АҢГЕМЕ

Тоо торгоюнун тили каткандыктан  же жакадагы короз сыяктуу жарчысы болбогондуктан кеч күздүн тунжураган бейкут таңы  тоо башынан кылайып атканда бала кезден берки көнүмүшү менен ойгонуп кетти карт жылкычы. Караңгыда кийимдерин кайсалай таап кийинип, сыртка чыгып баратып:

— Тур байбиче, балдарды ойгот, аттарды алып келишсин. Чай кайнатып бер, ичип алып бастырышсын, – деди өзүнүн шарпасынан улам ойгонуп оодарыла берген кемпирине. Мунун баарын аткарарына шеги жок болсо дагы буйрук берип көнгөн адаты менен жана атайылап эле уктап жаткан балдары ойгонсун үчүн бак-бак унчугуп. Кечээ узак жол басып келип, таң ашырылган ат басмайылын тартып аттанганында кашаңдана аяк шилтеди. Карт жылкычы кыштоодон эки бута атымчалык узаганда колунан тизгинди жулуп алып сербейген  бетегеге умтулган аттан түшүп, анын ооздугун чыгарып, моюнуна түрдү дагы жайына койду эле, ачыккан неме кыштоого жакындыгынан тукулжурап, бүткөн жер отуна жабыша калды. Ал таң ашкан атты чылбыры менен тушап, артына кайтышы керек болсо да ак карлуу тоо жактан соккон муздак желге кайыкканына кайыл боло кыштоодон алыстаган сайын калыңдаган отту кууган атка жетеленип баса берди. Чыгыш жак алгач күн эмес эле ай чыкчудай алсыз агарып, бара-бара бүткүл асман ак шоокумга чулганып, шамалга жаккан от сымал балбылдаган жылдыздарды өчүрүп, билинип-билинбей эле асманды көгүш түсүнө алып келди.

Күн кабары – ак шоокум бат эле асмандан ак чокуларга, бийик кырларга жугуп, аяктан энтеңдей түшүп келгенсип, жер бетинин карасын кара, агын ак кыла айырмалантты. Таң атты дегендей эле атырылып кирип келген жарыкты терең ойго баткан карт жылкычы байкаган да жок. Кечээ жакадан ортончу уулу “жылкыны айдап түшсүн дейт бөлүш болот экен”- деген кабарды ушул өзү откозуп аткан ат менен алып келгенинде чай үстүндө отурушуп кеңеш курушкан.

— Ошентип элге бөлүп беребиз дейт дечи,- деп кайталап сураган ал.

— Ооба, Жантөрө өзү айтты. Ар бир түтүнгө бирден жылкы тиет экен.

— Бөлүшүн быйылча коё турса болбойт бекен? – деген ал ички кыжаалатын жашыра албай.

— Бөлүш болсо эмне экен? Ар ким өзүнө тийген үлүшүн бөлүп алып эн тамгасын салып, кайра өзүңүзгө өткөрүп беришет да, — дегенде ортончу уулу:

— Ээ бөлүшсө, бөлүп алышсынчы ары жакка! Же жарытылуу айлык төлөшпөсө, — деген кийинчерээк жылкычылыктан тажап жүргөн кемпири.

— Жылкы бакпасак эмне айылга барабызбы анда, — деп чочуп кеткендей бурк эткен ал.

— Атаңардын оюна койсо карыганын билбей, он жылдап тоодон түшпөй жүрө берчүдөй. Ботом биз деле элге аралашып адамча жашабайлыбы?

— Апа, карылыкка моюн сунайын деп калгансызбы? Кичине чыдай турбайсыңарбы? Аскен үйлөнүп, жаңы келин тоого көнгүчө.

— Карыбаганда эмнебиз калды? Же бир элдикиндей күтүрөгөн малыбыз болбосо. Бир жылкы, бир уй, он соолук үчүн айлап-жылдап эмнеге тоодо жүрмөк элек?

— Элдин жылкысычы? Силерден башка кишиге эл ишенбейт. Жылкысын эртең бөлүш болгондон кийин ар бир башка мынчадан төлөп бергиле деп эмгек акыңарды сүйлөшүп алгыла.

— Болбойт! Карыганда ар кимден акча доолап жек көрүндү болобузбу, мал баккандын түйшүгүн эл билбейт. Бир коктуга айдап койсо жүрө берет да, ага эмне чөп жулуп берип атты беле дегендер четтен чыгат.

Бул жөнүндө кемпири экөө көп талашып-тартышкан, уруша да кетишкен. Антсе да аныкы жүйөөлүү болгондуктан унчуга албай, эки уулу кемпирин айнытар деген үмүттө отурду. Бирок уулдары оңой эле жеңилип беришти.

— Деги өзүңөр билгилечи. Өмүр бою тоодон түшпөгөн жаныңар жакага көнө албайсыздар го, — деп атпайбызбы десе улуусу, аскерден жаңы эле келген кичүүсү:

— Сиздер эмне десеңиздер ошого макулмун. Жылкычы бойдон калабыз десеңер да макулмун, айылда эле жашайлы десеңер да мейли.

— Аа балдарым, баягы күтүрөгөн колхоз малы болсо кана? Баарысын камдап алып келип берчү эле, айлыгыбыз жүрүп турчу эле, биз жылкы бакканды гана билчү эмес белек. Эми болсо өлсөң-талсаң да өз арбайыңды өзүң сок.

— Заман дегениң заматта өзгөрүп кетет турбайбы. Азыр жанталашкан жемин жедирбеген кишинин эле иши жүрүшүп калбадыбы. Биз дагы үлүшүбүздү алдатпай бөлүп алып, оокатыбызды тыңдап жүргүзүшүбүз керек, — деген сөздөр кемпири менен улуу уулунун ортосунда жүргөн. Өзү болсо бул экөөнүн эч нерсе болбогондой жөн-жай кепке киргендерине кыжыры келсе да жарылып кете албай, ичтен тынып отура берген. Атаң көрүү минтип кетерин ким билиптир. Өзүн качан бул тоолорсуз, боор эти менен тең Камбар-Ата тукумусуз элестетти эле? Дагы да болсо бел чечпей, аттан түшпөй, жылкы кайрыр жылдары бар эмес беле? Жоргонун шартылдаган жүрүшүндөй бир жашоо, күлүктүн күрпөң-күрпөң жүгүрүгүндөй өйдө-ылдый өмүр өтүп кеттиби? Ушул тоолордой эбегейсиз чоң Союздун кулаганын карачы, бир үй-бүлөдөй ынтымагы бар, жүз миңдеген койлору, үйүр-үйүр жылкылуу колхоздордун таланганын, жакырланганын, эми минтип бытыраганын карачы, жарым кылымдан көп жанталашып колхоз жылкысын багып, анын бир туягына да кыянаттык кылбай, эми минтип ырымдагандай жалгыз бир кыл куйрукка араң ээ кылган жакырчылыкты карачы!

Карт жылкычы жүрөгү өрттөнүп кимди күнөөлөрүн билбей, кардына жук барган сайын бетегенин калыңына, тулаңдын тутамына качырган атка жетеленип баса берди. Бир кезде оор ойлорунан баш көтөрүп, эки жагын каранса, күн чыгыш жактан баш багып, күңгөй тоолорду тегиз нур чайып, тескейдин бийик чокулары, кырлары нурга балкып, жылга-жыбыт, коктуларда көлөкөлөр түндөн калган калдыктардай тартылып баратыптыр. Өзү болсо ушул төрт тараптан жардаган тоолордун ортосундагы өзүнүн атынан Айтпай жайыт аталган жайыкта турган экен. Бул турушун, абалын ойлоп, өсүп өнгөн тоолору менен, жылкычылык жашоосу менен, билип-билбей коштошуп атканын сезди. Оор ойлордон башын чулгуп көтөргөн ал эми шарпылдата чөп жулуп, күртүлдөтө чайнап, жутуп аткан атка үзөңгү тээп, ээр кашынан бош тарта жеңил минди да, колок эте теминип, чылбыр учун айбар кыла бастырды. Өмүрү минтип жай, ат башын жайына коё максатсыз бастырбаса керек.

Жылкы бөлүш тууралуу кабар келбесе ал эбак кайсы бир кырда дүрбү салып отурмак же дагы бир коктуну өрдөп, жылкы түгөлдөп жүрмөк. Эми ал тизгинсиз минген атынын башын ушул жайык башындагы тескей тоолорго да, күңгөй тоолорго да кошулбай, кандайдыр бир зор күч жерден чоюп чыгарып койгонсуп шиштийген, ошол кебетесине жараша Шиш-Дөбө аталган, дөбөнү карай бурду. Анын чокусуна жетип демиккен атты чылбыры менен тушап отко койду да, айланага көз жүгүрттү. Бул жолу ал ушул жердин коён жатагына чейин билген кожоюну катары эмес, биякка биринчи жолу келип аткан кишидей карады. Мына алдыга жая салган супурадай жайылган Айтпай жайыт, ана бул жайыттан бир тепкич түшө калгансыган жапсарга курулган Айтпай кыштоо. Өзүнүн ушул жерде ушунча жыл жашаганы бияктын мурунку атын айттырбай, Айтпайга барабыз, Айтпайдын кыштоосу, жайыты дедиртип атып өзүнүн атын ыйгарткан куттуу жери.

Ушул узун-туурасы ат чабым, тоону карай билинбей өрүүлөгөн кенен жайыкты ушул жарым кылым ичинде каршы-терши канча жолу бастырды экен? Алардын баарын бири-бирине кошуп, эсептеп чыкса жер шарын канча жолу айланып чыгар эле? Кыш бою жылкысынын кар тээп, чөп таап жеген кыштоосу. Жазда жаш төлдү телчитээр, көккө тойгузар жаздоосу болгон бул жерде анын балалыгы, жигиттик курагы, токтолгон кези өтүп далай кубаныч, кайгысынын күбөсү эмес беле. Эми кадырман карылыгы өтүшү керек эле. Балалыгында тай үйрөтүп, ат чапкан оюнга ата-эненин мээримине канып, бактылуу күндөрүн өткөргөн. Жигиттик кезиндечи? Оо ал кылычтай курч, илбирстей шамдагай кезине жараша укмуштай окуяларга баш байлап, аларга атайлап бой урчу. Ошондогу бир окуя күнү бүгүнкүдөй көз алдында, эс көөнүндө даана турат.

Ошол жылы кар аябай калың болгонуна жараша карышкыр да күч болуп, жөн эле малды колдон талашкан. Ал түнү жылкынын жанынан чыкпай сак сактап таң агара баштаганда гана үйгө кайткан эле. Жаңы гана үйгө кирип, тонун чечип мешке колун кактай бергенинде, таңкы тынчтыкта жылкынын кошкурганы, дүпүрөп үрккөнү күңүрт угула калды. Босого жактан жөлөнүп турган мылтыгын ала чуркап, эшик алдында байланган атын чечип-чечпей секирип минип жылкыны карай чапты.

Канча үйүр болсо ошончо топко бөлүнүп, кар тээп оттогон жылкылар катуу үркүп, кыштоону карай качып келип, бир жерге чогула түшүп келген жагын тикчийе карап калышкан экен. Курч, учкаяк не бир көкбөрү менен эңишке түшкөндө качырганына түтүндөй эле тийген айгыр менен жылкыга жеткичекте айкырыкты салбады. Анткени, жылкыдан аркы түздүктө карышкырлар бар экенин, жылкыга далдоолонуп жетип алса калың карда кача албаган кашабаңдарды бирден терип атып коёрун боолгологон. Бирок жылкыны аралап баратып мылтыгын белендей кармай берип, анан эки жагын кайсалай чөнтөгүндө бир дагы огу жок экенин, октун баары тонунун чөнтөгүндө калганын билди. “Ах аттигиниң”- деп эми мылтыгын союл катары бир колдой кармап, аңдыган жагын абайлай караса, бута атым жерде топ карышкыр бир жылкыны кандуу булоон кыла талап жеп жатышыптыр. Ошондо эле ач айкырыкты салып, огу жок мылтыгын булгалай, атын кундак менен бир сала качырып жөнөдү.

Карышкырлар бешөө экен. Адамдын үнү угулганда жаңы эле ооздоруна толгон ысык эттен ыргылжың боло баш көтөрүп көп тогото бербегендей туш келди качып беришти. Айтпай айкырган бойдон ээрчише качкан эки кашабаңдын артынан салды. Калың карда катуу чуркай албай мүчүгөн карышкырларды көп узатпастан кууп жетти. Биринчисинен эшик төрдөй артта калган күржүгүй моюндуу артка кулак жапыра, кызыл көздөн кыйык сала карап, куйрук кыпчып качып бараткан чоңураагын ат менен көмө койдуруп, башка далдап туруп мылтык кундагы менен чапты эле, “карс” деген үнгө “каңк” эткен үн аралаша колунан мылтыгы ыргып кеткен. Айбарынан айрылган ал жылаңач кол менен не кыларды билбей күүлөнгөн аттын башын тарта берип, барып көңүлүнө кылт эткен ой менен атын теминип-теминип алганында эти ооруган айгыр жанын таштай жүгүрө экинчи карышкырды такымдаган.

Далай тыйын эңмей, көкбөрү мелдештерине түшүп жүрүп машыккан, эңерин эч жасемдебеген неме эми карышкырдын карга батып кайра карарып чыга калып аткан арткы шыйрагын мелжеди. Кашабаң качып кутула албасын билип, артка айбат көргөзө кылчая бергенинде толорсуктан толгой кармаган карылуу кол кандайча сүйрөп, кандайча аттын арткы курч туяктарына салып бергенин билбей да калса керек. Андан аркысын аркырап айбат кылган жырткычтан үрккөн айгыр өзү бүтүргөн. Айтпай тек гана колунан бөрүнүн, шайрагын чыгарбаска чымырканган. Ошондогу эрдикке тете шоктугун эстесе коркуп да, сыймыктанып да кетет. Мындай, буга тете окуялар ошол жигиттик өрт курагында мергенчиликке чыкканында эңишке же көкбөрүгө түшкөнүндө, аламан байгеге күлүк чапканында, жөн жай күндөрдө да далай эле өткөн.

Алардын баарын азыр айтып отурса жомокко окшоп, өзүн билбеген бирөөлөр “кайран чал калпты катырып коёт экен” деп сөзсүз айтмак. Ошондойлорго улуу тоонун улар кушун камчы менен чаап алгам десең кантип ишенет. Бул дарылыгы даңаза болгон улуу куш канчалык аска тоолуу бийиктикти сүйсө дагы баягы эле кара жемсөөнүн айынан тоо өөнүнө учуп түшөт. Мунусун билген канык мергендер аларга ушул тоо этегинен аңчылык кылышат. Анткени кылт эткенди жаза кетирбес кыраакы, шырп эткенди шып илген сак, ал тургай кадимкидей алыстан жыт алып кетип мергендерди таң калтырган бул куштун бир гана кемчилиги: ал эч качан ордунан тик көтөрүлүп өйдө уча албайт, дайыма бийиктен төмөнгө бой таштай учат. Ошон үчүн мергендер этек өйдө өңүп келишип, уларлар дикилдей чуркап тоо-ташка чыгып, ылдый шукшурулгуча атып калганга аракет кылышат. Уларга мергенчилик кылыштын ыгы ушундай.

Ошол таңда ал ушул эле тескей тоолордун бир коктусун өрдөп баратып, алды жактан уларлардын кук-кук эткен тааныш үнүн угуп, кокту таманындагы кенен өтөктө алардын оттоп жүргөндөрүн түшүнө атына камчы баскан. Удургуп чуркаган учкаяк аты менен өтөктү кесип өтүп, боорго такала бергенинде кудай бетин салбасын үстүнөн, эки жагынан барпырап уларлар учуп өтө беришкенде, өрмө жоон камчысы менен шилтегилеп калды эле, камчы таамай тийген бирөөсү жерге талп дей түшкөн. Ушундай кызык окуялардан куралган, оор күндөр менен кыйынчылыктардан турган, эстеп, элестетсе өзүнө гана даана, түшүнүктүү бир өмүр өткөн экен. Эми минтип бүгүн карылыкка аргасыз кадам шилтеп, жүрөгү менен тең тоолорун таштап, капысынан аттан түшкөнү турат.

Бул жылкычылыгы кандай капыс аяктаса, ошондой эле күтүүсүз башталган. Анын өспүрүм кези согуш убагына туш келди. Атасы жылкычы эле. Согуш деген суук сөздү алардын үй-бүлөсү айылдан күнчүлүк алыстагы жайлоодо жылкы жайлатып жүрүп угушкан. Капыс келген жаман кабардын кесепетин ата-энеси деле көп сезе бербей, тек кең өлкөнүн кайсы бир жерине Телибай тентек сыяктуу бирөө өрт коюп жибергендей сезишсе керек алгач. Анан жакадан бирөөлөр каттаган сайын, согуштун күчөгөнү кабарланган сайын, анан өздөрү чоң жайлоодон төмөндөп көчүп элге аралашкан сайын жалмаңдаган ошол өрттөн өздөрү да соо калбастарын сезишкен. Жаш жүрөгүнө согуш деген суук сөз куду табийгаттын жылып-жылып кирген, билинбестен күчөгөн кыш мезгили сыяктуу акырындан барып өмүр бою орноп калган ошондо эле. Бир айдай кечигип окууга келгенинде адамдардын үрпөйгөн өңдөрүнөн, кандайдыр шашылыңкы кыймылдарынан кимдир бирөө “бүгүн катуу жер титирөө болот” деген кабарды угузгандай маанайды балалык баамы менен байкаган. Бирок шум согуштун салакасы катуулап тие элек, жай жашоого зак кетсе дагы анын берекеси кете элек, жоготуу деген оюктун чекеси көрүнө элек, эң негизгиси, өзүнүн балалык ширин кезин тартып кетелек болгондуктан эселектигине сала эч нерсени этибарга албай ойноп жүрө берсе керек эле. Атасынын инисиникинде өз үйүндөгүдөй жүрсө дагы бат эле тажап, ата-энесин сагынганда окугусу келбей, тоого качып кеткиси келчү. Ушул балалык жаман эңсөөсү кеч күздүн бир суук күнүндө аткарылган. Бирок ошол күн атасын акыркы көргөн жана балалыгы менен коштошкон күн катары эс-көөнүнөн кетпей калды. Сабакта отурган. Бирөөлөрдүн чакыруусу менен сыртка чыгып келген, өзүн дайыма фамилиясынан атачу эжейи бул жолу атынан чакырып:

— Айтпай үйүңө бара берчи, тоодон ата-энең келиптир, — деген. Атасы менен апасынын ортосунда алардын тоодон ала келгендерин жеп отуруп, атасы согушка кетерин, мындан кийин окуусун токтото туруп, агасы менен апасына жардам берерин, ал тургай азыр эле аттанып, түн киргиче жалгыз калган агасына жетиши керектигин уккан. Алкынып атырылганга даяр, дайыма аламан байгелерде чыгып келчү, азыр болсо алыста калган үйүрүнөн тынчсызданып турган айтылуу күлүк Карабозго карылуу колу менен өзүн карыдан ала мингизип атып атасы:

— Биссымылда! Мына балам, чоңоёт деген ушул. Былтыр Карабозду чабам дегениңде кичинесиң деп болбодум эле. Эми жыгыласың деп коркпойм. Карабоз эми сеники. Ал эмес бир чоң үйдү кыймылдата турган өзүң болуп калдың, — деген. Күтүрөтө ооздук чайнаган күлүктү суулуктан ала өзүн айыл четине узатып келген атасы жолдо ката лам деп ооз ачкан эмес. Айыл бүтүп акыркы үйдөн соң жол тоону карай бурула бергенинде гана токтоп, Карабоз менен:

— Кош, кайраным, ээңди унутпа, — деп көкүлүнөн сылап, моюнунан сылап коштошкон. Анан эңкейе берген өзүн бетинен сүйүп, моюнунан жыттай:

— Бара кой эми… Апаңды угуп, ага жардам берип эстүү жигиттерден бол, — деген өзүнүкүнө окшобогон дирилдеген үндө, көзүнө тике карабай.

Азыр ойлосо, жашып кеткен ал мунусун билгизгиси келбей, кыска-кыска коштошуп, көз жашын көргөзгүсү келбептир. Ошондо атасын акыркы жолу көрүп, түбөлүккө коштошуп атканын билсе, моюнунан бекем кучактап алып ыйламак экен, өзүңдү сакта деп өтүнмөк экен, искегилеп өмүр бою сагынткан ата жытын каңылжарына сактап калмак экен. Адамдарды аймап жуткан согуш алааматы эмне экенин аңдабагандыгынан атасынын кайтпай калышы толук мүмкүн экендигин ойлобоптур, аны менен тиги элдер барып-келип аткан шаарга узаткандай, эртең эле келип калчудай коштошуптур. Ошентип атасынын кучагынан бошоп, алкынган айгыр менен узай бергенинде атасы кадимки кайраттуу үнүндө, өзүн аламан байгеге кошуп аткансып:

— Айтпай, таскактатып жүрүп отур. Карабоз суутулган жок, капчыгайга чейин оозун коё берсең зоругуп калышы мүмкүн. Шашылба, — деп бакылдаган жылкы аттуунун сырын сыртынан билген сынчы, чындап таптаса чобурду да чыгарар саяпкер атасы айткандай жолдун тең жарымынан көбүн текирең таскак менен арбыткан, анан өпөң-чычаң бул жүрүштөн тажап, алып-учуп берер күлүктүн ылдамдыгына кызыга, капчыгайга чейин итапкан аралык калганда айгыр оозун коё берген. Жанын таштап жүгүргөн күлүктүн ылдамдыгына ырахаттана, аламан байгеде бүт аттарды артка калтырып чыгып келаткандай сүйүнгөн анын деми терең капчыгайды ортолоп барып кош таноодон фыр-фыр эте демигип, аздан барып асталаган ат жүрүшү менен кошо бастаган.

Ошондо анан атасынын жанагы айтканын эстеп, азыр кыштоого жеткенинде аякта атасы менен апасы жок болорун ойлоп, ичине бук толуп кеткенден бетер өксүп-өксүп барып өңгүрөп ыйлап жиберген. Ат чабышта зоруккан аттарды бир орунга тургузбай, айдагандарын көрүп жүргөн ал да айгырын токтотпой камчыланып, оор болуп атамбы деп түшө калып жетелеп, демиккен күлүк эс ала түшкүчө убараланган. Аңгыча терең капчыгайга күн да тез батып, айланага ушул илкиген аты сымал аздан иңир кирип, караңгылык ушул эле жабышкан эки тоонун ортосунда жашынып жаткандан бетер заматта курчап келген.

Карайган капчыгайдын арсак-терсек кырлары күндүн акыркы агыш нурлары калган асманды карай “арр” деп ачылган ооз сымалданып, өзүн ошого түшүп кеткендей сезген. Анан жүрөгү түшсө апаптап коёр ата-энеси жанда жогун ойлоп карманган, чыныгы жигит бол деп атасынын айтканын эстеп чыйралган, кадыресе эс тарта түшкөн. Ошентип чоң турмушка кадам шилтери менен согуш учурундагы ооруктун оор күндөрү, азаптуу жашоосу алып жүрүп кеткен.

Бир жылдай өткөндө агасы да он сегизге толуп согушка чакырылды. Эми колхоздун бүт жылкысынын түйшүгү менен жоопкерчилиги алсыз аял менен илмийген баланын мойнуна артылган. Ар учурдун өзүнчө кыйынчылыгы, адам эсинен өчкүс болгон өзгөчөлүктөрү болот турбайбы. Согуш убагын эстесе жадында тоодой кыйынчылыктар дагы кенедей жеңилдиктер, калдайта кайгы тартуулаган кара кагаз менен жылт эте калган кубанычтар, карга оронбой эле тулкусу бүт кардан тургансыган тоолордо калың жылкыны кайтарган каргадай бала, колдон малды талашкан карышкырлар, үрккөн жылкы, кошкурунган бээлер, азанаган айгырлар, өзүнүн чыйылдаган үнү, кысыр калды бээлердин кышы бою суусундук катары эмес, тамак катары ичип чыккан кымызы, нан ордуна жеген өлгөн жылкы этинин ичти өткөргөн шорпосу, кылтакка түшкөн кекилик, чилдер, боолоп алып атка арта албай койгон эки таңгак отун өзү түндөп жылкы кайтарып келсе очокто чогун өчүрбөй күткөн энеси, жаздын келгени, жайлата адам көрбөй жүрүп жапайы боло жаздаганы, фронтко аттар айдалгандагы ыйлаганы, деги койчу ошондогу балапан башынан өткөндөр унутулгус болуп кала берген. Эгер азап-кыйынчылык деген тоо болсо ал анын чокусуна ошондо эле билбей, чыйрактыгына сала, жардам берер эч кимиси жоктугунан улам аргасыз чыдай, согуштун айынан эртелеп эр жетиле чыгып барган экен.

Согуш аяктаганда баардыгына бышыгып, жаш жагынан да жетилип, зыңгыраган жигитке айлана, ага эч бир кыйынчылык кеп болбой калды. Ошентип жигиттик курагы согуштан кийинки алсыраган чарбаны калыптандырууга арналды. Ал кезде курсак ачка болсо да көңүл тоюп калган, куну өмүргө тете Улуу Жеңиш эрдемсинткен эл атасы Сталин менен партия чакырыктарына шыктанган совет эли алдыдагы жакшы жашоодон шек санабай, өзүм дебей колхоз деп жанталашып, алга умтулуп турган кез эмес беле.

Карамагындагы жылкыларды жакшы асырап, төлүнүн эсебинен көбөйтүп, колхозду унаа менен камсыздоо милдетин мыкты аткарган Айтпай турмуш оңолуп, той-тамаша көбөйгөн сайын чебер улакчылыгын, эңиште алдырбас балбандыгын көргөздү. Таптаган күлүктөрү байге бербегенде эл атасынын саяпкерлигин эстешти: “Кайран Соорондук өлбөптүр” – деп шыпшынышты. Ал арада жар сүйдү, бала көрдү. Элчилеп аш-катыгы үчүн бир уй он соолук күтүп, өкмөттүн менчик үчүн уруксатынан пайдалана алды. Жайда жайлоо, кышта кыштоо, эртеден кечке жылкы артынан чапкылоо менен айлар айланып, күндөр күргүштөп, жылдар жылмыша берди. Ал арада майда чарбалар ирилешти, жылкыдан пайда жок экен, андан көрө тоок багыш керек деген жогору жактын акылсыз көрсөтмөсү менен Камбар-Ата тукумун жоюп жибере жаздаган жылдар дагы тескерисинче, жылкы чарбасын өнүктүрүш үчүн чакырык чыгып, тубар бээлердин жүзүнө жүздөн кулун алабыз деген мелдеш уюштурулуп, милдеттенме алган жылдар (дагы жакшы, бээ эч качан эгиз туубайт, тууса жүз он, жүз жыйырмадан алам дегендер да чыкмак эле) да болду. Не болсо да жыл өткөн сайын колхоздор байып, эл турмушу оңолуп бараткансыды. Ал кездерде кечеги өткөн согуш кыйынчылыктарын бүгүнкүгө салыштыруу, шүгүрчүлүк деген улуу топук, жаркыраган коммунизмге компартиябыз баштап барат деген ишеним күч эле да.

Ушундай жылдардын кайсы кези болбосун Айтпай бала кезги адаты жана тубаса бүткөн жоопкерчилиги менен жылкысын жөн гана сүйүп багып жүрдү. Мелдешчил, милдеттенмечил алтымыш-жетимишинчи жылдарда Айтпайга ийгилик өзү эле келди, далай сыйлыктарды, орден-медаль, буюм-тайымдарды көп эле алды. Ал тургай областка дагы депутат болду. Бирок бул сыйга татыктуу болуш үчүн жыл бою бел чечпей эмгектенип, күнү-түнү чапкылашы керек, а сыйлыктын урматын жылдын бир-эки гана күнү көрчү. Бул наамдары айта келгенде гана экен, орден дегениң адамдын кийимин гана көрктөп көңүл тойгузганы менен турмушту оңдоп жибербеди. Тек гана балага жылтыр-жултур оюнчук берип алдагандай кеп болду. Дагы да жакшы иштөөгө сүрөөн болду. Мындай караганда андагы жылкычы дегениң дүңгүрөтө үйүрлөрдү айдаганы менен май чайнабаган илгерки сасык байларга окшоп кетчү.

Жыйырма төрт саат бою кылган мээнетине күн санап айлык берген колхоз калыссыздыгын сезген кээ бир малчылар милдеттенме аткарылбай, мелдеште утулсам мейли дешип, колдогу коомдун малынан эпчилдик менен пайдаланышып, мунусу билинип калса соттолорун түшүнүшсө дагы тобокелге барышып, бул үчүн өзүн-өзү кыштата сүр жеп, май чайноо менен сыйлашчу. Жетимишинчи жылдардын аягында элдин менчик чарбасы кыйла эле көбөйүп калды. Муну дагы бийлик камчысын чапкан ферма, бригадир, башкарма сыяктуу чолок этек чоңдор баштап баратты. Башкарма бир колхоздогу отуз короонун ар бирине эле бештен кой кармаса канча болот? Ал эми карапайым адамдар бир-экиден жылкы күткөн кез келгенде Айтпайдын баркы болуп көрбөгөндөй көтөрүлдү. Чарбанын үч жүз жылкысы болсо эми ага менчиктин жүз жылкысы кошулуп түйшүк көбөйсө дагы “багып бересизби” – дегендерге Айтпай “жок” дей алчу эмес, а ошого жараша сыйын көрчү.

Жакага барса, арагын ала чуркап конокко чакырып, жайлоого көчсө узатып, кыштоого түшсө өрлүктөп барып Айтбай атын айтпай бай-бай дешип, баркын көкөлөтүшчү. Анан эмне? Жазда кошкон жалгыз байталы жыл айланбай кулундуу бээге айланып атса, анан кантет, сары даакысы чубалган жабагысы күздө эле жүнү жылтыраган кунан чыкмага айланып келип атса. Аманат берген малга кыянат кылбаганынан, койчуларча бээлерди кактап саап, кулундарды арыктатпаганынан, жайдыр кыштыр жылкынын жанында болгонунан улам элдин баары малын өзүнө кошкусу келчү. Айлык албай кылган бул түйшүктүн акысы ар кандай жолдор менен төлөнчү. Ар ким колдо бары, кылган иши менен баалачу.

Дүкөнчү баштыгынан башкарманын гана аялдары иччү инди чайын алып чыгып атып, бул малчылардын дасторконунан өзүнүн дүкөнүндө жок таттуулардын түрүн көрүп таң калса, кийиктен келе жаткан мергенчилер шыралга таштайлы деп кайрылышканда Айтпай кыштактан ушунчалык алыс турса дагы таза арак, чыпкарлуу тамеки менен сыйлаганын тамшанып айтып келишчү. Ушинтип элдики менен элди сыйлаганынан улам жөн кишилер эмес, чоңдор дагы Айтаке, Айтаке дешип калганында өз баасы эмне үчүн көтөрүлүп атканын унута алдынан кучак жайган бардык көңүл ачууларды ылгабай бой урду. Бала кези согушка арналып, жаштыгында баш көтөрбөй мээнеттенип көп бугу чыкпай калганданбы, эми эр ортонуна келгенде эл эркелетүүсү менен чындап көбө баштады. Жылкыны шалаакы жардамчы менен жаш балдарына таштаган анын мингени жорго, жүргөнү кыштоо менен кыштак ортосу, той-топурду калтырбай, ичкени арак, барганы жаш аялдар болду. Жашоо деген ушул турбайбы деп дуулдап жүргөнүндө жылкычылык иши билинбей артка кете берди. Бээлердин бала салганы көбөйүп, бирин-экин жоголгондору, ит-кушка жем болгондору боло калып атты. Бейгам жашоонун таттуу даамын татып калган ага булар деле таасир этпей, бир күнү жер жутуп кеткенсип саны отуз баштан турган бир үйүр жылкысы жоголду. Издебеген жери, сурабаган кишиси калбаса дагы үйүр жылкы табылбады. Анжиянга айдап барып сатышканбы же Фрунзеге жүктөп барып жайлашканбы дайынсыз, белгисиз бойдон калды.

Эми араң эсине келип эки жагын каранган ал Кудайданбы же башкаданбы, көөп кеткенинин жазасын алганын сезди. Ушуга чейинки өмүрүн ал баягы атасы менен коштошуп, тоону карай күлүк минип аттанган балалыгындагы жолго окшоштурду. Анда текирең таскак менен жакшы эле келатып күлүк оозун эрте коё берип зоруктуруп албады беле. Эми дагы жакшы эле бир калыпта элден калбай, ашпай келатып жапайы кумарына алы жетпей калып бүткүл өмүрүн аксатып алды. Аксаганда дагы кандай аксады? Өмүр бою жыйнаган малын төгүп берип, калган катканын колхоздон санак келсе менчиктикин санатып, менчик доолап келсе колхоздукун берип жүрүп беш-алты жылда араң жоготконун толуктап, элдеги кадыр-баркын эптеп сактап калды. Бул убакта өлкө жетекчилери биринин артынан бири алмашып, ага жараша коомдо көп өзгөрүүлөр болуп аткан. Жайбаракат жашоосун жабыркатпаса, короодогу малына капшабы тийбесе, карапайым малчынын чоңдордун кайра куруу, айкындуулук, аракка тыюу, Союзду жоюу, эгемендик алуу сыяктуу саясый окуялары менен иши эмне?

Ошол жылуу кабинеттерде жүргүзүлгөн жылма саясаттардын салакасы акыры келип Айтпай сыяктуу малчылардын да жашоосуна кийлигишип, өзгөртүүсүн жүргүзө баштады. Эгемендик алган өлкөбүздүн жетекчиси капиталисттик жолду тандап алып, колхоз-совхоздордун жаназасын окуп, курмандыкка чалып, менчиктештирүүгө батасын берип жибергенде, Айтпай тургай мен кыйынмын деген билимдүүлөр не кыларын билбей калды. Бирок заман заңын туура түшүнгөндөр, саясатты сагызындай чайнаган чоңдор өзүнүн коомдогу үлүшүн олчойто жулуп ала башташты. А өткөндү эңсегендер, замандын агымын сезбегендер, кантебиз деген коркоктор менен иштегиси келбеген жалкоолор жана колхоз болуп турса жегенге оңой болорун ойлогон чоңдордун жерди, мал-мүлктү бөлүүгө каалоолору болбоду.

Алардын колхозунун, элинин багына да ошондой тагдыр туш келген экен, райондун башка чарбалары дыйкан чарбаларга тарап, чоң үй-бүлөлөр жүздөгөн кой, ондогон бодо мал үлүштөрүн бөлүп алып атканда, ансыз да чочуп турган элге “бөлүнбөйлү, бөлүнсөк оокат кыла албайбыз” деген тымызын үгүттү жүргүзгөн колхоз башкармасы көпчүлүктү көндүрүп, райаким катышкан чогулушту өткөрүп, эки-үч жыл аярлай туруу чечимин алууга жетишти. Ошондо Айтпайдын шаардагы тун уулу келип “өз үлүшүбүздү бөлүп алып жашайлы деп өтүндү эле, колхоз менен тамыры бир Айтпай так секирип, такыр көнбөдү. Кийин өкүнгөнүндөй ошондо макул болгонунда итапкан эле малдуу болуп калмак экен Айтпай. Анын үстүнө бөлүнгөн дыйкан чарбалар деле жыргап кетишпеди, баары эле малды өнтөлөп бага албайт экен, жерди көрүнгөн эле иштетип кете албайт тура. Маңдай тер, таман акы менен келбей бекер келген төрт түлүктүн баркы болбодубу, ошол жылдары малдын баасы тыйынга түшүп кетти: бири жем-тоют жетишсиздигинен жазга жетерине көзү жетпей, күзүндө семизинде эле дүңүнөн сатып ийсе, буга башы жетпеген экинчилери жазда жутка алдырды, үчүнчүлөр алып сатарлыкка азгырылып, бүт малын коммерцияга салды эле, бул ата-бабасы кылбаган иш деле оңой эмес белем, акыры соодасы соолуп акчасынын аягын таба албай калды, дагылары болсо күнүмдүк керектелчү чай-чамек, кийим-кечекке малын алмаштырып жан бакканга өтсө, бир койго эки бөтөлкө келип калган ушул заманда бүт малын ичип да койду. Айтор тоого, малга бастырса, жакадагы чөбү калып же жер сугарганы чөлгө түшсө, жаман катын жаш балдар малга ээ боло албай жоготуп, ит-кушка алдырып, “сен малга барбадың, сен чөп чабышпадың” деген нааразылыктар менен бир тууган менен бир тууган жакалашып, көптөгөн жылдар ынтымакта жашаган кошуналар чабышып, “дыйкан чарба эмес эле чыйкан чарба болду.

Эсил кайран колхозубуз таратылбай калса эмне деген нааразылыктар эли менчикке тарай элек Айтпайлардын колхозуна угулуп буларга өздөрү да күбө болушуп, “биз да тарасак ушундай эле абалга кептелебиз” деп чочулатты. Бирок да району эң бай жана карызы жок Айтпайлардын колхозунун кедери кетти: майга кетти, тигиге кетти, буга кетти деген башкарманын шылтоосу менен мал башы кескин кыскарды. Ага жараша эл ичин башкарма менен аким машташып алып жеп атат деген сөз күчөй берди.

Бул нааразычылыктардын күчөгөн чеги акыры колхоздогу ферма, бригадир, зоотехник сыяктуу майда атка минерлердин өйдө жакка жазылган арызы болуп, акыры колхозго чоң текшерүү келди да, башкарма суудан купкургак кутулуп чыкты. Колхоздордун күнү бүткөнүн түшүнгөн эл айласыздан менчиктештирүүгө моюн сунду эле, баягы арыз ээлери: «Майда атка минерлер, майда дыйкан чарбаларга бөлүнсөк кыйын болчудай, келгиле жерибизди бөлүп алсак дагы малыбыз менен техникабызды ортодо кармап чогуу оокат кылалы, ар бир уруудан бирден топ башы шайлансын, ал баардык эсеп-кысапты жүргүзсүн” дешип, азгырыктуу көп сөздөрдү айтышып, дагы туурадан чыгышты эле, кээ бирлер эле бөлүнүп кеткени менен көпчүлүк буга ынанышты. Ошентип бириккен дыйкан чарбалардын иши жакшы башталгансыган, бирок баягы пендечилик болгондон кийин нааразылык, түшүнбөстүк, кыянатчылык сыяктуу жат адаттар болбой койбойт экен. Көп өтпөй мурункудай эле күңкүл сөздөр күчөй берди, буга дагы эле болсо ортодогу малдын азая бериши, күзгү түшүмдүн туура бөлүнбөй калышы, мен топ башымын деген чочоңдогон чоңдордун көбөйүшү, алардын өз көмөчүнө күл тарткан кесепеттери себеп болуп берди. Ушинтип, акыры мына бүгүн бириккен дыйкан чарбалар да акыркы азганакай малдарын бөлүп алып, өз-өз жолдоруна түшкөнү турушат. Ушунун баарын, буга чейинки бүт өмүрүн көңүлүнөн канча бир ирет сыдырып өткүчө күн дагы чыгыш тоолордон алыстай берип жерге тегиз жайылып, жылуулугу дене бойду жибитти. Аңгыча өзү болжоп отурган күңгөй беттин кырынан жылкылар көрүнүп, бери карай чубап түшө баштады. “Беш боз, үч сарала… баардыгы болуп жыйырма жети» деп санады Айтпай айтылуу күлүгүнүн үйүрүн жаземдебей таанып. “Ээх Эшекбозум, эми кимдин колуна түшүп, кандай кор болор экенсиң, чийне сүйрөп диңкениң соолур бекен, сени коргоп алаар ээң сен эмес өзү алапайын таппай калды” деп тээ алыста адатынча үйүрүнөн бута атымча алыс кала лок-лок желип, дугдуйган жалын сапырылта, бирде купшуңдай кулагын жапыра калып, үйүрүн тикчийе карап бүгүнкү бөлүш аттуу кесепеттүү иштен бейгам келаткан айгыры менен сүйлөшө кетти ичинен. “Ээх Эшекбоз, Эшекбоз тулпар тушунда, күлүк күнүндө деген экен, экөөбүздүн өмүр учкан бойдон ушинетип өтүп кетти… Эми сен бир чобур атка, мен бир чабыр чалга айланабыз. Көрсө жашоо заңы ушул тура” – деп ойлоду анан.

Эч качан кыргыз жылкыга эшек деп ат койбогон, өзгөчө ушул Эшекбоз сыяктуу дубан бузган күлүк атын эшек деп кемсинткен эмес. Бирок турмушта ар кандай учурлар, түрдүү адамдар болот экен. Айтпай ушул күлүк айгырынын Эшекбоз атка конгон күнүн азыр айласыздан эстей кетти. Анда Эшекбозунун болуп-толуп турган жаңы асый кези. Райондук аламан байгеден чыгып келип, областтык мелдешке аттанышты. Ал убакта Октябрь майрамы укмуш шаң менен майрамдалчу эле. Ат майданы толтура эл. Кызыл-тазыл ураандар, даңкылдаган музыка. Элдин так маңдайына бийик трибуна орнотулуп, ага толо областын бүт жетекчилери, эмгектин алдыңкылары, алыстан чакырылган коноктор.

Аңгыча аламан байгеге чабылчу күлүктөр чубатууга түштү. Көзүң жамандыкты көрбөсүн, Эшекбоздун атаандаштары областагы атагы чыккан жылкы заводунан келген өңчөй зоот, куйруктары түйүлгөн, көкүлдөрү шүйүлгөн моюндары койкойгон, элик шыйрак, тобурчак тору күлүктөр экен. Эшекбоз болсо алардын жанында жал куйругу шөмтүрөгөн, жүдөгөн бир чобур, адашып байгеге кошулган эшек сыяктуу сезилди. Муну жаземдебеген мелдешти башкарып, майрамдык иш чараны алып барып аткан областын биринчи секретары баардык күлүктөрдү тааныштырып келип аягында “Ошентип бүгүнкү мөөрөй талашка он тогуз, күлүк, анан бир эшек кошулуп отурат” дегенинде эл “дуу” этип кыйкырып, “күр” этип каткырып, “дүр” этип дүңгүрөй түштү.

Өзүнүн таап айткан тапан кебине маашырлана түшкөн ошол областтык чоң Айтпайлардын районунун жетекчисине мындайча эскертүү жасабаспы: “Жолдош Баланча Түкүнчеевич, көрүп турасыз, жалаң тулпарлардын арасына эшегиңизди кошуп отурасыз, кокус мунуңуз тебелендиде калып, үстүндөгү бала бирдеме болсо жооп бербейм”, – деп. Ошентип аттар коё берилди. Баарысы ойлогондой эле чү дегенде арымы чоң зоот аттардан Эшекбоз жарым айлампа артта калды. Үчүнчү айлампага чейин Эшекбоз аларгы жакындай да алган жок. Ал ансайын тиги бийик трибунада отурган чоңдун мөөрөйү үстөм боло берди, эшек деп кемсинтип мелдештен чыгарып салгыла деп кыйкырып атты. Төртүнчү айлампага кеткенде баягы элирип ала качып аткан аттардын алды зоруга артта кала баштады. Эшекбоз болсо эми күчөй чуркап, аларды тырпырата басып өтө берди. Эшек деп ээн ооздоно сүйлөп аткан тиги оратор чоңдон сөз кача баштады. Жетинчи айлампага жеткенде Эшекбоз алдыңкы бири-бири менен атаандаша катуу бараткан топко жакындап барды. Мына ошондо эл дүңгүрөп, Эшекбозду сүрөп жибергендей болду. Сегизинчи айлампа бүтүп, акыркы тогузунчу башталганда Айтпайдын айтканы боюнча чабандес баласы Эшекбоздун оозун кое берип, ал баардык аттардан чейрек айлампага озуп келди. А трибунадагы үн күчөткүчтөн болсо башка бирөөнүн үнү угулду. Ээх,  тигил атка минер ушул өзү эшек деп кемсинткен ат тулпардын тукуму экенин, ээси болсо түп атасынан бери саяпкер экенин, аты экөө дагы далай мөөрөйлөрдү аларын, көптөгөн жеңиштерге жетерин кайдан билиптир. Ошондон бери Эшекбоз аталып кеткен ушул боз айгырдан жакшы тукум алып калыш үчүн айгыр салып келатат. Антсе дагы көңүлүндөгүдөй тукум бербей атты эле ушунча жылдан бери эми быйыл гана бир Карабоз кунан купулуна толо баштады. Субай жылкынын арасындагы өзү менен теңдерден эч деле айырмачылыгы билинбеген бул тоголок чалыш кунан жөнүндө эч кимге, жадагалса байбичесине да айта элек.

Бүгүн күлүк болчу кунанды колдон чыгарбаш үчүн айтышы керек эми. Азыр ушул жөнүндө ойлоп отуруп көңүлүнө ой келе түшүп, ичинен кым этти да “Ээх Эшекбозум, сенден өзүңдү тарткан тукум калды, а менден барбы? Ушул суроо көңүлүмдү эзет. Эмесе аны бүгүн көрөбүз», — деди күбүрөй. Аңгыча туш-тараптан үйүр-үйүрү менен түшүп келген жылкылар жапсардагы жалгыз булактан үйүлүшө суу ичишип, Айтпай жайытка жайылып чыга бергенде Шиш-Дөбөдөн түшүп келген карт жылкычы балдарына “айда” деп айбаттуу кыйкырып, акыркы жолу жылкысын сүрүп жөнөдү.

Үчөөлөп ар жак, бери жактан тосмолоп кыштоонун бийик, кенен оолусуна жылкыны сүрүп кирип камашты. Анткени аттарды которуп минип алыштары керек эле.

— Кана эмесе, балдарым, — деди ал жылкыны камап, аттан түшүшкөндөрүнөн кийин балдарына олуттуу тарта карап:

— Өмүр бою дүңгүрөтө жылкы айдасак дагы буйрук деген ушул экен, — деп күрсүнүп алып, анан чечкиндүү унчукту: — Ошентсе да шүгүр дейли, ырымдагандай бир кыл куйрукка ээ болуп калганыбызга. Эми тандагыла ошол үлүшүбүздү, — деди тигилерге күтүүсүздөн. Эки уулу менен байбичеси тунжурай түшүштү. Эң биринчи улуу уулу ооз ачты:

— Ата, жылкынын жылкысы, аттын аты бар бизде. Эшекбозубузду эле алып калып, алкынтып минип жүрүңүз, — деди атам эмне дейт дегендей тарткынчыктаганы үнүнөн билине.

— Айтпай сен эмне дейсиң? — деп байбичеси кайрылды эле өзү ойлогондой жооп укту.

— Айгырдан эмне пайда? Чоң бээлердин бирин алалы, жазда эле кулундап берет. Булардын жообуна канааттанбай калганын билдиргендей терс бурула берип, кичүү уулунан суз гана сурады:

— Сен эмне дейсиң?

Агасы менен апасынан озунгусу келбей турган өңү өзүнө түспөлдөшүп кеткен кенжеси:

— Мм… мен эмне дейин, — деп мукактана түшүп шар кетти. – Ата, эми Эшекбозду канчалык чапсак дагы чыгып келбейт, ал карыды. Менин көңүлүмө толгон бир кунан бар. Уруксат берсеңиз ошону алып калалы, — деди.

— Ыя, — деп ичинен кым дей түшкөн Айтпай:

— Кунан дейсиңби? Ме, анда ошол кунаныңды кармачы, — деп укурукту уулуна кармата салды. Ичинен аябай кубанып: “Эми карабоз кунанды кармаса экен, оо кудай” деп тиленип турду. Айтпай сунулган укуруктун башындагы кыл аркан кимибиздин моюнубузга илинер экен деп кошкурунуп “үркүп көз кыйыктарын салып жарыла берген субайлардын арасынан тоголок чалыш карабоз кунандын моюнуна кыл сыйыртмак илеше бергенде, Айтпай кубанганынан кыйкырып жиберди:

— Баракелде, балам, баракелде! Таптың кулунум таптың! “Өлбөптүр” кайран өнөрүм. Өлбөйсүң эми Айтпай, өлбөпсүң ата-бабам! Айтпайдын маанайы майрамдагыдай боло түштү. Кудуңдап “тоого күлүк минип чыктым эле, эми күлүк менен түшөйүн» деп Эшекбозун токуттуруп минди. Көрсө кырс, бир мүнөз кенже уулуна өзүнүн сынчылык шыгы ата-бабадан бери келаткан саяпкерлик өнөрү жуккан экен да! Көрсө абалтадан келаткан өздөрүнүн тукумунун аламан байге, күлүк чабуулардагы даңкы өзү менен, Эшекбоз менен эле бүтпөптүр, алдыда далай мааралар бар экен. Көрсө жардымын деп бекер эле жабыркап атыптыр. Мындай уул менен дагы да болсо аттан түшкүдөй эмес, Камбар-Ата тукумун кайрып ушул улуу тоолоруна кайтып келгидей.

Ушундай кубаныч, ушундай чоң үмүт менен жаканы сагынып, көк беде көксөгөн айдатуусуз эле удургуй жолго түшкөн жылкынын артынан эки уулун ээрчите, байбичесин коштой, тоодон түшүп келатты карт жылкычы Айтпай… Кубаты качкан кеч күздүн мээлүүн күнү мунарыктаган батыш тоолоруна эңиштеп баратканда, саргайган аңыз четиндеги эмеле эле жүздөгөн туяктардан көтөрүлгөн ыргылжың чаңга көмүлгөн мал короодо бака-шака түшкөн жылкы бөлүш болуп атты.

Көп жылдан берки колхозго сиңген эмгегин, тийген үлүшүн эмес, атасынан энчи, бирөөдөн бекер мал алып аткансып кудуңдаган көпчүлүк канталамайга түшө: бириси энчисине тийген айгырды азанатып дароо минип алса, экинчиси чыңыртып байланбас жетеледи, үчүнчүсү азоо байталды ноктолой албай жүрөт, дагы бирөө эшектей жоош картаң бээнин чөйчөктөй толгон соорусунан сылай мулуңдоодо. Шарактаган булардан чет талоонго түшкөн үйүрүнө тынчсызданган Эшекбозунун тизгинин кагып коюп, бир кездеги өкмөт малын кембагалдарга бөлүп берген байдын кебетесин кийип Айтпай үнсүз турду. Сыртынан билдирбегени менен ичинен боор эти болкулдап, азыр бирөө эле көңүл сооротор сөз айтчу болсо өзүнүн пайгамбар жашына карабай ыйлап жиберчүдөй же бир эле кымындай шылтоо табылчу болсо таланган малын чарк айлана чаап, Улуу тоосун карай айдап жөнөгөнгө даяр эле. Ошентип кой короодо кыл куйруктуу жылкыдан ата-балдар минген Карабоз кунан менен Эшекбоз айгыр калганда, бул таламайга окшош бөлүштү башкарып жүргөн жаңы өкмөт Жантөрө Айтпайга кайрылды:

— Айтпай аке, баары жакшы, малыңыз түгөл экен… Эми Карабоз кунанды ээсине тапшырышыбыз керек. Аа Эшекбоз күлүгүңүз өзүңүздө калат. Үлүшүңүз буюрсун, — деп кош колдоп кармап колун силкилдетти. Бул жылуу сөзгө ооз учунан супсак гана рахмат айтып, колун кандай сунса, ошондой тартып алган ал:

— Ыя балам, мага бул карабоз кунанды калтыр дагы ордуна уй алгыла, — деди.

— Каап, аксакал, бая эле айтпайсызбы анан. Буларга мингич керек экен, уйга макул болушар бекен, — деп чындап күйүп-бышып айыл өкмөт жанындагы жаш жигиттерге карады.

— Биздин уйларыбыз бар, мингичке зарылып турабыз. Карабоз кунанды эле бергиле, — деп кыйылды экөөнүн улуурагы.

— Аксакалдын жылкыда эмгеги зор. Шагы сынып калбасын, сураганын берели. Силер уйду атка алмаштырып аларсыңар.

— Жок, — деп кесе айтты кичүүсү, агасына караганда дили катуураак окшобойбу. Жылкыга да уй алмашылчу беле?! Калыстык кылгыла.

— Мен алгылачы, алгыла! – деп күтүүсүздөн Эшекбоздон шарт эте түшө калды Айтпай ошондо. Анан уулунун “ата” – дегенине көпчүлүктүн “кой, ай” – дегенине болбой, Эшекбоздун басмайылын шарт чечип, куюшканын чыгарбастан ээрин тердик-желдиги менен кошо шыпырып, ошондой эле чапчаңдыкта айгырдын башынан нокто жүгөнүн жулуп алды эле, араң турган ал азанаган бойдон короону айлана чуркады.

Айтпай болсо шарт бурулуп жөнөп бергенде уулу ага Карабоз кунандан түшүп берейин деп обдулду эле, ал ач айкырыкты салды:

— Түшпө! Аттан түшпө!

Муну көрүп турган көпчүлүк тоодой айгырга алмашпаган тоголок кунан жөн эмес экенин боолголошсо да, Айтпайдын уулуна “аттан түшпө” деп кыйкырганын түшүнө албай калышты. Өзүнүн кезеги кетип, заманы өткөнүн, уулунун учуру келгенин анан ошол жол башталышында аны аттан түшпөсүн деп ырымдаганы эле бул.

Ошентип өмүрү мамыдан үйгө чейинки гана жолду жөө баскан, кышта кыйкырып кымыз ичкен, күнүнө күлүк минип, жолду жоргосуз жүрбөгөн, бай бай деп баркталып, ушинтип кылым жашачудай болгон Айтпай заматта кемпиринин жанынан, айылынын айласынан чыкпаган, эшек минип жалгыз уюнун бадасын, он соолугунун кезүүсүн кайтарган, кечигип тийген карчарбасына кейиген айылдык абышкага айланып, мал сарайдан үйүнө чейинки жолдо жөө-жалаңдап баратты картаң жылкычы.

Бул кебетесине ал арданган да, өкүнгөн да жок,  тек гана көкүрөгүндө ачуу ыза калды. Заманга болгон ачуу ыза…

2010-жыл.
Бишкек.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *