, жол табар, карышкырдан адаштырар, жакшы жайыт таап берер ирикти кармап кетишти. Ансыз эми биз жолдон адашабыз, жакшы жайыт таппай кыйналабыз.

Анан ал жылкылардын үйүрүнө келсе, алар да сүйлөшүп атат:

— Мына биздин ак көңүл ээбиз келатат. Билесиңерби, ал жакында өлөт, себеби сыр сактай албайт турбайбы, сырын ачат да, өлөт. Ээбиз жок биз кандай күндө калабыз? Кечээ үйүр баштар тору кашка атты алып кетишти соёбуз дешип. Ал бизди саздан да сактап, жайыттын да жакшысын көрсөтүп, карышкырдан да абайлатып жүрөр эле. Эми биз, же сазга тыгылып өлөбүз, же жайыт таппай кыйналабыз, болбосо бир күн эмес, бир күн карышкыр жайлап кетет…

Ушул кептерди угуп мерген боз үйгө кайтты. Үй алдында уйлар менен көк өгүз турган. Уйлар мөөрөп аткан, өгүз болсо башын чайкап минтет:

— Мөөрөгөнүң менен пайда жок. Баары бир эч нерсеге жетише албайсың!

Мерген боз үйгө кирди. Аерде эки дөбөт жатып алып, бири-бири менен урушат.

Карт дөбөт жашына айтат:

— Мен да карыдым. Ээмдин артынан мен да өлүмгө кетем. Ошондо кожоюндун аялы мени ура албай калат!

Антсе жаш дөбөт:

— Мен дале силер менен эле өлөм, мага да кожоюндун заар аялынын таягы эми тийбейт! – деп коёт.

Ушуларды укту да, мерген өзүнө өзү суроо койду: неге мен өлүүгө макул болдум?

Анан үн чыгара айтты:

— Сырымды ачпасам — эч ким балакетке кабылбайт, а эгер сырымды ачсам, анда баарына эле жаман болот. А менде сыр сактоого эрк жетет!

Ошондон кийин аялы канча суранса да, канча алдаса да, канча жалынып-жалбарса да сырын айтпаптыр…

Которгон Абдыкерим МУРАТОВ

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *