Темир Сариевдин элди дуулдатып кол чаптырган докладынын толук тексти

19-июнда Т.Сатылганов атындагы Улуттук филармионияда өткөн «Акшумкар» партиясынын съездинде сүйлөгөн экс-премьер-министр Темир Сариевдин докладын окурмандардын кеңири катмарына тааныштырабыз… Урматтуу съезддин делегаттары! Ардактуу меймандар! Сиздер менен бүгүн чоң саясый атаандаштыктын алдында маңдай-тескей кѳрүшүп отурабыз. Баарыңыздарга чын дилимден ыраазылыгымды билдирем! Ошондой эле улуу Орозо айынын күндөрүндө баарыңыздарга жана үй-бүлөңүздөргө ынтымак-ырашкерлик, өлкөбүзгө тынчтык өнүүгү каалайм. Орозобуз кабыл болсун! Быйыл күзүндө президенттик шайлоо өтөт. Бул шайлоо ачык-айкын, атаандаштык шартта өтөт деп ишенем. Президент Алмазбек Атамбаевдин шайлоону Конституция жана мыйзамдарга ылайык, ачык өткөрүү убадасы бул […]

Ылганган ырлар («Жаш акындар жыйнагынан» 2-бөлүк)

1-бөлүк ушул шилтемеде Улукбек Омокеев — 1988-жылы Ош облусунун Кара-Кулжа районуна караштуу Чалма айылында туулган. 2011-жылы Ош мамлекеттик Университетинин кыргыз филологиясы факультетин аяктаган. Учурда Ош МУда студенттик “Нур” газетасынын редактору, Журналистика кафедрасында, “Билим” лицейинде мугалим. Ж.Мамытовдун мааракесине арналган сынакта баш байге (2013), “Калемгер” адабий клубу өткөргөн “Бир ырдын сынагы” конкурсунда 3-орундун (2014) жеңүүчүсү деп табылган. “Жаз жыты”, “Кеч күздөгү сулуулар”, «Ата-сүйүү! ыр жыйнактарынын автору, “Жигер” чыгармачыл мектебинин түзүүчүсү, бир нече публицистикалык, көркөм-публицистикалык макалалардын автору. Турат экен көтөрүп Булак жактан сокмо жолдо […]

Бейшенбек БЕКЕШОВ: Шыпаанын жарымы адамдын өзүндө

Ооруну башка салбасын. Бул деген тагдыр. Укмуштай чоң сыноо. Аны көтөргөн бар, көтөрбөгөн бар. Жеңген бар, жеңе албаган бар. Оорунун шыпаасынын жарым-жартылайы дарыгерде болсо, экинчи жармы, балким андан алда канча көбү бейтаптын өзүндө болот. Мына ошол экөөнү бириктирген кудурет Жараткан Кудайдын өзү экен. Бир кызык мисалды баяндай кетели. Азыр элүүгө таяп калган Элмира Асанбекова беш жыл илгери жатын моюнчасынын рагы деген балээ менен республикалык онкологиялык ооруканага түшөт. 80 күн жатып, 4 жолу химиялык, 22 жолу нурлантуучу дарылоодон өтөт. Дарыга ууланып […]

Венера БӨЛӨКБАЕВА: Энеке

АҢГЕМЕ Анда башка жерде эмгектенчүмүн. Жетекчим алыскы бир районго он эки күнгө жөнөттү. Ортодо эс алуучу үч күндү кошуп эсептегенде он беш күн, жарым ай болуп калат. Колума эки таңылчак карматты. Ичиндеги баракчаларда бакыйган бир кишинин сүрөтү жана өмүр баяны, эң аягында депутат болсом тигинтем-минтем деген убадалары жазылган. Ал баракчаларды он эки күндүн ичинде район борборундагы ар бир үйгө кирип таратышым керек. Таратып эле койбой, келечектеги депутат болчу кишини мактап-жактап шашылбай, эрикпей баарын түшүндүрүшүм керек экен. Район жактагылар менен алдын […]

Назым ХИКМЕТ: Үч жигит жөнүндө жомок

Менин уулума биринчи жомок Балам, бар экен, жок экен, дүйнөнүн үч жак четинде, бири биринен алыста, бир курактагы, бойлору да тең үч жигит жашаптыр. Дүйнөнүн үч жак четинде, бири биринен алыста жашаган жигиттер эч качан бири бирин көрбөптүр жана бири бири тууралуу угушпаптыр дагы. Балам, дүйнөнүн үч жак четинде жашаган жигиттер бир жылда, бир күндө жана бир саатта туулган журтун калтырып, Өлбөстүктүн ташын издеп жөнөшөт. Укканга караганда, алар Өлбөстүктүн ташы эчендеген тоолордун жана өрөөндөрдүн ары жагындагы кан толгон кудуктун ичинде […]