Бүгүнкү маектешибиз мамлекеттик жана коомдук ишмер Каныбек Осмоналиев 2007-жылы Илим жана билим министри, 2008-09-ж.ж. КР Президентинин алдындагы дин иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин деректири, 2009-2010-ж.ж. КР дин иштери боюнча мамлекеттик комиссияны жетектеп келгени маалым. «РухЭш» сайты учурдагы диний көйгөйлөр жана эл агартуу багытындагы маселелер туурасында К.Осмоналиев мырзанын олуттуу пикирин бөлүшмөкчү…

(1-маек)

– «Кыргыз интеллигенциясынын көзү желкесинде!» деген бир кездеги Салижан Жигитовдун күйгөндөн айткан учкул кебинен улам Сиз да өзүңүздүн Фейсбук баракчаңызда суроо койгон экенсиз: «Азыр ошол көз кай жерине келип калды?» деп. Ушул соболуңузга менин да тилим кычышып, «интеллигенциянын көзү кашайып калдыбы» дегим бар. Бул эми кыйгыл кеп үчүн айтылган жок, чын-чынында баарыбыз көрүп турган учурдагы кырдаалга интеллигенция өкүлдөрүнүн дээрлик көпчүлүгү тилдерин тишине катып отурат. Сизге окшогон гана бирин-экин уяты барлар караламан көпчүлүктүн төөбастысынан коркпой өз пикирин билдиргени болбосо, баары эле дудук, баары эле сокур болуп тынганын эмнеден көрөсүз?

– Салижан аке ыраматылык өтө оригиналдуу инсан эле да. Бетке чабар, өз принцибине бекем, билимдүү-окумуштуу жана патриот болчу. Ал кишинин көп эле сөздөрүн өз оозунан угуп келдик. Бул дагы биз үчүн чоң олжо. Кыргызстан үчүн өзүнөн-өзү эле асмандан түшүп калган эгемендик чоң сыноо болду. Биз менен чогуу СССР «курсагынан» чыккан 15 союздук республиканын тагдыры түрдүү жол менен кетти. Биз дагы өз арабабызды кылдыраттык. Чаалыктык, чарчадык, мүдүрүлдүк, кайра турдук (болбоду дегенде эки жолу – 2005 жана 2010-жылдары). Кыскасы, башкалардын катарында илкип келатабыз. Бирок мени бушайман кылган маселе: кашайып өзүбүзгө, кыргызга мүнөздүү, азыркы заман чакырыктарына шайкеш мамлекет курмак турсун, андайдын элесин да жарата албай койдук. СССРден керээзделип калган завод-фабрикаларды, ири ишканаларды талап-тоноп, сатып болуп, Кыргызстандын шыбагасына буюрган жаратылыш кен байлыктарын, ресурстарын четинен кемирип кирдик. Мындай көрүнүш бардык тармактарда тамыр жайды. Колхоз-совхоздор таланып-талкаланып бүткөн соң жер толугу менен менчиктелди дагы, кыргыз бай-кедейге бөлүнүп отуруп калды. Билим берүү, илим, маданият, медицина ж.б. социалдык милдеттер “ашка жүк, башка жүккө айланды!”

Баарынан кызыгы, мындай аламан-таламан байгеге катышуу коомчулукта улуттук спорт катары кабыл алынды. Шылуундар маарып, кой-ай деген кожо болгон жок. Акаевге таңгалам! Интеллигенциянын эң алдыңкы өкүлү деп кубанганымы айтпа, башында. Өзү дагы кооз сөздү куюлуштуруп сүйлөгөн жан экен, барыбызды көшүлтүп уктатып койбодубу. Интеллигенциянын күчү мына ошондо сезилиш керек эле. Кайдан! Аламан байгеге жигердүү кошулушуп алдыда ат чаап жүрүштү го, кайрандар! Айрыкча, Акаевге жакын, аны менен мурда чогуу иштешкендер. Көбү илимдин кандидаттары менен докторлору. Ошондо биз сыйлаган Салижан аке чырылдап, өтө образдуу кылып “Кыргыз интеллигенциясынын көзү желкесинде!” деди да, кайран киши. Ал сөзү үчүн да жасакер “интеллигенттер” төө бастыга алып жатып калышты. Алар эми аз эле сандагы өтө көшөкөрлөнгөн жугундукорлор. Бирок калган көпчүлүгү дудук болушуп, эки көзү көр адамдай кайсалактап отуруп беришпедиби! Себебин эми түшүнүп отурабыз.

Бийлик мамлекеттик кызматты бөлүштүрүүнүн эң ыңгайлуу жолун өздөштүрүп алды. Анча-мынча үн каткан интеллигенция өкүлдөрүнө жумуш бере салды, байлыктан “чотур” берип.

– Ооба, десеңиз. Ал тургай аттуу-баштуу жазуучулардын эпчилдери мейманкана, базар, банктардын үлүшүнө ээ болуп тынышты…

– Ошону менен алардын бала-чака, тууган-уруктары чүлүктөндү. Анан бийликтин ырын ким ырдабайт? Интеллигенция арасында бийликке жагынуу боюнча өзүнчө эле мелдеш башталды. Алардын көңүлүн жайгарган бийлик каалаган кылмыштуу иштерин жасады, жасап да атат: жоопкерсиздик менен алынган чет элдик кредиттер, “Кумтөр” аферасы, «прихватизация» операциялары, бюджетти тономой…деги койчу, ушул терс көрүнүштөрдүн бардыгы “дежурный интеллигентердин” кызуу колдоосуна ээ болуп келбедиби же жалганбы?

– Буга дагы бир себеп: мамлекеттик сыйлык-наамдар ат тезегин кургатпай таркатылып келатканы эмеспи. А кээси «өлсөм сөөгүм Ала-Арчада коюлбай калбасын» деген кооп менен да үн катпай отурушкандай туюлат…

Туура. Анан кантишмек… Мамлекеттик наамдар менен сыйлыктар күргүштөлүп берилип турду. Алардын баркы төмөн түштү. Акаев менен Бакиевдин учурундагы сыйлангандар өзүнчө эле бир армияны түздү. Көрүп келбедикпи. Билим берүү тармагын эле алалы: “Эл мугалими”, “КРга эмгек сиңирген мугалим”, “КРнын билим берүү тармагынын эмгек сиңирген кызматкери” ж.б… Орден-медалдарды айтпай-ак койолу. Ушунун бардыгы бир гана максатты көздөдү – интеллигенция өкүлдөрүн бийликтин көзү менен тең айлантып туруу. Башка тармактарда да ушундай эле көрүнүштөр орун алды. 2010-жылы кайыптан пайда болгон Убактылуу Өкмөт адегенде “революционерлерге” деп сыйлык-наамдарды оңду-солду таркатты. Баатырлык наамды таркатуу аша-чаап баратып, кийин кайра мораторий жарыялашты эле – 4 жылдан соң он эселенген күч менен кайрадан улантышты. Мен интеллигенция өкүлдөрүн дүңүнөн каралап отурган жерим жок. Карапайым өмүр сүрүп, акыйкат позициясын билдирип келаткан бирин-экин инсандарыбыз жок эмес. Аттиң, алардын үнүн топураган жасакерлердин барабан-сурнай күүсү басып коюп атпайбы!

– Сизге чабуул койгондордун көпчүлүгү мурда билим берүү тармагын жетектеп келгениңизге же дин иштери боюнча мамлекеттик комиссияны башкарып турган учурларыңызга такап, «ушунун баарын эмнеге убагында чечпедиңиз» деп күнөөлөшкөнүн байкайм. Дегеле биздеги мамлекеттик системанын өзү жалпы эле улуттук маселени чечүүгө багытталганбы? Эмнеге мурдагы жетекчилер баштап кеткен жөрөлгөлүү жакшы иштерди кийинки келген жетекчи улап кеткен салт калыптанбай жүрөт бизде? Муну айтып аткан себебим, Сиз башынан эле коомчулукта түшүндүрүү иштерин алдын алуу зарылчылыгын тилиңиз тешилгенче какшадыңыз, кийин ошол айткандарыңды аткаргандар болдубу диний коомчулукта?

– Ооба, мен эми насип экен, 9 ай Билим берүү жана илим министри болдум. Ага чейин 30 жыл мектеп мугалиминен баштап, ар бир тепкичти басып өтүп келдим. Андан кийин “мектептердин окуу китептеринин аферасына” каршы чыкканым үчүн кызматтан четтетилдим. 2 жыл, 4 ай Дин агенттигин жетектедим. Азыркы мага Фейсбуктан чабуул койгондор ошолорду айтып жатышпайбы. Мен андайларга терикпеймин деле. Анткени, кандай иштер жасалганы элге белгилүү. Жүзүм жарык. Анын үстүнө менин депутаттык “классташым” Турсунбай ажы Бакир уулу толук жооп бериптир го, ошол эле Фейсбуктан. Жалгыз адамдын күчү системанын ичиндеги уюлгуган көпчүлүк менен күрөшүүгө жетер эмес. Май-челпекке манжаларын матырган алдым-жуттумдарга туруштук бериш кыйын экен, иним!

Өлкөбүздүн бийлик системасы өзү баш болуп улуттук көйгөйлөрдү чечүүгө кызыкдар эместей же каалабагандай туюлат. Мамлекеттик кызыкчылыкты, аракеттерди коргогон мамиле бизде жокко эсе. Мурунку жетекчинин ишин кийинкиси улантып, аны кайра мурдагыдан жогорку деңгээлге көтөрүүгө эч кимиси далалаттанбайт. Анткени “жаңы кожоюн” деген түшүнүк бар. Ошон үчүн жалчыбай келебиз. Париялык принциптер да терс ролун берип жатат, азырынча…

– Мен билгенден диний жааттагы маселелерди убагында айтып тынчсыздангандардын анабашы Сиз экениңиз дайын. Өзгөчө дин агартуу багытында иш жүргүзүү зарылчылыгы аба, суудай зарыл экенин какшап келгениңизди кээси диний үгүт катары да кабыл алышты окшойт. Бу жерде дин агартуу менен дин жайылтуу маселеси экөө эки башка багыт… Маселен так ушул тапта Чубак Жалилов менен Абдышүкүр Нарматов сыяктуу молдокелер дин агартуу маселесине эмес, дин жайылтуу ишмердигине билек түрүнө кирип кеткени эмнени туюндурат?

Дин маселеси азыркы замандагы эң маанилүү маселелердин бири. СССР учурунда жапатырмак атеист болсок, ал кыйрагандан кийин аз убакыт ичинде эле динчил коомго айланып кеттик. 1991-жылдын 17-декабрында Кыргызстан биринчи болуп Конституция менен “Жарандык Кодекстен” озуп, алдын ала эле “Дин эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө” мыйзамды кабыл алган. Өкүнүчтүүсү, ал мыйзам Батыштын гана баалуулуктарын камтып, биздин коомго туура келбеген көптөгөн нормалар менен толуп кеткен. Мисалы, кандайдыр бир дин уюмун ачуу үчүн 10 кыргыз жаранынын колу коюлган демилге эле жетиштүү деген норма кирген. Аны кыргыздын 2-3 үй-бүлөсү эле топтоп алса болот. Чет элдик динчил миссионерлердин полигонуна айланганбыз. Натыйжада, 5-6 жыл ичинде Кыргызстанда дүйнөлүк бардык конфессиялардын уюмдары ачылып кеткен. Деструктивдик диний секталар коомубузду каптап калганы эсиңдедир. Карапайым элдин башы айланып, ар түрдүү түшүнүксүз диндердин таландысына тушуккан.

Мамлекет болсо биз динден ажыратылганбыз, светтик өлкөбүз деген курулай шылтоо менен оолактап туруп алган. 2008-жылы аталган мыйзамдын жаңы редакциясын даярдап, Жогорку Кеңештен өткөрүп кабыл алууга жетиштик. Бир аз болсо дагы мыйзамдык тартип орной баштаган. Бирок аны аткарууга келгенде чабалдыгыбызды көрсөттүк… Мыйзамдагы талап кылынган дин агартуу иши такыр эле этибарга алынбай калганы өкүнүчтүү. Натыйжада, динди окутууну конфессиялар өз колдоруна алып, башаламандык башталды. Бул багытта христиан дининин протестанттык агымынын өкүлдөрү катуу кетишти. Айрыкча, баптисттер, адвентисттер, пятидесятниктер, Жахабанын күбөлөрү ж.б. секталар. Алардын адептери болуп кыргыз жаштары активдүү тартыла баштады. Мындай көрүнүш үй-бүлө ичиндеги конфронтацияларга алып келди. Менин чочулаганым – ХХ кылымда күч алган “Ливан синдромуна” айланып калганы турабыз: “мусулман кыргыз”, “христиан кыргызга” бөлүнүп. Мунун алдында түндүк-түштүккө бөлүнгөнүбүз жакынкы жылдарда жаш баланын оюнчугундай эле болуп калат! Мен муну 10 жылдан бери айтып келем. Бирок дагы эле тартип жок. Прозелитизм көйгөйү элибиздин коопсуздугуна коркунуч келтире баштады. Ошондуктан, диний агартуу ишин күчөтүү максатында мен депутат кезде “Диний билимдин негиздери жана диний агартуу мекемелери жөнүндө” аттуу мыйзам жазып, парламенттин биринчи окуусунан өткөрүүгө жетишкемин. Бирок тилекке каршы, кийин ага кээ бир “абройлуу азаматтар” бут тосуп туруп алышты. Бүгүнкү күнгө чейин ал мыйзам жылбай турат. Муфтият болсо өзүң баамдагандай: дин агартуу маселесине кайдыгер карап, динди жайылтуу менен гана алектенип алды. Кыргызстанда эмдигиче, коомду алдыга жылууга көмөк бере турган ислам интеллигенциясы түзүлбөй келет. Эл аралык деңгээлдеги ири ислам аалымдары жокко эсе. Чубак Жалилов баштаган аалымдар ушундай багытта активдүү иш алып баруулары өтө зарыл болуп турат!

– Түпкүлүгүндө ислам динине эч бир каршылыгым жок, ал кыргыз кыртышына сиңиши керек. Арийне, бизде диний багыттагы агартуу ишин аркалагандардын өздөрү жетиштүү деңгээлде билимдүү болбогондон улам коомдо карама-каршылыктар жаралып келаткан жокпу? Бул туурасында маегибиздин кийинки бөлүгүндө кенен токтололу. Бүгүнкү маегиңиз үчүн ракмат. Эсенчиликте бололу.

Олжобай ШАКИР

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.