Маектешибиз мамлекеттик жана коомдук ишмер Каныбек Осмоналиев 2007-жылы Илим жана билим министри, 2008-09-ж.ж. КР Президентинин алдындагы дин иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин деректири, 2009-2010-ж.ж. КР дин иштери боюнча мамлекеттик комиссияны жетектеп келгени маалым. «РухЭш» сайты бүгүнкү күндөгү диний көйгөйлөр жана эл агартуу багытындагы маселелер менен бирге учурдагы саясат туурасында К.Осмоналиев мырзанын олуттуу пикирин бөлүшмөкчү…

(1-маек ушул шилтемеде)

2-маек

– Түпкүлүгүндө ислам динине эч бир каршылыгым жок, ал кыргыз кыртышына сиңиши керек. Арийне, бизде диний багыттагы агартуу ишин аркалагандардын өздөрү жетиштүү деңгээлде билимдүү болбогондон улам коомдо карама-каршылыктар жаралып келаткан жокпу?

– Ислам дини албетте, сыйлоого татыктуу! Ал өз аброюн кылымдар бою коргоп, сактап келе алды. Мага исламдын VIII-XIII кылымдардагы дүңгүрөгөн Кайра Жаралуу доору өтө жагат. Анткени ал учурда ислам дини илимди, маданиятты жана адабиятты эң алдыңкы маселе деп кабыл алып, эбегейсиз зор деңгээлге жеткире алган. Арабдар Индиядан Андалузияга чейин эң кубаттуу империя түзүүгө жетишип, ошол кездеги дүйнө цивилизациясынын үлгүсү болуп турду, го! Байыркы грек маданиятынын, илиминин жана билим берүү системасынын түпкү булактарын, баалуулуктарын ким сактап калды жана аларды андан ары өнүктүрүп, ким эбегейсиз байытты? Ислам цивилизациясы!

– Оп, бали! Мына ушуну сөз кылышыбыз керек, Каныбек байке! Ислам дөөлөтүн четке кагууга мүмкүн эмес, тилекке каршы, бүгүн исламды бетке карманган түрдүү агымдардын чочулоо жаратканын көрүп атабыз: эл ислам десе куралчан канкорлорду элестетпеши керек. Ислам бул – адамзат тарыхына илим-билимдин бешиги болуп келгенин көбүрөк сөз кылар мезгил келди го дейм… Ошол илим-билим жетишкендиктерине токтоло кетсеңиз. Биздин сайтка буга чейин мусулман медицинасынын өнүгүү доору боюнча да атайы материалды кесиптешибиз Амирбек Азам уулунун англис тилинен которгон эмгегин жарыялаган элек…

– Арабдардын ошондой феноменинен кийин гана азыркы мактанып жаткан Европа убагында өзүнүн Ренессансына жетише алды. Арабдар ислам дининин таза көрөңгөсү аркылуу гана Египет, Греция, Кытай жана Индия цивилизациясын жана аларды жаратуучулардын ысымдарын сактап калды жана дүйнөнүн кийинки муундарына бапестеп өткөрүп берди. Анан эмне болду? Тилекке каршы, XIV кылымдан баштап исламдын өзүн диний радикализм, фанатизм жана экстремизм деген “кара чума” каптады! Илим менен билим берүүдөн өзүнөн-өзү эле оолактап алды. Мына бүгүнкүгө чейин өзүнө келе албай жүрөт! Бул эми чоң тема. Мындан мурунку сурооңо кайрылсак, кыргыз дагы башка  кошуна элдердей эле ислам динин кабыл алды, бирок өз менталитетине ылайыктап. Абайлап, өзүнүн кылымдарды карыткан каада-салтын  төкпөй-чачпай сактап, ислам баалуулуктары менен жуурулуштурду. Анан кыргызды СССРдин тоталдык атеисттик саясаты ооздуктап алды. Ал кыйраганда кайрадан дин эркиндигине ээ болду. Бирок бул сапар арабдардын, түрктөрдүн, пакистандыктардын ж.б. ислам мамлекеттеринин салттарын кошо туурап киришти, кийген кийиминен сүйлөгөн сөзүнө чейин. Сен улам-улам айтып жаткан диний агартуу иши эске алынбай эле дин жайылтуу менен алек болуп калышты. Азыр бизде авангарддык көзкараштагы аалым исламчылар барбы? Өтө эле аз же жокко эсе. Анан эл диний караңгылыктан чыга албай келет да. Эгемендиктен берки өкмөттүн диний саясатына келсек: муфтият менен өкмөттүн (дин комиссиясы аркылуу) ортосундагы мамиле “өзара жекече ыңгайлашкан келишүүчүлүк” принциби менен ишке ашып келет. Бул зыянкечтик саясат! Кыргызстандагы ар бир дин Акүйдүн, УККнын, ИИМдин, Генпрокуратуранын ж.б. бийлик өкүлдөрү тарабынан ээлик кылынат. Аларды коргоп жана пайда таап жүргөн “кожоюндары” бар. Диндин чыныгы баалуулуктарын жайылтып, элге жеткирүү алар үчүн бир тыйын. Бул коркунучтуу көрүнүш Кыргызстанда 26 жылдан бери уламдан-улам күчөп, өнүгүп келатат. Башка конфессиялардын мекемелердин үстүнөн да ушундай эле көзөмөл күчүндө. Бул жердеги эбегейсиз чоң акчанын жүгүрүлүшү ошол “кожоюндардын” колунда. Бир дагы дин агенттигинин жетекчилери же башка дин аалымдары буга каршы туруп бере алышпайт. Каршы болгондордун тагдырлары белгилүү. Тескерисинче, колдоо таап, тигилер менен мыйзамсыз жана криминалдык иштерди чогуу жасап келишет. Ошондуктан бүгүнкү Кыргызстанда шылуун, ач көз, чала билимдүү жер-жерлердеги дин кызматкерлери менен паракор диний «көсөмдөрдүн» доору “гүлдөп” турган кезең! Коңшу мамлекеттер мындай абийирсиздикти эчак эле тизгиндеп коюшкан. Биздин Кыргызстандагы диний карама-каршылыктардын себебин мен ушинтип эле сезем.

– Бүгүнкү күндө бир гана чала билимдүү исламчылар эмес, теңирчилер тайпасы да чочулоо жаратарын жашырганыбыз болбос. Келечекте бул экөөнүн ортосунда келишкис мамилелер пайда болбош үчүн мамлекет тарабынан да, коомчулук тарабынан да кандай аракеттер көрүлүшү керек?

– Исламчылар менен теңирчилердин ортосундагы конфронтация 2010-жылдан баштап бүгүн өзүнүн апогейине жетти. Бул абсурд! Эмне үчүн XV-XX кылымдарда мындай араздашуулар болбойт дагы, XXI кылымдын башында эле Кыргызстанда бул күч алып кетти? Муну окумуштуулар изилдешет деп ойлойм. Эми эмпирикалык ой жүгүртүп көрсөк, айып эки жакта тең бардай. Ислам өкүлдөрү өтө эле радикалдашып, өзүн кыргыз идеологиясынын чордону катары сезип алса, теңирчилер биз дагы диний уюмбуз, исламдын орду биздики дегенсишип, каттоодон өтүүгө далалат кылып жүргөн чагы. Өкмөт экөөнө тең альтернатива болгон жалпы элдик идеологияны түзгөндүн ордуна алардан оолактап, көмүскөдө бири-бирине кайраштырып жүргөндөй сезилет.

– Улуттук кыргыз драма театрында интеллигенция өкүлдөрүнүн жыйынында эмне сөз болду? Не маселенин тегерегинде баарлашуу өттү? Кимдер уюштурган экени аны?

– Ооба, Кыргыз улуттук кеңешинин форуму болуп өттү. Уюштуруучулары баягы эле “Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген аксакалдары” экен: Жумагулов, Чынгышев, Сааданбеков, Осмонакун Ибраимов, Шаршенов, Дүйшеев ж.б. Эки маселе каралды. Азыркы кырдаал жөнүндө докладчы Жумагул Сааданбеков жана 21 адамдан турган Борбордук штабдын өкүлдөрү. Оң үч саясатчы жарыш сөзгө чыгышты. Аморфтук резолюция бир добуштан кабыл алынды. Чынын айтсам, мен бул отурумдан эч нерсе алган жокмун. Көп үмүт менен бардым эле. Убактым бекер кетти! Кыргыз ССРинин КП БКнын катардагы “дежурный” иш чарасындай эле туюлду мага. Сен да ал жакка барбаганың жакшы эле болуптур, Олжобай. Эч нерсе жоготкон жоксуң.

– Сиз эми мамлекеттик жана коомдук ишмер катары айрым саясый суроолорубузга да жообуңузду билдире кетсеңиз дедик эле. Учурда абакта кармалып отурган Өмүрбек Текебаевдин камалышы туурасында кандай пикирдесиз? Дегеле Атамбаев менен Текебаевдин саясый тирешүүсүнө кандай баа бересиз?

– Белгилүү саясатчы Өмүрбек Текебаевдин абакта отурганына мына төрт айдан ашыптыр. Жаңы Кыргызстандын түптөөчүлөрүнүн бири мындай абалга 26 жылдан бери биринчи жолу туш болуп отурат. Азыр карапайым элдин сөз кылган маселеси эле ушул окуя болуп калды окшойт. Журналисттер атап алгандай “Белизгейт” жана “Маевскийгейт” криминалдык иштери. Мени бир нерсе таң калтырат: кийинки учурларда саясый оппоненттерин бийлик кысымга алам деп, тескерисинче, аны “азапка тушуккан” адам катары көргөзүп алып, аброюн көтөрүп койду. Текебаев менен дал ушул оюн жүрдү. Аны үй камагына алып, ишти жүргүзсө эмне болмок? Катуу кылмышкер катары түн жамынып камап, чала-була тергеп, анан жабык эшик артында соттогондун өзү элге бийликти жаман көрсөтүп жатпайбы!

Атамбаев менен Текебаевдин алгачкы жолку сөз менен болгон кайым айтышууларын бийликке жакын кээ бир “азаматтар” күчөтүп жиберишти. Өз ыңгайына жараша пайдаланып, экөөнү тең шылдыңдагансып карап отурушат. Экөө тең Эгемен Кыргызстандын белдүү инсандары, күчтүү саясатчылары. Бул тирешүүнү мен ачыктан ачык эле күздөгү Президенттик шайлоо менен байланыштырам. Атамбаев экинчи мөөнөткө  мыйзам боюнча бара албайт, ал эми Текебаевдин мүмкүнчүлүгү жогору болчу. Бийликтеги саясатчылар үчүн Атамбаевдин курсун улантып алып кетүү суу менен абадай зарыл. Ар түрдүү меркантилдик себептери бар. Бийликти колдон чыгаруу алар үчүн өтө опурталдуу. Калганы, орустар айткандай “дело техники” болду. Ортодо элдин ишеними азайып, коомдун каршылык көрсөтүү маанайы чыңалып баратат. Атамбаев үчүн бул таймашуунун жыйынтыгы кандай болсо дагы эң ыңгайсыз жагдайды түзө турган болуп калды. Тарыхта татыктуу орду менен кала турган эң сонун мүмкүнчүлүгүнө көлөкө түшчүдөй болуп турат. Аттиң дегенден башка сөз жок! Бийликти демократиялык жана акыйкаттык шайлоо жолу менен алмаштырууга кадам таштап бара жатпадык беле. Эми бул окуя мындан ары кандай жол менен уланат, бир Жаратканга гана маалым болуп калды.

– Президент Алмазбек Атамбаев буга чейин бийликте өз мураскерин дайындабай тургандыгын байма-бай айтып келгени эсибизде. Бирок жакында Сооронбай Жээнбековду президенттикке татыктуу талапкер катары сыпаттоосу заң-закүн тургай, адеп-ахлакка туура келбес билдирүү экенине коомчулук нааразы. Сиздин оюңузча, ушул ишараты менен президент эмнени көздөп туру?

– Азыркы заманда мураскерди коюп алып иштетем деген аракеттин өзү опурталдуу. Сен таза иштеген соң эмнеден чочулайсың? Айрыкча эки президентти кубалап, тентитип жиберген эл менен ойнобош керек! Кытайда бийлик мураскери кеминде беш жыл мурда эле дайын болот. Ошол инсандын тегерегинде топтолушуп, иш ирети менен алып барылат. Өзбекстанда Ислам Каримов өз мураскери Мирзиёёвди 13 жыл премьер-министр кылып иштетип сынаптыр. Ошондуктан аларда бийлик эволюциялык жол менен тынч эле алмашып кетти. Элди колдошуп, тынч жана жайбаракат жашап калышты. Бизде андай эмес.  Саясый туруктуулукту орното албай келебиз. Экономикабыз алсыз, социалдык саясатыбыз дээрлик эсе жок. Карызыбыз мойнубузда олчоюп минип олтурат. Анан кандай баалуу ишибизди көргөзүп, элибизге бийлик тактысын мурастайбыз?

Мен бир гана жолду көрүп турам. Урматтуу Президент Алмазбек Атамбаев кара кылды как жарган калыстык менен күзгү шайлоону өткөрүүгө бел байлаш керек! Өзүнүн элестүү келечегин гана ойлогон “азаматтардын” пикирин укпай, элди угуп, таза, чыгаан, мамлекетчил жана патриот президенттин шайлануусуна ачык эле өбөлгө түзүүсү абзел. Ошондо гана өзүнөн кийинки келечеги жакшы болуп, элибиздин ыраазычылыгына ээ боло алат. Өлкө дагы ары-бери чайпалбай, алга карай өнүгүү жолуна түшөт.\

– Агер күзүндөгү президенттик шайлоодо бийликтин сүрөөсү менен ат салышка чыккан талапкер марадан озуп келер болсо, элдик нааразычылык дагы бир жолку мамлекеттик төңкөрүшкө себеп болбойбу?

– Эгерде бийликтин сүрөөсү менен жеңишти камсыз кылууга болгон мыйзамсыз аракети күчтүү болсо, элди дагы бир опурталдуу окуя күтүп турат! Чынын айтсам, ал жөнүндө ойлонгондон да корком. Бул менин эмоцияга берилип айткан сөзүм эмес. “Жараткан Кыргызстанымды сакта!”дегенден башка айла жок!

– Ракмат, маанилүү маек курууга убактыңызды аябаганыңызга!

Олжобай ШАКИР

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *