ОЙ ТОЛГОО…
Баалабастан өмүрдүн кыска экенин,
Барктабайбыз карынын нуска кебин.
Анан бир күн «аттиң ай» деп калабыз,
Алдыргандай куу түлкү «кушка жемин».

Күндүгүнө манчыркап жорго минген,
Күпүлдөгөн кыйын көп солдо жүргөн.
Ала салып ак жүргөн багытынан
Адашкандар арамза жолго кирген.

Карек өчөт бир күнү капилеттен,
Каның токтоп, ысык дем качып эттен.
Дуулдап жашап атсак да бул дүйнөдө,
Сурагы бар. Корколу!.. Акыреттен.

Алсыздыгын замандын карап анан,
Аргасыздан бүт дүйнөм жараланам.
Бүтпөйт тура тирүүлүк тунжуроодон,
Айрымдардан тим гана сабак алам….

ЧЫРПЫКТАЙ ЧАЧЫЛБАЙЛЫ
Негедир ачышууда көкүрөгүм,
Ичимден үнсүз гана өкүрөмүн.
Акылын бизге айтар карылардын
Акылсыз иштерине өкүнөмүн.

Акыйкат өз жолунан тайып барат,
Азгырып шайтан көзгө сайып барат.
Адашып ак жолунан пенделериң,
Азап тор уу чеңгелин жайып барат.

Көбөйүп кошоматчы сыйынганы,
Көңүлдүн кыйын болду жылынмагы.
Капырай кандай жолго баштап барат?..
Карысы кирип келген кылымдагы.

Адамдык сапатымда калгым келди,
Акыйкат жолун издеп баргым келди.
Анан да сөз түшүнбөс чоркокторду,
Ыргытып баштан алыс салгым келди.

Кээлер бар, ичи толуп ириңдеген,
Көпчүлүк арасынан билинбеген.
Жылжытып коюп четте карап турат,
Жүрөгү миң жеринен тилинбеген.

Артына туруп алып көшөгөнүн,
Байкадым аста кулак төшөгөнүн.
Арамза, жалкоо ою кара менен
Алышып келем дале көшөрөмүн.

Чыдатпай мыжыгууда көкүрөгүм,
Чырчылды кадамымдан өчүрөмүн.
Чырпыктай чачылбайлы, чачылбайлы,
Чынардай бийиктейли өтүнөмүн!…

АЙЫЛДАШТАР, КӨЧӨЛӨШТӨР…КОРГОНУМ…
Саамайымдан сылап өттү салкын жел,
Топурагы, суусу абасы жаркын жер.
Шылдыраган булак сууңа, тооңо,
Тең келалбас күмүш жакут, алтын зер.

Өпкөм толо жутуп алып абаңды,
Туулган жерим айттым сага саламды.
Ата Журтум жеткениме өзүңө,
Аптыгуудан шилтеп турам каламды.

Көзгө сүйкүм бак дарагың жолдоруң,
Көңүлүмдү көкөлөттү боорлорум.
Качан келип жашайт экен «ээ биз» деп,
Күтүп турат заңкайган чоң коргонум.

Келдим мына хан сарайым күтүп ал,
Кожейкеңдин тапкан акча күчүн ал.
Гүл жаштыгын жумшап жүрөт. Үй ичин,
гүлдөй кылып жасалгалоо үчүн ал.

Айылдаштар, эски малдын көзүңдөй,
Көчөлөштөр, бир туугандын өзүндөй.
Чаң көчөмдө тепким келди оромпой,
Тээ секелек ойноо бала кезимдей….

ТУУЛГАН ЖЕРИМ ТУЗУҢДАН КАГЫЛАЙЫН
Касиеттүү айлымдын курут нанын,
Даамы келет оозума унутпадым…
Кадимкидей сагынып кусаланам,
Каалгып учкан мекендин булуттарын.

Берекелүү, көрктүү да элет жерим,
Көзгө сүйкүм талдарың, теректериң.
Мажүрүм тал, ийилген саябаның
Көлөкөңдө эс алгым келет менин.

Талаа толгон кызгалдак, мелүүн желиң,
Талпындырат бийикке сенин демиң.
Кылымдардан кылымга кыярбаган
Кагылайын керемет менин жерим.

Бошоно албай түйшүктүн учугунан,
Баш бербеген күндөрүм учуп улам.
Бир өзүңө ай сайын каттай албай
Барат өтүп, жаштыгым учурунан…

Туулган айлым, өзүңдү эстегеним,
Тузуң тартат, сен менен кез келемин.
Насип тагдыр буюрса, барамын да
Карылыкты сен менен өткөрөмүн.

Күнөөлөбө Туулган жер урпагыңды,
Кетпейм, кайтам тебелейм турпагыңды.
Алтынга да алмашкыс аба сууңду
Арнап, сага жазамын ыр сабымды!.

ТӨРӨЛБӨЙ КАЛГАН УУЛ ЖЕ КЫЗ…
(Бир айымдын суроосу боюнча жазылды)

Наристем кагылайын төрөлбөгөн,
Ыңаалап ак бешикке бөлөнбөгөн.
Апаңдын аткарылбай ак тилеги
Жүзүңдөн моокум кана өбөм деген.

Туулбастан туна чөккөн балапаным,
Тагдырдан таламымды талашамын.
Сен кандай туңгуюкка чөккөн болсоң,
Мен дагы чөгүп улам, баратамын…

Жашоомо өзүң пайда болгонуңда,
Башыма бакыт болуп конгонуңда.
Эзилип эбедейим, балкыганмын,
Эх чиркин гүл төшөлүп жолдорума.

Капылет чарт дей түшкөн чагылгандай,
Дарыя буркан-шаркан чамынгандай:
Мен бир күн кулап калдым эс жогото,
Мезгилге таймашууга алым калбай.

Уул белең ымыркайым же кыз белең,?
Эстесем жүрөк ыйлап, жан тыз деген.
Бу пенде табигаттын алдында бир
Бечара айласыз оов, алсыз белем?…

Уйкудан ойгонгондо сезгеним бу,
Эстедим ай аралап кезгенимди.
Жоготуп алган экем төрөбөстөн
Эмизбей калган экем эмчегимди…

Көтөрүп курсагымды бөрсөйталбай,
Балама жарыктыкты көрсөталбай,
Кечиргин ден соолуксуз апакеңди,
Кыркылган тамырыңды көктөталбай…

Акталбай сени күткөн үмүттөрүм,
Аттиң ай, азып өңдөн күйүттөмүн.
Төрөлбөй калган менин уул же кызым,
Төбөгө учуп кеткен бийиктерим…

Алсыздык кылдым, жашоо бералбадым,
Алышып, сыноолорун жеңалбадым.
Толгонуп тогуз айлап толгоо тартып,
Терметип мээримимди төгалбадым.

Мен азыр эч нерсени калгам жазбай,
Кар төккөн бурганактуу «жалган жаздай».
А сыртта шамал согуп, бороон улуйт,
Адашып карып калган армандаштай.

Мен эми жалаң гана жазам арман,
Жазаарым эми менин жалаң арман!…

ОЙГОНГУЛА, ЭЛ ДЕП СОККОН ЖҮРӨКТӨР!
Келгиндерге кенен ачык төрүбүз,
Кошоматтан майланышат өңүбүз.
Кытай каптап, а кыргыздар жер кезип,
Кор болууда кайран Ысык-Көлүбүз.

Алмустактан берекелүү жерибиз,
Ата-бабам, кең берешен элибиз.
Актай албай ошол нарктуу усулду,
Ар өлкөгө кетти байлык, кенибиз.

Ажолоруң алмашылып байпактай,
Алкымдарын толтурууда байкатпай.
Топтогон соң жылып качып кетишет,
Башка өлкөгө жамбаштарын чайкап жай…

Өз жеринен чыкса дагы байлыгы,
Өз элине жетпей берген айлыгы.
Өзгөлөргө сата берип бардыгын,
Өкмөттүн да багы баштан тайдыбы?..

Заводдорун кара кулпу кайтарып,
Иштетпестен калктын мизин майтарып.
Нефти газы, суусу, алтыны кең жердин,
Эли кедей, кайсы бирин айталык?..

Өзүбүзгө чала, моюнга алалы,
Өзбек, түркү, кытай, уйгур заманы.
Баардыгына ачып, сатып мекенди
Талааладык, муну кантип таналы?…

Түрк тилдүүлөр бизге тектеш мусулман,
Мейли тийгин, пайдаланып учурдан.
Келечекте булгап кыргыз урпагын,
Карабайга кетти, коркпой кусурдан.

Кыргыз теги болгон нурдуу ак жүздүү,
Кыздарыңды кара теке как сүздү.
Төгөрөгү төп келишкен, капырай,
Төрөлөбү, кара жээндер ак тиштүү?….

Төбөлдөрүң тебелешип өз төрүн,
Сактай албай булгатууда өз генин.
Канча жерди сатып тоноп какшытып,
Капчыктарын толтурууда өзгөнүн.

Тарып заман, көмөчкө күл тарткандар,
Тарыхта өз, жерин барбы саткандар?
Ойлонгула, эл деп соккон жүрөктөр,
Ойгонгула, чээнде уктап жаткандар!!!

ИЧИМДЕН МЫЖЫГАТ БИР ИЛДЕТ МЕНИ
Оош кыйыш заман жанды кирдеткени,
Ичимден мыжыгат бир илдет мени.
Күн сайын жаңыланып туруум керек,
Мойнумда адамдыктын милдеттери.

Чириген мата сымал сандыктагы,
Батыштын тийгенби дейм калдыктары.
Кыргызым башка улуттан өзгөлөнүп,
Көпкөнүң көзгө бачым чалдыкканы.

Чын азыр, акча чечип кемтигиңди,
Жок болсо акча кесип кендириңди,
Тең көрбөй өз балдарын бөлүп турган,
Шум заман бузду чалың, кемпириңди.

Көбөйүп эрди-катын кыянаты,
Шайтанды как жүрөккө уялатты.
Кестирген төрөлө элек ымыркайын
Келиндер чакыргансыйт кыяматты.

Эркеги аял таппай жалгашууга,
Балдарды көчөлөрдөн тандашууда.
Кучактап наристесин жабыр көргөн
Энелер зордукчуну каргашууда.

Атасын акча тап деп кыйнаганы,
Апанын көзгө илинбей ыйлаганы,
Алардын кайда калды уул көрдүм деп,
Кубанчы көкүрөккө сыйбаганы.

Чөнтөгүн кесип уурдап бечаранын,
Уялбайт ыйлаткандан эч аларың!
Ылгабай табылганын жеп көнүшкөн,
Билишпес эшектин да эти арамын.

Кресло тандап чоңдор көчүгүнө,
Ишенип депутаттык өкүмүнө.
Килемге миллионду жумшап жатат,
Чаң тийип калбас үчүн өтүгүнө.

Тизилген шуру сымал илмектеги,
Бай, кедей адамдарын иргеткени.
Эл үчүн кызмат кылам десеңиздер,
Толтура Ата Журттун милдеттери.

Капырай, калк кадырын ойлогондо,
Ичимден мыжыгат бир илдет мени…

КИР ДҮЙНӨ, КӨЙГӨЙ ЖАШОО БОШОТ МЕНИ
Түркүн ойлор мыжыйт көкүрөгүмдү,
Таңмын кантип отун өчүрөрүмдү.
Анык билбейм, мен да пендемин,
Канча күндүк өмүр кечирээримди…

Кимге, качан насип этилээримди,
Кайсыл күнү ката кетирээримди.
Алдын ала билсем гана аттиң ай,
Бакыттан кур, калып кечигээримди.

Жашоодо жаза басып эмнеликтен,
Чыгалбай кыйналабыз пенделиктен.
Артыма кылчаң карап көз таштасам,
Кур бекер күн өткөрүп сенделипмин.

Кир дүйнө, көйгөй жашоо бошот мени
Десем да, чырмалышып тосот мени.
Асмандан түшпөй жерге койсом дагы
Азгырып алсыздарга кошот мени…

Эртеңким не болорун билбесем да,
Булганыч, жан дүйнөсү кир десең да.
Тагдырга тике карайм баш көтөрүп,
Тааныбай, кайдан келди, ким десең да…

Тагдырга баш ийбеймин, өжөрлөнүп,
Кир дүйнө, көйгөй турмуш бошот мени…

Россия, 2017-ж.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.