АҢГЕМЕ

Айзада жубайы олтурган түртмө арабаны жай түртүп баратты. Бүгүн да доктурга алпарып, дарылатканы чыккан. Арабасын жылдырганга Токтобайдын кудурети деле жетмек. Бирок келин өмүр шеригине ого бетер ыктоону күсөп, майып адам кол менен иштетүүчү тетигин атайын алдырып койгон. Күйөөсү күтүүсүз кесепетке кабылып, ооруканада дарыланып чыкканына аз эле күн болду.
Ары, бүгүн күнгө ишемби. Кесел деген дем алууну билбеген кесир го! Айзаданын эс алаар түрү жок. Жолдошунда мурдагыга караганда кыйла жылыш бар. Буттарынын манжаларына жан киргендей: кыбыратса, элдир-селдир кыймылдайт. Токтобай да ысык-суукту, бирдеме тийгенин сезе баштаганын айтып, жүрөгүн толкуткан. Төшөктө жылбай жаткандан көрө азырынча ушунусуна да кайыл. Сабыр күтүп, каниет кылса, экөөнүн тилегени алыс эместир.
Ал дарылоо мөөнөтүн толук бүтүртпөй эле жубайын ооруканадан чыгартып алган. Ошондонбу, аны караган дарыгер да үйүнө жооп бербей, бир оокумга дейре кыйыктанды, аркы-беркини ойлоп. Токтобайдын көжөлө суранып, бейтапканага каратып кагаз буйруп берсе, ал жердеги врачтарга үзгүлтүксүз көрүнүп, убагында дарыланып турарына ишендиргени оңдуу туюлду.
Айзаданын көз алдында эле орун жоктугунан эки бейтап үйүнө кайтып кетти. Балким, бөлөк күндөрү да кеселмандар утуру келип турар. Күйөөсүнүн өтүнүчүн акыры доктур да макул тутту: “Ыктыяр өзүңүздө. Бирок биз да үйүңүзгө барып, кез-кез эмдеп турабыз!” – деди ал.
Келин мында да ой жүгүрттү: “Тез жардам” машинасы жалгыз. Демек, дарыгери да ошого жараша болот. Анда нөөмөткө турган врач күнү-түнү кайсы оорулууну кароого үлгүрөт? Жаткан ордунан козголбой, үйүндө дарыланчудан жалгыз эле Токтобай эместир. Катуу сыркоолоп, шашылыш жардамга муктаж дартмандар чыгар. Чыркырап ыйлаган бөбөктөр, наристелер ооруур. Ай күнү жеткен эки кат аялдардын иши андан бетер кысталыш. Көз жарар кош бойлууларды бачым төрөтүп албаса, эне да, бөбөк да кыйналат. Токтобайдын кесели кыйла жеңилдеп калбадыбы, анчалык олуттуу эмес. Чыдаса, болот. Ошон үчүн кечээ “тез жардам” унаасын күтпөй, ооруканага кошунасынын машинасы менен жетип барышкан. Бүгүн да кызмат кылууга чамданган кошунасын убара тарттырууну каалабаган келин анын колу бош эмес экендигин билип, “доктурлар муну ара күндө карайт” – деп шылтоолоду. Ошентип, жеңил машина менен жетүү оюнан айныды. Анткени жеңил унаа буйруган жагына зып жеткирет да, кайра зып этип, айткан жагына алып келип коёт.
Мындайда Токтобай ага-буга алаксыбай, ооруканада керебетке таңылып жаткан кезинен айырмасыз болот тура! Ансыз деле денеси кыймылга келгиче, бир жыл бою сулк жаткандан тажап бүтпөдүбү! Албетте, чалкасынан түшкөнгө жону талып, буту асылганына кыйналган күйөөсү ооз ачпайт. Кайратына салып, сыр алдырбоого карманганы жүзүнөн билинет.
Айзаданын чамасында оорукана тапшырган түртмө араба Токтобайга куп ылайыктуу. Узак дегенде эки-үч чакырымча жол басат. Бир чети эри таза аба жутат. Бул жагы баарынан артык. Жолду ката ары-бери өткөндөрдү көрүп, жашыл ааламга саресеп таштап, бугу жазылат. Тирүү пенде үчүн ааламга тегиз нур чачкан оттой Күндү, түндү шам чырактай жарык кылган Айды көрүп, кайнаган жашоо-турмуштун даамын татып, агарган уулдуу, кызарган кыздуу болуп, баш кошкон жары, бала-чакасы, тууган-урук, эли-журту, тамыр-таанышы менен айдан аман, жылдан эсен жанаша жүрүүдөн өткөн ыракат, жыргал доор жоктур. “Кыйбас адамың үчүн арзыбаган жолду басып өтүү – чабак уруп мухиттен сүзүп өтүүгө тең келбес. Согуш кезинде мендей эле кыз-келиндер өмүр менен өлүм каш-кабактын ортосунда турганда фронтко өз ыктыяры менен аттанып, эркекче кийинип, бомба-снаряддар жамгырдай жаап, жер сапырып турганда али тиги жоокерге, али мунусуна чуркап, майдан талаасынан эки-үчтөн кансыраган, жарадар аскерлерди жонуна көтөрүп, аман-эсен ташып чыккан тура! Ал убак менен азыркы тынчтык күндү салыштыруу мүмкүн эмес. Ошондо деле жаныңдын жартысы болгон өмүр шеригиң убайым тартып, кыйналып турганда жеңилин-жерден, оорун жондон алганга жетпес. Бирге көтөргөн жүк жеңил. Эр-зайып – кош ат чегилген арабаны түбөлүккө бирге тартып, кошо жашар бир бүтүн адам эмеспи. А жалгыздык жаман деп, маңдайга куру бекер жазылбагандыр”.
Айзада жарынын капилет кырсыкка кириптер болгонун укканда не гана ойлорго кабылбады. Токтобай оонап жаткан жерге жеткиче, анын дене-боюн колу менен кармалап, алты саны аман, он эки мүчөсү түгөл экенин билгиче, заманасы куурулуп, дүнүйө аңтар-теңтер түшкөнсүдү. Жубайынын эстен танганын көрүп, чымындай чыркырап атса, жанындагылардын кимдир-бирөөсүнүн боору ачыгансып: “Шордуу бала ай! Каран түшкүр, шал болуп калбагай эле” — деп шыпшынганын уккан. Ошондо буга жан тарткан эменин бетине карабаптыр. “Таш оозуңа!” — деп кайрымак.
Токтобайдын башына мунжунун түйшүгү түштү дегиче, тагдырдын ошондой буйругу кагазга чийилген болсо, кайда катылбасын таап алып, жазасы бир тал ширеңкедир, аямак эмес, өрттөп иймек. Ал айлап-жылдап ооруканада саргайып жаткандагы ичи күйгөнүн айт! Ит азабын тартса да, Айзаданын кабак-кашын жыйрыбай, жүзүн үйрүбөгөнүнө дагы бир себеп: эринин бушайманга салган кер сары ыраңы деле кеп эмес. Бутуна жан киргенде санаасы жоголуп, ойдон арылса, чийдей арык денесине эт бүтөр. Анын сакаярына эмчек түбүндөгү жүрөгү түрсүл какканына кандай ишенсе, так ошондой ынанып жүрөт.
Дагы бир эңсегени – маңдайына жазылган тагдырына кейигенин, санаа чеккенин күйөөсү сезбесе… Ыраң-бешенемден, жүрүм-турум, мамилемден, сөзүмдөн аңдабасын! Үнүмдү катуу чыгарбайын! Чүнчүп-жүдөгөнүмдү туйбагандай өзүмдү байымдын соо чагындагыдай тыкан, шайыр-шатман тутайын. Жазгы күндөй жадырап-жайнайын. “Алтын жаның аман турса, колтукташып басар күн чукул” — деп тамшангыдай болсо, жаш келиндин көздөрү сүйүнүчтөн балбылдап кетет. Өзү жалгыз учурда таң-тамаша, күлкү жакпай, сиркеси суу көтөрбөй, күнү да, түн да ага баары бир: кара булут кабагына самсаалап түшкөнсүп, көзүнө күүгүмдөн башка эчтеке чалдыкпайт.
Айзада эңкейип, жарынын көкүрөк топчусун бүчүлөдү. Токтобай үн чыгарбайт, ойлуу. Анын оюн кантип бузат? Ой дегениң деңиздей чексиз! Башына оор мүшкүл түшкөндө адам баласы ойду гана эрмек тутуп, кыялдын кемесинде чайпалып калат өңдөнөт.
Кырсыкка жаңы чабылгандан бетер жигиттин эңсеси катты. Бел кырчоосунан ылдый жанчылган кескелдирикче сойлой албасын ойлоду. Балакетке чарпылганга чейинки өмүрү көзүнө бир тал чөптөй илинген жок. Жарк этип, кайра жалп өчкөн чагылгандай баасы билинбептир. Көргүлүктү омуртка жүлүнү үзүлгөнсүп, эки аягы кыймылдан калгандан бери тартууда. Бу кесел бүтпөчүдөй, кыйла убакытка создугуп кеткендей болду. Дагы канчага уланар экен? Кандайдыр аты белгисиз курт өмүрүнүн четинен кыртылдатып жеп жаткандай, ичинин тээ түпкүрүнөн чубалжыган ойлор бууракандап чыгат да, алапайын таптырбай шаштырып, күйүткө салат. Кайсынысына көнөрүн, а кайсы оюн четке кагарын билбей алдастайт. Акырында көңүл кайырмагына эки ой илинет: бири – доктурлардын дары-дармегинин шыпаасы тийип, алиги митени жан таслим кылса, жанын тынч койсо… Же өзү менен кошо көзүнө карагандарды да азапка салбай, жанагы курт түбүнө жетип, тукумун үзчү ниети болсо, үлп этип, өчө жаздап, быкшып кайра жанган шам сыяктантпай, өмүрүн батырак түгөтпөйбү! Адам болуп, тирүүлөргө кошулбай же өлүү болуп көрдө жатпаган соң, ортодо үлдүрөп жүргөндө эмне? Бачымырак кутулуучу күн кайда? Ошол күн келсе экен, тезирээк жетсечи, ошол саат… Арылганга кам уруп да көрдү. Жаны бышык, өмүрү узун белем, жолу болбоду…
Ошол ирет да Айзада жубайын азыркыдай ооруканадан жооп сурап, үйүнө алып келген. Токтобай саргара күткөн үмүтү ошол күнү үдөөсүнө жете тургансып, жеңилдеген. Зайыбы үй түйшүгүнө алаксып жүргөндө алты жашар уулу бойтоңдоп жанына келе калды. Ал атасы жаткан керебеттин кырына чыкты да, тикенектей сербейген мурутун аста тарткылап, ойноп кирди. Бытыгый манжасы улам эринине жакындаганда атасы тамагын коруган дөбөттү туурап, ырылдап, борсулдамыш этти. Перзенти сөөмөйүн ала качып, чери жазыла түшөбү же Токтобайдын эркелетүүсүн сагынып калганбы, кыткылыктап, жырга-ап күлөт. Баланын күлкүсү бир сонун дейсиң, жагымдуулугу жанга кубат!
— Аскар тай, — деди ал, чүрпөсү оюнга берилип калганда, – бычакты алып келчи, кулунум!
Табыштарын табыштап алып, баласы ашкананы көздөй тыпылдап чуркаганда көз-кулагы, каалга менен сыртта болду. “Уулум энесине сыр алдырбагай эле… Же козучагым бычак издеп атканда Айзада анын үстүнөн чыкпагай эле… Бычак колума тийсе, үйүмө теменедей пайдам тийбеген мендей тирүү өлүктүн кимге кереги бар?.. Баарын жадатып бүттүм. Аскар айтканымды таап кайтса экен. Шамшар колуна урунбаса, шибегеби же болотпу, айтору, учтуу буюм табылса, жарайт. Как жүрөккө бир соксом… Анан оору дегенди сезбей, мемиреген бейкуттукта жаным жыргап, көшүлүп уктасам…” — деген ойго жеңилди.
Колуна канжардай жаркылдаган бычак кармаган уулу жүгүрүп киргенде Токтобай күлүңдөп алды. Бирок бала атасына эки аттам жетпей тык токтоду да, куралдуу колун артына жашырды.
Көздөрүн жайнатып:
— Ата, бычакты эмне кыласың? – деп сурады. Үнү муңайым, аянычтуу чыкты.
Өз ою менен алпурушкан жигит дароо жооп таба албай, шаштысы кетти. Көсөө ээгин алмак-салмак сылап, мукактана шылтоо узатты:
— Сакал-мурутум апсайып кетиптир, балакай!
— Ушу менен кырасыңбы? Мокок ко… – бала бычактын мизин бармагы менен жанып койду. — Сакалды электр устара же болот менен кырат ко!
Токтобай Аскарды баласынтып сүйлөгөнүнө сына түштү. “Кулунумдун акылын көр!”
— А мейли, болотту алып кел. Болбосо, кайчыны…
Наристе баш чайкады да:
— Ко – ой, ата! Колуңду кесип аласың! Апам “учтуу, миздүүдөн эчтеке көрсөтпө», — деген.
— Менин тилимди албайт экенсиң да ээ, Аскартай! Көкүлүңдү тегиздеп берейин дегем. – Токтобай уулуна таарынгандай түр көрсөтүп, калп кыйтыйды.
Чүрпөсү айласы куругансып, ага жакындап, жалдырай тиктеди да:
— “Чачыңды чачтарачка кырктырабыз” — деген апам… — Уулунун жообу кыйлага дейре тен бергизди. “Айланайын акылыңдан… Кулагыма угуза айтпаса да, ою жеткенин карачы! Миздүү курал адамды соо койбошун жүрөгү сезди да. Өз акылын энесине шылтаганын…” — деген ошондо.
Ушинтип жакындарынын баарысы, жадесе Аскары да аяганы менен макулдашкысы жок. Тал чыбыктай кырчын курагында өзүн ичип-жегенден бөлөк көзгө көрүнүктүү жумуш бүтүрбөгөнгө чыгарып, кыялында капа. Жарык дүйнөгө адам болуп жаралгандан кийин каадалуу иш жасоо, ак мээнетиң менен жашооң керек. Балакатка жеттиңби, үйлөнүп, бала-чакалуу болгон соң, үй-бүлөңдү адалдык менен өмүр сүрүүгө тарбиялап, кишилик озуйпаны өтөөң да бир милдет. Минтип эркек атанып, тал чыбыктай назик аялымдын жонуна оор жүктү оодаргыча… Айзадамдын турмуш ширесин татчу толуп турган Айдай жаштык чагын чексиз убайымга батырып, багын байлагандан көрө… Ал – эми көктөп, бүрдөп, гүлдөй турган, түшүмү менен жемишин төгө турган куракта. Анын алдында чегилбеген аска-зоо, чети кертиле элек узак жол керилип жатат. Ошо доорун сүрсүн. Колумдан коко тыйын келбей, ашка жүк, башка жүк болуп, тирүү өлүккө айланганым – жетишээр. Майып жан өз баа-баркын билбесе, көзүн каратып, айланасындагыларды аргасыз тушайт тура. Сүйбөгөн, таалайына капыстан бүткөн бөлөк селки болгондо, менин айымдан адамдай жашай албай жаткан соң, түйүнчөгүн көтөрүнүп, алда качан жолго түшүп, “жоргосу” чыкмак.
“Тагдырымдан таптым, — демек эмес. Мен аны, ал мени кыя албай, бир гүлү ачыла элек бийкечим тамыры жулунган чөптөй соолубаса де… Ыраазычылыгымды айтып, жолун ачсам бекен, багын байлабай? Мындан артык бөпөлөйбү, аял, тирүү дүйнөнү таап, өмүрдү өмүргө улап, эсеп жеткис адам аттууну жараткан эне заты… Эркек аттуу күчтүү, кайраттуу болсо, кыз-келин, аял дегениң ардемеге чыйрак келет экен. Оозу менен колуна эрки жетпей, сөгүнүп-сагынып, кыйынсынган эркек чалыш, айбан мүнөз адамдар андай зөөкүрлүгүнөн уялар. Алаканына салып, бапестээр эркек чыкса, турмушун жаңыртса деле кайыл болоюн, өзүм керектен чыккан соң», — деп сүйлөндү, Токтобай.
Жашырганда не, бар айып өзүнөн кетти. Айзадага үйлөнгөндөн ай өтпөй, куш боосун куттуктаган теңтуштары эки күн бою тойлошкон. Алар узагандан кийин арактын күүсүнө алдырган жигит үйдөгүлөрдүн акыйып асылганына көнгөн эмес. Анткени, таң заарда “Байкеңдин короосуна карышкыр тийди. Баланча жандыгын жарып кетти” — деген кабар түшкөн. Күүгүм талаш тоодогу агасынан кабар алганы жөнөйт. Кой баккан бир тууганына баратып, жолду кыскартканы адырларды ашып өтмөк болот. Мас неменин эсине адыр этегинде тик жар бар экени кирбейт. Капсалаңды боолгогонсуп, караңгыда адыр ылдый эмес, капталдай баскан айгырды башка-көзгө чапкылап, жар көздөй салдырат. Ошентип, тик кыядан учуп түшөт. Жамандык аттын башына көрүнгөнбү, жылкы жаныбар кулаган жеринде мүрт кетет. Эртеси эсине келип, сөөктөрү сынып, оорунун айынан аюдай бакырып жаткан Токтобайды короолорду кыдырып жүргөн мал доктурлар таап алышат.
Күйөөсүнүн санаага малынганын чамалаган Айзада кол арабаны баштагыдан ылдам түрттү. Каршы-терши өткөн эркектердин кээсинин сугун арта кадала тиктегенин капарына алгысы жок. Алар таң калыштыбы, “Мунжу эри буга тең эмес. Кайран өмүрү кор болуптур” — дешкендей туюлат. Эр жигитти кылчактатпай койбогон ыраң-бешенесин атайы үтүрөйтөт. Күтүүсүздөн түртмө араба бирдемеге кептелгенсип, дөңгөлөгү айланбай сүрдүктү. Айзада арабанын кармагычына урунду. Аңгыча сол дөңгөлөк огунан чыгып кетти да, алды жакка тоголонуп барып, утурлап келаткан бейтааныш бирөөнүн бутуна кулады. Араба бир тарапка кыңкайды.
Кишилер дароо үйүлдү. Экөө-үчөө арабаны көтөрүшүп, дөңгөлөктү ордуна салууга убара болду. Бирок канча күйгүлтүк тартышса да, майнап чыккан жок. Кылдыректин огу тең ортосунан сынып, жарактан чыгыптыр.
Түртмө араба керексиз болуп, кыйлада оңдолоруна көзү жеткен келин өтүп бараткан таксиге кол булгалап, анын артынан жүгүрдү. Автоунаа артка кайрылды. Анын каалгасынан башын чыгарган айдоочу Айзаданы тааныдыбы, тишин көрсөтүп, ырсайып койду. Келин бүшүркөдү: “Күңүрт кара көз айнек тагынган бул киши мени кайдан билет?”
— Айдай сулуу Айзада, саламатпы? Сен аябасаң, мен аяйын. Эртеден бери артыңдан акмалап келатам, белги берейин десем, бир кылчайбадың. Эки-үч ирет түтүлдөтүп сигнал чыгарсам, укпадың, — деди шоопур.
Көз айнегин алып, колун сунган адам – Убайдулла болуп чыкты. Ал кошуна айылда жашайт. Аны байкабай токтотуп алганына Айзаданын көңүлү жипкирди. Мунун сырын жарым-жартылай билчү. Атүгүл мектеп курагында кат да жазымыш эткен. Түлкүдөй жылмаңдаган бул жигит адепки көрүшкөндө эле жаккан эмес. Айзаданын териси өзүнөн өзү жыйрылып, итиркейи келген. Тааныш курбу кыздарынан сураштырып, Убайдулланын өз кыштагынан эле алты кыз менен шынаарлашканын билген, ошо маалда.
Шоопур келиндин жообун күтпөй, сөзгө кирди:
— Ушул калаада деп угам, дегеле көрүнбөйсүң да, ыя? Күйөө бала жаккан окшойт, мурдагыдан да келбеттүү болуп, чырайыңа чыга түшүпсүң, — деп какшыктаганга да үлгүрдү.
Келиндин азыркы абалынан кабардар болуп, өзүн тоотпой койгон күндөрдүн эсесин кайрып алууга камдангандай түрү бар. Айзада Убайдулланын кебине көңүл бурбады да, сылык-сыпаа түрдө:
— Ооруканага жеткирип кой бизди…
— Айтканыңдан айнымай жок. Сенин сөзүң мен үчүн, “Волганы” аркырата айдап жүрөм сен үчүн, – деди шоопур чырайлуу кыз-келиндерге атаган кебин буга да жолдоп. Шыпылдап, машинанын ичине ылдам кирип, оң каалганы ачты да: — Кел, олтур! — деди жанындагы бош орундукка кол жаңсап. Өңү жылма аялдарды учуратканда сымаптай көлкүлдөп эригенсип, колун жүгүртмөй өнөкөтү бар. Азыр да себепсиз жылмаңдап, колун узатканда Айзада артка кетенчиктеди. Келин шоопурдун жасалма мүнөзүн жактырбады.
— Биз жалгыз эмеспиз. Жанымда түгөйүм да бар, — деди ал, ушинтсем, тиги жолуна түшөр бекен деген үмүттө.
Токтобайдын кабарын укканда Убайдулланын өңү томсорду. Угулаар-угулмаксан:
— А кайсы? — деп сурады. Жан-жагын каранып, арабада олтурган жигитти көрдү да: — Тээтигиби?… — Токтобайдын жайын билгендей жанагыдан чыйрала өкүм сүйлөдү: — Чакыр, күйөөңдү! Эмне кыймылдабай отурат, шымын булгаган бөбөккө окшоп? Же бечелби?..
Айзада шоопурдун Токтобайды кемсинте сүйлөгөнүнө туталанып, “өзүң бечелсиң, ниети суук!” – деди кыялында. Жек көрүп турганын Убайдуллага билдирбөөгө тырышты. Унаага олтурбай койсо болмок. Антсе, жолдон мындан башка машина жолукпай койбодубу, нары кыйла убакыт өттү. Жубайы дарылануу мөөнөтүнөн кечиккени турат. Бийкеч күйөөсүн түртмө арабадан этияттай көтөрүп алды.
Токтобайды кайрадан чүнчүү басты. Дайыма орун которгондо, күнөстөткөнү үйдөн короого алып чыкканда же керебетке жаткырганда болсун, ал каргашага учураган күндү эстеп, каргайт. Аялынын алдында алсыз болуп турганын ойлоп, буркурап, ыйлап жибере жаздайт.
Келин күйөөсүн жандап, арткы орундукка олтурду. Убайдулла маңдайындагы күзгүдөн көз атып баратканын байкап, жолду ката баш көтөрбөдү. Курбусуна ыктап, анын жакасын оңдоп, чачын сылады. Кайсы жерге жеткенин билүүгө ниеттенип, жанжагын караганда, күзгүдөн тиктеген шоопур алда нени ымдагансып, бир жак көзүн кысып койду. Айзада терс бурулду.
Шоопур анын эртеси түз эле үйгө кирип келди. Дарегин ага айтпаган жаш үй-бүлө буга таң калды. “Доктурга алып бар” — деп да суранышпаган болчу. Үй-жайын кимден билгени табышмак. Буту-бутуна тийбей, кыймылы шамдагай. Чайга чакырылганда тамактан ооз тийимиш этти да, уруксатсыз эле жупуну бөлмөлөрдү аралап, алда неме издегендей үй ичинде аркы-терки басып жүрдү. Көөдөн көтөрүп, колун артына алып, машинасынын ачкычтарын шылдыратат. Саамдан кийин кимдир-бирөө менен акылдашкансып, баш ийкеди да:
— Мм да – а, жашооңор түшүнүктүү, — деп койду.
Айзада чакырылбаган коноктун күйөөсү экөөнү теңсинбей жатканын баамдабай койгон жок. Үй ээсинин каадасын кармап, тигиге теңелгиси келбеди.
Машина токтору менен жетип келишкен доктурлар Токтобайды замбилге жаткырышып, ооруканага алып кирип кетишти. Келин жолдошунун соңунан жөнөрдө билегине эркектин күрөктөй колу жабышты.
— Мага жагаарыңды билесиң да, карагың келбейт. Бөөдө өлтүрбөчү, — деди Убайдулла. Көздөрү оттой күйүп турат. Айзада мындай сугалак, ач күсөн көздөргө кабыла элек болчу.
— Турмушумду бузба!
— Коё турчу, аныңды! Менде не кайгы, а сен эмнени дөөрүп атасың? — деп таксист кудуретинин жетишинче эски таанышынын көңүлүн өзүнө бурууга ниеттенди. Кеселкананын каалгасы жакка кылчак-кылчак карады. Келинди бир чети шуркуядай санап, экинчи жагынан эркекке көзү катып жүргөндөй ойлоду.
Төш чөнтөгүнөн жанааракта атайы учтарын чыгарып койгон акчаларды тутамдап сууруп чыкты да, Айзаданын колуна салып, аны белинен имере тартты. Машинанын арткы орундугуна сүйрөп кирип, эшикти карс жапты. Айзада анын кучагынан бошонууга урунуп жатты.
— Мунжунун күнү бүткөнү качан? Экинчи оңолбойт. Тааныш врачтардан сураштырдым, “үмүтүн үзө берсин” — деди. Эки буту иштебеген неменин… Ушинтип кор болгондон көрө, жаштыктын шарабына кумарыңды кандыр, кийин өкүнбөгүдөй болуп. Күйөөң алдуу-күчтүү турганда го, карамак эмесмин. Сага боорум ачыганынан… Өмүр бир гана жолу берилерин жадыңа түй да, адамча жаша!
— Антип айтпа, этегиңе эрмешип, жакаңа жармашкыр! Эртең эле айыгат ал. Ызаатыңдан тая электе коё бер, суу тумшук! Пулуң башыңдан калгыр, мени кимге теңеп жатасың?! — Уучундагы акчаларды тигинин жаагына жабыштыра шилтеди.
— Билсең, мен да сени сүйгөм. Сенде менин да көз акым бар. Майыпка кор кылбайм сени!.. — Шоопур кайра тартуунун ордуна келиндин оозу менен алкымына жүткүндү.
— Киши келатат, ары бол! — Сыртта эч ким көрүнбөсө да, шоопур жан-жагына элеңдеп көз жибергенде Айзада айнектери парда менен тосмолонгон машинадан атып чыкты. — Бетпак! Тим койсо ач калган дөбөттөй жүткүнөсүң. Уйпалаар айымыңды тапкан экенсиң. Сага алданчу катын жок, кыргызда. Токонумдун тырмагына татыбайсың! — деди туталанып.
Токтобайдын жамалында күлкү ойноп, кабагы ачылды. Терезенин тушуна ооруканага күндө ташып жүргөн машинанын келип токтогонун көрдү. Бирок Убайдулланын кечээгидей үйгө шып кирбегенине айран таң. Кыялында аялы менен таксисттин мамилеси уланаарын эңседи. Шоопурдун жакшылыгын эстеп, зайыбын ага таңуулаган оюнан кымырылат. Керебеттин үстүнөн артылган кол мойнуна оролуп, жаагына бетин такады. Эңсесине биротоло сиңип бүткөн аялынын жыты…
Ал кубанычынан улам эреркеди да:
— Айзаке, тээтиги алманын көлөкөсүндө турган жигитти күттүрүп койдук. Көз айнекчен… Бизге ылым санап, бүгүн эрте келиптир. Зарыктырганыбыз жарабас, батыраак чыгалы!
— Ошонун жакшылыгын… — деген Айзада Токтобайдын жүзүнөн сүйдү. Дал ушул кезде таксист булардын кыймылына терезенин сыртынан көз салып турган.
— Күтпөсө, жолу ачык. Ансыз доктурканага жетпей калбайбыз. Бөлөк машина табылбаса, мойнума көтөрүп, дарылатып кайтууга чамам жетет. — Сөз арасында Убайдулланын бир күн мурдагы кылык-жоругун да жашырган жок.
Жигит өмүрлүк жары тууралуу чеки ойлогонуна уялып, андан ийменди. Келинчегинин чын сүйөөрүн, кадырына жетээрине дагы бир ирет ынанды. Бүксүгөн ойлорунан башын арылтып, жубайынын өзүнө тартуулаган назик сезимине дене-бою жылып, кубаттанып, сүйүнүчтөн улам кирпиктери исиркектене түштү, алгачкы мертебе.
Көрсө, Айзада ал үчүн жөнөкөй гана ургаачы эмес экен. Өмүрлүк курдашы болуу менен бирге эч кыйышпас, кымбат, кыраакы адамы тура! Төгүн жерден Айзада аталбаптыр. Мүнөз-келбети балбылдап, ааламга тегиз нур чачыраткан Күндөй оттуу, мөлтүрөгөн Айдай тунук жүздүү болсо, турган турпаты жагынан шертке бекем жан экен. Айча бел сулуусунун баркына жетпей, кадырын тепсеп, акыреттикке аттансам, багын башкага байлап алса, — деп көксөгөнү өтө нааданчылык тура!
Жарынын көзүндө тамчы жаш ойноктогонун баамдаган келин үйрүлө түштү:
— Кантет, кантет ай?! Опе-ей десе, койсоңчу…
— Ыракмат, алтыным! Мен тескери ойлонуп… мен акмак… – деп Токтобай ичи эңшериле ыраазылык берген жүйөөсүн жубайына тике айтпаса да, андан кечирим сурап жатты.
Мындан бөлөк сөз артыкбаш экенин экөө тең чамалап турушту. Айзада Токтобайдын өпкөнүн күйөөсү айыгып, маңдайына түз басып келип, ийиле, ай жүзүнө ысык эринин этият тийгизгендей ойлоду.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.