Боордош эл адабиятынан

АҢГЕМЕ

Күзгү жел дуулдап, тал бутактарындагы акыркы жалбырактарды учуруп алып кетип жатты. Жабагы булуттар жапырт жортуп, удургуп көчүп барат. Калың токой үңкүлдөп ыйлап жаткандай кулакка бир муңдуу, муңканган обон үзүлүп-үзүлүп жетет. Тоонун эңишиндеги азоо өзөн буркулдап, нугуна сыйбай ачууланып агат.
Көркөм табият кечээги жаз мезгилин эңсеп, көздү ачып-жумганча зымырап өтө чыккан көңүлдүү мезгилдин өтө кыскалыгына наалыйт. Кара шамал үзгөн ар бир жалбырак ажал тырмагына илинген бир өмүр тариздүү.
Бул жер бейит эле.
Балким, ошондон болсо керек, өмүр менен өлүм, бул дүйнө менен чын дүйнө чектешип, үнсүз сүйлөшүп жаткандай.
Чоң атасы атасы менен чоң энесинин катар жаткан бейитинин башына келип, дуба багыштаган Төлөгөн кош кабыр башындагы ташты колу менен сылап, өзүн өзү жубатып отургандай…
Бала күнүндө ал энесинин эркеси болуп өстү. Чүйкөдөй болгон мээримдүү жан небересин артына көтөрүп, кээ күндөрү кошуналардын, ирегелеш агайын-туугандарынын үйүн түгөл кыдырып чыгуучу эле. Кызык… Азыр айылга барганда Төлөгөндүн көзүнө жылуу учурап, көңүлүнө ысык көрүнгөн да ошол үйлөр. Боордоштук, туугандык сезимдерди бала жүрөгүнө мына ушинтип эгип, бөпөлөп өстүргөн эне жүрөгү кандай таза эле деңизчи.
А өмүр бою башталгыч мектепте мугалим болгон зиялы, парасаттуу чоң атасы буга өзүнүн сүйүктүү устатынын, белгилүү аалымдын ысымын койгон. «Менин Төлөгөнүм да ошондой билимдүү улама аалым болот», – деп өз көңүлүндөгү ошол бир изги үмүтүн аярлап, мактаныч кылып өттү өмүрдөн. Балким, ошондон уламдыр, Төлөгөн да ырасында эле жаштайынан окуу-билимге ынтаалуу, тарбиялуу бала болуп өстү.
«Чоң ата, чоң эне, – деп күбүрөдү ал ичинен. – Мен сиздердин үмүтүңүздөрдү актап, ишенимиңиздердин өтөсүнө чыгууга тырышамын…»
Төлөгөндүн жанары жашка толуп, көзүнүн алды былкылдап кетти…
Бир аздан кийин ал чоң ата-чоң энеси менен коштошуп, бейит арасындагы ийрелеңдеген жалгыз аяк жол менен чыга турган эшикке бет алды. Акыркы кездерде жаңы бейиттердин катары улам көбөйүп кеткен сыяктуу. Кечээ гана үйүлгөн жаңы топуракка сайылган жыгачка тууган-туушкандары каза болгон кишинин аты-жөнүн али жазып да үлгүрбөгөн…
Чыга турган эшикке жакындай бергенде, четки мүрзөнүн башында бүгүлүп ыйлап отурган бир муңдуу аялга көзү түштү. Көз жашын жоолугунун учу менен сүртүп: «Кызым-ай!.. Балапаным-ай, сени биз тирүүлөй көмдүк ко!..» – деп шолоктойт. Тизелеп отурган бойдон эңкейип, жаңы мүрзөнү кучактаган кезде бир ууч болуп бүкчүйүп калды байкуш эне…
«Бул ким болду экен?» Кабыр таштагы жазууну окуюн деп, алиги ыйлап отурган аялга жакын барды Төлөгөн. Бут баскан сайын шырп-шырп эткен жалбырактардын дабышына кулак түрүп, үнсүз отуруп калган аял капыстан жалт бурулуп, бакырайган кой көздөрүнөн от чача карады. Башындагы жоолугу желкесине шыпырылып, аппак куудай чачы жалбырап кетиптир. Өңү тутугуп, тиштене үн катты:
– Жакындаба! Кызымды тирүүлөй өлтүргөн жубарымбек, кет ары! Жогол! – деди ызырынып.
– Жо-жок, мен… Сизди сооротоюн деп…
– Периштемди өлтүрдүңөр! Баарыңар жооп бересиңер!
– Хадича эже?! Сиз экенсиз го…Кандай тааныбай калдым? Мен… мен кошуна Гүлназдын баласымын го… Азанын арты кайырлуу болсун!
– Жо-жок, – деди ак чач аял көзүн сүртүп. – Ага мен күнөөлүүмүн…
– Эже, мен Түркиядан каникулга келдим эле… – дей берген Төлөгөндүн сөзүн бөлүп:
– Периште кызымды атасы өлтүрдү… Ал да жооп берет, –деди капыстан бет алды сүйлөп: – Жогол дедим го сага!
Төлөгөн эми эч нерсе дебеди. Ичинен: «Арты кайырлуу болсун!» – деп дагы бир кайталап, өз жолуна түшүп кете берди.
Бала чагында дандырга ысык нан жаап берип турган Хадича эжесинин мындай күтүлбөгөн күйүткө кандайча кабылганын түшүнө албай дал болду. Анын жалгыз кызынын кайтыш болгонун уккан эле. Бирок киши колунан каза тапканын билбей турган. Эне жүрөгү мындай кайгыга кантип чыдамак… Кыйын болгон экен…
Деги эле атасы кызын кантип өлтүрөт? Эмнеге өлтүрөт? Табышмак. «Балким, жол кырсыгынан өлгөн чыгар?» – деди ал маркум болгон кыздын атасын ичинен актагысы келгендей.
Каратоодон соккон кара шамалга көөдөнүн тосуп келатып ойго чөмүлдү. Неге экенин билбейт, дал ушул азыр ал чоң атасы менен чоң энесинин жоктугун анык сезди. Алардын көңүлүндөгү мээримди сагынды. Булут арасынан шыкаалаган күндөй кири жок, таза көңүл чубагы назар эле ал азыр. Тиги бейитте Хадича эжесинин кызы эмес, өзү көмүлгөндөй оор да, азаптуу да күйүткө түштү.
Капыстан өз оюнан өзү чочугандай селт эте түшүп, арт жакта калып бараткан көрүстөнгө көз таштады. Бейит башындагы теректер жаназада сап түзөгөн жамаатка окшоп көрүндү. А кабыр таштар болсо, эскерткич таштарга айланган периштелер сыяктанат. Балким, кайра тирилер мезгилди, акырет күнүн күткөн күзөтчүлөр чыгар. Түбөлүк өмүрдүн чырак жагуучулары да болушу мүмкүн…
Капыстан Төлөгөндүн ой-кыялы кылымдар түпкүрүнө карай чегинип, караңгылык доорунун жарыкка карай агылган ортолук мезгилине туш болду. Ал адамзат баласынын наадандык туткуну болгон маалын өз башынан кечирип келе жаткандай сезди. Алтын курсагына уя салуучу келечек урпакты аярлап өстүрө турган болочок энелерди тирүүлөй көмгөн караңгы коомдун зулумдугун өз көзү менен көрүп, күбө болгондой…

* * *
Рим менен Перси империяларынын кылычынан кан таамп турган каардуу жылдар эле. Уеда тоосунун төбөсүнөн али Ай тууй элек.
Арабдын элсиз чөл талаасындагы тынымсыз соккон кара шамал кум учуруп, көз ачтырбайт. Оттой ысык аптап кыпкызыл жалын чачып, жер бетиндеги тиричилик аттууну тирүүлөй кууруйт.
Ушундай бир аптаптуу мезгилде үй ичинен ыңаалап ыйлаган наристенин үнү угулганда, үй ээси катуу толкундады. Ал өзүнүн дагы бир перзентке ата болгонуна ишенер-ишенбесин билбей, ичке жүгүрүп кирди. «Кызбы, уулбу?» – деп сурады ичтеги көпчүлүктөн. Кошуна аялдар кубанычтарын жашыргандай бир бурчка тыгылышып, ооз ачпады. Наристени кучактаган энеси гана кубанычтан ыйлады.
– Кыз… бул биздин келечекте дүйнөгө келе турган балдарыбыздын энеси го, – деди кара терге чөмүлүп жатса да күлүмсүрөп.
«Дагы кызбы? – деген муздак ой үй ээсинин боюн калтыратып жиберди. – О теңирим, мага буга чейин эки кыз бердиң эле, эми эмне…мени мазактаганыңарбы?!»
Ал кубанбады. Бүткөн бою ызага толуп, муштумун түйдү. Өңү бузулуп, жүзү карайып, сыртка атып чыкты. «Айланамдагы эл менен эми кантип аралашамын? Минтип ата болгончо, жер түбүнө кирип кеткеним артык эмеспи?» – деди ачуусун баса албай калчылдап.
Деги эле анын күткөн сүйүнүчү бул эмес эле. Анткени тууган-туушкандары ансыз да муну кемсинтип, басынтып келет. Достору да терс карап айланып кете турган болду. Коңшулары бетин басып, мыскылдап күлөт чыгар. Эми муну эч ким деле эркектанага кошпошу анык. Маңдайына сыйпалган кара көөдөн өмүрү кутула албас. Себеби наадандык орногон караңгы заманда катын аталуунун кадыры жок. Айбандан да төмөн саналуучу. Ал тек оюн-күлкүгө гана жараган куурчак боло турган. Ошондуктан, аларды кемсинтип, адам санына кошчу эмес. Араб чөлдөрүндө гана эмес, Римде, перстер арасында да дал ушундай наадандык салтанат куруп турган.
Үй ээси тишин кайрады. Алда кимден өч алгысы келгендей элсиз талааны карай жүгүрдү. Жел учурган кум бетин тызылдатып, көзүн ачыштырды. Ошондо да ал мизбакпай, жалтанбай, бийиктеги жылдыздарга карап кыйкырды:
– Не-е жа-зы-гым ба-а-а-р!!!
Анын айгайын чөл талаанын өлүү караңгылыгы каакым ордуна көрбөй, үнсүз жутуп коюп жатты.
Санаасын күдүк чырмады.
Шектенип сенсиреди.
Ошол маалда ал түн жамынып көр казып жаткан бирөөгө жолукту.
– Менин башыма келген балээ сага да келдиби? – деп сурады андан.
Көр казып аткан адам саал түзөлө калып:
– Тагдырдын жазмышын карачы… Ушундай да сый болорбу? – деди булдуруктап.
– Айтпа… Азыркы катындар уул туубай турган болгонбу дейм…
– Тегерегиңе көз салчы, бүгүн да бир нече көр казылды го. Теңирибиз кечирер, бизде башка амал жок…
Ошол түнү ал аялынын көз жашына ийип, үчүнчү кызды да үйүнө калтырды. Бирок бул чечими өзүн өмүр бою азапка саларын ичинен сезди…
* * *
Муздак жел басылды. Жамгырдан кийинки топурак жыты Төлөгөндүн бүткөн боюн чыйрыктырып жиберди. Ажал деми сезилгендей. Топурак менен аралашкан өлүм жыты сыяктанат. Каңшаары ачышып, көзүнө жаш үйрүлдү.
Акырын аяңдап жана келген изи менен кайра кайтып барат.
Көчөдө секирмек ойноп жүргөн кыздар өтө кубанычтуу. «Жамгырдын астында көп жүрсөң, тез өсөсүң», – деп шыңкылдап күлүшөт. Өмүрдүн бар бакыты баланын таптаза күлкүсүнө уялап калгандай. Суу болгон беттерин сүртүп, элик сыяктуу секирет. «Ушу балакайлар үчүн бир өмүрдү эмес, миңдеген өмүрлөрдү сарптаса болот» деген ой келди.
Төлөгөн күлүмсүрөп, көөдөнүн кере дем алды.
«Уэде тоосуна Ай туубаганда, кандай абалда болор элек? Алиги элсиз талаага Гүл чыкпаганда, сүйүүнүн тилин кантип түшүнөр элек. Замзам суусун ичип, көөдөндөгү жалынды баса алар белек? Адамзат үчүн жасалып отурган жакшылыктарды байкап, баалар белек?»
А эгер алиги наадандык караңгылыгы тумчулаган доордо өмүр сүргөн байкуш пенделер шекилдүү өз перзентибизди өзүбүз көргө түртсөк, эмне болор эле?!

* * *
Жылдар агып өтүп жатат…
Учу-кыйырсыз чөл-талаа…
Күн – асмандагы дар жыгач…
Бүткүл дүйнө бир тамчы сууга зар…
Адилетсиздик өкүм сүрүп, зулумдук канат жайган. Адам баласы чөө-бөрүгө окшош, алардан да өткөн кан ичер. Азуулуулар тиши жокторду талайт, а тиши жоктор бүткүл дүйнөнү жутуп жиберсем деп жутунат.
А энелердин кемшеңдеп ыйлагандан башка чарасы жок. Аталардын жүрөктөрү кара таш болуп катып калган.
Ошол түнү дүйнөгө келген үчүнчү кызын аяган киши эми жүзүн төмөн салып, айланадагы журт менен аралаша албайт. Анткени алиги балакай кыздан кийин бала болбоду. Аялы курсак көтөрүүдөн калды. Бала болбогондон кийин тууган-туушкандары анын кыздарын шайтанга теңей баштады. Ушу шайтандар болбогондо, теңирибиз сага балканактай бала берет эле деп ууландыра баштады үй ээсин.
Кыз чоңоё баштады. Капастагы куш сыяктуу. Апасы кээде инисинин үйүнө алып барып, ойнотуп келет. Кыз байкуш атасын аябай жакшы көрчү.
Бирок ошол бир караңгы доордогу наадандыктын курчоосунан чыга албаган үй ээси түн ичинде көр казууга киришти. Туугандарым айтса, бекер айтпайт деп ойлоду ал. Минтип элдин табалоосуна калып өмүр сүргүчө, бул шайтандан биротоло кутулайын деди.
Келерки күнү кечинде:
– Кызды кийиндир, абасынын үйүнө алып барамын, – деди аялына.
Апасы кызына эң кооз көйнөгүн кийгизди. Кызы болсо, анын жай кыймылына чыдабай:
– Апа, болсоңчу! Атам күтүп калды го. Эмнеге шашпайсың?– дейт чыдамы кетип.
Апасы алсыз эле. Жүрөгүнөн кан тамчылап тургандай… «Теңирим эмнеликтен менин кызымды тандады экен? Анын кандай күнөөсү бар? Эмне кылсам экен?» – деп кемшеңдейт.
Кызына көйнөгүн кийгизип, кучагына кысты. Жибергиси келбеди. Атасы кызынын колунан тартып:
– Болду эми, – деди зиркилдеп. Апасынын кучагынан чыккан ак көйнөкчөн кыз:
– Апаке, мен бир туугандарым менен ойноп бүткөндөн кийин келемин го, – деди күлмүңдөп.
Атасы экөө сыртка чыкты. Кыз кубанганынан секирип, жүгүрүп жөнөдү. Үйдө калган апасы бүк түшүп ыйлай баштады…
Алар айылдан алыстап кетишти. Балдыркан кыз гүлзарлуу бактагы ак көпөлөккө окшоп, каалгып учуп бараткандай.
Атасы аны көргө алып келди. Колунан кыса кармап алган. Алаканы тердеп кеткендиктен, кызы ичке колун тартып:
– Атаке, биз бул жакка эмне үчүн келдик? – деди.
Атасы үн катпады.
Колунан тартып, көрдүн четине жакындатты. Кызы жалтаңдап атасына карады.
Ата жүрөгү катып жибибей, кызын көргө түртүп жиберди.
Кулап бара жаткан кыз: «Ата-а!» – деп чыңырды. Ошол маалда күн күркүрөдү. Байкуш кыз бир колу менен атасынын этегинен кармап калды. Чаң жутуп, какалып-чакала баштады…
– Атаке! Мени чыгарчы, – деди жалынып.
Бечара кыз кайдан билсин, атасы өзү түртүп жибергенин. Сүрдүгүп куладым деп ойлоду. Ал убакта атасы этегин силкип жибергенде, алсыз көпөлөк терең казылган чуңкурдун түбүнө кулап түштү. Үзүлгөн жалбырак таризде…
– Атакем-ай! Чыгарчы мени! Бул жер коркунучтуу! – деп чыркырап ыйлады.
Ошентип, наадандыктан көз ачпаган шордуу кызын өзү тирүүлөй көөмп таштады…

* * *
– Балам ай, жамгырдын алдында калып, алма-чөлмө болупсуң го, – деди апасы үйгө кирген Төлөгөнгө карап.
– Апа, мен чоң атам менен чоң энемдин башына бардым, – деди ал.
– Дурус балам, ниетиң кабыл болсун! Эми кийимиңди ооштур. Тамак даярдап койдум.
– Ыракмат, апа. Үйгө киргенде эле билдим, жыты мурдумду жарып барат. Түркияда дайым сагынып жүргөм да. Атам келе элекпи? Берки бейбаштар кайда?
– Азыр келет. Аларды карап алагдыланба. Ансыз да сен келгенден бери үйгө шаша турган болду.
– Апа, бүгүн базарга чыккан жоксуңбу?
– Бир-эки күнгө эле келипсиң… Базарга кантип чыгамын?–деди апасы жашылданган көзүн сүртүп.
– Айтмакчы, бейит жакта Хадича эжени көрдүм… –деди Төлөгөн көңүлүндөгү бир суроонун четин чыгарып.
– Тагдыр да, балам, тагдыр… Хадича эжең аябай карып кетти. Алла өзү жар болсун!.. Кызы кайтыш болгону эс-акылынан ажырады, байкуш. Күндө мүрзө жакта жүрөт.
– Мени тааныбады. Андан кийин…кызымды өлтүрдү дедиби…түшүнүксүз… айтор, бир нерсе айтмак болду.
– Ал узак аңгеме, – деди апасы терең күрсүнүп. – Чынын айтканда, кызы асынып өлгөн…
– А ал болсо, тирүүлөй өлтүрдү деди…
– Балам ай, мындай жагдайда баарыбыз да күнөөлүүбүз го,– деп тып токтоду апасы. – Ийе-е, ошондой…акыр түбү келип баарыбыз жооп беребиз. Адамдарда мээрим калбады. Эч кимдин эч кимге жаны ачыбайт.
– Апа, кыз өзүн өзү өлтүрдү дедиң окшойт жана…
– Ооба, ошондой болду. Хадичанын кызы айдай сулуу эле го. Бир күнү Алматыдагы сулуулар мелдешине катыша турган болуптур деп уктук. Балээнин баары ошондон башталды…
– Кандай болуп…
– Аркы көчөдөгү Ахметтин кызы, анан, берки көчөдөгү Зейнеп бар эмес беле, анын кызы, баары чогуу кеткен Алматыга. Ошентип, Хадичанын кызы «Жылдын сулуусу» атаныптыр. Алиги мелдешке конок болуп келген Американын бир адамы: «Эми сен Бүткүлдүйнөлүк мелдешке катышасың», – дептир ага. Ошентип, деңиздин ары жагына кете турган болуптур… Америкада окутамын деп убада берген көрүнөт.
– Бардыбы?
– Барганда да кандай!..
Атасы менен апасы, кошуна-колоңдор, тууган-туушкандар – баарыбыз жыйылып, той жасап узаттык. Кайдан билели, акыркы сапары экенин… Алты айдан кийин асынып өлдү деген кабар жетти. Сөөгүн элге араң алып келди. Бирок чындыгында… кыздын кандай өлгөнүн эч ким билбейт…
Апасынын сөзүнөн кийин терең күрсүнүп, терезеден эки жакка көз салды ал. Тал бутагында калган жалгыз жалбыракты жел аёосуз жулкуп жатыптыр. А жалбырак болсо бар күчү менен көшөрүп үзүлбөдү…

Кыргызчалаган Нурбүбү БӨДӨШОВА
Ала-Тоо, апрель, 2017

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.