Венера БӨЛӨКБАЕВА: Кымгуут бүгүн жандүйнөмдө

СУРООЛОР (Өзүмчө олтуруп, өзүмө толтура суроо бердим) Ким мага чертип берди эле? Муңдуу бир күүнүн кайрыгын. Ай жаркып тийип турсаң да Сагынтат неге жарыгың? Кайда агат жашыл дарыя? Түшүмдөн дайым кетпеген. Жүрөгүң канча жаракка?! Жан курбум, сага жетпедим. Ажайып кайсыл жер экен? Мекени бардай мезгилдин. Сөздөрү турат сөөгүмдө! Мен аны неге кечирдим? Эмнеге желге эркелеп, Жаш жигит, сага ийбедим? Жер бетин таштап көз жумсам, Элесин сактайм кимдердин?.. 07. 01. 2000. КӨЙНӨК («Адамдын көркү чүпөрөк» дегенибиз менен минтип, көйнөгүмдүн өзү көздөрдү […]

Билермандар

Сопулардын притча-жомокторунан Өлдү деген адам кокусунан тирилип, табытты такылдатат. Үстүн ачышса – чын эле тирүү экен. Отурат. – Өй, силер не кылганыңар? Мен тирүүмүн го! – жыйылган топтогулардан сурайт. Баары үн катпай селейет. Акыр аягы өлгөнгө келгендердин бирөөсүнүн айтканы: – Ийе, тууганым, дарыгерлер менен диний көсөмдөр сени өлдү дешкен. Демек, сенин жаның көккө учуп кеткен. Ошентип баары «маркумдун» зыйнатын кылып, көмүп коюшту. Тилчи жана сопу Айсыз караңгы түндө жолдо бараткан сопу бирөөнүн жардам суранган үнүн эшитип калат. Үн кургак кудуктун […]

Пафнутий ЧЕБЫШЕВ

БИЛГЕНДЕН БИЛЕЛЕГИҢ КӨП  Орус математиги Пафнутий Львович Чебышев 1821-жылы 16-майда Калуга губерниясынын Окатово айылында помещиктин үй-бүлөсүндө туулган. 9 бир туугандын улуусу болгон. Пафнутий бала кезинен эле бир бутунан аксап баскан. Ал алгачкы билимди үйүнөн алган. Мугалимдер үйүнө келип сабак беришкен. Математикадан Москванын ошол кездеги алдыңкы мугалимдеринин бири П.Н.Погорельский сабак берген. Ал адам Чебышевдин математикага болгон ышкысын күчөткөн. Ошол эле мезгилде латын тилин да өтө ынтызарлык менен үйрөнгөн. Чебышев 16 жашында Москва университетинин философия факультетине өткөн. Ал кезде философия факультетинин математика […]

Кожогелди Култегиндин котормосундагы казак акыны Темирхан Медетбек

КӨКТӨМДӨГҮ СҮРӨТ Түнү менен жааган жамгырдан Дүйнө салбырап, Басылып калыптыр. Жердеги чалчыктар – Жыртып-жыртып таштаган Фотосүрөттөр сыяктуу Ар жерлерде Чачылып калыптыр. Үзүм-үзүм Чалчыктын бирөөсүндө Көмкөрүлгөн асман Сынып жатат. Бирөөсүндө Сөөмөйдөй болгон Чыбык жатат. Бирөөсүнөн Бутакта бүрүшүп олтурган Таранчы көрүнүп, Бирөөсүнөн Токтоп турган машинанын Капталы жаркыроодо. Бирөөсүнөн Кермедеги алынбай калган Алда-кимдин Көйнөгү самтыроодо. …Булут түрүлүп, Асмандын бир чети ачылып жатат… Үзүм-үзүм чалчыктар Жыртылган фотосүрөттөр өңдүү Кара жердин бетинде Чачылып жатат. (Которгон Кожогелди КУЛТЕГИН)   ЧАБЫТТАГЫ АКЫН Мына бул акындын Шамал күнкү […]

Венера БӨЛӨКБАЕВА: Гүл

ЭССЕ Кеч күздө, бойлору мени менен тең ак, көк, кызыл, сары болуп топтолуп өскөн гүлдөрүм бажырайып ачылып алышкан. Жыпар жытын аңкытышып жазда эле ачылышса болбойт беле? Антишпейт. Жыл сайын күз айы аяктап баратканда гана жер-ай-ааламга сулуулугун чачырата тартуулашат. Эми минтип, эрте жааган кар алдында калышты. Таажылары үшүй баштады. Айланчыктап жандарынан чыкпайм. Акыры аларды сууктан сактап калуунун бир жолун таап алдым: этеги жер чийген узун, көйкөлгөн көк плащымды сыртка алып чыгып, топтошкон гүлдөрүмдү чогултуп туруп плащымды “кийгизип”, топчуларын төйнөп койдум. Мурда […]

Сол кары – левое крыло, крыло народовластия

Жомогу ЖОЛдо айтылган,    Жоругу ЖОЛдо камтылгын. Арстанбек Были-легенды слогались в ПУТИ, Правила жизни сростались в ПУТИ. Арстанбек Этот раздел является дополнением к Конституции в контексте народно-традиционных ценностей, это есть мобилизация национально-традиционного начала в деле организации Народовластия. Население Кыргызстана или гражданское общество имеет конституционное право управлять государством снизу до аильного управления (т.е. до публичной власти) в формах местных общин («Ынтымак-Согласие»), где создаются первичные организации, общественные, профессиональные объединения (Проект, ст. 27). Там же указано, что Конституция допускает объединение граждан на основе […]