Арабакеч Петруччо үйлөнөт. Үлпөт тою өткөндөн кийин колуктусун өз үйүнө алып келип, деп турганы:

– Йе, Розина, энди экөөбүз сонун жашайбыз! Мен сырттын тирлигин кылам, сен үйдүн. Мен жумуштан качпайм. Эртеден кечке иште десең да: араба менен жүргөнүм жүргөн. Бирок мен үйгө келгенимде – бүттү! Калганы сенин түйшүгүң. Дарбазадан кирерим менен: «Өй, атты киргиз!» – дегенимди угаарың менен чуркап чыгышың керек.

– Мэ, сага! – дейт Розина, – Мага ошол эле жетпей аттеле.

– Кантип жетпей аттеле… Эй, аттын ээр токумун алып, жем-чөбүн, суусун беришиң керек! Мен келем да: «Өй, атты киргиз!» дейм. Бүттү!

– Айттым го сага, – Розина сөзүн жулуп алат күйөөсүнүн, – атыңдын жанына да жолобойм. Ата-энем үйдө мени ат бакканга үйрөткөн эмес.

– Сен көп камсанаба, – дейт Петруччо, – сага баарын үйрөтөм. Атты кантип киргизишти көрөсүң.

– Көрбөйм эле!

– Бу не дегениң: эгер мен «Өй, атты киргиз!» деп кыйкырсам…

– Кыйкыра бер, мен чыкпайм үйдөн.

– Өй, Розина, көп жиниме тийбе, сыйың менен атты киргиз, – дейт Петруччо.

– Киргизбейм дедим! – Розина аңкилдейт.

Петруччонун да жаны кашайып өкүрөт:

– Киргиз дейм азыр!

– Киргизбейм!

– Киргиз!

– Киргизбейм!

Экөөнүн ызы-чуусун эшиткен коңшу-колоңдор жүгүрүп келип калышат.

– Кагылайындар, силерге не болду? Эмне талашыңар бар?

Петруччо түшүндүрүп баштайт:

– Мунун мага жардам бергиси жок. Мен айттым буга:

– «Атты киргиз», деп. Бул болсо: «Киргизбейм» дейт күйгүзгүр.

– Эми ушун үчүн тартышкандан уялбайсыңарбы? – дейт Джузеппе аксакал, – Жүргүлө, атыңарды мен эле киргизип берейинчи. Аныңар кайдале?

– Көрүп атасыз го, азырынча бизде кайдагы ат. Мен аны эми сатып алайын деп аткамын, – деген экен Петруччо.

Которгон Олжобай ШАКИР

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *