АҢГЕМЕ

Наркул райондук НКВД ачендигинин милдетин аткара баштагандан бери мындай татаал маселеге кабылып, көп деле түйшөлө элек болучу…
Ал шар жүргөн чечкиндүү мүнөзүнө, кат-сабаты жоюлгандыгына жараша иш билгилигин дагы көргөзүп, эң негизгиси — Кеңеш өкмөтүнүн көрсөтмөлөрүн туура, так аткаргандыгынан улам партия аны дагы ушундай жооптуу кызматка койгон эле. Эл душмандарына каршы күрөш курчуп турган ушул мезгилде милийса ачендиги катары ага далайларга кишен салып, ак-карасы айырмаланбаган, бирок күнөөлүү саналган көптөрдү айдап барып катаал мыйзамдын алдына чөгөлөтүп, анын кандуу кылычынын мизине такап берди.
Кээде өзү же кол алдындагылар айдап келген адамдардын бейкүнөө экенине көзү жетип турса дагы, алардын ак жерден жазаланып жатканын түшүнүп турса деле, каардуу катаалдыгынан жазбастан, ичинен аларды аяп турганын түк дагы билдирчү эмес. Кылмышкер мейли ак жеринен, мейли күнөө жасап кармалсын, айдап бараткандардан өзүнө болгон боорукерликти сезсе, анда андан пайдаланып, ошол айоолуу сезимин козгоп, бошонууга аракеттениши мүмкүн эле. Мындан ушул эле алдындагы абакчыга дагы, жогору жактын буйругун аргасыз аткарып аткан өзүнө дагы эч кандай жеңилдик болбосун жакшы түшүнчү. Ошондуктан ал өзүн партия менен өкмөттүн колундагы курал катары гана сезип, анын шилтеген жагына шыр кетүүгө, буйруктары менен көрсөтмөлөрүн талкуулабастан аткара берүүгө өзүн-өзү көндүрүп бүткөн.
Ошентсе да бул жолу ал эл ичине тыңчы катары коюлган бакан ооз Тынынын тымызын жасаган билдирүүсүнөн кийин эмне кыларын билбей калды. Анткени далайлардын убалына калган бул бакан ооз тыңчынын азыркы айткандары туугандык сезимдерин козгоп, айылынын жана ага-туугандарынын алдында өзүн айыптуу кылып, азырак топтогон аброюн түшүрүп, алардын зекүүсүнө болбосо дагы жаман көрүүсүнө кабылтканы калгансыды. Ооба, буга чейин ал айылдаштарынан бир-экөөнү кармап, (алардын күнөөсү бар болучу) катаал мыйзам алдына салып берсе дагы, өз туугандарынан эч кимисин жоопко тартып көргөн эмес эле. Болгондо да баарына барктуу кутман карыны минтип болбогон бир күнөө менен кармап каларын ойлогон эмес. Бирок мыйзам деген баарыга бирдей да, ал тууган-туушканыңа, жаш-карыга карабайт. Өзгөчө тап күрөшү күчөп, эл душмандарына каршы согуш жүрүп турган ушул кезде…
Адатынча жуманын мерчемдүү күнүндө, каш карайган кезде эшик какпай шып этип кирип келчү Тыны бул жолу дагы кара түтүнү бургуйлаган май чырак бүдөмүк жарык кылган бөлмөсүнө казанбактай тебетейин калдайта босого аттап, ооз учунан салам айтып, аялдай түшүп, анан өзүнүн кол жаңсоосунан улам тике маңдайындагы отургучка жылып жетип көчүк басты. Анан эки жакты эч ким жокпу дегендей омсоңдоп карап алган ал, чыйылдак үнүн акырын чыгарып сүйлөдү:
— Мен Майыстан калкозуна барып келдим…
— Анан… Эмне кеп ал жакта? — деп сыр алдырбай сураганы менен Майыстан өзүнүн калхозу болгондуктан Наркул: “Бул куу түлкүнүн тумшугуна туугандарымдын кимдир бирөөсү илинген жокпу?” — деп ичинен кооптоно түштү.
— Башкарма Кадырберди эл душманы Жапаракундун уулуна балдарды окутууга уруксат бериптир…
— Туура эмес кылыптыр, бул саясый ката. Болуптур, териштиребиз аны… Дагы эмне кеп Майыстанда?
— Калмурза мергенчи Советтик милийсаны келекелеп жатыптыр…
— Кантип? — деп бул күтүүсүз сөздөн чочуп кетти ал.
— Ал өзүнүн тайгандарына “Милийса” деген ат коюптур…
— Түз эле “Милийса”- деп атаптырбы иттерин?- деп чындап эле таңгала түштү Наркул.
— Ооба! Бул деген Советтик милицияны мазактагандык да… Муну жөн койбош керек! — деп күйүп-бышып жибергенинде анын баятадан жашырып жаткан чыйылдак үнү чыга түштү.
— Эгер андай болсо жооп берет, Калмурза!- деп өзү дагы буга кайдигер эместигин ачык билдирди.
— Ошол,- деп көзүнө түшкөн көрпө тебетейинин алдынан өзүн сынай тиктеген Тыны ордунан оор копшолуп туруп, сөз бүттү дегенсиди.
— Териштиребиз,- деди ошондо гана өз уруусунун кадырман карысы Калмурзаны жоопко тартыш оңойго турбасы оюна келе калганына кабаатырланган Наркул. — Балким ал караңгылыктан улам ушуга баргандыр.
— Каяктагы караңгылык! Ал элдин баары ылдыйлап жатса өйдөлөп көчүп, чегарага жакындап баратыптыр. Анан анын баласы кезинде басмачылардын катарында жүрүп дайынсыз кеткенин унутпашыбыз керек,- деп чыйылдай чыйпылыктаганы менен Тыны бакан ооздун үнүнөн талап кылган өктөмдүк сезилди.
— Бирок анын кенже уулу Советтик Армиянын катарында кызмат кылып жүрөт. Анын үстүнө какжыйып карыган неме контурлукка бара албайт…
— Анткени менен кыраакылыгыбызды жоготпошубуз керек,- деп кесе айтты Тыны өзүнүкүнө окшобогон өктөмдүк менен. — Совет өкмөтү, партия ушуну талап кылып жатат…
— Албетте, албетте, — деп жиберди Наркул бул кат-сабаты жоюлган, жогору жактагы чоңдор менен байланышы күчтүү неме менен акыйлашмак тургай тамашалашканга болбой турганын ойлоп.
— Анда ошо… Болуптур! — деп бакан ооз шарт туруп, шагдам басып чыга жөнөдү.
Адамдын бир көзү экинчи көзүнө жоо кез эле. Андыктан бакан ооздун бул билдирүүсүн жөн калтыргыдай Наркулдун башы экөө эмес. Эгер Советтик милийсаны мазактаган Калмурзага чара көрбөсө, Тыны эртең эле жогору жакка мунусун билдирип, ага салынчу кишен өзүнө салынып калышы мүмкүн. Ошентип эки күн кандай кылышты билбей чайналган Наркул үчүнчү таңда өзүнө жакын сезген адамдын тагдырын башкага тапшыргысы келбей, аттанып чыкты…

* * *
Кеч күздүн кыска, салкын күнү тоо башылай чуркагансып барып батарына баштанганда Наркул менен ага жол көрсөтүп бараткан жаш жылкычы Нияз чоң тумшуктан имериле беришип, кокту ичиндеги мергенчинин үйүн көрүшүп, эрте жарыкта аны тапкандарына сүйүнүп кетишти. Аңгыча алдыларынан күрсүйгөн карала дөбөт арсылдай үрүп утурлады. Аны кадимки мырза чалыш токтоолугунда, өңдөрү кара, жазы төштөрү менен тартайган буттарынын учтары ак, жүндүү кулактары узун, кызгылт көздөрү гана бир башкача жалжылдаган кош тайган үрүмүш эте ээрчий чуркап келишти.
Мерген үйүндө экен, утурлай тосуп чыгып, ат алды. Наркул аны көп жылдардан бери көрө элек эле. Байкаса, мерген баягы чапчаң кыймылдуу, чымыр денелүү кадимки мергенчилик кебетесин жоготуп, карылыкка моюн сунуп калыптыр. Улуу уулу басмачыларга кошулуп, Ооганга ооп дайынсыз жоголуп, экинчиси тетирисинче, Кызыл Армияга кызмат кылып кетип, ал эми кыздары жай-жайына тарап, Калмурза кемпири экөө жалгыз калган кездери эле. Жай сурашып отурган соң Наркул келген максатынын четин чыгара баштады.
— Калмурза ата, иттериңиздин аты кандай?
— Мм… Милийса…
— Бул эмне дегениңиз?
— Эми жакшы эле ойдо…
— Милицияны итке теңегениңиз кандай?
— Айланайын, теңебей эле. Силер адамдардыкы болсоңор, булар кайберендердики болсун деп эле…- деп мукактана түшүп, сөз таппай калгансыды карт мерген.
Ансыз да элден: “Баланча эл душманы экен соттолуптур, түкүнчө Кеңеш өкмөтүнө каршы экен, айдалыптыр”, — деген сөздөрдү көп угуп, замандын бул түрүнөн кооптонуп жүргөн, ансайын кызыл-тазыл милийса кийимчен жигиттен чочуп, “эмнеге келди экен?”- деп санааркап турган кемпир Наркулдун алдына чөгөлөчүдөй болуп бөкчөйө калып, ыйламсыроо аралаш жалынып-жалбарып жиберди:
— Айланайын, милийса балам, өзүбүздүн балабыз эмессиңби, алжыган абышканы кечирип кой, карыганда калжайтып айдап кете көрбө! Билбестик, түшүнбөстүк кылыппыз, кечирип кой карыган кишилерди. Эптеп бир ылаажысын таап айдатпай алып кала көр атаңды…
— Эй, тек! — деп баятадан унчукпай үңүрөйө отуруп калган карт мерген капысынан кемпирин какты. — Айдаса айдап кетер! Аянгыдай менин эмнем калды эле?! Бир гана күйгөнүм — бул Кеңеш өкмөтүң деле адилетсиз экен… Кайран уулум Касымым Жаныбек корбашыга кошуларында каршы болуп, аттанып кетеринде аталык батамды бермек тургай жакшы сөзүмдү айтпадым эле… Кенжем Асымбекти болсо өзүм ээрчитип барып өкмөтүңө тапшыргам. Эми мени камасаңар эле душмандарыңар азайып, дүнүйөңөр түгөл болуп кетсе, айдатпай эле өзүм барып берейин!
Кепти катуу баштап, кемпирдин жүрөгүн түшүрүп, абышканын жинин козгоп алганын аңдай калган Наркул эми жумшара сүйлөдү:
— Ата, анан ушул жакшыбы? Бул деген Советтик милицияны итке теңеп шылдыңдоо болуп жатпайбы… Мен го өз балаңармын, кечирем. Бирок менин үстүмөн карап турган чоңдорду кантебиз? Сиздердин бул жоругуңуздар ал жакка угулуп калды. Мени менен барбасаңыз болбойт! Антпесеңиз буйрукту аткарбаганым үчүн мени да жазалашат.
Муну укканда абышканын өңү кумсарып, башын чайкап жибергенинде сейрек сакалы сербеңдей түштү. Шалдайган колдорун тизесине алганда муштумдары түйүлдү, ошол бойдон көздөрүн жүлжүйтүп бир чекитти тиктеген бойдон отуруп калды. Кемпир болсо бышактап ыйга киргени менен кайрыла калып очоктогу үлпүлдөгөн отто бүлкүлдөп кайнап жаткан казанына үңүлдү. Бул экөөнү ичинен аяп, боору ооруса дагы, анысын билдирбеске аракет кылып, айла жоктон акыркы сөзүн айтты Наркул:
— Эртең эрте аттанабыз. Кам-чомуңузду көрүңүз. Апам жакадагы кыздарыныкына барсын. Иттерди болсо атып кетебиз. Анан калганын барганда көрөбүз. Сизди актап, каматпай алып калышка аракет кылам, чоңдор менен сүйлөшүп көрөм, жардам берем, — деп бул мүңкүрөгөн карыларды жакшылыктан үмүттөндүрүп, абалды жумшартымыш этти эле, кемпир өзү тимеле абышкасын актап чыккансып, кабаттап ыраазылык билдирип, алкап жиберди:
— Кудайым тилегиңди берип, ылайым жамандык көрбө балам, ошенте көр!..
Ошол бойдон кемпир да лам деп ооз ачпай тирилиги менен алектенди. Абышка баягы бойдон кумсарган өңдө мелтиреп отура берди. Кемпир аздан соң супарасын жазып, этти чыгарып алдыга койду. Ортодо жаралган коомайлануунун алдында үй ээлери менен коноктор кайберендин этин таталап жеп, шорпосунан ууртап, карын тойгузгуча караңгы кирип келди.
Жат-жатка келгенде Наркул кексе абышка бир жамандык ойлоп жүрбөсүн деп, анын кереге башында илинип турган мылтыгын өз мылтыгына кошуп бир ыптасына баса жатты… Чарчаган, атка жанчылган жаны катуу уктаган экен, бир кезде иттердин чайылдап үргөнүнөн, кыңшылаганынан улам ойгонуп кетсе, жанында жаткан Нияз жок экен. Сырттан кобур угулду. Аңгыча боз үй эшиги серпиле ачылып бирөө кирип:
— Байке, — дегенинен улам Нияз экени таанылды. — Калмурза ата ат откозгуча өйдө карай бастырып кийик карайлы дейт. Иттеринин өнөрүн көргөзөт окшойт.
“Бу чалдын эмне ойлогону бар? Же иттери менен, мергенчилиги менен коштошоюн дегениби? Эмне болсо да мылтыгын бербей турайын,”- деген ойдо кийинип сыртка чыкты. Таң агарып калыптыр. Калмурза эбак атын токуп минип, тайгандарын жетелеп, өзүн гана күтүп калган экен. Түнү бою байланып туруп чыйрыккан, таң атпай туруп ат токуган ээсин көрүп, ууга чыгышарын билген тайгандар чыдамдары кете кыңшылап жатышкан экен. Даяр турган атына минип бастырганында Калмурза тизгин тартып жанаша берип, кандайдыр ойлуу түрдө үн катты:
— Наркул, балам… Раматылык Аманкул атаң экөөбүз теңтуш болуп чоңойдук элек. Ал экөөбүз тууган дагыбыз. Сен төрөлгөндө мен жетине албай аюу талпак тартуулап бардым эле ага. Ал дагы мени кур кол койбой уулдарыма бир тай энчилеген… Эми эмне кылабыз? Маңдайга жазылганы ушул экен. Болбосо сенин ушинтип мени айдап кетериң анда кимдин оюна келди эле? Бирок мен сени күнөөлөбөйм. Заманың ушул экен. Өз милдетиңди аткарбасаң дагы болбойт. Чынымды айтсам, сенден башка бирөө келгенинде тирүү бойдон колго түшүп бермек эмесмин… Мен баары бир бул тоолордон ажырасам оңбойм, узакка деле жашабайм…- деп бир топко чейин унчукпай барып анан күрсүнө берип сөзүн улантты: — Ушул тайгандар укмуш чыгаан чыгышты эле… Минтип каржалып тоого чыга албай калган кезимде колума кол болуп энең экөөбүздү багып жатышкан… Эми ит тургай өзүбүз алапайыбызды таппай калдык… Кыскасы, балам мага тайгандарымды кайберенге бир агытып алууга уруксат бер. Кайран Чирик-Карагайдай куттуу жеримди акыркы жолу аралап, коштошуп алайын, — карт мерген күрсүнүп алып, атын темине берип, алга карай бастырып кетти.
Чирик-Карагай — күңгөй-тескей эки бети жыш карагайлуу, токойсуз төрү кайберенге жайлуу, нары карай чөптүү жайык болуп барып, башы касаба аска-зоого такалган чоң колот. Ошо колот таманындагы карагайлардан буйтаган жалгыз аяк ийри-муйру жол менен жогорулап жөнөштү. Таңкы жел өйдөдөн ылдый согуп, жаак-башты каарып атканы менен бул мергенчилик үчүн, кайберендер жыт алып кетпестери үчүн жакшы шарт болучу. Тайгандардын чыдамдары кете абаны аптыга жутуп, алга карай жулкунуп баратышты. Карагайлар бүтүп айлана жылаңачтанганда Калмурза тайгандарын агытты. Экөө жулунгандарынча атырылып чуркабай, эки жакты шимшигилеп алышып, ээрчише жортуп, коктунун корум таштуу оң жак капталы менен таңкы ымыртка аралашып көрүнбөй кетишти.
— Кел эми балдар, ат откоруп алалы, — деди Калмурза аттан түшүп. Көп эле кийикке чыгып, тайган агытыштын деле шартын жакшы билген экөө абышканын бул кылганына такыр эле түшүнбөй калышты. Анткени кийиктер аскалардан түшүп келчү оттооктор алда канча алыста. Айланада кайберен камалгыдай, иттерден корголоп чыга каччудай эч кандай аска-таш жок. “Бул чал иттерине ушунчалык ишенеби же алжып калганбы? — деген ойго келген экөө таң ашкандыктан ачка, андыктан ооздук чайнай жерге жутунуп жаткан аттарын отко коюшту. Калмурза бүгүн эле айдалып кетерин унуткандай: жогору жакты серепчилей карап, Наркул кайрып берген мылтыгын белендей кармап, кулак түрүп:
— Буюрса, буюрса жел дагы оңтойлуу болуп турат… Жыт алып кетишти тайгандар, айдап келет кайрандар, — деп жаш балача кудуңдай баштады. Буга эки жигит ого бетер таңгалышты. Бирок убакыт өтө берди. Тайгандардын болсо дайыны чыкпай турду.
Айлана улам жарыктанып, күн нуру бийик кырларды аймалады. Томсоргон тоо-таш жанданып баратты. Бир кезде алыстан иттин арсылдап үргөнү угулду. Ал уламдан-улам жакындады. Эми карт мерген турмак берки экөө да отура албай калышты. Бир маалда коктунун берки имерилишинен тайган такымдай кубалаган эчки көрүнүп, тоонун корум таштуу оң жак жандоосуна салды. Ошондо гана тайган аны жабыша кубалабай артка кала берди. Эчки келген күүсү менен корум таштардан каргый секирип чуркай, мергендердин тушуна бута атымча кирип келди. Мына ошондо Наркул менен Калмурза удаама-удаа ок чыгарышты.
Эчки шарт бурулуп, наркы кырды карай эки секирип мүргүй түштү да, анан төрт аягы айласыздан бүгүлүп, боортоктой калып бир жак капталына оодарылып тик бет ылдый тоголонду. Тайган олжосуна секирип-секирип түшүп келип, айлана шимшилеп алып, анан арт жагына “шуу” койду. Иттин үргөнү ал кеткен тараптан дагы да угулуп, бул жолу чоңдугу тай торпоктой, мүйүздөрү калжайган кара теке көрүндү. Ал артынан бучкактаган эки тайганга катуу каршылык көргөзүп, кылычтай мүйүзү менен аларды челгилеп келатат. Адамдарды көргөндө ого бетер каршылыгын көргөзүп, улам берилеген сайын жайлап, акыры артка бурула турган болуп калганында Калмурза айгай салды:
— Ал! Ал Милийса, ал! Кайрып кел!
— Ал! А-ал!
— Айда!
Кыйкырык шердентти, дем берди белем, иттер текенин чычаңына жабыша калышты эле, ал чыдабай жанагы эчки качкан корум таштуу жандоого салды. Ошентип мылтык үнү жаңырыктап токтогуча теке коктунун таманына кулап түштү. Мына олжо! Аңчылык кызыгы, олжо кумары баарын унуткарды. Баарынан да жаш жылкычы Нияз катуу кубанганынан улам жөн эле элирип кетти:
— Оой-иий! Мүйүзүн карачы! Канча карыш болду экен? Көптү көргөн неме окшойт.
— Мага окшош калжайган кары неме турбайбы, — деп Калмурза эч ойлонбой айтты дагы, дем тарта түшүп, катуу күрсүнүп алды.
Ушул ирмемдерде бүгүн айдалып кетери, бул акыркы мергенчилиги болору, жакшы көргөн тайгандары атылары эсине келе калды. Муну байкаган берки экөөнүн да кызыктары тарап, демдери сууй түштү. Калмурза менен Нияз бири эчкини, экинчиси текени союп бүткөнү калганда баятан терең ойго чөмүлүп таш үстүндө отурган Наркул шарт ордунан туруп барып аттанды дагы, Ниязга кайрылды:
— Эй бала, сен арттан жет. Мен кеттим. Сиз болсо, Калмурза ата, иттериңиздин атын өзгөртүңүз!..- деп шартылдата бастырып жолго түштү.
Экөө союп жаткан олжолоруна өбөктөгөн бойдон түшүнүп-түшүнбөй кала беришти…

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.