Ылганган ырлар («Жаш акындар жыйнагынан» 2-бөлүк)

1-бөлүк ушул шилтемеде

Улукбек Омокеев — 1988-жылы Ош облусунун Кара-Кулжа районуна караштуу Чалма айылында туулган. 2011-жылы Ош мамлекеттик Университетинин кыргыз филологиясы факультетин аяктаган. Учурда Ош МУда студенттик “Нур” газетасынын редактору, Журналистика кафедрасында, “Билим” лицейинде мугалим. Ж.Мамытовдун мааракесине арналган сынакта баш байге (2013), “Калемгер” адабий клубу өткөргөн “Бир ырдын сынагы” конкурсунда 3-орундун (2014) жеңүүчүсү деп табылган. “Жаз жыты”, “Кеч күздөгү сулуулар”, «Ата-сүйүү! ыр жыйнактарынын автору, “Жигер” чыгармачыл мектебинин түзүүчүсү, бир нече публицистикалык, көркөм-публицистикалык макалалардын автору.

Турат экен көтөрүп
Булак жактан сокмо жолдо кече күн,
Булдуруктап сүйлөп сөздүн шекерин.
Бакан менен суу көтөргөн апанын,
Бала келет бекем кармап этегин.

 

Бала келет ылай жолдо жыгылбай,
Бал сөздөрү кээде угулуп-угулбай.
Чака келет бакандарга илинип,
апа келет ак маралдын сынындай.

 

Тагдыр жолу таза, тунук өмүрдөй,
Ийиндерде оор салмагы сезилбей.
Чагылышып жазгы күндүн нуруна
Суу келатат чайпалбай да төгүлбөй.

 

Төгүлбөгөн суу – бул бала, үй-бүлө,
аны ападай албас эч ким сүйдүрө.
Тең салмагын бузбай ушул дүйнөнү
Турат экен алар асып ийнине.

 

Кышты сүйгөн сулуу кыз
Үлбүрөгөн назик сезим, ышкылуу,
кылыгыңдан чагылууда бала кез.
Колу үшүгөн, а жүрөгү жыпжылуу,
кышты сүйгөн периште кыз кара көз.

 

Келген өңдүү кымбат жаның сагынган,
көздөрүңдө сүйүү, шаттык толо-мол.
Алтын сөйкөң күн баласы тагынган,
кыпкызыл от мойнуңдагы оромол.

 

Күн эңкейди көлөкөңдү узартып,
күмүш түскө чайынууда туш тарап.
Сен карасаң карлуу кышка сук артып,
Сага карап айлана бүт суктанат.

 

Эртең дагы ак сүйүүңдү жашырып,
каштарыңдай кара тумак кийип кел.
Кардай таза сезимиңе баш ийип,
кышты сүйсүн кышты сүйбөс жигиттер.

 

Эх биринчи курстун кыздары
Эх биринчи курстун кыздары!
Кызыл жүз, тегерек бет.
Жамандык көрөлек көп.
Сабактан бир күн калса,
ыйлашкан чебелектеп.

 

Эх биринчи курстун кыздары!
Ойлору күлүк бойдон,
Максаты бийик бойдон.
албырып эки бети,
Тийишсең күлүп койгон.

 

Эх биринчи курстун кыздары!
Мүнөзү өзгөрөлек,
Сүйүүгө сөз берелек.
Кыналган кыска көйнөк,
кийгенге кез келелек.

 

Эх биринчи курстун кыздары!
Гүлгө окшоп кулпурушкан,
Жашырбай сыр курушкан.
Таптаза дүйнөсү үчүн
Тажабайм ыр сунуштан.

 

Эх биринчи курстун кыздары!
Далай суу кечесиңер,
Чоң курска өтөсүңөр,
аттиңай, ошондо эле
Окшобой бүгүнкүгө,
Өзгөрүп кетесинер.

 

Күйсө күйсүн ак көйнөк
Жашоодо ар ким жаза басып алдырат.
Шашкалактык болбос нерсе бар кылат.
Үтүктөйм деп күйгүүзүпсүң көйнөктү,
Мейли эми муңайбачы жалдырап.

 

Үй-бүлөдө майда барат жумуштар,
Бир урушуп, бир жарашып туруш бар.
Көп нерсеге тоскоол эмес жарыгым,
көйнөктөгү кат-кат болгон бырыштар.

 

Кокустук да, доомат артмак ким бизге,
коркпо жаным, уялганың билгизбе.
Күйсө күйсүн ысып үтүк, ак көйнөк,
Бирок жаным жүрөгүмдү күйгүзбө.

 

Бекитсең
Кирдеп турган көңүлдөрдү тазарткан,
кир дүйнөдө сени таза жашаткан,
керемет ээ, толкунданып, өрөпкүп,
кубанычтан көздөрүңдөн жаш аккан.

 

Калдалаңдап кире калып эшиктен,
кандай сонун, жакшы кабар эшитсең.
Толкундоодон агып түшкөн көз жашты –
Жерди карап башкалардан бекитсең.

 

Көз тунарып, талдай албай абалды,
Жүрсөң жолдо бат-бат шилтеп кадамды.
Кубангандан салам берип жөн эле,
кучактасаң тааныбаган адамды.

 

Бак-дарактар сүйүнчүңдү бөлүшсө,
Жылдыздар да сага жакын келишсе.
Сезимиңдин толкундарын билишпей,
Сени баары келесоодой көрүшсө.

 

Кирдеп турган көңүлдөрдү тазарткан,
кир дүйнөдө сени таза жашаткан.
Керемет ээ, толкунданып, өрөпкүп,
кубанычтан көздөрүңдөн жаш аккан.

 

Жайлоодогу сулуу кыз
Окшоп турчу ага түңкү ай, таң нуру,
ашык эле өспүрүмдөр бардыгы.
Жөнөчүбүз күн батарда жайлоого,
Чөмөлөгө катып коюп чалгыны.

 

Бир сүйүүгө ону болуп теңшерик,
айланчыктап жүрчү баары теңселип.
Эки бети оттой күйүп албырат,
Сүткө жууруп жапкан нандай бөрсөйүп.

 

Биз болчубуз бир көрүүгө куштар жан,
кемселин айт, келбетине чыпталган.
Унуткарып койчу эле атырды,
Жыты анын кымыз, каймак жыттанган.

 

Берчү катты катып алып коюнга,
кыйналчубуз чыгаралбай оюнга.
Эптеп бир саат убакытка сураса,
Ээрчий чыкчу иничеги соңунда.

 

Билбейбиз эх, кызыл бетти ким өпкөн,
Ошол беттер бизди жарга түнөткөн.
Ак чөлмөктү талашымыш болуп биз,
Мактанчубуз кармап алып билектен.

 

Кээде чыкпай уусун берип кайгынын,
Бекитчү эле өзү менен ай нурун.
Таң атарда жөнөчүбүз өзөнгө,
Мине качып атасынын айгырын.

 

Бермет Закирова  — 1982-жылы 12-апрелде Баткен облусуна караштуу Чек айылында туулган. 2004-жылы Ош мамлекеттик университетинин Кыргыз филологиясы факультетин, 2011-жылы ушул эле университеттин Тарых-юридика факультетин аяктаган. ОшМУ мамлекеттик тил кафедрасынын окутуучусу.

Тагдыр
Тагдыр, тагдыр таскагыңа салбачы,
Тескей берип териктирип албачы.
Теңим менен жашаганга жай турмуш
Бир ууч гана бакыт берип алдачы?

 

Тагдыр, тагдыр алчыланып барбачы,
Тандай берип ачуулантып албачы.
Таң тосоюн балдарымды кучактап,
Таалайыңдан бир тал берип алдачы.

 

Тагдыр, тагдыр сүйлөшөмүн күнүгө,
Тардыгыңды сала көрбө үйүмө.
Түз жолуңа багыт берип өчпөгөн,
Өмүр берчи өрнөк менен сүрүүгө…

Мен Аялмын!
Түйшүк басып турса дагы ийинден,
Бир сап ырды таап алып сүйүнгөн.
Үйдөн чыкса дайым орду билинген
Мен аялмын, жуп-жупуну кийинген!

 

Келин болуп бата алуугажүгүнгөн,
коломтодон от өчүрбөй үңүлгөн.
Кетпесе деп ырыс-кешик үйүмдөн,
Мен аялмын жакшылыкка сүйүнгө!

 

Бала өстүрүп, укум-тукум улаган,
Бак-дөөлөттү бириктирип кураган.
Балдарымдын кубанчына ортоктош
аял болуп калганыма кубанам!

Бекмурат Келдибаев — 1990-жылдын 29-июлунда Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу 1-Май айылында мугалимдин үйбүлөсүндө төрөлгөн. 2014-жылы ОшТУну артыкчылык диплому менен бүтүргөн. “Күн жашынган аска” ырлар жыйнагынын автору. Мухаммед (с.а.в.) пайгамбарга арналган эсселер конкурсунун жеңүүчүсү. А.Осмоновдун 100 жылдыгына арналган «Жаш калемгер» сыйлыгынын лауреаты. «Жигер» чыгармачылык борборунун мүчөсү.

Өзүмө
Курч сыноосу бул өмүрдүн чымчылап,
көөдөн, дилиң тилингенде ыр чыгат.
Азап берген түйшүгүнө түтпөсөң,
акын болбой жаткан жакшы тынчырак.

 

Кызыл жүзүң кубанганда албырып,
күлкүң менен күйүтүңдү жандырып.
Жаратпасаң саамалыгын жакшы ырдын,
Жарыбагыр акын болбой кал куруп!

 

Күндөр кызык кайгырасың бир туруп,
каткырасың ооздогу суу бүркүлүп.
Жарыктык ай, жан дүйнөңө чоң кайгы,
Жакпай ырың элден чыкса түртүлүп.

 

Курч сыноосу бул өмүрдүн чымчылап,
көөдөн, дилиң тилингенде ыр чыгат.
Азап берген түйшүгүнө түтпөсөң,
акын болбой жаткан жакшы тынчырак…

 

Кол чатыр
Келгенимде кезигүүгө сен менен
Булут жашын төгүп жаткан дембе-дем.
Турган кезде чачтан тамчы сарыгып,
Эркем а сен кол чатырда келди элең.

 

Кез келгенде өткүн болуп басылдык,
Биз сүйүүнүн аптабына баш урдук.
Ак жамгырдын аруу демин жуттук да,
Суугунан кол чатырга жашындык.

 

Биз кош караан кол чатырда жанашкан,
көкүрөктө эргийт кыял канатчан.
Биз экөөбүз гүл талаада жүргөндө
Башкалары балчык кечип бараткан.

 

Тамчы тийбей алоолонуп сүйүүбүз,
Турсун гүлдөп ташка тиккен гүлүбүз!
Yй түркүгүн кол чатырдай көтөрүп,
Бирибизге жылыналы бирибиз…

 

Сезим Толукбаева — 1991-жылы ЫсыкКөл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Даркан айылында мугалимдин үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келген. 2014-жылы К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык Университетинин Европа Цивилизациясы факультетин ийгиликтүү аяктаган. Учурда КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссияда эмгектенет. Эл аралык «Нурборбор» чыгармачылык академиясынын мүчөсү. «Жазды күтөм» аттуу ыр жыйнактын автору.

* * *
Көрктөнүп бүр ачканда эмен багы,
көктөмдөн көптү күтүп келем дагы.
Жан кирип тирүүлүккө баштаганда,
Жанданып тирилчүдөй энем дагы.

 

Тышта да, ичте да кыш болгондугун,
кол эмес көӊүл муздап тоӊгондугун
Энеме айтып, ыйлап алсам гана
Жамгырдай төгүп ичте толгон муӊум.

 

Жылытып көӊүлүмдү жаз жиберсе
деп ойлоп кошо таалай-бакты берсе.
Жыл сайын эмнегедир күтө берем,
Болчудай жаз келгенде жакшы нерсе.

 

Жиберип жазда эргүү, ыр жаздырып,
койгонбу Жаратканым сырдаш кылып.
Азыгы көңүлүмдүн жазды күтөм,
келчүдөй коштоп алып бир жакшылык…

 

Каркыралар
Кайкуулап кайткан кезде каркыралар
Энемди эстеп көздөн тамчы тамар.
Былтыр күз жоготконбуз арга калбай,
ажалдан арачалап тартып алаар.

 

Энемдин өмүрүнө жарчы сымал
Ошол күз эрте болду кайтышыңар.
Энемди силер менен кошо узатып,
Бактымдын алып кетти жартысын ал.

 

Кошулуп каркыранын катарына,
аттанып кетти келбес сапарына.
Эрте күз жаңы келген өмүрүнө
аз калган мөмө даамын татаарына.

 

Энемдин туулган күнүн билген сыӊар,
ар жазда май айында гүлдөр чыгар.
Силер да келерсиңер катар бузбай
Энемдей күн жаркырар күлгөн сымал.

 

Кайкуулап кайткан кезде каркыралар
көңүлдүн козгоп кетет дартын алар.
Келчүдөй күтө берем энемди да,
көктөмдө келген кезде кайтып алар.

 

А бирок энем келбейт, кайдан келсин,
а көрө кудай бейиш жайдан берсин.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.