Итальян жомогу:  «Өй, атты киргиз дейм!»

Арабакеч Петруччо үйлөнөт. Үлпөт тою өткөндөн кийин колуктусун өз үйүнө алып келип, деп турганы: – Йе, Розина, энди экөөбүз сонун жашайбыз! Мен сырттын тирлигин кылам, сен үйдүн. Мен жумуштан качпайм. Эртеден кечке иште десең да: араба менен жүргөнүм жүргөн. Бирок мен үйгө келгенимде – бүттү! Калганы сенин түйшүгүң. Дарбазадан кирерим менен: «Өй, атты киргиз!» – дегенимди угаарың менен чуркап чыгышың керек. – Мэ, сага! – дейт Розина, – Мага ошол эле жетпей аттеле. – Кантип жетпей аттеле… Эй, аттын ээр […]

Орозбек МОЛДАЛИЕВ: Көп аял алгыла деп үгүттөп, экинчи жагынан кааласаңар талак бергиле дегендерине жол болсун

«Эң оор жакырчылык – билимсиздик». Али-Иби АБИ-ТАЛИБ, (600-661), араб акыны  Ажылык маалында эки дервиш жолугуп калып, бири сураптыр: — Эмне үчүн бу жерге келип калганыбызды билесиңби? — Күнөөгө батканыбыз үчүн, — деп ыйлап жибериптир экинчиси. Сопулардын накылынан Көзүбүздү умачтай ачар кеп болду. Илимдүү-билимдүү кишинин далилдүү мисалдарына ким кандай каяша кылгысы бар — экинчи тараптын да пикирлерин угууга дилгирбиз… Тек биздин маектешибиз Орозбек Молдалиев жөн салды жүргөндөрдөн эмес. Бу киши диний маселелердин тегерегинде Борбор Азия аймагы боюнча узак жылдардан бери фундаменталдуу […]

Бейшебай УСУБАЛИЕВ: Теректер же комуздун үч кылы

КӨЗ «Умереть — это ещё не всё!» Э.Хемингуэй Деле адамга түшүнүп болбойт: кээ бир адамдарга көп эле жолугасың, көп эле жолу алар менен чер жазышып сүйлөшкөндөй болосуң, бирок алар жөнүндө бир нерсе айтайын десең эле, айта турган эч нерсең жок болуп чыга келет. Ал эми кээ бир адамдар менен эзилишип деле сүйлөшпөйсүң, сүйлөшсөң да бир эле жолу сүйлөшкөнсүң, атүгүл таптакыр сүйлөшкөн да эмессиң, сыртынан эле билесиң, бирок алар карегиңде биротоло орноп калат да, сенин адам экениңди дайыма эскертип турат. Бүгүн […]

Дүйшөн КЕРИМОВ: «Күйөө жолдош»

ЭССЕ “Элик сүтүн берген ” энем Эралиева Акишке арнайм. Дал кыйгас учурда бу соткаң түшкүр, “чөнтөк телефон” деп кыргызчалаганың менен антип менден башка эч ким айта турган түрү жок ко, “шыңкылдайт” да турат. Мына, эми да обонун созуп кирди… — Да, да –а… — Алоо, Дүйшөксүңбү? — Ооба апа, эмне болду? — Эмне болсун, акыбалыңды билейин дедим. Ден-соолугуң, балдарың кандай? — Жакшы. — Байбичең кандай? — Жакшы. — Жакшы деп коет, андай киши аз билсең… — Кандай киши? — Ээй, […]

Дандапани ЖЕЯКАНТАН: Бөтөн кайгы

АҢГЕМЕ Бул полицей бир эле суроо үчүн үймө үй кыдырып жүрдү. – Кара шым, ак көйнөкчөн он жаштардагы уулуңуз жок беле? Баардык кирген үйлөрдөн «жок» деген жооптуу укса да тажабай кыдыра берди. Кезектеги үй ээси дароо айтты: – Бар, бар! Эмне болду? Кайда экен? Короого он жаштардагы бала жүгүрүп келип, полицейди көргөндө арсарсып токтоп калды. – Бери жакынырак кел, – деди энеси. – Барбайм! – деп кыйкырган бала качып жөнөдү. – Сени жеп жибермек беле, кел дейм! Полицей жеңилденгенсип улутунду. […]

Теңирчилик туурасында илимий-практикалык конференция өтөт

2017-ж. 28-июнда саат 10-00 КР Улуттук илимдер академиянын кичи залында «Чоюн Өмүралиевдин «Теңирчилик. Коом – мамлекет» (2012, 304 б.) жана «Кыргыз мамлекеттиги: кечээ, бүгүн, эртең…» (2016, 290 б.) аттуу монографияларында чагылдырылган кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн көйгөйлөрү – саясый өңүт» темасындагы илимий-практикалык конференция өтөт. Конференциянын уюштуруучулары: КР УИАнын Философия жана саясый-укуктук изилдөөлөр Институту, И.АРАБАЕВ атындагы Университет жана «КЫРГЫЗ ЖЕР» илимий-агартуу коому. 28 июня 2017 года в 10-00 в Малом зале Национальной Академии Наук КР состоится Научно-практическая конференция «ПРОБЛЕМЫ КЫРГЫЗСКОЙ ГОСУДАРСТВЕННОСТИ В МОНОГРАФИЯХ ЧОЮНА […]