Түркчөдөн которгон Урматбек НУРСЕЙИТ уулу

1884-жылы Гёненде туулуп, 1920-жылы Стамбулда өлгөн. Түрк адабиятындагы “түркчүлүк” агымынын түптөөчүсү жана аңгеме жаатынын негиз салуучусу.

АҢГЕМЕ

Кичинекей салондун кызгылтым өңдөгү калың пардалуу терезесинен сырт тарап жалтылдаган акварель тактасы сыяктуу өтө эле кооз көрүнүп турду. Чайыттай ачык көк асман… Гүлдүү бактар… Уктап жаткандай уч-кыйырсыз мелмилдеген деңиз… Маңдайкы жээкте кызыл-көк, туман каптаган тоолор, коруктар, деңиз боюндагы аппак үйлөр… Бүтүндөй ушулардын үстүндө мифологиялык түштүн нака чындыгы сыяктуу учкан ак чардак үйүрлөрү! Терезенин алдындагы столдо арыкчырай, сары, жашы улгайып калган аял олтурат. Жазга, жашоого таарынгандай эки далысын сыртка салган. Нуру өчкөн көздөрү  бурчтардагы көлөкөлөрдү теше тиктейт.

Маңдайындагы шезлонгго жатып алып ак жуумал, сулуу кыз, кара  марокен[1] тыштуу китепти окуп жатат; терезеден гүл жыттары; деңиз, толкун шыбырларынан жагымдуу апрель айынын шамалы кирип жатты. Бир сааттан бери экөө тең унчукпайт, ошол калыбында отурушат. Жашы өтүп калган чоң эне даана токсон жети жашта. Бурчтардын көлөкөлөрүнөн кээде ойгонгонсуп селт эткен көздөрү анда-санда маңдайында китеп окуп отурган жаш кызга, небересинин небересине кадалат… Кокустан эле үч тиши калып, бырышкан оозун ачты. Эстеди. Мумияланган дене мүчөсүндөй саргарган, катып калган колдорун башын көздөй көтөрдү. Кофе өңүндөй жоолугунун астындагы агыш тарткан  чачтарын кармалап ойлоно калды. Дагы эстеди. Ойгонот окшойт. Аркасындагы ачык терезеден кирген тентек шамал анын көңүлүн көтөрүп, куштардын сайраганы, гүл жана көк майса жыттары кыялында алыс жактан кылайып аткан, акыры түгөнбөгөн, түстүү бир таңдай ойготууда. Акырын-акырын бүкүрүн аркасына такады. Колдорун тизесине коюп, башын көтөрдү. Небересинин небересине:

— Балам, эмнеге үндөбөйсүң? — деди. – Бираз сүйлөшөлү.

Ак жуумал жаш кыз жаңы муундагы түрк аялдарын эч качан канаттандырбаган, түбөлүктүү кайгы-муңдун булуту каптаган кара көздөрүн китептен албай:

— Окуп жатам чоң эне, — деди.

Он сегиз жашка чамалап калган. Анын шезлонгдогу жатышы өзгөчө жагымдуу, жука көйнөгүнүн астындагы көз жоосун алган балтырлары көзгө толумдуу көрүнүп, тизелери өтө назик, этегинин кызгылт ак көлөкөсүнүн ичиндеги кылыктуу буттары дагы да ичке көрүнүп турду. Колунда кармаган марокен томдуктун үстүндөгү ак, жаркыраган, көрктүү, ичке колдору төшүнөн атып чыкчудай тирсийген бөдөнө тумшук этине тийип, аларды басып алгандай сыяктанат. Чоң эне кайрадан сурады:

— Окуп жатканың эмне, кызым?

— Роман.

— Эмне жөңүңдө экен?

— Эч нерсе.

Чоң эне кайрадан ойго батты. Маңдайындагы бир канча жыл мурун карып өлгөн небересинин бул сулуу, сүйкүмдүү небересине суктанып карады. Бул дене-мүчө жашоосунун жазы эле. Аркасындагы көргүсү келген, терезенин сыртындагы ызы-чуулуу, жыттуу жазга эмне үчүн мынчалык чоочун сезилип жатты. Өзүн толкунданткан,  каршы боло албаган жаштыгынын арзуусун тартуулаган, он жети жашындагы алгачкы сүйүүнүн таттуу сүйкүмүндөй болгон апрель айынын шамалы, эмне үчүн анын белгисиз аза-күтүүсүнө тоскоол боло албай жатат. Анын эриндеринен жылмаюуну, көздөрүнөн бир аз жалынды жандандыра албады. Кайрадан сурады:

— Айтчы балам, романда эмне дейт?

Жаш кыз бакырайган көздөрүн көтөрдү. Китепти тизесине түшүрүп назик бир үн менен:

— Чоң эне, француз тилиндеги роман, — деди. Бирок чоң эненин кызыгуусу кайрадан күч алды, сөзсүз билгиси келди:

— Аты эмне?

— Desenchanté…[2]

— Ал эмне?

— Сүйүнүчтөн, бактылуулуктан кур жалак калган аялдар.

— Алар кимдер?

— Биз… Түрк аялдары…

Чоң энени ой басты. Сол колу менен кара чачтарын оңдоп отурган небересинин небересине азыр капалуу карады: бул кыз аза күтүүнү башынан өткөргөн, кыйынчылыктардын азабын көп тарткан өмүрү жарыбаган байкушка опокшош. Эч жылмайбайт, дайыма бир калыпта. Ах, мына ушуга окшогон китептер аны ууландырып, соолутуп, жаз жана кубанычтан чоочуркатып турат. Кокустан жүрөгүнүн түпкүрүндө бир түпөйүл ой пайда болду. Бул жапжаш, сулуу кызга боору ооруйт. Эти шылынган сөөк колдору менен столун кармалады. Дене бою уюп калгандай бир силкинип алды.

— Сүйүнүчтөн, бактылуулуктан кур жалак калган аялдар, түрк аялдарыбы? – деди. — Жок, жок! Түрк аялдары эч качан сүйүнүчтөн, бактылуулуктан кур жалак калган эмес. Сүйүнүчтөн, бактылуулуктан кур жалак калгандар силерсиңер. Азыркы аялдар… Силер кайратыңардан тайдыңар. Силер чоң энелериңерге окшой албадыңар. Ах, биз!.. Жаш кезибезде кандай бактылуу элек.

Жаз, ушул аркамдагы жаз бизди кубанычтан эс-мас кылчу. Азыр силер ушуну сезе албай жатасыңар. Силер ууланта турчу китептин артынан түшкөн сайын соолуп, карарып, өзүңөрдү жоготуп, макулукка айланып баратасыңар.

Жаш кыз күлүмсүрөдү. Чоң энесинин бул каардуу сөздөрүн ар дайым угат, кээде аны менен талаша кетет.

— Сиз эч качан окуган эмессизби, чоң эне? – деп суроо узатты.

— Окуганбыз. Маданияттуу, аттуу-баштуу мырзалар кыздарына  фарс тилин, ыйман сабактарын үйрөтчү. Тухфе-и Вехбини[3] окутушкан. Физулинин, Бакынын казалдарын жаттатып, месневилерди чечмелеп беришчү. Ошол учурда бир аялзаты үчүн эң чоң байлык: “Мартабалуулук, адептүүлүк, аз сүйлөп, көп тыңшоо…” эле. Азыр силер француз тарбиясын алган тарбиячылардын колунда чоңоюп, өзүңөрдүн баалуулуктарыңарга көңүл бөлбөй, башка мамлекеттердин ар кошкондорун үйрөнүп жатасыңар. Аларга окшошууга аракет кылган сайын өзүңөрдөн алыстап, айланаңардан жийиркенип, чындыктан, кубануудан, сүйүүдөн кур калдыңар. Ахх…ыргытып жибер колуңдагы китепти!

Жаш кыз кайрадан жымыңдады, “Макул, чоң эне” – деди, “бул китепти ыргытайын… Окубайын. Анан бизге түбөлүктүү жана урабас абакка айланган тажатма үйдүн ичинде жалгыздыктан жинди болуп кетейинби? Окуп, ойноп-күлүп өзүмдү сооротуп жатам.”

— Жок кызым, окуп жатасың, бирок ойноп-күлө алган жоксуң. Көздөрүңдү карасаң… Булут каптап, туман ичинде! Күндөн күнгө начарлап баратасың. Бул китептер уу, кайгы-муң.

— Анда айтыңызчы, окубасам эмне кылайын?

Чоң эне ойлоно баштады; ооба, чын эле эмне кылсын? Азыр чындыгында ар тарабы абактын дубалдарындай. Сексен жыл мурунку жашоосу дароо көз алдына тартылды; ал учурда эркектерден бөлөк аялдардын өзүнчө ааламы бар эле, азыр анын бири дагы жок. Бул аалам өтө кенен болчу. Миңдеген аялдар бири-бири менен жолугуп, эрмектешип, көңүл ачышчу.  Өздөрүнө тиешелүү оюн күлкүсү, каалоолору бар эле. Модадан түшүнүк жок. Апасынын эски кийимдерин кыздары кийет, чоң энелеринин асыл таштарын неберелери тагынат. Алтын күмүш жалатылган бут кийимдер, кызыл фарежелер[4]…ах ошол фарежелер… жаздагы көк шибердин үстүндө аялдар кызгалдактай кулпуруп чыгышчу. Араларында орою суугу, арыгы, оорукчаны болчу эмес. Эркектер бир гана өз аялдарын тааныйт, жумуштарынан эртелеп үйүнө кайтып келип, сулуулугуна тойбогон сүйүүсүн жана махабатын тутандырышат.

Чайканалар, казинолор, сыраканалар, клубдар, театрлар, сойкуналардын баардыгы түрк эркектерин аялдарынан алыстатты. Байкуш түрк аялдарынын караңгы үйлөрдө унутулган кароолчудай жалгыз бой калганы болгон эмес. Аялдар эркектери менен бактылуу жашап, ошол учурдагы заманбап үйлөрдүн берекелүү дастарконунда, бассейиндүү, тапчан орнотулган бакчаларында, коон-дарбыз бакчаларында, деңиз жээктерине курулган үйлөрдө чогулуп, оюн күлкүнү жаңыртып, бактылуулуктун туу чокусуна жетишчү. Кандай гана оюндар, кандай гана каалоолор бар эле дейсиң, бүгүн ошонун баары унутулду. Бүгүн французча окуу, токтоосуз кийим алмаштыруу, мода оорусунан, пайдасыз текеберчилик, маанисиз жана керексиз бой көтөрүүдөн башка эр нерсе жок…

Алафранга[5] чума оорусундай эле ичибизге сызып кирип, эриндерибиздин жылмаюусун өчүрдү, фарежелерибизди кескилеп, колубузга карматты, бармактарыбызды назик маржандай жаркыратып көрктөндүргөн кыналарыбызды дагы жок кылды. Кийимдерибизди, буюмдарыбызды алмаштыруу аракети жүрүп жатканда жада калса рухубузга да бүлүк салды; бардыгы калп, бардыгы жасалма, бардыгы туурама болду. Бактылуулуктан алыстап, жетүүгө мүмкүн болбогон максаттарга карай кадам ташталды. Үрп-адатыбыз менен бирге кубанычыбыз да сапырылып күл болду. Азыр айласын издеген жана азап чеккен бир муун!.. Бардыгынан көңүлү калган, бардыгын ката көргөн, караңгылыкка баш оту менен малынган,  сакаюу мүмкүнчүлүгү төмөн бир муун, ах.. азыркы оорукчан муун..

Чоң эненин көздөрү жумулуп баратты. Сексен жыл мурунку бактылуулугу менен бүгүнкү азаптарын салыштыруусу, жандүйнөсүндө өтө чоң чарчоону жаратты. Жаш кыз жүз жашка жетүүгө бир канча кадамы калган апасынын апасынын апасына, тагыраак айтканда чоң-чоң энесине таң калуу менен карап, анын учурундагы аялдардын бактылуулугу эмне болгонун табууга аракет кылды. Бирок тыянак чыгара албады:

— Унчукпай калдыңыз го, чоң эне? – деди.

Карыган аял бырыш каптаган көздөрүн ачты:

— Ах!.. Эски күндөрдү, бактылуулукту эстеп жатам.

— Эски учурда, сиздин учурда бүгүнкүдөн ашыкча эмне бар эле, чоң эне?

— Көп…көптөгөн нерселер…

Чоң эне ордунан козголуп алды. Айта турчуларын оюнда топтоп жаткандай бир азга ойлонуп кайрадан сөзүн улантты. Жаш кыз анын тиши жок оозунун ичиндеги караңгылыкты карап, ал жактан чыккан сөздөрдү тамаша уккандай тыңшап отурду.

— Ооба балам, көптөгөн нерселер бар эле. Бардык нерсе биз үчүн канаттануу, оюн-күлкү болчу. Баардыгы: балалык, мектепке баруу, турмушка чыгуу, төрөө, ал гана эмес улгаюу дагы…булардын жол-жобосу бар. Бүтүндөй жашообуз оюн-күлкү менен коштолду. Үйлөнүү тоюу, сүннөт той, жентек тойсуз бир жумабыз да бекер өткөн эмес. Үстүбүздөгү кийимдерибиз, кыналарыбыз дагы оюн-күлкүгө себеп болчу. Ырларыбызды ырдачубуз. Топтоло калып кеңешип, кыштын узун түндөрүндө шаңдуу ыр-күлкү жаңырып турчу. Ар бир мезгилдин өзүнө тиешелүү салты, оюну бар.

Чоң эне чарчоону унутуп сөзүн уланта берди. Ошол учурда бир куш терезенин тушундагы бакка конду. Чырылдаган ачуу ызы-чуусу кемпирдин титиреп жана жумшак чыккан үнүн коштоп жатты:

— Ооба балам, биз силер сыяктуу “Эмне кылалы?” – деп ойлонгон эмес элек. Буга себеп да жок болчу. Жан-дүйнөнүн кыйналганы эмне экенин билген жокпуз. Көзгө көрүнгөн нерсенин баары күлгөнгө, ойногонго шылтоо болду. Мисалы жаз… Ах, силер бөлмөңөрдө жашынып отурасыңар. Жаз келдиби, биз баарыбыз бакчага агылып чыгып, адатка айланган салттуу оюндар башталат.

— Кандай салттар чоң эне?

— Кандай болсун жаз дагы башка мезгилдер сыяктуу эле бизге шылтоо болчу. Биз бир жылдык жашообузду жазында белгилеп алып, күлүп, ойноп, шаттыкка бөлөнөт элек. Кандай белгилесек ошондой туура чыкчу. Барыбыз ишенчүбүз.

— Кантип?

— Жаз келип, бак-дарактар гүл ачып, жалбырактар жашылга оронуп, көк чөп башын көтөрө баштаганда биздин көзүбүз бөлмөлөрдүн ичинде токтобой калчу. Бакчага атып чыгып, жаздын жыпар жытына мас болобуз. Алгачкы көргөн көпөлөгүбүз биздин бир жылдык жашообуз эле. Ошону издеп, ошону күтөбүз. Алгачкы көпөлөктүн ак, кызгылтым болуусу үчүн ыр ырдап, талдардын үстүнө ак жана кызгылтым кездеменин кесиндилерин ыргытабыз. Сары же кара көпөлөк көрүп калбасак экен деп коркуп, канчалаган сезимдерди башыбыздан өткөрөр элек.

— Эмнеге?

— Анткени ар бир көпөлөктүн мааниси бар. Ах, силер буларды билбейсиңер, маани бербейсиңер. Ак көпөлөк: бактылуулук жана тынчтык…  Кызгылтым көпөлөк: ден-соолук жана оорудан алыс болуу… Сары көпөлөк: кайгы жана оору… Кара көпөлөк: кырсык, өлүм. Ак көпөлөк көргөндө ошол жылы жолубуз ачык жана бактылуу болорубузга ишенчүбүз… Жазгы гүлдөрдүн астында ак көпөлөктөрдүн урматына ыр окуйт элек…

Чоң эне сөзүн улантууда, алгачкы жолу топ болуп учкан көпөлөктөрдүн да маанилерин түшүдүрүп жатты. Ак көпөлөк топтору байлыктын, кызгылтым көпөлөк топтору токчулуктун, сары көпөлөк топтору каатчылыктын, кара көпөлөк топтору кайгы-муңдун белгиси экенин кеп кылды. Жаш кыз кунт коюп угуусун токтотуп; кара тоголок көздөрү чоң энесинин аркасындагы терезеден көрүнгөн жаз айынын кооздугуна кадалып, кыялга батты. Чындыгында сексен жыл мурунку аялдар бактылуу болуусу керек эле.

Өзүлөрү жаңы муунду жандаган сайын, түшүнгөн сайын, эркектерге жакындаган сайын алгачкы аялдык сапатынан, ургаачылыгынан алыстап, жандүйнөсүндө көтөрүлүш жанданып, мурунку аялдардын бактылуулукка жана каалоолоруна шылтоо кылган ургаачылык сапаттары өзүлөрүнө оттон, темирден куралган чынжырдай көрүндү. Тынчтык өкүм сүргөн үйлөрүнө түрмө сымал көз караш менен карайт.  Куурчак болуудан, балалыктан, жасалма ургаачылыктан кутулуп, чыныгы аялзатынын эшигин ачуу керек… Чоң энесинин кызыктай жомокторун угууну токтотту. Кыялынан бир жыл мурунку ызы-чуусу, кубанычтары, кеп-кеңештери, театрлар, конференциялар менен бирге мешрутийет[6] жарыясы тизмектелип өтүп, түгөнбөгөн кол чабуулар, алкоо үндөрүн уккандай болду. Ошол күндөр өзүлөрү үчүн кандай бактылуу эле. Дароо бул кара күчтөн кутулуп, азат болорун, инсандык укуктарына ээ болоруна үмүт кылышкан. Ах, ушул үмүт, кандайча бат эле суу сепкендей жалп өчтү, өчүрүлгөн бул кыял, бул үмүт ошондо эле жок болгон…

Ойлонгон сайын ыйлагысы келет, титиреп жатты. Бирок… Бирок жаңы жашоодон бир нерсе үмүт кылууга болбойбу? Түрк аялзаты бир күнү жогорку деңгээлдеги таланты менен, акылы менен европалык аялдар сыяктуу адам болуу сахнасына чыгып сый-урматтын жана сыйынуунун маңдайында жогорулай албайбы?.. Бүгүнкү баш ийүү качанкыга чейин уланат? Чоң эне түгөнбөгөн жомогун улантууда. Жаш кыз кыялданууда, ойлорундагы суроолорго жооп издөө аракетинде. Кокустан жылмая калды. Көпөлөктөргө бактыңды ачтыруу… Кандай сонун болмок. Эски түрк аялдарынын диний ишеними заманбап түрк аялдарынын жазмышына кандай өкүм чыгарат? Кызыгып жатты. Чалкалап жаткан шезлонгунан тура калды. Чоң эне унчукпай калган. Небересинен кокустан тура калышына таң кала сурады:

— Эмне болду кызым, эмнеге турдуң?

Жаш кыз күлүп, “Мен бул жазда эч бир көпөлөктү көрө элекмин. Өзүм үчүн эмес, мен сыяктуу болгондор үчүн, жалпы түрк кыздары үчүн, жалпы түрк кыздарынын жазмышы үчүн карайм” – деп терезеге жанашты. Чоң эне титиреген тейде үстөлүнөн өйдө болду:

— Көздөрүм анчалык жакшы көрбөйт, бирок… — деди, — мен дагы карайын силер үчүн…

Экөө тең терезенин кырында. Оң жакта жаш кыз, сол жакта бүкүрөйгөн чоң эне, сыртка назар салып турушат. Бардык табият көз жоосун алган сулууктун ичинде көлкүп жаткан. Деңизге күн нурун чачып, бүтүндөй ааламды каптай турчу күмүш нурдуу дарыяга окшойт. Бактардын кичинекей, коюу жалбырактары кубануудан, жыргал жашоодон шуудурап, жолдорго ак гүлдөр төгүлүп жатты. Маңдайдагы кум жээк, тоолор, боз кырлар бир мираж мамлекетин перилердин байтактысына окшотуп жатты. Унчукпастан карашты. Эч бир көпөлөк көрүнбөйт. Гүлдөрдү айланып учкан чымындын топтору гана көрүнүп, кайрадан жок болот. Бир гана ак чардак кандайдыр бир коркунучтан качкандай үн салып учуп өттү. Кайда экени көрүнбөгөн куштар сайрап жатат, таттуу үндөрү жандуу жана таңкы жамгырдай адам көңүлүн сергитет. Жаш кыз колун жүрөк тушуна көтөрүп, назик үн менен, “аа мына…” – деди.

Терезеге жакын жерде, бактын гүлдүү талдарынын астында кара көпөлөк учуп жүргөн. Көрсөттү. Чоң эне коркуу менен эти шылынган бармагын жаңсай:

— Мен сенден биринчи мынабул ак көпөлөктү көрдүм, — деп мрамор бассейиндин үстүндө учуп жүргөн бир көпөлөктү көрсөттү.

Жаш кыз чоң энеси жаңсаган жакка карай:

— Ах, чоң эне, жакшы көрбөй калыпсыз, — деди, — ал ак эмес, сары көпөлөк…

…Энеси жанараакта айткан жомоктогу кандайдыр бир аалам анын рухун дагы ээлик кылып алды, көздөрү караңгылашты. Кооздугу ашынган сулуу табият азыр ага тозоктой көрүнүп, мрамор бассейин жаш, туткун ханышанын күмбөзүнө, бакчанын гүлзары  оорулуу кыздардын каралбай калган гүлдүү кабырына окшоп кетти. Артка кетенчиктей шезлонгду көздөй басты.  Чоң энеси дагы өзүнүн өлүмүнүн белгиси болгон сары, кара көпөлөктүү жаздан үркүп артына кылчайган. Үстөлүнө бүкүрөйүп үнсүз отурду.  Жаш кыз колунан түшүрбөгөн морекен тыштуу кара китебин ачты, бул китеп азыр кара, жансыз көпөлөк сыяктуу бетин жаап турду. Окуган жок, жан-дүйнөсү көпөлөктөрдүн калп айтпаганын; байкуш жаңы муундун, азыркы түрк аялзатынын жазмышы муң-кайгы, өлүм экендигине, кара кепинди жыртып чыгууга мүмкүн эместигине, үйлөрдүн бош, ээн, караңгы дубалдарынын арасында, дайынсыз гүлдөр сыяктуу гүлүн ачпай, төрөлбөстөн өлүүгө моюн сунгандай болду…

Өтмүш, ишенимдер ушундай күчтүү, коркунучтуу дейсиң, бардык илимге, бардык чындыкка тең келет. Ойлонуп жатты: бирок бул ишенимдер, бул кополдук, бул текебердик бир гана түрктөргө тиешелүү эместир. Бир канча жума мурун Парижге билим алуу үчүн барган бир тууганы, жашаган үйүндө эт жана май болбогонун, Парижде жашаган үй-бүлөлөр арасындагы католик динин кармануусу, мындай диний тараптын бир агымын Суданда, чөлдөрдө, кумдуу,  чегарасыз жапайы мамлекеттерден да табууга мүмкүн эместигин жазган… Акырында: “Бирок адамдардын өзүмчүлдүгүндө чек жок!” дегенин эстеди.

Терезеден сүйгөнүнө жолукпастан өлгөн жаш жана оорулуу бир сүйүүнүн акыркы өбүүсүндөй назик шамал кирип, жаңы казылган бейиттердин үстүнө ташталган гүлдүн жыты буруксуп турду. Бөлмөнүн көлөкөсүндө көрүнбөгөн аза күтүү кыялдары айланып жүрөт…

Чоң эненин көздөрү жумулуп баратты. Жанакы көргөнү улгайып калган адамга он бир уйку дарысынан да күчтүүрөөк болгон. Жаш кыз… Жаш кыздын көздөрү китепке кадалып, окуган жок, китепти кармаган колдорун бооруна кысып, ичинен эриндерине жогорулап келе жаткан жүрөгүнүн каалоосун токтотууга аракеттенүүдө. Бөлмөнүн көлөкөлүү бөлүгүндө эки дене, эски жана жаңы түрк аялдарынын доору алышып жаткандай. Бирөөсү бир кылым мурунку муундун акыркы адамы, өсөрү эмес өлөрү калган…беркиниси, бүгүнкүнүн жаңы ачылган гүлү эле. Натыжада, экөөнүн тең тагдыры бул караңгы бөлмө, бул көркөмдүү, кооз бейит эле.

Терезеге жакыныраак учуп келген куштар кээде тынымсыз сайрап, кайрадан тынчый калышат. Чоң эне уктады. Эми жумшак, алсыз үн менен коңурук тартууда. Небересинин небереси, жаш кыз, сулуу кыз, ак жуумал кыз үнсүз, катып калгандай шезлонгдо жатат. Чоң терезеден кирген жыттуу, гүлдүү жаз шамалынын жели кокустан жанакы көргөн кара көпөлөктү эсине түшүрдү. Бул кара көпөлөк кооз, кереметтүү табияттын, гүлдүү жаздын бейишинде, тозоктун зулумун, наадандыгын элестетти. Азыр бул кара рух, гүл жыты менен кошо келип, терезенин алдында кире албай турат. Кайда экени көрүнбөгөн куштар, апааттуу жана азаптуу чабуулга туш болгондой кокусунан бардык күчү менен ызы-чуу салып сайрай башташты.

[1] Марокен – эчки, кой терисинен боёлуп жасалган жука тери.
[2] Desenchanté – француз жазуучусу Пьер Лотинин Осмон империясынын хан сарайларындагы гаремдер тууралуу жазган романы. Кыргызча которулушу – “Көңүл калуу”.
[3] Тухфе-и Вехби – фарсча түркчө сөздүк.
[4] Фареже – аялдардын көчөгө кийүүчү жакасыз кийимдери.
[5] Алафранга – француз төрөлөрүнүн жашоосу.
[6] Мешрутийет – конституциялык монархия.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *