Ооруну башка салбасын. Бул деген тагдыр. Укмуштай чоң сыноо. Аны көтөргөн бар, көтөрбөгөн бар. Жеңген бар, жеңе албаган бар. Оорунун шыпаасынын жарым-жартылайы дарыгерде болсо, экинчи жармы, балким андан алда канча көбү бейтаптын өзүндө болот. Мына ошол экөөнү бириктирген кудурет Жараткан Кудайдын өзү экен.

Бир кызык мисалды баяндай кетели. Азыр элүүгө таяп калган Элмира Асанбекова беш жыл илгери жатын моюнчасынын рагы деген балээ менен республикалык онкологиялык ооруканага түшөт. 80 күн жатып, 4 жолу химиялык, 22 жолу нурлантуучу дарылоодон өтөт. Дарыга ууланып сөлдүрөп калган абалда жакшы болдуң деп чыгарып жиберишет. Ар 3 ай сайын келип текшерүүдөн өтүп турат. Келген сайын жакшы эле турасың дей беришет. Бир жылдан соң такыр баспай калганда баякы ооруканага кайра алпарышат. Алар дагы 6 жолу нурлантуучу дарылоо жасашат. Менин түшүнүгүмдө нурлантуу деген рак болгон жерди күйгүзүп салуу. Күйгөн жерде рактын өсүшү токтоп, бирок күйүп калган, б.а. өлгөн этти таза эт жутуп албагандан кийин экөөнүн ортосундагы көйгөй кала берет экен. Тактап айтканда, өлгөн эт таза этти өлтүрүп кете берип, болгону бир аз да болсо өмүрдү узуртууну гана иши экен.

Ошентип баш-аягы 28 жолу нурлантуудан өтсө да оңоло албаган Элмира жандалбасын кылып барбаган жери, кайрылбаган дарыгери калбайт. Акырында ичинен кан чыга баштайт. Көрсө жатын тараптагы илдет арт жагына жайылыптыр. Проктологдор операция жасап, көтөн чучугун курсагынан чыгарып бермек болушат. Эми антип булганбай эле тазараак өлүүнү чечет Элмира айым. Доктурлар болсо анда башка дарылоодон пайда жок, үйдө эле олтургула деген кеңеш берет туугандарына.

Ошентип үйүндө өлүмдү күтүп олтурса телевизордон ЭлТРдин Оштогу студиясында онколог врач менен айтышып жаткан Хашим табыпты көрсөтүп калат. Андан Элмираныкындай дартты элдик ыкма менен айыктыруу мүмкүн экенин угуп, акыркы үмүттүн оту жанат. Антип-минтип жыйналып алып Бишкектен Ошко барса Хашим табып Аравандагы бейтапканасын жаап, Россияга кетип калган болот. Аны туш-тушунан иттей тытып иштетпей коюшкан болуп чыгат. Эптеп телефондорун таап, интернет аркылуу диагнозу менен оору тарыхын жөнөтөт ага. Хашим табып Казан шаарына 300 километр аралыктагы бир шаарчада бейтапкана ачып, иштеп жатыптыр.

«Оору өтүшүп кетиптир, үмүт өтө эле аз, бирок аракет кылсак, Кудай шыпаасын берсе айыгып кетишиң мүмкүн», — деп жооп берет ал. Ошого да кайыл болуп, Элмира айым Россияга жөнөйт Хашимдин артынан. Анда эки айча дарыланат. Көзгө көрүнөөрлүк оңоло баштайт. Бирок Хашим табып арендалаган үйдүн ээсинин напсиси ачылып, ал жерде иштөө мүмкүн болбой калат. 2015-жылдын февралында кайра Бишкекке келишип, ылайыктуу жай тапкыча Элмиранын үйүндө бейтапкана уюштуруп, аны да дарылоосун улантат. Алты ай күнү-түнү дарылап, баягы илдеттердин баарынан арылтат. Рак деген балээси жатында да, жайылган жеринде да жок болот. Бирок нурлантуу менен күйүп калган белинин эттери (балким нервдери) кайра калыбына келбей, али басып кете албай турган чагы.

Азыр күндөн күнгө жакшыруунун, сакаюунун гана үстүндөмүн деп сүйүнүчтөн төбөсү көккө жетип, бир ыйлап, бир сооронуп, табыпка ыраазычылык үчүн айтаарына сөз таппай мукактанат. Эт алып, кадимкидей өңүнө чыгып калган. 1-2 айда бир келип кароодон өтүп турат. Кошумча маалыматты, жеке эле бул эмес, Хашим Зайналиевден сакайган башка толгон адамдар тууралуу маалыматты ошол бейтапканада “Бейтап баяны” деген папкелер сакталып турат, анда ар биринин телефондору да бар, ошондон кеңири билип алсаңар болот.

Жатын моюнчасынын рагы деген диагноз менен келип, дарыланып кеткен дагы ончакты аялды көрдүм. Алардын дээрлик көпчүлүгүн 4-стадиядагы өтүшкөн оору деп ооруканадан чыгарып коюшуптур. Жатын дарты кабылдап, көтөн чучукка чаап, бок-жин аралашып чыгып калган учурлар болот экен. Бул дарылоону ого бетер машакатка айлантып, дарыгерден эбегейсиз чоң түйшүк менен чыдамкайлыкты талап кылат экен. Денени рактан арылтып, эми дарт жеп биригип калган эки каналды бири биринен ажыратып тиктирип келгиле деп хирургга жиберсе, мурдагы рак деген диагнозун көрүп туруп  бир да хирург албай койгон учурлар толтура. Ылдыйкы эки каналы биригип, таштандысы андалап, кайда барарын билбей аргасы куругундар азыр да жатат Хашимдин бейтапканасында.

РАК ИЛДЕТИН ЖЕҢҮҮ

Хашим табыптын табылгасына мына эми келдик. Денени рактан арылтуу. Бүт дүйнө медиктери менен табыптары небактан бери алек болгон, мааниси эбегейсиз зор иш. Ракты дарылоо медицинанын өзүнчө бир, триллиондогон долларларды жүгүрткөн континенттер аралык бизнес тармагына айланган. Анын кыбыр эткен ишинин баары “Онкологдордун бүткүл дүйнөлүк протоколу” деген эрежеге баш ийдирилген. Дарылоону ошого ылайык жүргүзсөң бейтабың бир эмес он жолу өлүп калса да эч кимдин алдында жооп бербейсиң. Эгер андан кылдай кыйшайсаң соттолуп кетишиң мүмкүн. Мына ушундай катаал тартип менен иштеген, бардык иши өтө кымбат дарыларын сатууга баш ийдирилген система. Карапайым кыргыздын мисалында адамды 2-3 жыл өлтүрбөй кармап, анын акыркы ыштанына чейин чечип алып, эми барып өлө берсең болот деп чыгарып койгон система. Ошол эле учурда расмий онкологиянын рактын айрым түрлөрүн баштапкы стадияларында айыктырууга жетишип жатканын да тана албайбыз.

Эми Хашим табыптын табылгасы деген эмне жана ал кайсы илимий жана практикалык далилдерге негизделген деген суроо. Биз табыптын өзү ойлоп тапкан толгон дарыларын көрдүк. Алардын баары табийгый чөптөр менен мөмө-жемиштерден жасалган. Көпчүлүгүн бейтапкананын өзүндө эле сууга кайнатып даярдашат. Айрым аркар от, теке жалак сыяктуу чөптөр менен минералдарды же чет өлкөлөрдө өскөн кээ бир дары чөптөр менен тамырларды эсептебегенде, алардын дээрлик көбү биздеги иттин кара капталынан болгон ит мурун, бөрү карагат, сулуу сыяктуу өсүмдүктөрдөн жасалат. Алардын эмне чөп экени, кантип жасалышы сыр деле эмес.  Хашимдин ушул чөптү үйүңө барып, ушинтип кайнатып иче бер деп жөнөтүп жиберген учуру толтура.

Сыр, Хашимдин өзүндө. Кайсы чөп дары адамдын денесиндеги кайсы процесске таасир этээрин билгенинде. Манжалары менен тамыр кармап, оорунун, дарттын абалын билип турганында. Ал 2-3 мүнөттө тамыр кармап койгон диагноз 2-3 жума жүрүп анализ тапшырып, узи-пузинин баарынан өтүп жүрүп чыгарган диагнозго тетири чыкканын көргөн жокпуз. Бейтаптарынын абалын күнүгө 2-3 жолу келип карап, керек учурда дарыларын, процедураларын алмаштырып турганында. Ал Кудай же көзү ачык болбогон соң, дарттын баарын эле дароо аныктай албаган учурлары да көп. Андайда улам бир дарысын берип, таасирин тамырдан кайра-кайра текшерип көрүп олтуруп, акыры таап алат. Ал эми дарыларынын зыяны жокко эсе болгондуктан, кандайын пайдаланган күндө да адамдын пайдасына гана кетет деп айтууга болот.

Адам акыл-эсти тумандатуучу же ооруну басаңдатуучу медициналык дарыларды ичип алган учурда Хашим табыптын тамыр кармоо жөндөмү азайып же такыр эле иштебей калат экен. Бир бейтаптан шек санап, жанында жаткандарга аңдытып, жашырып кочуштап наркотикалык дары ичип жатканын кармап алып: “Мен сенин дартыңды таба албай бир жумадан бери жинди болуп атсам, сен ушундай кылып жаткан турбайсыңбы?!” – деп бейтапканасынан чыгарып жибергенин көрдүк.

Мына ушул чөп дарылар табыптын айтуусу боюнча рактын өсүшүн токтотот. Токтотмок турсун, акырындык менен анын табийгый жол менен денеден ажырап, бөлүнүп чыгышына алып келет. Бөлүнүп чыккан уюган же чырмалышкан кара кан түрүндөгү, белгилүү бир формасы жок рак ириндилерин ички органдардан арткы тешик же табарсыкка коюлган түтүк аркылуу түшкөнүн көп жолу көрдүк. Ал интенсивдүү дары ичкенден кийин 2-3 жумада, кээде андан көп учурда да түшөт экен. Аны аңдып жүрүү бейтаптын өзүнө тапшырылат. Анысы түшкөн бейтап бала туугандай сүйүнүп, бейтаптын баарына жарыялап, үймөлөктөшүп карап, таңыркап жаткан учурларына  далай күбө болдук. Хашим табып алардын үлгүлөрүн гистологиялык анализге жөнөтүп, документтештирип да жүрөт азыр.

Мына ушуга кызыгып, бул кантип айыктырып жатат ракты деп кызыккан бир онколог жок. Баары тең болбой турган нерсе болбойт деген принципке өтүп алган. Ал турсун табып бейтаптарды айыктырбай эле гипноздоп алган, алар бүгүн болбосо эртең өлөт деп расмий интервью берген бетпак врачтар чыгып жатат. Дагы бир белгилүү врач “Онкологдор кээде туура эмес диагноз коюшат, табыптан айыгып кеткендер ошолор болушу мүмкүн”, — деген пикирин айтыптыр. Мунун өзү онкологдор акча жасоо үчүн жалган диагноз коюшу мүмкүн экенин моюнга алуу эмей эмне? Же болбосо кандай бети бар врач бейтапка «сен рак экенсиң» деген диагнозду колуна карматып көчөгө чыгарып жиберет?

Биз бул журналисттик иликтөөбүз менен онкологдордун былыгын чукуйлу деген жокпуз. Алардын ишине аралашууга кыпындай да ниетибиз жок. Биз болгону Хашим табыптын эмне деген феномен экенин элге алып чыгууну гана максат кылып олтурабыз.

Мына ушул медиктер сыяктуу бейтаптарды документтештирүүгө келгенде Хашим табыптын тажрыйбасы нөл экен. Ошондон бир топ жолу күйүп, эми айранды да үйлөп ичип калган кези. Көзү жүз пайыз жетип турган ишти да расмий анализге жөнөтүп, документтерин тиркеп коё баштады. Бир келин келип менин көзүмчө эле кайрылып калды. Жатындын моюнчасында рак бар дешти деп баарын майдалап айтып берип жатат. Мындай илдетке чалдыккандар уялбай деле калат экен. “Түшүндүм. Эми барып гистологиялык анализден өтүп кел. Сага да тынч, мага тынч болот. Анан да менин врач деген дипломун жок экенин билериң, бир жаманчылык болуп кетсе дооң жоктугу тууралуу тил кат жазып бересиң, макулбу?” – дейт табып.

Андай тил катты табып азыр бейтаптын баарына жаздырып калган. Көрсө мен зыян тарттым деп бир эле киши арызданса кылмыш иши ачылып, камалып кетиши мүмкүн болуп, ал эми ошол эле учурда жүз кишинин сакайып чыкканы эч нерсеге жарабай калат экен. Ачыгын айтсак, Хашим табып өлөр кишини билет. Бирок андайды албай коюудан Кудайдан коркуп, дарыланам дегендин баарын ала берет. Адилет дарыгерди бейтап өзү деле көрүп, түшүнөт экен. Курулай доомат Кудайдан жөө качкан миңдин биринен эле чыгат. Бирок ошол миңдин бири адамды ак жерден күйгүзүп, жаман аттуу кылууга жарайт экен.

Өлөр кишини көрүп турса, жалаң пайдалуу бейтаптарды тандап сакайтып, байый бербейби деген да суроо туулушу мүмкүн. Хашим табып мына ошону жасай албайт экен. Ал бизнес жасаганды да, бирөөгө калп айтканды да билбейт экен. Болгонун балп эттирип айтып олтуруп калат. Аны биринчи көргөн киши жактырышы эч мүмкүн эмес. Чорт жана кыска сүйлөп, кесе айтып койсо, түшүнүп, түшүнбөй, кайра сураганга батынып, батынбай калгандар андан көп. Бирок баамдаган адамга бара-бара анын улам бир ажайып дүйнөсү ачылып, анын сакадай боюна катардагы бир пенде эмес, кадимки Улукман акедей залкар инсан тунганына көзү жетет.

Бизнести билбеген үчүн бейтаптын баарына күнүгө 2 миң сомдон төлөйсүң деп асмандын башын балп эттирип айтып коюп, иш жүзүндө анын бештен бирин да ала албай, элдин жармын акысыз дарылап, аяк-башын жаба албай калган чарба жүргүзбөйт эле. 25 бейтаптын бир күндө төлөгөнү 50 миң сом болсо, айына 1,5 миллион, жылына 18 миллион сом болбойбу деп иттин уулу Байгара да эсептеп, кузгундар пара талап кылып, итче тытып олтурбайт эле.

Хашим болгону илимпоз, Кудай-Таалам өзгөчө жөндөм ыроологон табып гана экен. Биз, бишкектиктер Бишкек шаарынын көчөлөрүн кандай билсек ал адамдын денесин ошондой билет. Билбеген көчөбүздү канчалык оңой таап алганды билсек, ал деле адам оорусун ошондой таап алат экен. Ал медиктер сыяктуу эле рентген, ультра үн изилдөө сүрөттөрүн, ар кандай химиялык-биологиялык анализдердин тыянактарын пайдаланган учурлары да толтура. Бирок медиктерден айырмасы — адамдын тирүү денеси менен иштей алганы, кан тамырларынын согушу аркылуу адамдын абалын аныктай алганы, ошол абалга зыянсыз чөп дарылардын таасирин биле алганы, оорунун өзүн эмес, себебин жок кылууну биле алганы. Бул табыпчылык эмес. Бул башкача медицина. Бул альтернативалык медицина.

Хашим табып тууралуу маалыматтар береги шилтемеде:

Ракты жеңген дарыгер чыкты

Бейшенбек БЕКЕШОВ: Хашим табып

Бейшенбек БЕКЕШОВ: Лейкоз – кандын рагы

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.