Самара НАСЫРОВА: Төрөлбөй калган уул же кыз

ОЙ ТОЛГОО… Баалабастан өмүрдүн кыска экенин, Барктабайбыз карынын нуска кебин. Анан бир күн «аттиң ай» деп калабыз, Алдыргандай куу түлкү «кушка жемин». Күндүгүнө манчыркап жорго минген, Күпүлдөгөн кыйын көп солдо жүргөн. Ала салып ак жүргөн багытынан Адашкандар арамза жолго кирген. Карек өчөт бир күнү капилеттен, Каның токтоп, ысык дем качып эттен. Дуулдап жашап атсак да бул дүйнөдө, Сурагы бар. Корколу!.. Акыреттен. Алсыздыгын замандын карап анан, Аргасыздан бүт дүйнөм жараланам. Бүтпөйт тура тирүүлүк тунжуроодон, Айрымдардан тим гана сабак алам…. ЧЫРПЫКТАЙ ЧАЧЫЛБАЙЛЫ […]

Жалалидин РУМИ: Жүзүм

Притча-жомок Көздөгөн мүдөөлөрү окшош төрт шерик: түрк, перс, араб жана грек, бирге баратып акча таап алышат. Балээнин баары ошол акчадан чыгат. Колдоруна акча тиери менен аны кантип коротушту тартышып башташат. Перс айтат: – Келгиле, ангур сатып алабыз! Араб чыгат: – Ангуруңду койчу, эйнаб сатып алганыбыз жакшы. Түрк чыгат бир жактан: – Эмне талашасыңар? Бизге ангурдун да, эйнабдын да кереги жок. Бул акчага йүзүм эле сатып алганыбыз жакшы! Грек чыгат макул болбой келжеңдеп: – Агер бирдеңке алыш керек болсо, акчаны стафилге […]

Данияр ИСАНОВ: Изденүү

ЭССЕ Агезде мен Күн менен кошо туруп, Күн менен кошо жатчумун… Күндүн мурду көрүнөр замат, өзүмдү аманат катары табыштап жатып: – Оо, Улуу Күн! Бүгүнкү күнүм кандай өтөт, өзүңө гана маалым. А мен болсо, ишке жөнөдүм. Кечке чейин мени эсен-соо сактап, Түнгө тапшыр. А Түн экөөбүз эзелтен сырдашпыз. Мени кечиргей экенсиң. Оокат деп жүрүп, сени менен сырдашканга эч убакыт табылбайт. Аман болсок, далай ирет сырдашарбыз!? – деп өзүмдү түндө жаткан деңиз жээгине калтырып коюп, жумушка ашыгам… * * * Анан […]

Кубанычбек АРКАБАЕВ: Милийса

АҢГЕМЕ Наркул райондук НКВД ачендигинин милдетин аткара баштагандан бери мындай татаал маселеге кабылып, көп деле түйшөлө элек болучу… Ал шар жүргөн чечкиндүү мүнөзүнө, кат-сабаты жоюлгандыгына жараша иш билгилигин дагы көргөзүп, эң негизгиси — Кеңеш өкмөтүнүн көрсөтмөлөрүн туура, так аткаргандыгынан улам партия аны дагы ушундай жооптуу кызматка койгон эле. Эл душмандарына каршы күрөш курчуп турган ушул мезгилде милийса ачендиги катары ага далайларга кишен салып, ак-карасы айырмаланбаган, бирок күнөөлүү саналган көптөрдү айдап барып катаал мыйзамдын алдына чөгөлөтүп, анын кандуу кылычынын мизине такап […]

Амирхан ЕНИКИ: Наристе

Татарчадан которгон Урматбек НУРСЕЙИТ уулу Татар элинин таланттуу жазуучусу жана публицист Амирхан Еники (чыныгы аты-жөнү Амирхан Нигметзянович Еникеев) 1909-жылы 2-мартта азыркы Башкыртстандагы Жогорку Каргалы айылында жарык дүйнөгө келген. Өмүрүнүн акырына чейин “Саз чәчәге” (Саздагы гүл, 1955), “Рәшә” (Туман, 1962), “Вөҗдан” (Ынсап, 1968), “Гөләндәм туташ хатирәсе” («Гөландам туташты эскерүү», 1975) жана автобиографиялык «Соңгы китап» («Соңку китеп», 1981-82) повестерин жазган. 2000-жылы 16-февралда 90 жаш курагында Казанда көз жумган. АҢГЕМЕ Лейтенант Ивановдун ротасы токой бойлоп, өтө сактык менен алдын ала белгиленген аймакты көздөй жылып […]

Талант тагдыры: Чыңгыз менен Керез

Сөз өнөрүнүн устаты, улуттун сыймыгы болгон Чыңгыз Айтматовдун байбичеси Керез эжеге бир жолуксам, айтылуу жазуучуга айтылуу кыздардын бири болгон даңазалуу аялзатын өз көзүм менен көрүп жазсам деп дегдеп жүргөм. Мына эми журт атасынын амандыгын тилеп, элинин атын чыгарган сейрек жаралуучу адам экенине ыраазы болуп, акыркы мүнөтүнө чейин жаман айтпай, бешенеге жазганына ынанып, жалкы өмүр сүрүп келаткан бул байбиче мага умай энедей таза, ыйыктай сезилип алдымда отурду… “Чын өмүрдү Чыңгыз менен өткөрдүм, ал сүйүүмдү Чыңгыз дагы жазалбас…” Ушундай тема коюлган эскерүүмдү […]

Ырысбай АБДЫРАИМОВ: Өмүр кымбат

АҢГЕМЕ Айзада жубайы олтурган түртмө арабаны жай түртүп баратты. Бүгүн да доктурга алпарып, дарылатканы чыккан. Арабасын жылдырганга Токтобайдын кудурети деле жетмек. Бирок келин өмүр шеригине ого бетер ыктоону күсөп, майып адам кол менен иштетүүчү тетигин атайын алдырып койгон. Күйөөсү күтүүсүз кесепетке кабылып, ооруканада дарыланып чыкканына аз эле күн болду. Ары, бүгүн күнгө ишемби. Кесел деген дем алууну билбеген кесир го! Айзаданын эс алаар түрү жок. Жолдошунда мурдагыга караганда кыйла жылыш бар. Буттарынын манжаларына жан киргендей: кыбыратса, элдир-селдир кыймылдайт. Токтобай да […]