Кыргыз маселеси: тил тагдыры! Бар болуу керекпи же жок болуу керекпи?!

Белгилүү публицист жана жазуучу Абдыкерим МУРАТОВ агабыз менен курган бул жолку маегибизде эне тилибиздин тагдыры туурасында баарыбыз моюнга алаар, баарыбыз жан ачытар чындык айтылды… Мурда жарыяланган 1-маегибиз береги шилтемеде Кыргыз маселеси: Бар болуу керекпи же жок болуу керекпи?!

(2-маек)

— Албетте, улут маселеси дегенде эң алды тил эске келет. Азыркы эне тилдин абалы, анын колдонулушу, өткөнү, келечеги тууралуу ойлоруңуз кандай? Башка улуттар тил маселесине кандай карашат, аларга салыштырганда учурдагы эне тилибиздин эл алдына алып чыгуучу көйгөйлөрү Сиздин оюңузча кайсылар?

— «Тил деп жүрүп тилим тешилди» деп коёмун мен. Венгриядан келген кыргызтаануучу жигит Даут Кара Шомфаимени бир жолу минтип уялтты: «Мен шаардагы орусча сүйлөгөн кыргыз, казак туугандарга таң калдым, мындайды мурда көрө элек болчумун да. Өзгөчө жаштар өз тилин билбей, жалаң орусча сүйлөшөт экен. Ата-энеси өз эне тилин үйрөтпөгөнү акылга сыйбаган иш да. Алар болсо улуттук намысын жоготуп, орусча сүйлөгөнүнө мактанып, орусча жакшы билбеген айылдын балдарына тийишип, алардан өздөрүн өйдөсүнүп, тил билбегендерди мазакташчу. Мен болсо тилин билбегендерди урушуп «өз тилин билбеген маңкурт, нагыз уят ошол» деп айылдын балдарын коргоп жүрдүм. Шаардын орусча сүйлөгөн тургундары эне тилин үйрөнөбүз деп ниеттенип жүрсө, үйрөнүшмөк. Ниети жок болсо, алар эч качан үйрөнбөйт деп түшүндүм, а ошол ниеттенүү үчүн намыс керек экен. Бир кезде өкмөт: «Орусча билбесең адам болбойсуң» деген ураан чыгарган, азыркы замандын урааны «кыргызча билбесең кыргыз болбойсуң» болуш керек.

Тилин, маданиятын сактап келген кыргыз туугандарга биз сыймыктанып карайбыз. Бизди кыргыздардын күйөрманы десеңер болот. Кыргызстанда азыр экономика жагынан кыйын мезгил өтүп жатат. Анын себептери ар кандай. Ошондой кыйын кездерде мамлекеттик кыргыз тилинин маселеси унутулуп кеткендей. Күтпөгөн жерден Кыргызстан эгемен эл болуп калганда «Эми кыргыз тилинин беделин көтөрөбүз, тил маселесин оң чечебиз, кыргызчага жапырт көчөбүз» деп куру сөздөр айтылып жаткан. «Кеңеш өкмөтүнүн саясаты ошондой болду» деп, орусташып кеткен кыргыздар күнөөсүн моюндаган эмес. Бирок азыр шылтоо кайда? Кыргыздар эмнеге эгемендүү эл болуп калган? Кыргыз тили расмий тил болгону менен өзгөрүштөр такыр байкалбайт, тескерисинче, орусташуу процесси кайра күчөп уланууда. Адегенде кыргыздар өз алдынча эл болдук деп балдарын кыргызча мектепке берген, бирок эчтеке өзгөргөн жок. Шаардагы кыргыздар өкмөттө, иштеринде, мекемелерде, окуу жайларында орусча сүйлөй берди, жергиликтүү орустар тилди үйрөнбөдү, алардан эч ким талап кылган да жок. Азыркы акыбалда Кыргызстандагы кыргызча гана билген айылдын балдарына дискриминация болуп жатат. Эмне үчүн десеңиз, орусча билбеген балдар жакшы окууга бара албайт, жакшы жумуш таба албайт, жада калса өз борбор шаарында орусча билбесе маскара болуп калат. Жаштар арасында орусча сүйлөгөн чоң мода, кыргызча мектепти бүткөн балдар да бири бири менен орусча сүйлөшөт.

Ал эми мамлекеттик тилди билбеген орустар такыр кыйналган эмес, аларга өздөрүнүн эне тилинде бардык мүмкүнчүлүктөр, шарттар түзүлүп берилген. Кыргыз жаштары болсо өз эне тилин начар билет, кадырлабайт, тилин бузуп орусча кошуп сүйлөшөт. Бул деген ассимиляция алдындагы тилдин акыркы абалы. Бишкекте акындардын айтышы деген абдан кызыктуу айтыш кечеси өттү, теги венгр Жорж Сорос атындагы фонду ага демөөрчүлүк кылыптыр. Аякка барсам, залда жалаң кары же орто жаштагы кишилер олтурат, а биздин болочогубуз, жаштар кайда? Жаштар арасында жүргүзүлгөн статистика боюнча кыргызча окуган жаштардын 10 пайызы гана мектепти бүткөндөн кийин кыргызча китеп окушат. Көпчүлүгүнүн сөз байлыгы жок, кийинки муундарга, балдарына тилди кантип улантып берет, акылым жетпейт? Манастын жаш урпактары азыр «Манас» айтылса качат, тилин жакшы түшүнбөсө уккусу да келбейт. Жада калса, бир да элдик ырды ырдай албайт. Ошентип, кыргызча тарбияланган балдар ички жандүйнөсү жаңы эле ачылып келе жатканда экинчи чет тилди, орус тилин үйрөнүүгө мажбур болот, бирок аны да толук үйрөнө албай эки тилдин ортосунда тил жакыры болуп калат, аң-сезимдерин, ой-санааларын жакшы жеткире алышпайт. Эгер кыргыз жаштары орусча тарбияланган «киргиздер» же башка улуттун өкүлдөрү менен баш кошсо, балдары сөзсүз «русскоязычный» болуп чыгат. Эмне үчүн? Мунун эки себеби бар: улуттук намыс жана мамлекеттик колдоо. Мамлекеттик колдоо дээрлик жок. Тилге байланыштуу саясаттан кыргыздардын көңүлү калып, кайра балдарын сапаттуураак орус мектептерге бере баштады. Бирок балдарга андай тарбия чынында керекпи?

Мамлекеттик тилди үйрөнүүнү талап кыла турган эч кандай мыйзам чыга элек. Тил жаңыртуу чаралары, кыргызча жогорку окуу жайлардагы окутуу-агартуу, ага керек болгон окуу куралдары, китептер чыга элек. Элди башкарып отурган кишилер тилди эларалык деңгээлге көтөрүүнү үгүттөбөйт, элге үлгү көрсөтпөйт, өздөрү да орусча сүйлөйт. Иш кагаздардын баары орусча бүтөт. Ар бир мамлекеттин жүрөгү, бүт эл карай турган жери өзүнүн борбору Бишкекте болсо кыргыз тили бүгүнкү күнгө чейин аз угулат. Алар айылдын кыргыздары, тилди сактап келген карапайым эл шаарга карай агылат. Миңдеген жаштар айылдын оор турмушунан качып шаарга көчүп келет, бирок эне тилин сактап калбай, аларда «мода» кууп орусташууга катышат. Ал эми башка КМШ мамлекеттерин карасак, Казакстан жана Белорусиядан тышкары бүт өлкөлөр мамлекеттик ишти чынында өз тилинде жүргүзүп жатышат. Бир орус мага айткан: «Бизге кыргыз тилин үйрөнүүгө 10-15 жыл мөөнөт беребиз деп жүрөт, бизди абдан акылсыз эл деп ойлойбу? Талап кылса бир жылдын ичинде үйрөнөт элек. Кыргыздар өздөрү орусча сүйлөсө, бизге айла жок да!». Чын, мисалы Грузиядагы, Өзбекстандагы орустар жергиликтүү элдин тилин жакшы эле сүйлөйт. Сиздер туура түшүнүңүздөр, эгер кыргыз тили чынында мамлекеттик тил болсо аны Кыргызстандын бүт атуулдары билүүгө тийиш.

Орус тилин Кеңеш өкмөтү айылдагы кемпирлерге дейре үйрөткөн, Кыргызстанда орусча билбеген киши калбаптыр. Аны жакшы дейли, бирок анда жок дегенде теңдик болсун. 70 жыл атайын жүргүзгөн саясатка эми каршы чыкпасак ал өзү менен өзү улана берет. Көптөгөн кыргыз азаматтар, эне тилинин, маданиятынын күйөрмандары ошол процесстер менен күрөшүп келет, аларга миң бир алкыш. Бирок ошол кишилерге колдоо болбосо, каражат берилбесе, ыйык максаттарына жете албайт. Карабайсызбы, сырттан келген кишинин бизди байкаганын. А биз элес албай калганбыз. Бир жолу бир түрк жигитинен «Силерде эне тилин билбей калгандар барбы?» десем ал күлүп туруп, «Мындайды элестете даалбайм» дейт.

– Чынында күйө тургандай эле айтыптыр…

– Дал ушул Даут КараЧоң-Алайга дейре барып, кыргыз жерин бир нече жолу түрө кыдырып, кыргызга күйөө бала болуп, түп нускадан «Манас» эпосун мажар тилине которду. Азамат! Айтканы да, кылганы да бизге өрнөк. XIX кылымда орус тилинин өсүшү К.Д.Ушинскийге байланыштуу кыйла атакка жеткенби дейм. Ал «Родное слово» деген эмгегинде айтат: ар бир элдин тили ошол элдин өзү тарабынан жаратылган, анан ошол эл өзү жараткан тилди кайра кантип элдин өзүнөн жаап-жашырабыз дейт да, элдик тилге ошол элдин руху жана ою чыгармачылык менен камтылганын, анда Атажуртунун асманы менен ажайып көрүнүшү, абасы, бүт жансыз нерселери, аба-ырайы, талаалары, тоолору менен өзөндөрү, токойлору менен дайралары, бороон-чапкыны менен добулдары – кыскасы, баары-баары жуурулуштурулуп «родной язык» деген керемет нерсени жаратып, ага родной табияттын терең, толук ойлорун, сезимдерин сиңдиргенин айтат.

«Эл тили жоголсо эл жок болот» дейт. Тилде ошол элдин мүнөзү болот, эгер ошол мүнөз, ошол рух баланын эң жаш кезинен эне сүтү менен кошо анын каны-жанына аралашпаса анда ал «родной язык» деген нерсени билбей калат дейт. Ушул идея менен XIX кылымда орустар өздөрүнүн орус сөзүн сактап гана калбай, андан ары аябай өнүктүргөн. А бизде ушул Ушинскийдей кишилер болгонбу? Болгон. Мисалы, Касым Тыныстанов ушундай кылган. Тилди жана китептерин «Эне тили» деп атаган. Термин-түшүнүктөрдү нака кыргызчага которгон. Ошонусу үчүн алкыш алуунун ордуна атылып кетти!

Кийин К.К.Юдахин ушинтип чыкты. Бирок аны – кыргыз эмес кишини уялбай туруп «кыргыз улутчулу» деп айыптадык. Б.Юнусалиев кыргыз тилинин келечеги, чоң байлыктары Түштүк кыргыздардын тилинде экендигин канкакшап айтып жатса да, аны уккан жокпуз, «Ош тилин» оолак кармадык. Эң мыкты эмгектер: Ж.Мукамбаевдин диалектология боюнча сөздүгү, кыргыз тилинин 2 томдук түшүндүрмө сөздүгү, «Манас» сөздүгү, фразеологиялык сөздүк, К.Карасаевдин эмгектери, «Манастын» негизги, толук варианттары совет учурунда чыкпай жатты. Алардын ордуна Москвада ЦК КПССте иштеген идеологдордун китептерин чыгарууну артык да, сыймык да көрдүк. Ушунун баары биздин кыргыздардын дилине эне сүтү менен эне тили сиңбегендиктен келип чыкты. Ушинскийдин айтуусу боюнча жанагы чүрпө чактан родной язык менен оозанбагандар ошол улуттун накта азаматы боло албайт турбайбы. Бул чен-өлчөм менен карасак, азыр биз канча-канча улутташтарыбыздан «тирлүүлөй» айрылып турабыз. Бир жолу «Хабар» телеканалынын «Ой – көкпөр» көрсөтүүсүндө акын Мухтар Шаханов мындай бир масал айтты: Бир абышкадан «Канча балаңыз бар?» деп сурашса, ал киши «Бир бүтүн, эки жарым балам бар» дептир. Көрсө тигил абышканын үч уулу бар экен, үчөө тең компьютердей мээлүү, акылдуу экен, бирок ошолордун бирөө гана ошол акылын улуттун руху үчүн пайдаланат экен да, берки экөөндө андай дарамет жок тура. Анын сыңары азыркы кыргыз зыялыларынан да ошондойлор көп. Кыргыз окумуштуулары кыргызча сүйлөй албай калган. Ой жүгүртүүлөрү да, окуганы да, жазганы да орусча, көбү орус илимин Кыргызстанга көчүрүп келүү менен эле убара. Ошон үчүн тил өнүкпөйт. Жазуучу Даникеев, биолог Алдашев, математик Усубукунов табигый илимдерге  тиешелүү окуу китептерин кыргызча жазып кирген экен, убагында колдой билбеппиз. Тилди өнүктүрүп өстүрө турган, аны элге жеткире турган нерсе – ошол тилде жазылган мейли көркөм болсун, мейли илимий болсун адабият. «Жазуучунун патриоттуулугу анын эне тилин эң жакшы билгендигинде» дейт нака орус жазуучусу В.Распутин. А азыр бизде ошондой эне тилин кең асманда чабыттаган бүркүттөй чабыттата алчу сөз баккан, кыргыз сөзү менен зергерлердей иштеген, залкар сүрөткер-жазуучу барбы? Бар болсо болгондур, бирок анын китеби чыкпай жатат, чыкканын да эл окубай жатат. Демек, бул жагынан да өксүүбүз төө башындай.

Ар кандай улуттун башкы байлыгы – анын эне тили. Түркиянын мисалын карап көрөлү. 1929-жылы Мустафа Кемал Түркия Жумуриятынын расмий ариби катары латын тамгаларын кабыл алдырат жана өзү ошонун зарылдыгын көрсөтүп берет. Себеби Осмон дөөлөтүнүн тил саясаты абдан ачык саясат болуп, аалымдардын изилдөөсү боюнча алардын жалпы тил корунун лексикалык байлыгында көөнө түрк сөздөрү жалпысынан 38 пайызды гана түзүп, араб лексикасы 43, фарсы сөздөрү 13 пайызды ээлеп калган, демек эне тили кысылып отуруп, жок болууга кадам койгон. Эмне кылыш керек? Албетте, тилдин сөз байлыгын түрктөштүрүү керек эле. Тынымсыз аракеттер, сөз табуулар жүрдү, көөнө сөздүктөр, китептер чыкты. Араб алфавитинен латынчага өтүштү. Жыйынтык жаман болгон жок – жарым кылым өтүп, лексикондогу арабизмдер 17 пайызга, фарсы сөздөрү 3 пайызга чейин кыскарды. Мамлекетти түрк тилинде башкарууга мүмкүн экендигин көрсөттү, а түгүл Бириккен Улуттар Уюмунун бир расмий тили ушул тил болушу керек деген идеянын көтөрүлүшүнө алып чыгышты. Латындаштыруу менен алар дүйнөнүн башка өлкөлөрүнө тезирээк жана жакыныраак болуу менен компьютер тилине да тез көндү. Мустафа Кемал жалпы дүйнөдөгү түрк элдери бир арипти колдонушу керек деген идеяны көтөргөн. Бул идея жылдан жылга ишке ашууда: адегенде азербейжандар менен өзбектер, алардан соң башкалар латынчага өтүшүүдө. Бизде азыр шаарда туулган 50 жаштан төмөнкү кыргыздардын көпчүлүгү эне тилин билбейт, кыргызча ой жүгүртө албайт. Кыргыз тили кысылып, жок болуу, тебеленүү абалына келип калган. «Тил деген – улуттун кан-жаны. Тил деген – идеялардын, ойлордун жана сезимдердин тирүү мөмөсү» (А.Толстой) болгон шартта азыркы бечара кийиптеги кыргыз тилине – «тоолук арык атка» агылжын (англис), орус, немис тили деген «алкынган аргымактар» айбат көрсөтүп кирип келди.

Ушундай абалда тигил алай-дүлөй бороонго Орозбаков менен Каралаевинен, Сыдыкбеков менен Карасаевинен, Юнусалиев менен Мукамбаевинен, Осмоналиев менен Жакыпбековунан айрылган кыргыз тили туруштук бере алабы? Кыйын, кыйын, ов! Муну сактап калар жол да бир табылса, ошол мектептик окутуудан табылат, эгер ал жерден табылбай калса «кош бол, таза, мөлтүр, кайран кыргыз тилим!» дегенден башка арга жок!.. Биз азыр дүйнөлүк интеграцияланууга ушунчалык ыкчам кабылдык, каалайбызбы, каалабайбызбы дүйнөлүк тил токоюна аралаштык, а ошол кирүү, аралашуу алдында кыргыз тили кандай акыбалда эле? Маселен, англис тили менен кошуналарыбыз өзбектердин тили көпкө чейин кармаша алат, оңойлук менен жемин жедире койбойт. А кыргыз тиличи? Эртең жок, бүрсүгүнү кыргыз лексикасынан жарымы орус, жарымы англис сөздөрү чыга келиш коркунучу жок деп кепилдик бере албайм, анткени азыркы кыргыз тили сырткы таасирге оңойлук менен каршы тура алуучу күчкө ээ эмес.

— Абдыкерим байке, жана башында кыргыз менен казактардын эне тилге мамилесин айта кетпедикпи. Азыр Казакстанда мамлекеттик тили болгон казак тилине мурдагыдан да өзгөчө чоң көңүл бура баштагандай…

— Айтканыңдын калпы жок. Алар мунай менен чоң акча табышты. Эл башысы Казакстанды дүйнөдөгү эң алдыңкы жыйырма өлкөнүн катарына киргизебиз деп турат. Мамлекеттик тил программасы аябай күчтүү каржыланат, мисалы, бир эле жылда Казак өкмөтү казак тилин өнүктүрүү үчүн Мамлекеттик тил комитетине казынадан жылына 125 миллион АКШ долларын бөлүп турат. Мурда башка тилдеги көчөлөрдүн аттары казакчалыштырылды, ага да акча өкмөттөн бөлүндү. Казактар бир кезде аябай орусташып кеткен, тилин билбегендер четтен чыккан, а түгүл айрым акындары, мисалы, Олжас Сулейманов өңдүү дили мекенчилдер, бирок тили казакча эместер чыгармаларын да орус тилинде гана жазып калган. Өзгөчө өлкөнүн Орусияга жакын түндүк тарабы казактыгынан ажырап бараткан.

Теги алтайлык казактардан болуп, өзү Түркияда туулуп-өскөн, биздин Ала-Тоого да бир нече жолу келип кеткен атактуу дин таануучу, философ аалым Муртаза Булутай 2004-жылы Казакстандын «Жас Алаш» гезитинин 2004-жыл, 14-июнундагы санына берген маегинде айтып жатпайбы: «Казакстанга 1991-жылы келдим. Ошол кезде республикада казактар 43 пайыздан азыраак экен. Андыктан мен «маселе биздин аздыгыбызда экен гой, эртең казак 50 пайыздан ашса бүттү, бүткүл Казакстан өзүнөн-өзү казак тилине оойт» деп ойлодум. Кийин казак 50 пайыз да болду, соң 51,55… Азыр 58 пайызга жетти. Ошондо да казакчага көчө албай жатабыз! Ушул күнгө чейин казакча билбеген казактарды кездештиребиз. Ушул күнгө чейин бизде баягы психология бузулбаган. Көчөгө чыгыңызчы: эки казак казакча сүйлөп келатат. Сиз кандай аларга жакындайсыз, алар болсо орусча сүйлөшүүгө өтөт». Мына чет элдиктин байкаганы…

Алибетте, ар кандай өзгөрүүнүн себеби болот. Өзүң жакшы билесиң да, Казакстан коммунисттик партиясынын биринчи катчысы Д.А.Кунаевдин ордуна башка улут өкүлү болгон Колбиндин келиши, ага нааразы болгондордун «Желтоксон окуясы» казак зыялыларын катуу ойго салды, ойготту, биз кайда баратабыз, кимди ээрчип жатабыз деп аттын башын башка жакка буруу керектигин түшүндүрдү. Азыркы казактар улуттук маданиятка, тилге жасаган мамилеси жагынан жыйырма жыл мурдагы казакка караганда башка казак. Бир жылы Астана жана Алма-Ата шаарларынан VII кышкы Азия оюндарынын ачылыш-жабылыш аземин теледен тамаша кылдык, чынында боордошторго суктанып да, көзүбүз күйүп да отурдук, баары – тили да, театралдык оюн-зооктору да, кийимдери да, жарнаамалары да – бүт казак маданияты менен, казактык рух менен сугарылган, аларда казактын баскан жолу чагылдырылып, казак талаасындагы шыбактын жыты келип турат. Азиянын «жолборсторун», «арстандарын», «ажыдаарларын» таң калтырган Казакстандын мынчалык күчү жалаң эле мунай менен Байкоңурдан түшкөн сөлкөбайлар эмес экендигин, анын керемети – улуттук сезими ар бир жаранын ичтен кайнатып жаткандыгында, казактык кан «мен – казакмын» деген жумуру баш пендесин ааламдашуу агымына оп тартып кетпеш үчүн ойго салгандыгында окшобойбу деп калдым. Азыркы чалкеш заманда талаа-түзүнөн чыкпай калуудан корккон казак Батыш менен Чыгыштан, Түндүк менен Түштүктөн келип жаткан цивилизация болумуш этип улутту ичтен иритип-чиритүүчү аралаш-куралаш маданият сымал тумандуу, уулуу нерсеге накта калканын тосуптур, ал калкан улуттук тили жана салттуу маданияты экен. Мына, карап көр, алар казакташтырууну ылайланбаган башаттан – бала бакчалардан баштап отурат. Ушул тапта Казакстанда бир жаштан алты жашка чейинки бардык балдардын дээрлик тең жарымы бала бакчаларга барууга жетишти. Өлкөдө 6446 мектепке чейинки балдар мекемелери болуп, алар 446, 4 миң баланы өзүнө тартып турат. Мектеп жашына чейинки балдардын бала бакчаларга тартылуусу бир жылда эле 35 бакча, 1534 чакан-борбор, 137 жеке бакча ачылып, 4,6 пайызга жогорулаган. Мурда менчиктештирилип кеткен 172 балдар бакчалардын имараттары кайра алынып, бөбөктөргө кайтарылып берилген. Кудай буйруса, өкмөттөгүлөр 2020-жылга барып 100 пайыз балдар бакчаларга барат дешүүдө. Эми бала бакчалар үчүн чыгарган китептерин карасаң, көзүңүз күйүп эле калбай, өрттөнүп кетээр, баатырлардын баары, акылмандардын баары тууралуу сүрөттүү китептер чыккан. Түрк элдерине орток мурастар болгон Асан Кайгы, Жээренче чечен, Аль-Фараби, Жусуп Баласагын, Махмуд Кашкари-Барскани сыяктуу тарыхый адамдардын эмгектерин аябай изилдешип, докторлук диссертацияларды, монографияларды жазып, университеттерге ысымын ыйгарып, аларды «менчиктеп» алды. Эмне дейсиң, бабаларыбыздын башын ачкан паспорту болгон эмес экен!

Аалым Губайдолла Айдаров VI кылымга таандык делген байыркы таш жазууларды изилдеп чыгып, Күлтегин эстелигинин тили азыркы түрк элдеринин ичинен баарынан биринчи кезекте бүгүнкү казак тилине жакын деп айтып, бүткүл түрк дүйнөсү Ата журтубуз деп кастарлаган казак жери менен казак тили түрк ааламынын киндиги деген жыйынтык чыгарат. А түгүл мамлекеттик деңгээлде чоң иштер жүргүзүлүп, Орхон-Эне-Сай эстелик ташынын өзүндөй болгон үлгүсүн борбор калаасына көчүрүп келишти. Учурда Казакстандын мамлекеттик телевидениелерин карасаң, көркөм жана документалдык, анимациялык фильмдер казакча берилет, кокус котормосу жок болуп калса, экран алдындагы титрге казакча жазылып чыгат. Жакында бизге, Кыргызстанга, диссертациялык кеңешке Алма-Атадан педагогика илимдеринин доктору Күлпаш Сариева келип, биздин, кыргыздардын, авторефераттарындагы орусча жана эл аралык терминдерди мындай кылып казакча оңдоп салды: компетенция – кузиреттiлiк; фундаменталдык – iргелi; план – жоспар; приоритет – басым; проблема – мэселе; программа – беэдарлама; компонент – курауыш; процесс – үдерiе; метод – эдiс; методист – эдiскер; методика – эдiстеме; методология – эдiснама; глава – тарау; союз – одаң; реализация – iске асу; текст – мэтiн; система – жүйе; тема – таңырып; этап – кузең; анализ – талдау; таблица – кесте; предмет – пэн; адаптация – бейiмдеу; дифференция – болу; функция – кызмет; искусство – өнер; современный – заманауи; актуальный – өзектүү; ключевые слова – түйүндүү сөз; объект – нысаны; практика – тажрыйба ж.б. Отуз беттик чакан китепти ушундай «казакчалагандан» кийин алар бүт илиминин тилин казакча кылып жатканына ишенүүгө болот. Кечээ эле «үй-бүлөнү» казакча кыла албай «семья» деп жүргөн туугандар бүгүн ал сөздү «отбасы» деп атап алышты. Казак сөзтабарларына «Баракелде!» гана дейбиз…

– Бизде эне тилибизде жазылган илимий эмгектер да өтө чоркок, келегей тил менен жазылып атканычы!

– Андан да кокую, илимий иштерибизге орусча жана андан ары дагы бир ата-бабабыз укпаган тилдерде колдонула калган терминдерди, атаманы киргизип алсак, өзүбүздү корстон сезип, билимдүү сыяктуу көктү карап калабыз. Илим-билимдүүлүк эне тилде жок, эл аралык жана эл аралыкка да кире элек европалык тилдерден сөздөрдү таап колдонууда эмес экендигин, тескерисинче, эне тилиндеги унутулган лексиканы илимге алып чыгып, аларга жан берүү экендигин, «уйкудагы» сөздөрдү жалпы элдик колдонууга киргизүү мекенчилдик экенин казак туугандар жакшы түшүндү жана бизге да түшүндүрдү.

Илим демекчи, Кыргызстанда азыр кудайга шүгүр, мамлекеттик тилде диссертациялар жазылып жатат, бирок Казакстандагыдай аларга артыкчылык берилген жок, кайра мындай жолго баргандардын башына кыйынчылык үйүлөт, мисалы, иш кыргыз тилинде жазылса, авторефератын кыргызча да, орусча да басып чагырууга тийишсиң, макалаларды Орусиядан орусчага которуп чыгарасың, бул деген материалдык да, убакыт жагынан да тигил мекенчилге жүк артат дегендик. Ошол эле кезде бизде мамлекеттик тилди жалпы билим берүүчү мектептерде, жогорку жана орто окуу жайларында окуткан мугалимдер жана окутуучулар башка предметтин мугалимдеринин артыкчылыгы жок, тескерисинче, окуу куралдарынан, кошумча материалдардан чукак тартып, өксүп турат. Ал эми Казакстанда казак тили жана адабиятын казак класстарында, орус класстарында окуткан предметчи мугалимдерге айлыгына кошумча төлөп берет, алар башка предметтин мугалимдерине караганда кассага келгенде өздөрүн төрө сезет. Ушул тапта Казакстандын Маданият министрлиги «2011-2020-жылдарда тилдерди колдонуу жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программаны» иштеп атат, аны ишке ашыруу боюнча бүткүл элдик катуу аракеттерди башташкан. Программанын стратегиялык максатын турмушка ашыруу негизинен төрт милдеттен турат: биринчиси – мамлекеттик тил улут биримдигинин башкы фактору экендигин көрсөтүү; экинчиси – мамлекеттик тилди массалык колдонууну дагы да активдештирүү; үчүнчүсү – тил маданияты өсүп-өнгөн улуттук башкы күч-кубаты экенин тастыктоо; төртүнчүсү – Казакстандын калкынын лингвистикалык капиталын байытуу. Мына ушул программанын жоболору жер-жерлерде кандай ишке ашырылып жаткандыгына бир назар токтотуп өтсөк. Көкчө-Тоо шаарындагы Ч.Валиханов атындагы мамлекеттик университетинде тил маселелери талкууланып, анда Ак-Моло облусунун Тилдерди өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Т.Г.Төлөгулуулу дүйнө жүзүндө ЮНЕСКОнун даректөөсү боюнча 2900дөй тил, 8000дей диалект бар деп эсептелерин, англиялык лингвист Дэвид Кристалынын айтуусу боюнча Жер бетинде 6000 менен 7000дин ортосунда тил бар экендигин, ошол окумуштуунун «Тил ажалы» («Гибель языков») деген эмгегинде дүйнө жүзүндө ай сайын экиден тил жоголуп отурары айтылганы, буга мисал алыска барбай эле өзүбүзгө келсек, 73 жылдын ичинде СССРде 92 тил жоюлуп кеткенин билебизби деп келип, муну трагедиялык жагдай деп эсептеди.

– Баятан айтып отурган казак боордоштордун мисалдары менен ичимди куйкалап жибердиңиз, Абдыкерим байке! Ушул айткандарыңыз кыргызга өрнөк болсо кана! Акма кулак чоңдорубузга жетсе кана!

Ошол эле жыйында «Нур Отан» партиясынын Алма-Ата шаарындагы Медеу аудандык өкүлү Алмасбек Нугманов жапондор өз балдарын 12 жашка чейин бир гана эне тилинде окутушат, биз да ошондой кылышыбыз керек, ошондой кылганда гана урпактарыбыз өз эне тилин бойлоруна сиңдирер эле деп казактарды ойлонууга чакырды. Казакстан Республикасынын «Тил тууралуу» заңынын (мыйзамынын) 4-бабында «Мамлекеттик тил – мамлекетибиздин бүткүл аймагында, коомдук катынаштын бардык салаасында колдонулган мамлекет башкаруу, мыйзам чыгаруу, сот ишин жүргүзүү жана иш кагаздарынын тили» деп жазылган жана дал ушул мыйзам беренеси жарандар тарабынан катуу урматка ээ болууда. Айталык, Казакстанга өз продукциясын алып кирүүчү Орусиянын ири заводу болобу, Түркия фирмалары болобу, Кытай товарлары болобу, этикеткасына жана ар бир буюмга берилүүчү колдонмосуна казак тилинде жазууга тийиш, ансыз аларды чегарадан алып өтүүгө тыюу салынат. Жанагы биздин «Шоронун» суусундуктарында казакча жазуулардын жүргөнү мына ошондон. Мамлекеттик кызматкерлер жана эл менен иштеген тармактын өкүлдөрү ушул тапта казак тилин жапырт окуп жатат. Мисалы, Алма-Ата облустук Бажы кызматын алып көрөлү. Департамент кызматкерлеринин мамлекеттик тилди үйрөнүүсүнө 2006-жылы 2,5 миллион теңге бөлүнсө, 2007-жылы 1 миллион теңге ажыратылган. Кызматкерлердин 85 пайызы казак улутундагылар, алардын 60 пайызы казакча эркин сүйлөсө, 20 пайызы казакча сүйлөй албайт. Алар Алма-Ата шаарындагы «Тил» деп аталган окуу-усулдук борборуна буйуртма берип, өздөрүнүн бажы кызматкерлери үчүн иш кагаздарынын орусча-казакча үлгүлөрүн жана терминологиялык сөздүк чыгарышты. Компьютерден тил үйрөнүү порталына 20 миң теңге төлөп, интернет аркылуу аралыктан сабак ала башташты. Азыр 75 пайыз иш кагаздары казакча жүрүп, а түгүл европалык «Филипп Моррис» сыяктуу ири компаниялар да каттарды казакча жазып калды. Же Төтенше жагдайлар (Өзгөчө кырдаалдар) министрлигин алып көрөлү. Алар өз тармагы боюнча 3860 терминди таап, аларды казакча аталыштар менен атап бергиле деп Маданият министрлигинин алдындагы Тил комиссиясына тапшырган, тармак боюнча орусча-казакча терминдер сөздүгүн чыгарышкан. Жогорудагыдай бажы же өзгөчө кырдаалдар кызматкерлери байманасы ашып-ташып жаткандан казак тилин үйрөнүп жатышкан жок, аларга мекен керек, алар Казакстан деген эгемен өлкөнүн астанасын аттай турган адамдар менен жана жалпы эл менен сүйлөшүүсү, пикир алышуусу кажет, ошон үчүн казакчаны үйрөнүп жатат.

Абай университетинин окутуучусу, филология илимдеринин кандидаты Бейбит Жалелуулу мамлекеттик тилдин келечеги орустарга казакча үйрөтүүдө эмес, ал деген эмгекти шамалга салып берүү болорун айтып, келечек казактарга казак тилин үйрөтүүдө деди. Айтса, айтпаса төгүнбү, биз да канча европалык мекендештерибизге кыргыз тилин үйрөттүк, анан алардын көбү «желкемдин чуңкуру көрсүн» кылып кете берди, ошол эле кезде иш издеп башка мамлекеттерге кеткен кыргыздын балдары кыргыз тилин окуу бактысынан куржалак калып келет. Казакстандын ЕККУга (Европа коопсуздук жана кызматташтык уюму) башчылык кылышы да бул өлкөдө мамлекеттик тилдин мартабасын ашырууга жакшы шыкак берди, себеби Бүткүл дүйнөлүк соода уюму, ЕККУ сыяктуу зобололуу уюмдар эл аралык шайкештик боюнча мамлекет болуунун бир шарт-белгиси – элдеги мамлекеттик тилдин толук жана ар тараптуу кызмат кылып жаткандыгын карашат. Казакстан – көп улуттуу, көп тилдүү мамлекет, бирок алардын улуттар аралык катынаш тили да, мамлекеттик тили да казак тили болуп баратат. Казакстан калкы Ассамблеясынын ХVІ сессиясында сөз сүйлөгөн өлкөдөгү корейлер биримдигинин башканы Роман Ким тагдыр жазмышы менен өткөн кылымдын 30-жылдарында мында келип калган корейлердин көпчүлүгү мамлекеттин тилде баарлашып жүргөнүн айтып, казак тилин үйрөнүү биздин милдетибиз гана эмес, адамгерчилик касиетибиз да деп айтты. Элбашы Нурсултан Назарбаев «Казак казак менен казакча сүйлөшсүн» деген ураан таштап: «Мен мамлекеттик тилде сүйлөп, ошол айткандарымды башка улуттун өкүлдөрү түшүнгөн күнгө жетүүнү тилек кыламын», — деп айтты эле, ал тилек ишке ашчу кез анчалык алыс эмес экендигине биз, кыргыздар, ишенип турабыз жана ошол казактар үлгүсү бизге да жетээр деп ойлойм. Бизде кайсыл гана даражада турган жетекчи болбосун, кайсыл гана чет өлкөдөн кандай деңгээлдеги коноктор келбесин же биздикилер барбасын, сөзсүз, кыргыз тилинде гана сүйлөшү керек, себеби, биздин мамлекетти аты ошол тилибиз менен байланышат.

– Эне тилибиз туурасында өтө жан ачыта турган кебиңизди айттыңыз бул маекте. Буюрса, алдыда да «Кыргыз маселеси: Бар болуу керекпи же жок болуу керекпи?» деген соболдун айланасында сөзүбүздү уларбыз. Эсенчиликте болуңуз. Сизге дагы бир жолу терең ыраазычылыгымды билдирем!

Олжобай ШАКИР

P.S. «РухЭш» сайты эне тил көйгөйүнө кайдыгер карабаган тил илимпоздору менен акын-жазуучуларыбызды жана жалпы эле чыгармачыл интеллигенциянын өкүлдөрүн да маңдай-тескей маекке чакырат. О.э. өз пикирин билдирүүнү каалаган авторлор oljobai.shakir@mail.ru дарегине өз ой толгооңуздарды жөнөтсөңүздөр болот.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.