«Эң оор жакырчылык – билимсиздик».
Али-Иби АБИ-ТАЛИБ, (600-661), араб акыны 

Ажылык маалында эки дервиш жолугуп калып, бири сураптыр:
— Эмне үчүн бу жерге келип калганыбызды билесиңби?
— Күнөөгө батканыбыз үчүн, — деп ыйлап жибериптир экинчиси.
Сопулардын накылынан

Көзүбүздү умачтай ачар кеп болду. Илимдүү-билимдүү кишинин далилдүү мисалдарына ким кандай каяша кылгысы бар — экинчи тараптын да пикирлерин угууга дилгирбиз… Тек биздин маектешибиз Орозбек Молдалиев жөн салды жүргөндөрдөн эмес. Бу киши диний маселелердин тегерегинде Борбор Азия аймагы боюнча узак жылдардан бери фундаменталдуу негизде терең анализ жүргүзүп жүргөн бирден бир аалым экенин анын «Ислам жана саясат» аттуу китебин окугандар түшүнөт. Учурунда бул китеби коомчулукка эң зарыл эмгек катары бааланган. Улуттук жана аймактык коопсуздук, диний экстремизм жана терроризм жаатында иш жүргүзүп келген саналуу адистердин бири. Орозбек Молдалиев коомчулук арасында саясат таануучу жана мамлекеттик ишмер катары да белгилүү…

– Орозбек байке, Сизди калыстыктан тайбаган аксакал катары терең урматтап келем. Убактыңыз болсо сизди алдап-соолап, учурда коомчулукта болуп жаткан карама-каршы талаштардын айланасында акылыңызды уксам деп келдим. Канткен менен мамлекеттик дин иштери боюнча комиссияны жетектеп калдыңыз, азыр бош жүрөт окшойсуз… Бирок колу-жолу бош жүргөн адамдын ою сергек болчу эле. Караламан калк ичинде азыр көп катын алуу туурасында жаакташкандар толтура. Мындайда не акыл, не чечим, не чара керек? Диний көсөмдөрдүн көздөгөнү түпкүлүгүндө кайда апаратат бизди?

— Мен жөнүндөгү жылуу пикириңе ракмат, Олжобай иним.

Ольга Аросьеванын бир айтканы бар: “Картайып баратканыңарга кейибегиле – көбүнө буга терс жооп берилген. Жашоо баарына берилет, карылык – тандалгандарга”,- деп. Бул эми жараткандын жазмышы. Убакыт жөнүндө, тилекке каршы менин колум бош эмес, 2010-жылдагы элдик ынкылаптан кийинки бийлик өзүң айткандай “алдап-соолап” ишке тартканда, “Саясат, дин, коопсуздук” изилдөө борборубузду жаап койгонбуз. Эми кайрадан өкмөттүк эмес уюм түзөлү деген ойлорубуз бар. Жакында Индияга барып, талаш жараткан “Таблиги жамааттын” борборунда болуп, таанышып, бир топ маалыматтарды алып кайттым. Азыр ушуга окшош сейрек изилденген темалар боюнча аракеттенип жатабыз, айрым материалдарды кыргызча чыгарабыз, буюрса. Өзүңдүн сүйүктүү Салижан Жигитов устатың жазгандарымды окуп алып, “ушуларды кыргызча чыгарсаң боло, элге жетпей жатпайбы”,- деп кабатырланчы да, кайра ойлонуп, “ой, эми муну жанагы бийликтегилер окубайт да, алардын сауна, бильярддан колдору бошобойт”,- деп кейип калар эле кайран киши.

Коомдо карама-каршы пикирлер, талаш-тартыштар болуп турганы жакшы. Бирок талкууга катышкандар күн тартибиндеги маселе боюнча түшүнүгү барбы, болсо канчалык деңгээлде? Талкуулардын темасы, мазмуну жана пикир алмашуу ыкмалары коомчулуктун аң-сезиминин деңгээлин чагылдырып турат жана ага мониторинг жүргүзүүгө болот. Адамдардын негизги талаптарына, муктаждыктарына карасаң, бийик ой-максаттагылар идеяларды талкуулашат, жаңы дүйнөнүн өзгөрүүлөрүнө, дүйнөлүк саясатка концептуалдык көз караштары бар. Орточо акылы барлар ал деңгээлге жете албайт, ошондуктан алар болуп жаткан окуяларды талкуулашат. Акылы андан төмөнкү баскычтагылар болсо адамдар жөнүндө кеп-сөз менен алектенишет. Муну өзүң азыр кызуу талкуу жаратып жаткан макалаңда орустар айткандай “кашына эмес, көзүнө” сайып белгилептирсиң.

Айтылгандарды адамга негизги керек нерселердин (муктаждыктардын) пирамидасынан карасак, эң төмөндө физиологиялык керектиктер (тамак, суу, уйку, секс), ал эми эң жогорку жагында чыгармачылык, эстетикалык жана туу чокусунда акыл-ой, руханий муктаждыктар жайгашкан. Адамдар өз деңгээлине жараша муктаждыктарын канаттандырууга умтулушат, жүрүш-турушу, маданияты ошого жараша болот.

Тарыхтан буга бир мисал: заманында бий, болуш болуп, элге кеңири таанылган Байзак ажы улгайып калганда уулу жанына бир мерген, бир эт туурамчы, дагы бир кызматчы дайындап берип: «Атамды камкордукка бөлөдүм»,- деп корстон болот. Кыргыздын кыйырына белгилүү болгон адам үйдө бош отуруп калганда кепке суусап, жанындагы карапайым адамдардын баарлашуусуна ыраазы болбой, каңырыгы түтөп, дөңгө чыгып, «мен этке жарды эмесмин, кепке жардымын», — деп жалгыз күңгүрөнүп отура берчү экен.

Дүйнөнү билип-таануусу өзүнөн кем эмес кеменгер адамдар менен баарлашып олтурууну сагынган да. Кийин бул мүчүлүштүк эстүү адамдардын аракети менен жоюлган экен, ошондо ажынын турмушка кызыгуусу кайра жанданып, илбериңкирээк боло баштаган экен. Бул тарыхтарды өзүң жакшы билесиң, кийинки аты да мыкты коюлган «Куюн доор» романың буга далил. Доорлор алмашканда сөзсүз куюн болот эмеспи. Ошондо улуттук элита алааматка кабылат да, жетишкени өлкөдөн качып, калганы камалып, айдалып, башкаруу системасынан четтетилет. Бул мамлекет үчүн трагедияга айланат. Алыс барбайлы, Ооганстандын мисалы буга далил. Улуттук элитанын басымдуу бөлүгү өлкөдөн үч толкун менен чыгып кеткен: 1978-жылы Саур ынкылабы жеңгенде;1979-жылы Советтик Армиянын «чектелген контингенти» киргизилгенден кийин жана 1996-жылы Талибан бийликке келгенде.

Ооган эли кырк жылга чукул мезгилден бери тынчтык көрө элек, бийлик талашып согушкан урууларды жараштырар улуттук лидерлер жок. Элитанын катмары өтө жука. Оогандыктар абдан жакшы адамдар, бирок аларды бириктирер күч жок болуп жатат. Бизде деле айрым аттуу-баштуу эле адамдар Кыргызстанды уруулук негизде башкаралы дегенде дароо эле Ооганстандагы абал эсиме келет. Кайран Сакем ошондуктан «кыргыздын интеллигенциясынын көзү желкесинде» деген да.

Олжобай иним, көрдүң го, сен бир караганда жеңилдей көрүнгөн менен, өтө орчундуу маселени козгоп жатасың. Туура баамдагансың, кеп молдолордо эмес, маселе коомдун айрым катмарынын руханий муктаждыктарынын деңгээлинде болуп жатат. Л.Фейербах «ар бир доор Библиядан өзүн-өзү окуйт, ар доордун өзүнүн жеке библиясы бар»,- деп айткандай, молдо адамдар кызыккан суроолорго жооп берип, алар уккусу келген сөздү айтып жатпайбы.

Ислам көп аял алганга уруксат бергендей көрүнгөнү менен чындыгында ага чек койгон. Себеби жапайычылык заманында арабдар каалашынча аял ала беришип, бирок аларды адам катары санабай, бакпай-этпей  жүрө беришчү экен. Он, жыйырма эле эмес, алтымыш аялдуу бедуиндер болгондугу тарыхтан белгилүү. Кыргыздар деле шартына карап, ала берген; биз жогоруда сөз кылгын Байзак ажы аксакал жети аял алган экен.

Ыйык Курандын «Аялдар» (Ниса) сүрөөсүндө мусулмандарга төрт аялга алганга чейин гана уруксат берилип, андан ашык алганга тыюу салынган да, «эгерде аялдарга адилет мамиле кыла албайм деп корксоңор, анда бир эле аялга үйлөнгүлө»,- деп айтылган. Күйөөсү аялдарына бирдей калыс, адилет мамиле жасабаса, бул чоң күнөө экендиги эскертилген.  Исламдын чыгаан философу, имам Абу Хамид аль-Газали «бир нече аялы бар адам адилетүүлүгүн көрсөтүп жана алардын эч кимисин башкалардан жогору баалабашы керек. Бир жакка баратса, кимисин ала барууну аныкташы керек, чүчү кулак менен… Күйөөсү аялдарынын баарына бирдей каражат бөлүп берүүсү керек»,- деген. Эркек ар бир аялын бирдей үй-жай, кийим, тамак-аш, шуру, шакек, билеригине чейин камсыз кылышы керек. Бул оңой милдет эмес.

Кийинки мезгилде чала молдолор кыргыз мигранттарга «СМС менен талак жарыяласаңар болот» деген калпыс жолду сунуш кылышып, аны колдонгондор да бар. Бул исламдын принциптерине жат келет. Бирок муну билишсе да билмексен болгон молдолордуку туура эмес. Бир жагынан көп аял алгыла деп үгүттөп, экинчи жагынан кааласаңар талак бере бергиле дегендерине жол болсун.

Куранда «Аялдар менен жакшы жашагыла. Эгер аларды жактырбасаңар Алла тааланын силерге абдан кайрымдуу болуучу бир нерсесин жактырбаган болушуңар мүмкүн» деп айтылат. Жубайлардын аракеттерине карабастан турмуш бузула турган болуп калса, анда калыстарга кайрылууга туура келет. Бул тууралуу да ыйык Куранда «эр тууганы тарабынан бир калыс, аял төркүнү жагынан бир калыс чакыргыла. Калыстар аларды жараштыргысы келсе, Алла жардамга келет. Акыйкатта Алла бардык нерсени билет, бардык нерседен кабары болуп турат» деп турат. Калыстар ак ниети менен аракеттенүүсү керек жараштырганга. Такыр оң натыйжа чыкпаса, ажырашуу калат, ал мыйзам ченемдүү көрүнүш болсо да Жараткан аны жактырбаган адал иш деп Мухаммед (сав) пайгамбар өкүм кылган: «Алланын алдында адал болгон нерселердин эң жагымсызы – алган жары менен ажырашуу». Ошол эле учурда «орундуу бир себеби жок эле күйөөсүнөн өзүн талак кылуусун сураган аялга бейиш – арам» деген пайгамбарыбыз.

Басa белгилей кетүүчү нерсе – тарыхта кыргыздарга аялы менен ажырашуу деген жат көрүнүш болгон. Бул илдет орус падышачылыгы келгенден кийин пайда боло баштап, советтик доордо уланды. Азыркы «куюн мезгилде» үй-бүлөөлүк баалуулуктардын да куну кете баштады. Бул көйгөйлүү маселени илимий жактан изилдеген сейрек, бирок мактоого татырлык эмгектердин бири —  окумуштуу-юрист, педагог Жылдыз Тегизбекованын «Регулирование брачно-семейных отношений кыргызов по обычному праву» деген кызыктуу монографиясына көңүл буруу керек. Ал чыгармасында мындай пикир келтирген жери бар: «…Байыркы жана орто кылымдардагы жөнөкөй укук боюнча кыргыздардын никесин эркек менен аялдын өмүрлүк союзу деп кароого болот».

Алтындай убактыңарды чала молдолорду ары-бери сүйрөбөй, ушундай татыктуу эмгектерди талкууласаңар. Оңой табыла турган нерсени карга чокуласын, а силер бермет издеп, терең чумкугула, ошондо гана коом өзгөрөт.

Биз өз алдынча көз карандысыз өлкөдө жашаганыбызга 25 жыл болду, бирок мыйзам өзүнчө, эл өзүнчө оокат кылып жаткандай сезилет. Көп аял алууга мыйзам жол бербейт, бирок эки аялым бар деп теледен көрсөтүп, мыйзам бузууга чакыргандар көптөн бери эле орун алган. А түгүл мамлекеттик жетекчилер деле эки аял менен жашап, балалуу болушуп, чогуу качып жүрүшсө, бир бечара молдо мен деле оокат кылайын дейт да. Жер ээн болсо, тартипке салар мыйзам иштебесе, бийлик алсыз болсо, жарандык коом жакшы өнүгө албай жатса, элдин келечеги бүдөмүк боло баштайт. Ошондо диний радикалдар жанданып, “халифат курмайынча адилеттүү башкаруу болбойт”,- деп ынандырганга киришишет.

Дагы бир жагдайга көңүл буралы. Молдолор арак ичпегиле, ала жипти аттабагыла, зыяндуу иштерден алыс болгула десе көңүл бурбаган адамдар көп аял алса болот десе эле талкуулап жатып калышат, бул кош моралдуулук эмеспи? Каалаган эрежесине баш ийип, каалбаганына баш ийбегендерди эмне десе болот?

– Намаз окуган адам сабырдуу, салабаттуу болот дечүле. Байкап аткандырсыз, кийинки убактарда Чубак ажы Жалилов баш болгон таксырдын бак-бак өктөм сүйлөгөнү күчөдү. Керек болсо түз ободогу насыяттарында динге кыяпат келтирер кеп айткан бирөө-жарымды кагып-силкип деле өз чындыгын таңуулаган көрүнүштөрдү көп байкап жүрөм. Мен мурда бул аалымды башка таксырларга караганда кыйла билимдүү, ыймандуу молдо катары урматтачу элем, бирок кийин-кийин өзүн-өзү өтө билерман санаган пейил күтүп бараткан жокпу?

– Жакында бир окумуштуу адам “мен кудайга ишенем, бирок кээде ичкилик ичип коем”,- десе Чубак ажы аны “тозокко түшөсүң” дептир. Ал молдонун сөзүнө абдан капа болуп калыптыр. Диний ишмерлердин мындай мамилеси адамдарды ыйманга жакындатпайт, кайра динден алыстатат. Хадисте “силердин бирөөңөрдүн кылык-жоругуңар Бейишке чыккандардын мамилесиндей, ошондуктан ал ага колун сунса жеткидей, бирок маңдайына жазылганы ага үстөмдүк кылып, анын кылган иштери тозокко түшкөндөрдүкүндөй боло баштап, ал ошол жаккка түшөт; силердин экинчи бирөөңөрдүн кээде кылган ишиңер тозокко түшкөндөрдүкүндөй, ошондуктан ал ага сунган колдун учундай жакын калат, бирок тагдырына жазылганы ага бийлик кылып, анын жүрүм-туруму Бейишке чыккандардыкындай боло баштайт жана ал ошол жакка кирет”, — деп  айтылган. Бейишке  жана тозокко барчуларды бир гана Алла таала биле турган иш.

Жаратканыбыз күнөө кылган пенделерине мусулман катары кайрылып, тобо кыл деп жатса, молдо кантип аны каапыр болуп күнөө кылдың, тозокко түшөсүң деп айта алат?  Бул жөнүндө Хадисте “улуу Алла таала: “Баланча кишини кечирбей турганымды ким далилдей алат. Албетте, мен ал адамды кечирип, сенин кылган амалдарыңдын сообун болсо жоюп салам”,- деп буюрат деп айтылат.

Чубак ажы мыйзам буза коюп, суралып, анан депутат жердештери аркылуу кутулуп, кайра эле бир аздан кийин эски оорусу кармап, мамлекет башчыдан тил угуп калгандарын коомчулук көрүп, билип жүрөт. Эми молдо десе эле бир идеал катары кабыл албаш керек, алардын арасында ар кандайлары бар экенине мен үч жыл иштешип, ынандым. Былтыр Түркияда эл аралык конференцияда Орусиядан келген казак имам бир анекдот айтып берди. Эки казак достун бири атеист, бири имам экен. Атеист келсе досу намаз окуп жаткан экен. Бүткөндө имамдын досу: “Кыбыла кайда экендигин мен деле билем, досум, бирок сен неге тескери жакты карап окудуң намазыңды?” десе, молдо: “Ээ досум, аның туура гой, бирок кыбыланы карап намаз окуганга бетим чыдабай жатат”,- дептир…

– Мен эми диний багыттагы илим-билим даражалары кандай тепкичтен турарын анча билбейт экемин, бирок угушума караганда: Абдышүкүр Нарматов менен Чубак ажынын аттестаттык билими жетишсиз экени чынбы? Булар керектүү окуу жайын толук бүтпөптүр го?..

– 2014-2015-жылдарда имамдарды жана диний окуу жайларды ведомстволор аралык комиссия тарабынан аттестациялоо иштери жүргүзүлгөндө бир казы аттестацияга киргизилбей калат, себеби жогоку окуу жайда билим алууда деген документи күмөндүү болуп чыгат. Ал университет ЖОЖго жаңылыш кабыл алынып калыптыр, туура эмес кылгандар жазаланды деген шылтоо катты жиберет. Буга ачуусу келген казы ведомстволор аралык комиссияга “баланчалардын деле дипломдору жалган алынган” деп кызыраңдайт.

Текшере келгенде бир катар жогорку окуу жайлары диний окуу жайды бүттү деген документтер менен светтик ЖОЖдорго мыйзамсыз алып, алдын бүтүртүп жибергендиги ашкереленет. Себеби Кыргызстанда диний окуу жайлардын дипломдору таанылбайт. Билим берүү жана илим министрлиги атайын комиссия түзүп, текшерткенде дагы бир топ молдолор боюнча фактылар табылат. Министрлик ары-бери ойлонуп, анан дипломдор жокко чыгарылсын деген чечим чыгарымыш болот. Бул чечим аткарыла элек. Ал министр азыр президенттик аппараттын жетекчилеринин бири. Бул фактылар прокуратура органдарына белгилүү.

Текшерүүдө кызык фактылар чыгат: А.Нарматов Египеттен Аль-Азхардын дипломун ала албай келет, бирок анысын билдирбейт. Ислам университетине ректор болуп дайындалып, 16-18 жылдай башкарат. Кой, мен ректор болгонго акым жок дебейт, а түгүл өзү башкарган университеттен диплом алып алат бүтүрдү деп. Аны менен Ош университетинин юридикалык факультетине жогорку билими бар адам катары кабыл алынып, экинчи жогорку билимге деп өтүп, кыска мөөнөттө юрист болуп калат. Ушундай парадокс бизде гана болсо керек: динди алдап, ректор болуп, мыйзамды бузуп юрист болуп, компоюп аалымдар кеңешин башкарып… Мыйзамды ЖОЖ юридикалык факультети бузуп жатканы кандай? Эч бир билими жок адам кантип юриспруденцияны өздөштүрүп, юристтин дипломун алды?

Чубак ажы болсо И.Арабаев университетине Саудия падышалыгынан алган диплому менен кабыл алынып, теология факультетинин магистратурасын аяктаган экен.

– Менин дагы бир таңгалганым: «Баатыр жокто майданга маскарапоз чыгат» аттуу макалам жарыялангандан кийин ислам дининин билимдүү катмарындагы бирин-экин аалымдар колумду кысып, «эгерде Чубак ажы менен Абдышүкүр ажыга карата бул чындыкты биз айтсак, диний коомчулукта ар кандай түшүнбөстүктөр жаралмак» деген пикирлерди угуп, деги бизде ислам түшүнүгүндөгү аалымдар арасындагы жиктешкен тараптар көп окшойт деген бүтүмгө келдим. Бул өтө кооптуу тенденция эмеспи? 

Жакшылыкты буюруу, жамандыктан баш тарттыруу мусулмандардын милдети деп ыйык Куран белгилеген. Ошондуктан аалым болобу, жөнөкөй мусулманбы, кемчилик кетирсе, байкаган адам сылык-сыпаа эскертүү берип коюшу керек.

Ыйык Куранада “силердин ичиңерде кайырга үндөгөн, жакшылкка буюруп, жамандыктан баш тарттырган бир коом болсун” деп айтылган. Ошондуктан жамандыктан баш тарттыруу милдети мусулмандардын коомунда чоң мааниге ээ.

Жиктешүүлөр бар, тилекке каршы, муфтиятты андайлардан тазалап, диний чөйрөнү жакшыртуу маселеси артка кетти. Коргоо кеңешинин чечимдеринин аткарылышына мониторинг жүргүзгөн топ батына албагансып турат бул ишке. Мунун себептеринин бири — “адам фактору” болуп жатат.

– Баш мыйзамыбызда өлкөбүз светтик өлкө деп белгиленгени менен бирок, соңку жылдары диний тескөөлөр ашкере күчөп бараткан жокпу? Айтсак, Жаңы жыл менен Нооруз майрамы мусулман майрамы эмес дечүүлөр күүсүнөн жанбай келет. Эмне мынча ачыктан ачык диний түшүнүктөрдү таңуулоо күчөп баратат бизде?

– Конституция боюнча Кыргызстан эгемендүү, демократиялык, укуктук, мамлекеттик башкарууга дин аралашпаган, унитардык, социалдык мамлекет; дин мамлекеттен ажыратылган. Диний бирикмелердин жана дин кызматчыларынын мамлекеттик органдардын ишине кийлигишүүсүнө тыю салынган. Диний негизде саясый партияларды түзүүгө, диний бирикмелердин саясый максаттарды көздөшүнө тыюу салынат.

Кайсы майрамдарды өлкөбүз белгилейт, аны светтик бийлик аныктайт. Бирок Ноорузда же жаңы жылда биз иштейбиз деген молдо көргөн эмесмин. Мамлекеттин диний чөйрөдөгү саясатын ишке толук ашырбай, ара жолдо калтыргандын натыйжасы ушундай болот.

Диний чөйро эле эмес, айрым депутаттар «дин мамлекеттен бөлүнгөн, бийликтин муфтияттын ишине кийлишкенге акысы жок» дегендерин уккам. Бийлик өз функциясын толук аткарта албаса, аны башка күчтөр жөөлөй баштайт. 2010-жылы конституциялык комиссияга басым көрсөтүлүп, «светтик мамлекет дегенди алып салгыла» дегендерди унуттуңарбы?

Диний чөйрөнү реформалоо ушинтип солгундап калды. Муфтияттын финансы чөйрөсүн ачык-айкын кылуу боюнча Коргоо кеңешинин чечимин будамайлоо аракети күчөдү. Борбордук текшерүү комиссиясынын жетекчиси, өзүнүн чынчылдыгы, адилеттүүлүгү, калыстыгы менен белгилүү болгон Абжапар ажы Араев кызматынан акырын четтетилди. Уставды кайра өзгөртүү аракети көрүлдү.  Бул коомчулукту тынчсыздандыра турган маселе.

Бул чөйрөдө көйгөйлүү, кооптуу маселелер турат чечилбей. Биз сөз кылгандар – үстүндөгүлөр…

– Сиз бүгүн абыдан маанилүү маек куруп бердиңиз. Зирек окурмандарыбыз жогоруда айтылган далилдүү мисалдарыңыздан туура жыйынтык чыгарат деген ишенимдебиз.

Олжобай ШАКИР

4 Replies to “Орозбек МОЛДАЛИЕВ: Көп аял алгыла деп үгүттөп, экинчи жагынан кааласаңар талак бергиле дегендерине жол болсун”

  1. Бул абдан сонун, чыныгы фактылардан турган, маанилүү жана өтө пайдалуу маек болду. Чындыгында, Ислам – бул тынчтык дин. Ислам дининин баалуулуктарын элге, адамдарга жеткирүү керек. Бул үчүн молдолор элге үлгү болушу керек. Адамдарга катуу мамиле кылып, сен каапырсыӊ, сен тозокко түшөсүӊ, сен бейишке кирбейсиӊ ж.б. деп айтуу дурус эмес. Адамдарды сыйлап-урматтап, ыйманга чакыруу керек.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.