19-июнда Т.Сатылганов атындагы Улуттук филармионияда өткөн «Акшумкар» партиясынын съездинде сүйлөгөн экс-премьер-министр Темир Сариевдин докладын окурмандардын кеңири катмарына тааныштырабыз…

Урматтуу съезддин делегаттары!
Ардактуу меймандар!
Сиздер менен бүгүн чоң саясый атаандаштыктын алдында маңдай-тескей кѳрүшүп отурабыз. Баарыңыздарга чын дилимден ыраазылыгымды билдирем!
Ошондой эле улуу Орозо айынын күндөрүндө баарыңыздарга жана үй-бүлөңүздөргө ынтымак-ырашкерлик, өлкөбүзгө тынчтык өнүүгү каалайм. Орозобуз кабыл болсун!
Быйыл күзүндө президенттик шайлоо өтөт. Бул шайлоо ачык-айкын, атаандаштык шартта өтөт деп ишенем. Президент Алмазбек Атамбаевдин шайлоону Конституция жана мыйзамдарга ылайык, ачык өткөрүү убадасы бул ишенимди бекемдейт.
Бүгүн мен өлкөбүздөгү талылуу маселелерди кантип чечебиз, Мекенибиздин күч-кубатын канткенде чыӊдайбыз, элибиздин жашоо-турмушун кантип жакшыртабыз деген суроолор боюнча көз карашымды бөлүшөйүн деп чечтим.
Эзелтеден элибиз акылмандыгы, айкөлдүгү, меймандостугу, сабырдуулугу менен жашоо философиясын калыптандырган. Мындай сапаттары менен элибиз көп калктарга ата болгон, жол көрсөткөн.
Кыргыз – байыркы эл. Баатыр эл. Даңкы кылым карыткан калк. Көп улутка ата дегеним ошол. Байтактуу тарыхыбызды тактап, ата-тегибизди ар бирибиз билишибиз абзел. Бул биздин баа жеткис байлыгыбыз. Урпак катары милдетибиз, сыймыгыбыз!
Ошол эле учурда өткөн менен мактана бергенибиз азыркы абалыбызды жакшыртпайт. Баатыр бабаларыбыз калтырган даңк, мурасына татыктуу иш аткара алдыкпы? Кээде өткөн тарыхыбызды апыртып да ашыкча мактанып кеткен жайыбыз бар. Өнүгүп өсөбүз десек, келечекке кең карайлы. Сын көз караш менен мамиле кылалы. Чындыктын тили менен сүйлөп үйрөнөлү.
Быйыл өлкөбүз эгемендикке ээ болгонуна 26 жыл толот. Бул мезгил аралыгында жеӊишибиз менен оорчулуктар, өнүгүүбүз менен өксүгүбүз катарлаш келди. Бирок элибиз түмөн түйшүккө карабай өнүгүү, өсүү аракетинен жазган жок. Мамлекетибиз майда кадамдар менен болсо да телчигүү жолуна түштү. Мен ушул мезгил ичиндеги элибиз жеткен ийгиликтер менен сыймыктанам.
Элибиздин эң негизги жетишкендиги — эркиндик. Эркиндик, эгемендик – өнүгүүнүн өзөгү. Аны көздүн карегиндей сактап, баркын билели. Элибиз азаттык, акыйкаттык үчүн ажалдан кайра тартпай, өз эркиндигин сактап келе жатат. Аны 2002-жылдагы Аксы окуясы, 2010-жылдагы Апрель ыӊкылабы таасын далилдеди.
Ушундай эркиндикти баалаган эл жакшы жашоого татыктуу. Мекендештерибиздин дагы бир ийгилиги – талыкпаган мээнет, талбаган аракет менен жаңы экономикалык шартка көнүп, иштин көзүн таба алганы болду. Мамлекеттин колдоосу жок эле өз алдынча соода, туризм, тигүүчүлүк жаатындагы ири тармактарды түзүп, жаңы базарларды өздөштүрдү.
Баба дыйкандарыбыз менен мал киндиктүү элибиз бекер жатып алган жок. Ийгиликке жеткен фермерлерибиз, аалам чакырыгына жооп берген акылдуу жаштарыбыз, эл багар эр-азаматтарыбыз пайда болду! Мунун баары элибиздин чыдамкайлыгы, өжөрлүгү, айкөлдүгү, талыбаган аракетчилдиги, жаңыны үйрөнүүгө, өздөштүрүүгө болгон умтулуусунун натыйжасында болду.
Өнүгүүнүн жышааны дагы жогору болмок, эгер мамлекеттик органдар эффективдүү иш алып барганда, мындан да бир топ оӊуп калмакбыз. Бирок биз азыркы абалды калыс баалап, ачуу болсо да ачык айталы. Бүгүн Кыргызстан жарандык коомдун активдүүлүгү, эркиндикке болгон аракети жагынан аймактагы өлкөлөр арасынан ат чабым алдыга кетти. Бирок калкыбыздын жашоо-турмушу, экономикалык өнүгүүсүнө келгенде, алдыга озо алган жокпуз.
Калктын басымдуу бөлүгү жакырчылыкта күн кечирүүгө аргасыз болууда. Жүз миңдеген журтташыбыз башка өлкөлөрдөн иш издеп, иш менен кошо коопсуз, ыӊгайлуу жай издеп кетүүгө дуушар болду. Жарандарыбыз өз мекенинде өзүн коопсуз сезе албай жатат.
Эң коркунучтуусу – айрым мекендештерибиз Кыргызстандан өзүнүн, балдарынын татыктуу келечегин көрө албай жатат. Бул ачуу чындык. Жарандык коом мамлекеттик бийликке караганда алда канча алдыга кетти. Бүгүн мамлекеттик органдар жарандык коомдун талаптарын аткара албай, сын угууга аргасыз болууда. Себеби элибиз ачык-айкын, заманга шайкеш санариптик башкаруу, санариптик экономиканы талап кылууда.
Ошондуктан, өлкөбүздүн, элибиздин азыркы абалын калыс баалап, “жакшысын жашырбай, жаманын ашырбай”, Мекенибиз жана мекендештерибиздин жашоосун жакшыртуу үчүн программа иштеп чыктык.
Программанын негизги платформасы сиздерге таратылды. Кененирээк кийинчерээк да берилет. Мен программадагы негизги үч максатка токтолгум келет.
БИРИНЧИДЕН, мамлекеттеги тартип.
Аң-сезимибиз менен аракетибиздеги башаламандык мамлекеттик башкаруу системасындагы, коомдогу адилеттик түшүнүгүн талкалап, мамлекет менен жарандардын мамилелерине доо кетирип жатат. Чынын айтканда, ээн баштык, өзүм билемдик көбөйдү!
Ошондуктан, биринчи кезекте бардык тармактарды тартипке салуу зарыл. Мамлекетти тартипке салуу — бул мыйзамдын кынтыксыз диктатурасын орнотуу. Бизге темирдей тартип керек!
Мыйзамды кызыкчылыгыбызга жараша өзгөртө бербей, өзүбүздү өзгөртчү мезгил келди. Мыйзам — баарынан улук, баарынан ыйык, баарынан бийик! Бардык жарандар, өлкө жетекчилери баш болуп мыйзамды урматтаганды, мыйзам алдында бирдей экенибизди аңдап-билишибиз керек.
Бүгүнкү күндө сот, прокуратура жана милиция дарегине абдан көп доомат айтылат. Мен айтылган дооматтарды адилеттүү деп эсептейм. Ошондуктан, биринчи болуп темирдей тартипти укук коргоо жана сот системасынан баштоо зарыл.
Бүгүн милиция жана соттордун залимдигине туш болуп, запкы көргөн жарандарыбыз арбын. Моралдык соолугу булганган укук коргоо кызматкерлер менен соттордун орду түрмөдө. Алардын ордуна мыйзамды сыйлаган, элдин, өлкөнүн кызыкчылыгын жогору койгон адистерди тартышыбыз абзел. Кыска убакыт ичинде сот, милиция жана прокуратура системасын ыкчам реформалоо зарыл болуп турат.
Менин көз карашымда, реформанын негизги прициптери жана механизмдери төмөнкүлөр болушу керек:
— Укук коргоо жаатындагы кадрларды тандоо жана окутуу (Анткени кадрлар баарын чечет).
— Айлык маянасын көтөрүү;
— Антикоррупциялык көзөмөл системасын киргизүү;
— Укук коргоо кызматкерлеринин киреше-чыгаша декларациясын текшерүү менен коомдук көзөмөлдү орнотуу.
Мына ушул тапшырмаларды чечмейин укук коргоо жана сот реформасы сөз жүзүндө гана калып, өзгөрүү болбойт. Тартип жана мыйзамдуулук адилеттүү мамлекеттик башкаруунун негизин түзөт.


ЭКИНЧИДЕН, калктын биримдигин жана Кыргызстандын руханий кайра жаралышын камсыз кылуу. Азыркы доор алдыбызга жаңы тапшырмаларды, чакырыктарды жаратууда. Экономикалык олку-солкулуктар, маалыматтык технологиялардын өнүгүшү, глобализация дүйнөнү өзгөртүп жатат.
Мезгил талабына жараша, өз тамырыбызды унутпай өнүгүүбүз керек. Анын негизги шарты руханий жана экономикалык байгерчиликти камсыз кылуу. Биз XXI кылымда элибиз өз ордун, тарыхый миссиясын аңдап-түшүнгөндөй шарт түзүүбүз абзел.
Бизге бирдиктүү улут, бирдиктүү эл керек. Ошондо гана ийгиликке жете алабыз. Албетте, адамдардын кулк-мүнөзү, көз карашы, кызыкчылыгы ар башка болушу мүмкүн. Бирок өлкө жана коомдун өнүгүү жаатындагы негизги маселелер боюнча бирдиктүү көзкарашты калыптандыруу зарыл.
Биз — БИРГЕ гана, жаңы Кыргызстанды, жаңы Кыргыз Рухун жарата алабыз. Биз бөлүнүүнүн лимитин бүтүрдүк. Эми биригүүнүн убактысы келди.
ҮЧҮНЧҮДӨН, күчтүү экономика жана интеграцияны өнүктүрүү. Эң алгач коңшу жана өнөктөш өлкөлөр менен экономикалык интеграция саясатын улантышыбыз керек.
Жарандарыбыздын жашоосун жакшыртып, экономиканы көтөрүү үчүн мындан башка жолубуз жок. Кыргызстан сыяктуу чакан өлкөлөр интеграциялык жараяндарга катышуу менен гана эмгек, товар жана кызмат көрсөтүүнүн жаңы базарларын ача алат. Бул жаатта биздин өлкө үчүн Евразия экономикалык биримдиги, Шанхай кызматташтык уюму жана Бүткүл дүйнөлүк соода уюму эӊ ыйгайлуу өнөктөштөр болот.
Эки жыл мурун биз Евразия экономикалык биримдигине кирдик. Мен муну Кыргызстандын кызыкчылыгына жооп берген, тарыхый туура чечим болгон деп эсептейм. Дал ушул багытты улантып, тереңдетүү зарыл. Мен евразициялык интеграциядан биздин жарандар реалдуу түрдө пайда көрүшү үчүн кандай кескин иш-чаралар керек экенин билем. Биз Борбор Азиядагы коңшу өлкөлөр менен мамилени кескин жакшыртып, жаңы деңгээлге чыгарышыбыз керек.
Өтө кыска убакыт ичинде чегара маселелерин жөнгө салып, экономикалык, маданият жана коопсуздук жаатында интеграциялык долбоорлорду баштоо зарыл. Бул Кыргызстандын экономикалык өнүгүшүнө дем берип, өлкөнүн ичиндеги улут аралык мамилени жана тынчтыкты бекемдейт.
“Алтында дат болбойт, жакшыда жат болбойт” дейт элибиз, бардык мамлекеттер менен астейдил, ишенимге таянган мамилени куруубуз абзел: албетте, улуттук кызыкчылыктарды эске алып.
Урматтуу делегаттар жана коноктор!
Ар бир адамдын кыялы, максаты, эңсөөсү бар. Ошол кыялга жетүүнү ар бирибиз дегдеп жашайбыз. Биз бүгүн “Улуу кыргыз кыялын” жаратышыбыз керек. Анда элибиздин эӊсөөсү менен көксөөсү камтылган, ынтымак менен ырашкерликке ширелген калктын кыялы болуш керек.
Албетте, “Улуу кыргыз кыялы” дегенимди – жамбаштап жатып кыялга батуу деп түшүнбөңүздөр. Ошол Улуу Кыялга жетүү үчүн өлкөбүздө биринчи кезекте адамдык ресурсту өстүрүү эң чоң мааниге ээ.
Жааны алыска мээлесек, жебенин күүсү алыска барат. “Улуу кыргыз кыялына” жетүү дегеним: бул – реалдуу мүмкүнчүлүк. Себеби карт тарыхта улуу КЫРГЫЗ КАГАНАТЫН түптөгөн элибиздин жөндөмүн 21-кылымда көрүп атабыз. Чет өлкөлөрдө канчалаган улан-кыздарыбыз бүгүнкү дүйнөлүк интеграция менен эрте жуурулушуп, зор ийгиликтерге жетүүдө! Демек, улуттук кулк-мүнөзүбүздө жаратмандык касиет уюган эл экенибизге бөркүмдөй ишенем!
Улуттук уңгубуз, көрөңгөбүз “Улуу кыргыз кыялына” сөзсүз жеткирет!

Мен “Улуу кыргыз кыялы” катары Кыргызстанда жашап жаткан ар бир адамдын татыктуу айлык-акы, пенсия-пособие алып, коопсуздукта, Мекени менен сыймыктангандай шартта жашашын элестетем.
Четтен бакыт издебей, өз үйүбүздө, өз очогубузда, өз түндүгүбүз алдында, өз мекенибизде бактылуу боло алсак…
Бул мүмкүнбү деген суроо туулат? Албетте, биз БИРГЕ аткарабыз. Мен буга толук ишенем. Биз “Улуу Кыргыз кыялын” орундатууга милдеттүүбүз жана колубуздан келет.
Баарыбыз, БИРГЕ көксөгөн тилегибизге жетип, “Улуу кыргыз кыялын” БИРГЕ ишке ашырабыз. Ошондуктан, ак дилден чыккан аруу максатты аткарууга чакырам.
Улутка мен айтаар бүгүн кебим бар:
Улуу кыял жаратуучу демим бар!
Улуу дөөлөт түптөй турган дүйнөдө
Уюткусу уюп жаткан элим бар!
Баарыбызды ийгилик коштосун!
Улуу Кыргыз Кыялын, Улуу Кыргыз мамлекетин БИРГЕ куралы!

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.