БИЛГЕНДЕН БИЛЕЛЕГИҢ КӨП

 Орус математиги Пафнутий Львович Чебышев 1821-жылы 16-майда Калуга губерниясынын Окатово айылында помещиктин үй-бүлөсүндө туулган. 9 бир туугандын улуусу болгон. Пафнутий бала кезинен эле бир бутунан аксап баскан. Ал алгачкы билимди үйүнөн алган. Мугалимдер үйүнө келип сабак беришкен. Математикадан Москванын ошол кездеги алдыңкы мугалимдеринин бири П.Н.Погорельский сабак берген. Ал адам Чебышевдин математикага болгон ышкысын күчөткөн. Ошол эле мезгилде латын тилин да өтө ынтызарлык менен үйрөнгөн.

Чебышев 16 жашында Москва университетинин философия факультетине өткөн. Ал кезде философия факультетинин математика бөлүмү болгон. 4-курста экенинде теңдемелердин тамырын эсептөө жөнүндөгү конкурстук иши үчүн күмүш медаль алган. Университетти 1841-жылы 20 жашында бүтүрүп, ошол жерде калтырылган жана 1845-жылы магистрдик наамга диссертациясын ийгиликтүү жактаган. 1847-жылы Петербургга келип, университетке адъюнкт катары иштей баштаган. 1849-жылы докторлук диссертациясын жактаган. Бул университетте ал 1882-жылга чейин башка иште иштөө менен бир эле мезгилде иштей берген. 1853-жылдан Петербург академиясында адегенде адъюнкт, 1856-жылдан экстраординатор, 1859-жылдан ординатордук академик, кийин вице-президент болуп иштеген. Париж ИАнын академиги болуп шайланган. Берлин, Швеция, Болонья ИАларынын, Лондон королдук коомунун мүчөсү. 1894-жылы 7-декабрда үйүндө чай ичкени отуруп эле, отурган боюнча жүрөгү токтоп калган.

Ал кичинекейинен приборлордун түзүлүшүнө абдан кызыгып, жөнөкөй оюнчуктан татаалына чейинкилерди чечип изилдеп чыгуучу.  Ар кандай оюнчуктарды жасаганды жакшы көргөн, кийин ар кандай механизмдери: сорттоочу машинаны, өзү жүрмө креслону, тырмоочу механизмди, арифмометрди ж.б. ойлоп тапкан.

Ал математикада сандар теориясын ачкан. Андан сарткары ыктымалдыктар теориясы, интерполяциялоо теориясы, функциялар теориясы, интегралдык эсептөөлөр, механизмдер теориясы ж.б. боюнча да көрүнүктүү эмгектердин автору. Математикада ал тапкан көптөгөн формулалар: Чебышев закону, Чебышев көп мүчөсү, Чебышев формуласы, Чебышев функциясы, Чебышев барабарсыздыгы ж.б… анын ысымы менен аталган. Белгилүү англис математиги Ж.Сильвестр Чебышевди “Жөнөкөй сандардын жеңүүчүсү” деп атаган. Анткени Евклидден кийин 200 жылдар бою проблема боюнча чечилбей келаткан жөнөкөй сандардын жайгашуусу жөнүндөгү маселени биринчи болуп чечкен.

Ысмайыл КАДЫРОВ

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.