Бир күнү Түлкү менен Аары экөө жолугушуп калат. Түлкү:

– Аары, кел экөөбүз достошолу, – дейт

– Достошконго убакытым жок, гүлдөр соолуп калса бал чогулта албай калам, – деп Аары каршы болот.

– Бардык жомоктордо мени куу, мытаам, анткор дегендеринен улам качып атсаң керек. Ырас, мурда ошондой болчум, эми анын бардыгын таштадым, сендей иштемчил, чынчыл болоюн деп чечтим.

– А эмне үчүн анттиң? – деди Аары бир паска токтой калып, ормоё карап.

– Калп айтпай, кууланбай оокат кылсаң барктуу болот экенсиң. Куу, мытаам деген сөздөрдөн жадап кеттим.

Аары дагы бир азга ойлоно түшүп:

– Менден башкалар деле толуп жүрүшпөйбү алар менен эмнеге достошподуң? – деп сурады.

– Сенин эмгекчилдигиңди, чынчылдыгыңды жактырам, сендей болгум келет. Сен мени үйрөт. Айтканыңды айткандай аткарам.

– Мейли, достошсо, достошолу, – деп Аары экөө чыпалак алышты.

Ошондон баштап экөө дос болушту. Аары кечке жаны жай албай, бал чогултуп, кечинде чарчап суй жыгылып уктап калат. Таң ата кайра бал чогултканы кетет. Түлкү  болсо аары чогулткан балды кайтарып, үйдө калат. Аарынын алыстап кеткенин көргөндөн кийин балдан кичине жесем билип коюптурбу деп ойлоп, бир аз жеп, даамын алган соң өзүн кармана албай, табактагы балдын бардыгын жеп салат.

Кечинде Аары келгенде:

– Сен апкелген бал табакка батпай төгүлүп калат экен деп, турнадан чоң көнөчөк сурап келип, кышкыга азык болсун деп ошого куюп, эч кимге көргөзбөй ороо казып көмүп койдум, – дейт.

– Абдан жакшы болуптур, досум, – деп Аары сүйүнүп калат. – Ороо казып, чарчаган турбайсыңбы анда?

– Кышкыга оокат керек, чарчадым деп жатып алганда болбойт да.

Аары досунун бул айтканына, жасаган ишине аябай ыраазы болду. Түлкү менен мурда эле мамиле түзгөндө болмок экен деп ойлоду. Ошентип, Аары күндө бал чогултуп, табакка куят, ал кеткенден кийин Түлкү жеп алып, ныксырап уктайт. Аары келерде туруп, балды көнөчөккө куюп, орду кайра көмгөн неме болуп, башы-көзүнө топурак сүйкөп, чарчаган түр көрсөтүп туруп калат.

Арадан көп күн өтөт. Күз жакындап, гүлдөрдүн таажылары түшүп, бал чогултуу кыйын болуп калды. Бирок Аары таңдан кечке тынбай ойду-тоону аралап, бал жыйнаганын улантты. Алып келген балы мурдагыдай болбой, улам азайып, Түлкүнүн жумуруна жук болбой калды.

– Күз келип, гүлдөр урук байлады, бал түгөндү, эми биз да кыштын камын көрүшүбүз керек, – деди Аары бир күнү.

– Антпесек болбойт, – деп Түлкү кошумчалады.

– Чогулган балды ороодон алып чыгып үйгө алып келип коёлу,– деди Аары.

– Ошентели, мен барып казып, көнөчөктү алып келейин, – деп Түлкү колуна күрөк алып, короого чыгып, бир жерди казымыш болуп, кайра антаңдап жүгүрүп келди да: – Досум, көнөчөктү кимдир бирөөлөр уурдап кетиптир! – деди шашкалактап.

Анан Аарыны ээрчитип барып, алиги казган жерин көрсөттү.

– Терең казсаң болмок экен, – деди Аары.

– Абдан терең казгам, бирөөлөр көрүп калса керек, – деп Түлкү башын чайкап капаланган түр көрсөтүп, кабагын түйдү. – Эми кышында кантик? – деп ыйлап жиберди.

– Кой, досум, ыйлаба, – деп Аары аны аяп кетти. – Менин көп досторум бар, алар бизди талаага таштабас, мен сүйлөшүп көрөйүн, – деди Аары чын пейилден

– Ошент, анда тезирээк сүйлөш. – Түлкүнүн карды ачып турган, оозуна балдын даамы келип, шилекейин жутуп, жаланып алды.

Аары Түлкүнү ээрчитип алып досторуна келип, болгон окуяны айтты эле, достору экөөнү тең үйгө кийрип, жаңы достуу болгондоруна сүйүнүштү.

Түлкү ичинен кымылдап, аарыларга ыраазылыгын кайра-кайра айтты. Ошо менен алар бирге жашап калды.

Күндөрдүн биринде акыркы ирет бал чогултуп келген аары кампаны ачып, бал азайып калганын көрөт. Анан күзөтчү аарылар балды бирөөлөр жеп жүргөнүн эч кимге айтпай, ууруну кармамакчы болуп, аңдууга алышат.

Түн ортосу ооп, аарылардын бардыгы уйкуга кеткенде Түлкү акырын туруп, шырп алдырбай басып, адатынча кампага кирип, балга тилин тийгизгенде күзөтчү аарылар тилин, тумшугун, көзүн чагып салышат. Анан аарылардын бардыгы ойгонуп, ызы-чуу түшүп, ууру Түлкүнү талап салышат.

Түлкүнүн башы-көзү, тумшугу шишип, тили оозуна батпай салаңдап араң качып кутулат. Түлкүгө дос Аары баягы көнөчөктөгү балды ким уурдаганын ошондо түшүндү. Бул окуядан кийин экөөнүн достугу ажырап, Түлкү Аарынын уюгуна жолобой качып жүрөт.

Жылкычы ЖАПИЕВ

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *